№66, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Нике кайып

Баламды уурдап, өзүмө жалаа жабышты...
...Экөөбүздүн мамилебиз мындан он бир жыл мурда башталган. Анда мен он алтыдан жаңы өткөн кыз элем. Жаштык кылып анын бал тилине ишенип алыптырмын. Эмне айтса да макул болуп, аны менден алда канча акылдуудай, бардык нерсени туура кылып жаткандай ойлочумун. "Жаштыгыма" байланыштуу никебизди каттатпай, молдо чакырып эле кыргызча нике кыйдырышты. Нике кыйып жатканда молдонун эмне дегенин уккан да жокмун, көшөгөдө отурган менден бирөө келип "туттуңбу?" деп сурады да, өзү кайра "ооба деп жооп бер" деп, айтканымча болбой эле шашып чыгып кетти. Ошентип эрди-катын болуп калдык. Экөөбүздүн жаш курагыбыздагы өзгөчөлүк дайыма сезилип турчу, мен жактырганды ал жактырбай, айтканымдын баарын шылдыңдап, "келесоосуң,андай эмес, мындай" деп мени "тарбиялап" турганды башынан эле адат кылып алды. Мен өзүм да оюмдан кайтып, дайыма анын айтканы менен болчумун. Ошентип бара-бара өзүмө тиешелүү эч нерсе калбай, жөн эле анын кызматын кылып, айтканын аткарып, артынан ээрчип жүрө турган "көлөкөгө" айландым.
Он сегизге чыкканда уул төрөдүм. Балалуу болгонубуздан кийин эми мени менен деле эсептеше баштайт го деп ойлогом. Жок, андай болбоду. Кир жууган самындан тартып бардык нерселерди андан акча сурап жатып алабыз, курбу-курдаш, тууган-туушкан менен катташ деген жок, үйдөн андан уруксатсыз чыкмай жок, иши кылып бир укмуш эле турмуш өтүп жатты. Кичине бирдеме болсо, уруш чыгат. Жер- жебериме жетип, бутумду бут, колумду кол кылып уруп, "экинчи мындай болбойт" дедиртип боздоткондон кийин гана кыйнаганын токтотот. Ыйлап-сыктап, өзүмдүн кай жерден жаңылып-жазганымды кайра-кайра тегеретип, мындан ары андай кылбаш керек экенин ойлоп жүрөгүм ооруйт.
Кайын эжеме кээде арыз-арманымды айтсам, "жакшы катын жаманды орто, орто эрди төрө кылат, анте албайсыңбы, анда жаман катынсың, өзүңөн көр" деп кайра өзүмдү жемелейт.
Күйөөмдүн кызмат абалы жогорулап, көбүрөөк акча таба баштаган сайын мага көрсөткөн кысымы ошончолук күчөй берди. 2004-жылдын май айында чыдай албай баламды алып, айылдагы ата-энемдикине кетип калдым. Бир күнү күйөөм биз үйдө жокто келип баланы уурдап кетиптир. Милиция менен барсак, "болду, мындан кийин колумду да, тилимди да тийгизбейм" деп жазуу түрүндө тил кат берип, аны алтүгүл нотариус аркылуу күбөлөндүрүп, убадасын берди.
Ошол бойдон кайра жашап калдык. Мурдагыга караганда кемирип-кескени азайгансып калган, бирок 2008-жылдын 30-июнь күнү жөнү жок жерден эле уруш чыгарып, мени өлөөрчө сабап салды. Кечинде кайын энем келип баланы алып кетти. Туруп талашканга алым да жок болчу. Эптеп эжеме телефон чалсам, келип, мени ата-энемдикине алып кетти. Башымдын оорусу басылбагандан доктурга кайрылдым. Ошентип жаным менен алек болуп жатсам, күйөөм "эжеси экөөлөп үйдөгү акчамды уурдап качып кетишти" деп милицияга арыз жазыптыр. Анын арызынын негизинде милиция ата-энемдин үйүн тинтип, эжемди суракка алыптыр.
Баарынан кызыгы - ошол жалаанын негизинде мага кылмыш ишин ачып, мени бир сутка ИВСте кармашты. Бул иш күйөөмдүн "заказы" экени түшүнүктүү эле болуп турат. Азыр да бул иш райондук милициянын өндүрүшүндө, жабыла элек. Ишти тергеген тергөөчү "күйөөңүзгө тиешелүү буюмдарды алып келиңиз" дегенинен, эжеме айтып, күйөөм сатып берген тапичке, колготки, майке, халатты алдырып келип бердим. Күйөөмдүн "мени карактап-тоноп кетти" дегени ушулар эле болбосо, башка эч нерсесин алган эмесмин.
Күйөөм азыр бажы кызматында иштейт, таасирдүү тааныштары, байланыштары бар, мени ууру туткан тергөө иштерин өзү каалагандай нукка бурууга, демек, мени биротоло "сындырып", адамдык ар-намысымды тебелеп, кордоого мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан бул адамдын жалаасынан мени коргоп, балам экөөбүздүн мындан аркы жашообуздун тынчтыгына көмөктөшүүнү сиздерден суранабыз.
Аты-жөнү өзгөртүлгөн бул аялдын арызы азыркы күндө "Сезим" кризистик борборунда. Тилекке каршы, күйөөсү менен никеси мамлекеттик каттоодон өтпөгөндүктөн, анын укугун коргоодо кыйынчылыктар болуп жатат.


"Туттуңбу" деген туюк сөз турмушка тутка боло албайт
Американын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен "Сезим" кризистик борбору "Үйбүлө куруудагы нике мамилелерин укуктук жөнгө салуу" долбоорун ишке ашыра баштады. Аталган долбоордун максаты тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп борбордун директору Бүбүсара Рыскуловага кайрылдык.

- Никени укуктук жактан жөнгө салуу жөн жерден чыга калган нерсе эмес, укуктук мамлекет курууга умтулуп жаткан шартта бүткүл коомчулугубуз олуттуу көңүл бура турган маанилүү маселенин бири.
Биздин борборго кайрылгандардын 70 пайызы укуктук жактан жардамга муктаж болгондор. Алардын чиеленишкен тагдырын талдап, укугун коргоо боюнча иш-чараларды көрүүгө белсенген юристтерибиз көп учурда туюкка кептелгендей абалда калышат. Себеби - запкы көргөндөрдүн экиден биринин никеси мамлекеттик органда катталган эмес, демек, укуктук чараларды көрүүдө далай тоскоолдуктар келип чыгат.
Аялдардын укугун коргоо жаатындагы он беш жылдык тажрыйбабыз, күнүмдүк ишибизде кездешип жаткан проблемалар маселенин өзөгү дал ушул никенин мамлекеттик органда катталбаганында экенин көрсөттү.
- Нике мамлекеттик органда катталса эле аялдын укугу корголобу?
- Албетте, жарандык абалды аныктай турган акт никени укуктук жактан бекемдейт, ал аркылуу никеге турган адамдын үйбүлөдөгү жана коомдогу укук шарттары мыйзамдуу аныкталат, ажырашкан учурда мыйзамдык милдеттерди доолаганга негиз болот.
Бизде кандай болуп жатат? Көпчүлүк учурда никени молдолор кыйып, шарият боюнча "адал" мамилеге жол ачылды деп түшүнгөн жубайлар аны мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө шашылышпайт. Камаарабай же чолоо тийбей, ортодон далай убакыт өтүп, ошол боюнча унутулуп да калат. Качан гана ажырашып, мүлк бөлүштүрүү учурунда өзүнө тиешелүү үлүшкө эгедер боло албай, бала-чакасы менен көчөгө кубаланып калган учурда гана укугун талашууга мүмкүндүк бере турган юридикалык документтин маанисин түшүнүшөт.
- Мечиттерде же молдо чакырып келип нике кыйдыртуу мурдатан эле бар эмес беле?
- Туура, азыр деле минтип кыйдыруу кеңири таркаган, атүгүл мыйзамдуу ажырашуунун ордуна "талак" берип ажырашуу да көп кездешет. Түштүк аймактарда "мусулманчылык шартты" бетке жаап алып, бир эле адамга үстөккө-босток нике кыйган (албетте, кур аякка эмес) учурлар кездешип жатканы жер-жерлердеги жолугушууларда көп айтылат. Албетте, үйбүлөлүк мамилелерде алардын юридикалык күчү жок. Демек, жоопкерчилик да жок, никени кыйган менен, молдокелер андан аркысына жооптуу эмес, ажырашып, ортодогу мүлктү бөлүшүп жаткан учурда эркектин кызыкчылыгы гана ишке ашып, аял ага көз каранды абалда калат. Аялына, балдарына үй-мүлкүн ыраа көрүп, андан аркы жашоосуна шарт түзүп берген эркектер, тилекке каршы, бизде дээрлик жок. Анын тескерисинче үйдү-жайды, жерди, малды жалгыз ээлеп, чиедей балдары менен аялын көчөдө калтыргандар, же ажырашып жаткан аялына жалаа жаап,"тоноп кетти, уурдап кетти, өрттөп кетти" деп сотко берип коркуткандар көбөйүп баратат.
- Муну укуктук жактан кантип жөнгө салууга болот?
- Долбоор боюнча бул маселени коомчулук менен чогуу талкуулап, турмушка пайдаланууга ыңгайлуу формасын эл менен бирге иштеп чыгуу үчүн бардык областтардын борборлорунда жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мугалимдер, аксакалдар соттору, укук коргоочулар, дин өкүлдөрү менен жолугушуулар, Бишкек жана Ош шаарларында тегерек столдогу кеңешмелер, маалымат каражаттарында түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлөт.Топтолгон пикирлердин негизинде түзүлгөн сунуштарды андан ары тереңдетип иликтөө жана укуктук нукка салуу үчүн парламент депутаттарынын кароосуна коелу деп жатабыз.
- Никени молдолордун кыйышына тыюу салынабы?
- Жок, биздин максат анда эмес, ким кантип үйлөнөт - өз иши, бирок мамлекетте жашап жаткан соң, үйбүлө мамилесин да мамлекеттик органда каттатып, андан аркысын каалагандай кылса болот да. Мисалы, дин тутуу жагынан бизден алда канча ашып түшкөн айрым өлкөлөрдө молдолор укук нормалары сакталсын үчүн никени мамлекеттик органда каттагандан кийин гана кыят экен. Православ дининдеги кызматкерлер деле ошондой тартипте кыйышат. Мамлекеттик органда никесин каттатуу диний ишенимге каршы келбейт. Бул бир жагы. Экинчиден, үйбүлөнүн андан аркы укуктук мамилелерин жөнгө салууга, айталы, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн өз учурунда алууга, аялдын жана балдарынын мүлккө эгедер болуу укугун аныктоого шарт түзөт. Үйбүлө куруп жаткан адамдардын үйбүлө мүчөлөрү алдындагы жоопкерчилигин күчөтөт, аялдын адамдык укугун негиздейт.
Адам укугу сакталып, адамдар ортосундагы мамилелер жөнгө салынган өлкөлөрдө бул маселеге өзгөчө олуттуу мамиле жасалат. Жакында эле Канадада өткөн бүткүл дүйнөлүк форумга катышып, ал жактагы аялдардын укугунун сакталышына таң калып келдим. Аларда, бирге жашаганды биякка кой, "баламдын атасы ушу болчу" деп аял көрсөткөн адамдан алимент кесип беришет экен. Атасы эмес экени сот аркылуу далилденсе, жоопко жалган көрсөтмө берген аял тартылат. Бизде болсо, балдарына алимент төлөбөй, эч кандай жардам бербей, улам бир аялдын үстүнө кирип жашап жаткандар канча! Алардын аталыгын аныктап, сот жообуна тартып, балдарынын үлүшүн алып берүүгө эмне деген аракет, эмне деген убара талап кылынат.
- Мамлекеттик органда катталбаган никенин натыйжасы кандай болот?
- Диний шарт боюнча кыйылган нике көп аял алууга жол ачат, жогоруда бир эле адамга бир нече нике кыйыла берет дебедикпи. Экинчиден, жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусуна уруксат берет, кыздарды зордоп ала качуу адатынын андан ары өрчүшүнө шарт түзүп, деги эле аялдын үйбүлөдөгү абалын эркекке көз каранды кылып коет, ажырашкан учурда атүгүл өзү иштеп тапкан мүлккө эгедер болуу укугун бере албайт. Аялдын өз укугун коргоосуна тоскоол болот.
Долбоор өлкөбүздө укуктук мамлекет курууга багытталган, элибиздин турмуш-шартын жөнгө салууга аракеттенген максатты көздөп жаткандыктан, коомчулук тарабынан колдоого ээ болот го деген үмүттөбүз.

Редакциядан: "Аалам" гезити мындан ары "Нике кайып" деп аталган атайын рубрика ачып, бул темага байланышкан материалдарга орун бермекчи. Үйбүлө куруу, никеге туруу жаатында кызыктуу ой-пикирлериңиз болсо, редакцияга жана "Сезим" борборуна (51-26-40 телефону аркылуу) кат жазып, кабарлашыңыз. Убагында никеге турганга маани бербей коюп, кийин ошонун кээрин тарткандардын дил баяндарын жашыруун ат менен жарыялаганга даярбыз. Эмесе, окурман, үн кошуңуз, кезек Сизде.