№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Миң уккандан бир көргөн

"Бир грамм дагы алтын чет жерге чыкпайт"
"Бул аймакта радиация күчтүү болуп, эки баштуу козулар, буту жок балдар туулуп атат. Анысы аз келгенсип, канадалыктар бардык алтынды ташып кетип атат" деген айың кептер акыркы убакта "Кумтөр" алтын кен компаниясын айланып эле туруп алды. Эл да тынчсыздана баштаган. Мунун баары куру сөз, ушак экенин жалпы коомчулукка жеткирүү үчүн "Кумтөр" биолог, географ, химик мугалимдерди, тиешелүү адистерди жана журналисттерди атайы чакырып, жалпы журтка өз көздөрү менен көргөндөрүн ачык, так, даана жеткире алат деген мааниде экскурсия уюштурду. Өз көзү менен көрүп, билген нерсени чоң трибунага чыгып алып, "Кумтөр" бизге чоң зыян алып келип атат, ал жакта жашаган коркунучтуу - сыңар сөздөр айтылууда. Мен да "Кумтөргө" айтылган сөздөрдү журналист катары көп угуп жүрдүм. Ансайын кызыгуум артып, "Кумтөргө" чакырык келгенде "ураа-лап" кабыл алдым. Ошентип, эртең мененки 7де 30дан ашуун адам чогулдук да, жолго чыктык.

"Кумтөргө" сапар
Редакциядан "Кумтөр" компаниясы ошол топко кошулуп бизден бир журналистин баруусун сурангандан баштап жылуу киймдерди даярдап, жолго камдана баштадым. Чынын айтканда, буга чейинки КОКтун тегерегиндеги кептерди угуп, бирине ишенсем, бирине ишенбей, өз көзүм менен көрүп келсем деп самап жүргөм. Жолдо баратып акыркы убакта көп айтылып келаткан "Аалам Ордо" комплексине токтоло кеттик. Ал жерде укмуштуу театр курулуп атат, ага Ч.Айтматовдун аты бериле турган болду. Эң кызыктуусу, комплекстин жетекчиси Ташкул Керексизовдун айтуусунда, бул сахнада аткарылган ырларда, же спектаклдерде артисттер микрофон колдонушпайт. Анткени, тарыхый булактар боюнча дал ушул жай жер шарынын чок ортосу болуп, эки шамал - Улан менен Санташ кезигип, көл жээгиндеги үндү театр көрүүчүлөрүнө гана эмес, ошол аймакта жайгашкан бүтүндой ой-кырларга тунук бойдон жеткирет экен. Комплекстеги кыргыздын 36 боз үйү, өмүр багы жана Дүйнө энесинин эстелиги алыстан көрүнүп турат. Мындай укмуштуу жайды курууга канча акча кетип аткандыгын сураганыбызда, "Муну мен акчага куруп аткан жокмун. Муну эл куруп атат. Досторум кол кабыш кылып, өзгөчө "Кумтөр" компаниясынын чоң жардамы тийди" деди Ташкул Керексизов. Айтмакчы, биз барган күнү дал ошол Дүйнө энесинин эстелигин тургузуп аткан экен. Эстелик Кыргызстанда керектүү крандар жоктугуна байланыштуу "Кумтөр" компаниясынын заманбап техникасы менен тургузулду. Сөзүнүн соңунда Керексизов: "Кумтөр" жардамын аяган жок, мен аларга ыраазымын" деди.
Түштөн кийин Тамга айылына жетип, мейманканадан орун алдык. Эртеси күнү таңкы алтыда тамактанып алып, "Кумтөргө" жергиликтүү мугалимдер жана айылдык денсоолук комитетинин адистери менен бирге жөнөдүк. Бийик тоонун боорундагы серпантин жол менен бир жарым саатта көздөгөн жерге жеттик. Буга чейин бийик тоолуу жерден кан басым көтөрүлүп, айрымдар эсин жоготконго чейин барат деп айтышкан. Бирок мен эмнегедир андай нерсени сезген жомун. Кан басымым эң сонун окшойт деп ойлоп койдум. Бизге коопсуздук кызматынан каска, жилет, көз айнек берилип, экскурсияны баштадык. Кызыктуусу, ушул жерге чейин кыргыздын бийик тоосун ашып, агын сууларын бойлой басып келип, "Кумтөрдүн" аймагына киргенден өзүмдү чет өлкөдө жүргөндөй сезе баштадым. Бул жердеги курулуштар, өндүрүш техникасы ошондой маанай жаратат экен. Качандыр бир убакытта мүмкүнчүлүк артып, Кыргызстанда так ушул жердегидей техникалар иштеп, кыз-жигиттерибиз кул базарда жалдырап иш күтүп турбай, так эле ушундай завод-фабрикаларга кирип, кыска жилет, көз айнек, каска кийип алып иштей башташат деп ойлоп кеттим. Анткени очогу башка жерде эмес, Кыргызстанда иштеп жатпайбы. "Кумтөрдөгү" иш-чаралар борбордо так эле ушундай жүргүзүлөт деп ойлойм.

"Кумтөрдө" 98% кыргызстандыктар иштейт
Атайы келгенден кийин бардык түйүндөрдү чечип, билип кетким келди. Учурда "Кумтөр Оперейтинг компаниде" башкача айтканда, 98% кыргызстандыктар иштешет. Компания жаңы ишин баштаганда бир бригадада 20 кыргызстандык болсо, 14-15 канадалык адис эмгектенчү. Азыр мисалы, алтын ылгоочу фабрикада 150дөн ашык кыргыз жарандарынын арасында 2 гана канадалык жаран иштейт. Демек, "Кумтөрдө" миңдеген биздин жарандар кызмат менен камсыз болууда.

"12 жылдан бери денсоолугума бир дагы зыян келген жок"
Мээрбек Кененбаев алтын ылгоочу фабриканын контролдоочу бөлмөсүндө оператор болуп 12 жылдан бери иштейт. Кесиби боюнча металлург. Үйбүлөсү Бишкекте жашайт. Айына он төрт күн иштеп бүткөндөн кийин үйүндө аны келинчеги, кызы жана уулу тосуп алышат. "Бул ишканада 20 жашымдан бери иштейм. Медициналык текшерүүдөн өтүп турабыз. Айрымдар "Кумтөр" денсоолукту өлтүрөт" деп айтышат экен. Мен андай деле нерсесин байкаган жокмун. Бир гана бийик тоолуу жерде болбосо, башка зыяны деле жок. А радиация боюнча айта кетсем, биздин ишканада башка ишканалардан аша чаап кеткен радиация жок. Бардык эле завод-фабрикаларда химиялык заттар иштетилет да. Ансыз иш болбойт. Бул нормалдуу көрүнүш" - дейт Мээрбек.

"Кумтөр" алтын иштетүүгө курулган"
"Кумтөр Оперейтинг компанинин" адистери "бул жерде алтынды бөлүп алуу жанагы кинолордо суунун жээгине отуруп алып чайкагандай эмес" дейт. Ал эң заманбап өнөр жай технологияларын колдонуу менен ишке ашырылат. Ал үчүн өтө оор физикалык-химиялык процесс жүргүзүлөт. Ушул заводдогу төрт тегирменден өткөн тоо кыртышын суюктукка айландыруу керек. Ошондуктан натрий цианидин колдонуу керек. Бирок натрий цианиди алтын менен кошо күмүш менен жезди да камтыйт. Үч металлды камтыган уютма Доре деп аталат. Дал ушул уютма "Кумтөр Оперейтинг компанинин" акыркы продуктусу. "Биз ушул бойдон аны "Кыргызалтын" АКсына өткөрүп беребиз. Аны өткөрүп жатканда бул уютмада орто эсеп менен 80% алтын болот. Аффинаждалган алтынды сатуу толугу менен кыргыз тараптан жүргүзүлөт" дейт компаниянын ММКлар менен байланыштар боюнча менеджери Сергей Дедюхин. Демек, бул "Кумтөр Оперейтинг компани" алтынды металл түрүндө бир граммын дагы чет жерге чыгарбайт, толугу менен мамлекетке өткөрүп берет дегенди түшүндүрөт. Дагы бир айта кетчү нерсе - "Кумтөрдөн" башка дагы кен байлыктар чыгат деген ушак кептер компаниянын айланасында дайыма жүрүп келет. Бирок, "Кумтөр" ишканасына болгон экскурсияда ишкананын адистери журналисттерге, мугалимдерге жана Ысык-Көл областынын айылдык денсоолук комитетинин мүчөлөрүнө бул кептин баары ушак экенин далилдей алышты. Анткени, заводдун технологиясы алтынды гана иштетүү үчүн курулган жана башка металл иштетүүгө технология мүмкүнчүлүк бербейт. Ал эми жогоруда айтылган күмүш менен жез алтын менен химиялык составы боюнча бир катарда турат. Бирок бул жерде өтө аз өлчөмдө.

"Бир грамм дагы алтын чет жерге чыкпайт"
"Кумтөр Оперейтинг компани" менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишим боюнча "Кумтөрдө" иштетилип чыккан бардык алтындар "Кыргызалтынга" өткөрүлүп берилет. КОКтун кызматкери эч кандай катачылык болбосун же уурдалбаш үчүн Кара-Балтага чейин коштоп барат. Андан соң таза алтындын наркын "Кыргызалтын" АКсы "Кумтөргө" акчалай төлөп берет. "Баса белгилей кетсек, "Кумтөр" өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 15 жылдын ичинде бир грамм алтынды дагы Кыргызстандан алып чыккан жок" дейт мындагы адистер.

Петров көлү
Фабрикадан чыгып Петров көлүнө бардык. Өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери "Кумтөр" алтын кен комбинаты ушул көлдүн суусун пайдаланат. Ал Петров мөңгүсүнөн түшкөн суулардан пайда болгон. Мөңгү 1869-жылы Коульбарс аттуу орус генералы баштаган экспедицияда ачылган. Ошол экспедициянын курамында Петров деген адам болгон. Ал адам ушул мөңгүнүн аянтын сүрөттөгөн. Ошондо генерал Коульбарс орус падышалыгынан мөңгүгө Петров деген атты ыйгарууну суранып, азыркы ат берилип калган. Совет мезгилинде Петров мөңгүсү эң чоң мөңгүлөрдүн бири болгон. Анын жалпы узундугу 20 километрден ашат. Демек, бул жерде таза суунун запасы өтө көп. Муздун калыңдыгы - 200-300 метр. "Кумтөр Оперейтинг компанинин" экология бөлүмүнүн менеджери Эрик Кожомкуловдун айтуусунда, айрым учурларда бийик тоолуу жерлерде көлдөрдүн жырылып агып кетүү коркунучу болот. Бирок Петров мөңгүсүнө Кыргыз комплекстик гидрогеологиялык экспедиция дайыма мониторинг жүргүзүп турат. Мисалы, акыркы 2-3 жылда чехиялык күчтүү адистердин жардамы менен текшерүүдөн өткөрүлгөн. Акыркы эсептөө-лөр боюнча бул көлдөгү суунун көлөмү 60 млн. кубга жетти. Көлдүн түндүк-батыш тарабында жаратылыш дамбасы бар. Ошол жерден көлдүн суусу көтөрүлгөндө Кумтөр суусуна куюлуп турат. Демек, көл боюнча эч кандай коркунуч жок. Ошого карабай, компания эмки жылга инженердик долбоор иштеп чыкканы турат. Ушул долбоордун алкагында Петров көлүндөгү суу Кумтөр суусуна контролдолуп маал-маалы менен агызылып турмак болду. Айта кетчү нерсе, "Кумтөрдүн" иштеп башташы менен көлгө бир топ эле пайда келиптир. Анткени, көлдөн суу "Кумтөргө" алынып турбаса, эчак көтөрүлүп, ташып кетмек экен.

"Ар бир грамм калдык көзөмөлдөнүп турат"
Петров көлүнөн соң "Кумтөрдүн" хвостохранилищесине бардык. Анын узундугу - 2 км. Чок ортосунун тереңдиги - 28 метр экен. Бул жерге калдыктар келүүчү эки труба бар. Эгер бири бузулуп калса, ошол замат экинчиси менен иш жүрө баштайт. "Өндүрүш калдыктарынын 50 пайызы суюк, 50 пайызы катуу болот. Ал пульпа деп аталат. Пульпанын составында бир тоннасына 0,5 грамм алтын болот. Ал алтынды бөлүп алууга азыркы технологиянын күчү жетпейт. Балким келечекте ушул жерде калган алтынды кайра иштетип алчу да технологиялар чыгар" дейт Эрик Кожомкулов. Дамбанын жээгинен баштап 100 метр атайын жерге химиялык заттар өтүп кетпеш үчүн кленка төшөлгөн. Ал эми андан аркысы түбөлүк тоң жер, ал жерлерден химиялык заттардын жерге сиңип кириши мүмкүн эмес. Дамбанын ичине 70тен ашык датчик орнотулуптур. Булар ар кандай тереңдиктеги термистер. Булар жер бетинде 1-2 метр тереңдиктен 2-3 метр бийиктикке чейин жайгашкан. Алар дамбанын температурасын көзөмөлдөп турат. Инклинометрлер да коюлган. Булар аркылуу дамбанын жылганы билинип турат. Геотехниктер күндө келип инклинометрлердин көрсөткүчтөрүн текшерип кетишет. Ар кандай коркунучтар пайда болсо, дайыма алдын ала көзөмөлдөнүп, чара колдонулат.
Бул жерден бөлүнгөн суюктук тазалоочу жайдан айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги койгон нормативге чейин тазаланат.
Анан биз күтүп аткан учур да келип жетти. Адистер "Кумтөрдөгү" радиацияны атайын аспап менен биздин көзүбүзчө текшеришти. Алардын айтуусу боюнча, радиация Кыргызстанда орточо 25,5 микрорентген/саат, Бишкектин кээ бир карьерлеринде 17-18 микрорентген/саат болот экен. Ал эми карьерде 20га чейин жетет. "Кумтөрдө" орточо эсеп менен саатына 15 микрорентген. Демек, бул "Кумтөрдө" радиация азыраак, анчалык коркунучу деле жок дегенди түшүндүрөт.

"Ар бир адам өз көзү менен көрсө болот"
Экскурсиянын соңунда компаниянын өндүрүш боюнча вице-президенти Джон Ле Ру мугалимдер, журналисттер менен кезигип, "Кумтөр" ачык компания экендигин жана бул жерде эч кандай зыян келтирүүчү иштер жасалбай тургандыгын, аны ар бир адам келип өз көзү менен көрсө боло тургандыгын айта кетти.

Бардык айтылгандар - ушак
Жети-Өгүз райондук денсоолук комитетинин жетекчиси Үмүт Ибраева дагы "Кумтөрдүн" атайын чакыруусу боюнча экскурсияга келгендердин арасында болду. Анын айтуусу боюнча, бул жерге ал эл арасында жана айрым саясатчылар тарабынан айтылып жүргөн кептердин чын-төгүнүн өз көзү менен көрүү үчүн келген. "Бизге буга чейин "айылда болуп аткан мал оору, ар кандай жугуштуу оорулар жалаң ушул "Кумтөрдүн" айынан болуп атат, радиация күчтүү, хвостохранилищеси толуптур" деген маалыматтар жеткен. Бул жерден радиацияны текшерген атайын прибордун көрсөткүчүн көргөндөн кийин, иштеп аткандардын сөзүн уккандан кийин айтылган сөздөрдүн жөн гана ушак экенинен эч кандай шек жок болуп калды. Бул жакта 14-15 жылдан бери иштеп жүргөндөрдү көрдүк. Денсоолукка эч кандай коркунуч туудурбайт экен" деген сөзүн айтты. Ушундай эле ойду Тамга орто мектебинин география мугалими Айжан Белекова билдирди. Ал: "Миң уккандан бир көргөн артык" деген сөз менен биз ушул жерди көргөнү келгенбиз. Бардыгы жайында экен. "Кумтөр" компаниясына ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстандын өнөр жайын өткөндө окуучуларга көп жерден түшүндүрө албайбыз. Мен өзүм география сабагынан берем. Эми минтип айтылып келген сөздөр ушак экенин көрүп, анан балдарга сабак өткөнгө көп-көп материал жыйнап кетип баратам" деп кубанды.

Тактык, тазалык, тартип
Мына ушул компаниянын ишин көрүп, өзүңчө толкунданбай кое албайсың. Алгач "Кумтөргө" барганымда Канадага келип калгандай сездим. Совет доорунда завод-фабрикалар токтобой шакылдап иштеп, так эле ушундай үндөр угулуп турар эле.
Тартип, тазалык, ирээттүүлүк, сый, бакубат жашоо орногон бейиштей жерде жүргөндөйсүң. Эл үчүн күйгөн биздин кээ бир азаматтар түшүндүргөндөй, "Кумтөрдөн" алтынды казып алып эле Канадага бөктөрүп жөнөшпөйт экен.
"Кумтөрдө" алтын кенин иштетүүдө кажыбас кайрат менен мээнет биринчи орунда тураарын мойнуңа албай койбойсуң. Булар биринчи орунга тартипти коюп, ириде ар бири өз милдети менен укугун эң жакшы билет.
"Кумтөрдүн" өзү эле эмес, "Кумтөргө" бара жаткан жерден эле тактык башталат экен.
Жолдору абдан сапаттуу жасалган, каалаган киши эле транспорту менен сүзө качырып айдап кире албайт. Кыскасын айтканда, бул жерде 98%ы кыргызстандыктар, бирок канадалыктар ишти уюштуруп, замапбап жаңы технология менен биргеликте иштешүүдө.
Б.а., алтын эч кайда ташылып кеткен жок. "Кумтөрдөн" чыгып "Кыргызалтынга" өткөрүлүп, мамлекетке кирип жатат деген сөз. Эгерде бизде так эле ушундай ишканалар ондоп саналса, дүйнө жүзү боюнча жашоо шарты эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарында жүрөр беле деп ойлойм. "Кумтөрдөн" канча пайда алып жатканды кой, бир күндүк чыгымын эсептеп да чыга албайт окшойсуң.





а ­е¦Є.НҐй«