№66, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Айланкөчөк

К е р е г е
- Арты булганыч депутат Акүйдү карап ылаалайбы?
Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, "Ата Мекен" партиясынын координатору:
"Үч фракциянын тең депутаттары ошондой"
- Бул суроо, менимче, биздин азыркы депутаттарга куп жарашкан суроо болуп турат. Жаңы кыргыздын макалы экен. Жаңы депутаттарга арналып чыгарылса керек. Азыркы иштеп жаткан үч фракциянын тең депутаттары ошондой, Акүйдүн ээрчиме депутаттары. Көчөдөн эле жетелеп келип олтургузуп койсо, ошондой болот да. Илгерки союздун учурунда койчу, уйчусу деле депутат болуп бир жыргашкан, экинчи болуп азыркы биздин депутаттарыбыз жыргашты. Акүйдүн калпагы кайсыл тарапка кыйшайса, ошол жакка моюндары ооруганча бурулат, тур десе, туруп, отур десе, отурат. Ошолорду "эл үчүн иштеп жатышат" деп айткан бир да кыргызды уга элекмин. Аны өздөрү деле угуп жүрүшсө керек. Акүйдүн эле ак батасын ала беришпей, элдин да батасын алышса жакшы болмок.

- Крышасы жок кампанын крысасы кампачыбы?
Бегиш ААМАТОВ, коомдук ишмер:
"Өзүбүз болбой кампачы, өзгөлөр бизди жайлашты"
- Эмне үчүн биздин кампабыздын крышасы жок? Ушул күнгө чейин кыргыздар кампаларына ээ боло албай крысаларга талатып коюп, өзүбүздүн азаматтарыбыз Россия, Казакстанда талаалап, бирөөлөрдүн кампасынын тегерегин айланып жүрөт. Крышабызды жаап берет деген мыктыларыбыз крысага айланып кетип жатышат. Акты кара деп, караны ак деп бирөөлөрдүн сөзүн сүйлөп кыргыздын кампадагы болгон ырыскысын сатып жыргагылары келет алардын. Өздөрү кампачы болгусу келбейт экен. Ага аракеттери да, билими да, ыйманы да жетпейт турбайбы. Эми эл болгондон кийин кампабыз болушу керек, анын ээси өзүбүз болушубуз керек да. Мына Токтогул ГЭСиндеги сууну агызып жиберишип элин караңгы кыргызга айландырып коюшту. Угуп атам, ошол биздин сууну Арал деңизине алып барып куюшуптур деп. Арал деңизи соолуп калганда казак сектору, өзбек сектору болуп экиге бөлүнүп калган экен. Сыр-Дарыя казак секторуна куюп турган. Кечээ EuroNеws жаңылыктарынан көргөзүп жатат, ошол Арал деңизинде суунун деңгээли көтөрүлүп 50 кмге жайылыптыр. Казактар балык алып жыргап жатышат. Ал кайсыл суу менен толтурулган? Демек,Токтогул ГЭСиндеги суунун баары ошол жакка кеткен. Булардын максаты - Токтогул каскадын аварияга алып барып туруп, калп эле акчабыз жок, эми ГЭСти сатышыбыз керек дешмек. Назарбаев Кыргызстанга келгенде биздикилер энергетиканы сатабыз дебедиби. Аны Назарбаев менен Машкевич арзанга сатып алышмак. Мына Кыргызстанда ушул сыяктуу кампачыларыбыз болуп, крысалар өзүбүздүн чоңдор болуп жатат.

- Кошоматы көп элдин азаматы кор болобу?
Жамин АКИМАЛИЕВ, Кыргыз айыл чарба
илимий-изилдөө институтунун директору:
"...Кошоматчы кишини кондурба да, түнөтпө"
- Абдан туура. Акылдуу кыргызымдын макалы. Кошоматчылар кайсы гана заманда болбосун, жашап келген жана жашай берет. Кошоматчылар жүргөн жерде иш да болбойт, абийир да болбойт. Өзүнүн абийиринен да, бирөөнүкүн кошо талкалайт. Коомду бөлүп-жарып бүлгүнгө салып жибериши да толук мүмкүн. Кыргыз эли өзү меймандос эл келет эмеспи. Бирок, ага карабай Токтогул акыныбыз "кошоматчы кишини кондурба да, түнөтпө" деп ырдап жатпайбы. Демек, Током ошону билген. Азыр кыргыздын интеллигенциясында да кошоматчылардын карааны көбөйүп кетти. Муну ачык айтпасам болбойт. Акаев бийлигинин тушунда а киши менен жакшы иштешип жүрдүк. Кээ бир иштерине түз айтып койгонум үчүн кийин алыстай баштадык. Акаевдин бийлигинин түбүнө деле түз айткан азаматтар эмес, ошол кошоматчы жоон топтор жетишкен. Аларың бардык жерде бирдей эмес, байлык менен бийлик бар жерге үйүлүп-үйүрлөп алышат экен.


- Саясаттын тили Акүйдөн кесилеби?
Мукар ЧОЛПОНБАЕВ, экс-спикер:
"Ак үйдө ит болуп, эл
алдында арстан болушат"
- Саясат дегениң саясатчылардын тегерегинде да боло турган оокат. Ар бир эле адамдын жеке кызыкчылыгы менен жалпы кызыкчылыгы болушу керек. Саясатчыларда да бул экөө негизги орунду ээлейт. Эгерде чоңдорубуз өзүнүн кызыкчылыгын көбүрөөк ойлогон болсо, анда ал азаматтын тили Акүйгө барганда сөзсүз кесилип калат. Бул - чындык. Бийликтин бир бутагына жабышып калсам деп, өзүнүн кызыкчылыгын да көздөп турса, эмне кылмак эле? Азыркы бийликте бул эки кызыкчылыкты тең бирдей карманымыш болуп жүргөндөр толтура. Маселен, жеке кызыкчылыгы үчүн Акүй ичинде ит болуп, эл алдына келгенде куу чөп менен ооз арчып арстан болгондор. Алардын бийликте да, элдик абийирдин алдында дагы өмүрлөрү кыска.


- Кыргыз эмне, көбөйгөнгө эмес, кырылганга кыйын болгонбу?
Дастан САРЫГУЛОВ,
экс-мамлекеттик катчы:
"Кыргыз көк астында жашап, жер үстүнөн жетилип келет"
- Байыркы доорлордо кыргыз, Азия аймагында эбегейсиз көп болуп, далай жерлерди мекендеген. Чыгыштан Непал, Индия, Кытай, Алтай, батыштан Кавказ, Орто Азиянын жер, суу, чокуларына Манас бабабыздын ысмын кыргыз койдурган. Нечен миң жыл узак тарыхында кыргыз далай душман тапкан. "Намыс өлүмдөн өйдө", "Үйдө өлгөн жаманат, жоодо өлгөн салтанат"деп, бийлик, мансаптан да эркиндикти, рухий наркты бийик баалаган. "Элине пайдасы жок тирүүнүн өлүгү" дешкен. Байыркы доорлордо бул сапатынан тайгандар таптакыр жок болуп кетишти. Кыргыз кемип өксүсө да, көк астында жашап, жер үстүнөн жетилип келатат.

Күнболот МОМОКОНОВ