№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ой илик

- Клара Кабилованын кайрылуусу боюнча оюңуз кандай?
Азимбек БЕКНАЗАРОВ,
Революциялык комитеттин төрагасы:
- Клара Кабилованын кайрылуусу өгөй баласына таарынган аялдын кайрылуусу сыяктуу эле болду. "Мени Максим сөктү, коркутту…" дебей, мамлекеттик кызматкер катары "Мен парламенттик шайлоодо фальсификацияга жол бергендигим үчүн өкүнүп калдым" деген сыяктуу кайрылуу жасабайт беле. Ошентсе дагы шайлоодо мыйзам бузуулардын болгонун Курманбек Бакиевдин өзүнүн кадрынын тастыктаганы жакшы болду. Өзүнүн кадры ушундай билдирүү жасап аткандан кийин президент "Мен акмак болгон экенмин, референдум, шайлоо таза өткөн эмес экен. Мага туура эмес маалымат беришкен экен…" деп, өз каалоосу менен отставкага кетиши керек. Өткөн шайлоонун жыйынтыктары боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзам бузууга тиешеси бар адамдар жоопко тартылышы керек. Албетте, бул кайрылуу Клара Кабиловага жеңилдиктерди алып келет.

Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын лидери:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилованын чыр- чатактуу кетишинен кийин БШКнын бардык мүчөлөрү да кызматын өткөрүп бериши керек. Бийлик Кабилованын отставкасын кабыл алуу менен, видеокайрылуусунун мазмунун да эп көргөндөй болду. Бирок БШКнын мүчөлөрү Кабилованын арызынын негизин териштирүүнүн ордуна, анын өзүн жамандап кирди.
БШКнын калган мүчөлөрүнүн да анда иштеп калууга моралдык укугу жок. Элдин, депутаттыкка талапкерлердин да БШКнын мындай курамына ишеними болбой калды.

Иса ӨМҮРКУЛОВ, ЖК депутаты:
- Клара Кабилованын маалыматы бардыгына кеңири маалым болду окшойт. Ар бир жаран анын кайрылуусу бийликтеги кайсы бир топтордун тирешүүсүнөн улам келип чыкканын баамдайт. Жалпы элдин турмушун, кызыкчылыгын ойлогон эч ким жок. Ал эми Клара Кабилованын эч нерседен тайманбай, коркпой-үркпөй кайрылуу жасаганына оң баа берүүгө болот. Кимдир-бирөөлөрдөн кысым көрүп аткан башка бийлик бутагындагылар да ушундай кадамга барып, адамдык сапаттарын көрсөтсө жакшы болот эле.

Азиза АБДУРАСУЛОВА, укук коргоочу:
- Клара Кабилованын кайрылуусу мени эки анжы ойго калтырды. Видеотасманы көрсөм, парламенттик шайлоонун жыйынтыктары, андагы укук бузуулар тууралуу эч кандай сөз жок экен. Жалаң эле Максим Бакиевдин коркутканы тууралуу айтыптыр. Өз өмүрүнө коркунуч туулбаса, укук бузуулар боюнча эч нерсе айтпай эле жүрө бермек экен да. Жарандык коомдун өкүлдөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын ачык айтпай келгенине нааразы болуп келишет. Кандай болгон күндө да, мен укук коргоочу катары, Клара Кабилованын укугун коргоого даярмын. Адегенде Максим Бакиевдин коркутканы аныкталышы керек. Бул дооматты укук коргоо органдары канчалык деңгээлде тастыктайт, бул башка маселе.

Ибрагим ЖУНУСОВ, ЖК депутаты:
- Ал жөнүндө жалаң гана гезиттерден эле окуп атам. Кандай болуп кеткенин чынында түшүнгөн да жокмун. Анткени, мен жаңы эле ооруканадан чыктым. Бүгүн эле сессияга келдим.


Динара ОШУРАХУНОВА,
"Демократия жана граждандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси:
- Биздин коалиция жана башка жарандык уюмдар өткөн шайлоолордун жыйынтыгы бурмаланып келгени тууралуу байма- бай айтып келген элек. Клара Кабилова баштаган БШК мүчөлөрү шайлоолордун жыйынтыгын бурмалап, жалган жыйынтыктарды чыгарып келген. Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматтар да ушу кезге чейин жарыяланбай келди. Коалиция Клара Кабиловага кайрылып, кыргыз элинен кечирим сурап, шайлоонун жыйынтыгы тууралуу фактыларды жарыя кылышын өтүнөт.

Калнур ОРМУШЕВ, аналитик:
- Ушундай чоң резонанстын болушу кадимкидей эле көрүнүш. Бул чуулуу кайрылуу болду. Бул боюнча массалык маалымат каражаттарынан көп коомдук, саясый ишмерлер окшош комментарийлерин берип жатышты. Көбү бул окуяда Клара Кабилова жабыркап атат деген пикирди айтып атышат. Мен муну менен макул эмесмин. Кабилова саясатка, мамлекеттик кызматка, коомдук ишке жаңы келген студент кыз эмес. Москвада, бул жакта ар кандай кызматтарда такшалган адис. Кесиби боюнча да конфликтолог экен. Бирөөлөр бул ишти президенттик администрация жасап атат десе, дагы бирөөлөр оппозиция уюштурууда деген пикирди айтып жатышат. Мен Кабилованы марионетка деп эсептебейм, бул жерден Клара Кабилова өзү сценарист, режиссер, жана башкы ролду да өзү аткарып жатат деген версияны карап койгонго болот. Клара Кабилова 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо эки талапкерге политтехнолог катары жардам бергенин мен так билем. Бул шайлоодо кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн иштөөгө политтехнолог катары бизнес кылып келиши да мүмкүн. Политтехнолог саясатты бизнес катары көрөт. Бир топ саясатчылар, граждандык коомдун өкүлдөрү бул шайлоодо бир топ мыйзам бузуулар болгондугун айтып жатышты. Бир эле мисал, белгилүү коомдук ишмер Шамшыбек Медетбековду Кыргызстандын жараны эмес деп шайлоого катыштырбай коюшту. Мыйзам бузуулар жөнүндө Кабилова кабардар эле болуп турган да. Ошон үчүн ошол топко кызмат кылуу үчүн эле келген деген версияны да карап койсо болот. Саясатта коомдук саясый ишмерлер да, оюнчулар да болот. Менимче Кабилова бул жерде оюнчу. Ошол оюндун сценарийин ойлоп тапканга кудурети жетет. Ал оң тарапкабы, сол тарапкабы, бийликкеби, ушунча суммадагы гонорар коюп бергиле деп былтыркы маалыматтарды сатышы мүмкүн. Бул эң жакшы "товар" экенин ал жакшы билет. Андай эле бийликке каршы чыгып аткан болсо, Кайрылуусунда ачык эле айтып кетпейби. Ал жерде бүдөмүк айтып атпайбы. Демек, Кабилова бул жерде да соодалашып атат. Акциянын, андагы маалыматтын баасынын көтөрүлүшүн күтүп атат. Эгерде ал чынында эле коркуп атса, анда маалыматты, билгендерин ачык айтып салмак да. Анткени анда айтыла элек маалымат бар болсо, коркунучтуураак болот да. Россияда жүрүптүр, эгер бир мамлекеттин БШКсынын төрайымы маалымат берем деп атса, ошол Москвадагы массалык маалымат каражаттары кантип орун, убакыт бербей койсун. Качып кетүү керек болгон үчүн гана видеокайрылуу жасады. Эмне үчүн өз оюн билдирбей убакытты созуп жатат? Ал азыр соодалашып гана жатат деген ой келет. Бул атайын кызматтардын сценарийи деген да пикирлер айтылып атат. Ар бир чөйрөнүн өз почерки болот да, атайын кызматтардыкы өзүнчө, журналисттердики өзүнчө, политтехнологдордуку өзүнчө. Мен бул жерде политтехнологдун почеркин көрүп атам. Бул конфликтинин сценарийи былтыр эле пландалган болушу мүмкүн. Балким, конфликтолог катары Кабилова эмки шайлоодо ким үчүн иштешин аныктагандан кийин ушул кадамга барып аткандыр.