№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Кошкайрык

Жапаровдун казаны боркулдаганда
Экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаров 2008-жылдын экинчи жарымында экономикалык кырдаал жакшырганын белгилеп келип, ВВП январь-август айларында 7,1%ке өскөнүн, ал эми инфляция жылдын аягына чейин 20-22%тен ашпасын саймедиреген эле. Президент К.Бакиев менен жолукканда ВВП жылдын аягына чейин 8,5%ке дейре өсөт деп таштаган жери бар. Бир кызарып, бир бозоруп койгон эмес. Эгер, журналисттер айтмакчы, А.Жапаровдун бети бетондой болгон отчетторуна ишене турган болсок, экономикабыз "оптимисттик жол" менен шайбырлата урдуртуп кетип бараткан болот. Экономика болуп көрбөгөндөй тынымсыз өнүгүүнүн үстүндө. Кудай сактай көр, көз тийбесин деп, жакаңды гана кармашың керек. Башка чараң жок. Көрүп тургандай инфляция деле өз жайында. Бар болгону 20%. Ашып кетсе 22%ке жетиши мүмкүн. Андан артык болбойт.
Арийне, реалдуу жагдайга келсек, иштин жөн-жайы А.Жапаровдун казенный оптимизминен кыйла айырмаланып таптакыр башкача экенине көзүбүз жетет. Экономика чынында өсүп-өнүкмөк турсун, кайра күндөн-күнгө кедеринен кетип барат. Баа баш бербей өсүүдө. Азык-түлүккө, коммуналдык кызматка, тарифке, жадакалса көмүргө болгон баалар асманга чыгып кетти… Терең энергетикалык кризиске кабылдык. Андан жакынкы келечекте чыгып кетерибиз арсар. Элди зааркантып сарсанаага салганы - алдыдагы кыштан кара баш аман, жон бүтүн чыгып кетер бекенбиз дегени. Саясатчылардын алдыда социалдык жарылуу күтүп жатканы, экинчи "түстүү революциянын" кайталанышынын ыктымалдыгы боюнча ой жоруулары көбөйдү. Төтөн, оппозициялык саясатчылардын улам кийинки билдирүүлөрү мурдагысынан кескин чыгып жатканын байкоо кыйынчылыкка турбас. Койгон талаптары - иш алып бара албаган жоопкерсиз, жеп-ичкич, профессионалдык деңгээли өтө төмөн бийликтин отставкага кетиши. Буга биринчи кезекте экономикалык жайсыз абал өбөлгө түзүүдө.
Эгер, КМШнын мамлекеттер аралык статкомитетинин билдиргенине кайрылсак, А.Жапаровдун текирең таскак отчетторунан кыйла айырмаланган көрсөткүчтөргө дуушар болобуз. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен айыл чарба продукциясынын көлөмү боюнча өсүү темпи эң төмөнкү абалда. Шериктештиктин айыл чарба продукциясынын өсүү көлөмү 4%ке туура келсе, Кыргызстанда ал араң гана 2,9% ти түзөт. Өнөр жайындагы абал ыйлай тургандай. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча эң арттагы орунду Кыргызстан ээлейт. Өнөр жай продукцияларынын өсүшү - 5,8%. Бул болсо өткөн жылга салыштырганда 4,5%ке төмөн дегендикти билдирет. Оор өнөр жайы, ошону менен бирге жеңил өнөр жайы (кустардык негиздеги кийим тигүү тармагын эске албаганда) биротоло сызга отурган. Алардан кол жууганбыз. Калыбына келтирүү кыйын. Болбойт. Алло акбар. Бир гана кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы менен соодада бир аз жандануу бар. Бирок бул эки тармак менен экономиканын алыска барышы кыйын. Ошентип А.Жапаровдун ВПП 7,1% болду дегени чындыкка туура келбейт, караандабайт дагы - улуттук экономиканын реалдуу секторунун абалын туюндура албайт.
А.Жапаровдун апыртма, б.а., текирең урган отчетторундагы 7,1%тик өсүүнү, жылдын аягына дейре 8,5%ке жетерин ырастай албаган дагы бир олуттуу жагдай бар. Өндүрүш өрдөп өсө баштаган сайын ошончолук мол энергоресурстар талап кылынары мектепке чейинки балдарга да айкын. Бул жагынан, энергетиканын көлөмүнүн өсүшүнөн алганда, Кыргызстандагы абал кубанаарлык эмес экенин моюнга албай кое албайбыз. Бир ай мурун веердик өчүрүү жарыяланып, электр энергиясын пайдаланууга чектөө ырасмый киргизилгенге чейин эле өлкөнүн системдик энергетикалык кризиске дуушар болгону айкын болуп калган. Ал бизнесмендердин өздөрүнүн ишканаларынын (айрыкча электрэнергиясына толук көз каранды, туруктуу режимде иштеген ишканалардын) жабдууларын сыртка ташып чыгара баштаганда эле байкалган. Азыр абал андан бетер кыйындап, өз жетээр чегине жетти. Электр энергиясына болгон тартыштык, премьер-министр И.Чудиновдун билдиргенинине караганда, 2,6 млрд. кВт/саатты түзөт. Кыргызстанда өндүрүлгөн бул электр энергиясы менен, ишканалардын ишин толук камсыз кылууну мындай кой, калктын күнүмдүк тиричилигин өткөрүүгө жетпейт дегенди билдирет. Жөнөкөй бир мисалды алып көрөлү: азыр веердик өчүрүүлөр 8 саатка туура келет эмеспи (башкы энергетик С.Балкыбековдун айтымында, ал дагы 10 саатка чейин узартылышы кажет). 24 сааттан 8 саатты алып таштаганда ишканалар 18 саат гана иштей алат, демек, ошончолук деңгээлде продукцияны аз чыгарат. Бул болсо, канча калчабагын, өндүрүш алдыга эмес, артка кетти дегенге жатат. Өндүрүштүн артка кетиши менен салык жыйымы ошончо өлчөмдө төмөндөшү, айлык акынын азайышы жөнүндө айтпай эле коелу.
А.Жапаровдун инфляция 20%ке туура келет, эч бир коркунуч жок деген билдирүүсү дагы эле болсо элдин көзүн жазгыруу, көптөгөн алдоолорунун эле бири. Абал А.Жапаров айткандан кыйла кыйын. Кайрадан эле КМШнын статкомитетинин маалыматына кайрылып көрөлү-үстүбүздөгү жылдын 7 айынын ичиндеги Кыргызстандагы керектөө баасынын индекси өткөн 2007-жылдын ошо эле кездеги инфляциянын өнүгүү темпине карата алып көргөндө 26,6%ти түзгөн. Бул инфляциянын ээ-жаа бербей өсүп жатышынын күбөсү. Инфляциянын көрсөткүчү боюнча Шериктеш өлкөлөрдүн артынан "ардактуу" экинчи орунду ээлеп турабыз (биринчи орунда Тажикстан - 29,8 процентти түзөт). Ал эми жогорку деңгээлдеги инфляция экономиканын реалдуу секторунун өнүгүшүнө өбөлгө боло албастыгын, кайра кедергисин тийгизерин айтып отуруунун кажети деле жоктур.
Ошентип А.Жапаровдун жел отчетторун учурмасы көп калптарынын бири катары кабыл алуу кажет. Классиктин айтканына кайрылсак, элдин жарымын көпкө дейре алдаса болот, бирок бүт элди такай алдашың кыйын. Калпың бир күнү болбосо, бир күнү чыгып калышы кажетсиз. Бирок, кызыгы, А.Жапаровдун казаны боркулдап эле кайнап жатканын көрүп таң калбай койбойсуң. "Укмуштуунун төөсү жорго".




  Окурмандан коңгуроо

- Нарын шаарындагы троллейбустук линия жөнүндө айтсаңыз? Жаңы троллейбустук линия курдук деген кептерди толуктап...

Мындай суроо менен Нарын облусунун экс-губернатору, азыр Талас облусунун губернатору
Бейшенбек БОЛОТБЕКОВго коңгуроо кактык.
- Бейшенбек мырза, Нарын шаары боюнча кызыкдар болуп жаткан окурмандарыбызга жооп берүү үчүн коңгуроо кагып жатабыз. Нарын шаарында тартылган троллейбустук линия боюнча кененирээк маалымат берсеңиз. Качан, кандай шартта курулду эле?
- 1990-жылдын 15-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан облустар кайрадан калыбына келтирилген эле. 1991-жылдын январь айында Нарын облустук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангам. Ошол кезде бензиндин баасы кымбаттап, бир аз катаалырак болуп турган кез эле. Ошондуктан мындай кырдаалдан чыгуунун ыңгайлуу жолун издей баштадык.
Негизинен Нарын шаары бир узун көчөдө тургандыктан, троллейбустук линия тарттырууну туура таап, ишке киришүүнү чечкенбиз.
Демилгени өз колума алып, эң ириде троллейбустук курулуш директорлугун ачтык. Андан соң долбоорду, Бишкектеги жол долбоорлоо институту менен келишим түзүп, аларга даярдаттык.
1992-жылдын 1-декабрында тартуу (тяговый) подстанциясынын биринчи бетону куюлду. Троллейбус каттоочу (контактный) зымын эт комбинатынын директору Ишкулов Кубан Пермь, Пенза шаарларына барып териге алмаштырып келди. Тартуу (тяговый) подстанциясынын ваклесин Украинанын Запорожье шаарынан, щит жабдыктарын Екатеринбургдан, кабелдик зымдарын Москва, Ташкент, айтор, керектүү ар бир тетигин ар жактан чогултуп ишти баштадык.
Ошол кезде Токмок шаарынан "ТАРЗ" автобустары чыкчу. Аталган заводдон келишимдин негизинде, пайдаланууда жүргөн эки автобусту алдык дагы, аны троллейбус чыгарган Саратов, Энгельс шаарларынан пайдаланууда жүргөн үч троллейбуска алмаштырып келдик.
Губернатор орун басары Керимакунов Асанбек, троллейбустук курулуш ишканасынын жетекчиси Жолдош аттуу жигит, подрядчик Токтосунов Сейитбек да чуркап иштешти.
Бул саамалык Нарын эли үчүн бир топ маселелерди чечүүдө оң таасирин тийгизди. Атап айтсак, өзүңөр билгендей, троллейбус абаны булгабайт, бир троллейбуска көп жүргүнчү батат. Ошондой эле троллейбустун өзүнүн расписаниеси бар. Жүргүнчүлөр күтүп, керек кезде троллейбуска түшүп, кыйналбай жете алышат. Өзгөчө мектеп окуучулары, пенсионерлер үчүн ыңгайлуу.
Ошентип, 1992-жылы 1-декабрда башталган ишибиз 1994-жылы 14-декабрда аягына чыгып, 11,5 километр линия тартылды. Мындан тышкары ушул эле күнү Ак-Кыяда 220 киловольттук электр линиясы тартылып келинип ишке берилди.
- Ушунчалык тоскоолдук, убаракерчилик менен жасалган иштин каражат маселесин кандайча чечтиңиздер эле?
- Троллейбус линиясына өкмөттөн бир тыйын да алган эмеспиз. Нарын эркин экономикалык аймагынын жардамы менен чечкенбиз. Бул ишке баш-аягы болжол менен 740 миң доллар сарпталган.
- Нарын шаарынын тургундары үчүн зор эмгек жумшаган экенсиздер. Бул саамалык үчүн кандай сыйлыктарды алдыңыздар?
- Ушул эле 1994-жылы бир гана троллейбус линиясын ишке берүү менен чектелбестен, өндүрүш тармагында дагы бир топ иштерди аткарууга жетишкенбиз.
Мисал катары: кубаттуулугу суткасына 38 тоннаны түзгөн тегирменди, жогоруда аталган 220 киловольттук электр станциясын жана "Солтон Сары" алтын кени ишке киргизилген.
Минералдык суусундуктарды чыгаруучу "Арашан" кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы, алтын чайкоочу жана желим пакеттерди чыгаруучу, кондитердик азыктарды ороочу жана ушул сыяктуу 16 биргелешкен ишкананы ачууга жетишкен элек.
Эмгегибиз жерде калбай, ушул жылы мага "Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген куруучу" ардактуу наамын ыйгарышкан.
Ал эми Керимакунов Асанбек Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Бул иштин түйшүгүн чогуу көтөргөн бир топ адам өкмөттүк баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
- Жаңы троллейбус линиясы боюнча кандай маалыматтарды бере аласыз?
- Мен бул ишке аралашпагандан кийин, толук билбесем да, сырттан кабардар болуп жатам. Биз троллейбус линиясын 11,5 километр аралыкка тартканбыз. Ошол эле линияга дагы 4 километр кошулуптур. Бул иш-чарага 14 миллион сом сарпталып, анын 10 миллионун Президентибиз Курманбек Бакиев каржылаптыр.
- Сиз Нарын облусунда губернатор болдуңуз, эми Талас облусунда иштеп жатасыз. Эки облустун кандай айырмачылыктарын байкадыңыз?
- Мен үчүн Нарын дагы, Талас дагы бирдей сезилет. Эки облус тең таза, элдери да түз жүргөн, эмгекчил, иштерман адамдар. Колдон иш келип турганда өлкөң үчүн, мекениң үчүн иштегенге не жетсин… Уюштура билсең, иштин көзүн тапсаң, эч кандай оорчулук деле жок.





а ­е¦Є.НҐй«