№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күнкөйгөй

Мурат ЖУРАЕВ, ЖК депутаты:
"Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын таанышыбыз керек"
- Мурат мырза, Түштүк Осетия-Грузия чатагын массалык маалымат каражаттары ар кандай чагылдырып жатышты. Барып көрүп келген адам катары сизден сурайлы, чыныгы абал кандай экен?
- Мени Осетияга "За Россию" деген коомдук кыймыл ал жактагы согуштан мурда эле чакырган болчу. Кырдаалды көрүп өз бааңарды бергиле дешкен эле, себеби, кырдаал ошондо эле курч болуп турган. Бирок бул жактан мени "парламент каникулга чыкканда барасың, анткени сени парламент жөнөтүп аткан жок да" деп коюшкан. Ошон үчүн 11-август күнгө билет алып алганбыз, ал эми 8-августта болсо согуш башталып кетпедиби. Он биринчи август күнү кечинде Түндүк Осетияга барып парламенти менен жолуктук. Качкындар менен сүйлөштүк, алар канча адам өлгөнүн, канча үйлөр бузулганын өздөрү айтып беришти.13-август күнү Түштүк Осетияга бардык. Чынын айтканда, Түндүк Осетия менен Түштүк Осетия бир эле эл. Биздин Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн тилинде бир аз айырма бар сыяктуу эле аларда да диалектилик айырма бар экен. Аларды да болгону бир ашуу бөлүп турат. Тили болсо тажиктерге эле окшош. Биз согуш болгон жерлерди көрдүк, түтүн, өлүктөрдүн жыты чыгып турат экен. Цхенвалиде осетиндер жашаса, четтеринде грузиндер жашайт экен. Өкүндүргөнү, 8-август күнү Цхенвалиге бомба ташталарын ал жерде жашаган грузиндер билип, качып чыгып кетишкен экен. Осетиндерге эч кимиси айтпаптыр. Бири-бири менен куда-катнашы бар эл грузиндерге аябай эле нааразы болушуптур. Жергиликтүү элдин айтымында, бул жардыруудан 2 миңге жакын адам каза болуптур. Үйлөр бузулган, айнектер талкаланган. Свет, суу жок. Эл кыйынчылыкты башынан өткөрүп атканын көрдүк.

- Күнөө ким тарапта экени тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Бир тарап Грузияны күнөөлөсө, бир тарап Россиянын кадамдарын аннексия катары баалашууда. Ал эми сиз кандай деп ойлойсуз?
- Биринчиден, Грузия өз элин атпашы керек эле да. Бомба ташталгандан кийин моралдык жактан жабыркаган осетин эли грузиндер менен бирге жашай албайт да. Грузия башынан эле осетин элине жакшы мамиле жасабайт экен. Бул ишке Россиянын кийлигишкенин туура эле деп эсептейм. Россия Түштүк Осетияга кирбегенде андан да көп адам кырылышы мүмкүн эле. Түштүк Осетияда болгону 120 миң эле эл жашайт.
- Конфликт кандайча чыгып кеткен?
- Аймактык жактан гана бөлүнүп калганы болбосо түндүк, түштүк осетиндер бир эле эл. Тарыхты алып карасак, булар көп жолу бөлүнүп, көп жолу биригишкен. 1922-жылы Ленин дүйнөдөн кайткандан кийин Сталин Грузиянын аймагын кеңейтебиз деп Түштүк Осетияны Грузияга коштуруп койгон. Ошондо көп нааразычылыктар болгон экен. Анан СССР таркаганда референдум кылып осетин эли "бир эле жашайбыз" деп чыккан. Бирок грузиндер буга макул болбой биринчи согушту баштаган. Түштүк Осетия менен Түндүк Осетиянын экономикасын салыштырсак, айырмасы өтө чоң. Түндүк Осетияда көп кабаттуу үйлөр, жаңы мектептер салынган, эли иш менен камсыз болгон. Түштүк Осетияга барсаң, 20-жылдардагыдай эски үйлөр, жолу жаман. Грузия өзүнүн аймагын жакшы карабай койгон, эл ошон үчүн нааразы болгон. Бирок Грузия мамлекет катары өтө күчтүү. Кыргызстанга салыштырсак, биздин бюджет бир миллиард доллар болсо, алардыкы 24 млрд. доллар. Ушундай күчтүү мамлекеттин курамында болуп алып Түштүк Осетия бизден да жакыр жашайт. Демек, Грузия аларга акча бөлбөйт, карабайт. Ошон үчүн эл Грузиянын курамынан чыгып кетели деп Россияга жар салган. Эгер Грузия жакшы мамиле кылса, балким, тескерисинче Түндүк Осетия Түштүк Осетияга кошулабыз деп калмак.
- Түштүк осетиндердин көбүнө Россиянын өз паспортторун берип салганы туурабы?
- Туура, Грузия жакшы каржылабай койгондон кийин Россиянын паспортун алып, ошол жакта иштеп жан багышкан. Андай фактылар бизде деле бар да.
- Россиянын Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныганына кандай көз караштасыз? Кыргызстан бул боюнча кандай позицияны карманышы керек?
- Россия менен тарыхыбыз бир. Жаманбы-жакшыбы, 1 миллион элибиз ошол жакта иштеп нан таап жеп атышат. Алар Кыргызстанда болсо, баары жумушсуз болуп акыбал андан да кыйындамак. Россия менен 1863-жылдан бери бирбиз. Кыргызстанды Россия басып алган эмес деп ойлойм, "Кокон хандыгы бизге кысым көрсөтүп атат" деп өзүбүз жардам сураганбыз. Азыр 3-4 миллион кыргыздын өз мамлекети бар. Дүйнөдө 40 млн. курд, 15 млн. уйгур өз мамлекети жок жүрөт. Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын азыр тааныбаганыбыз менен, он күндөн кийинби, жүз жыл кийинби, баары бир бул кадамга барышыбыз керек. Менин жеке пикиримде, бул өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын таанышыбыз керек. Биз кичинекей мамлекет болгондон кийин чоңураак бир мамлекет менен чогуу болушубуз керек. Өзбекстан, Казакстан, Кытайдын бизге кандай мамиле жасап жатканын билебиз. Азыр бизде жүз миңге жакын кытайлык бар экен. Беш жылдан кийин миллион болот, он беш жылдан кийин үч миллион болот. Бир жактан 1994-жылдан бери Казакстан кичинекей жерди талашып, баары бир берип жибердик. Азыр Өзбекстан менен проблема болуп атат. Өзбекстан Нарын дарыясын трансчегаралык (трансграничный) деп тааныбасаңар, газды 300 доллардан да бербейбиз деп талап кылып атат. Трансчегаралык деген бул Нарын дарыясына Өзбекстан да, Тажикстан да кожоюндук кылат дегендик. Өз суубузга өзүбүз кожоюн боло албасак, анда биз кандай мамлекет болобуз? Алар газ бербесе, Чүй, Бишкек газсыз калып, свет жок болсо, кандай болот? Трансчегаралык дегенди таанып койсок биз өз суубузга курулуш кура албай калабыз. Ат-Башыга ГЭС курабыз десек да барып Ташкенттен сурап келишибиз керек болуп калат. Бул өтө жаман нерсе.




  Эркин трибуна

Жазуучулардын ыйын ким угат?
Ооба, суроону ушундайча кабыргасынан коюуга аргасызмын. Анткени элди руханий жактан агартып-көгөртүп, алардын жан дүйнөсүнө акыл-ой гүлазыгын берген жазуучулардын бүгүнкү абалына чындыгында мышык ыйлагыдай.

Бүгүнкү күндө Райкан Шүкүрбеков жазгандай, жазуучуларды "адам деп ит да каппай" калды. Жазуучулардын жан кейитерлик абалы жөнүндө 19- сентябрда мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жана маданият жана маалымат министри Султан Раев менен болгон жолугушууда кенен сөз болду. Анда Жазуучулар союзу коомдук уюм болгондуктан, бюджетке кабыл алууга мүмкүн болбой жаткандыгы, балким маданият министрлигинин курамына киргизүү керектиги тууралуу сөз болду.
Ушул кезге дейре улуттук идеологияны издеп убаралануудабыз. Баса, анын уңгусу "Манас" баш болгон элдик эпосторубуз менен акын- жазуучулардын чыгармаларында кашкайып көрүнүп турбайбы. Социализм доорунда идеологияга айрыкча маани берилчү. Идеологиялык кадрларды даярдоодон жана алардын жетишерлик тармагын түзүүдөн мамлекет каражат аячу эмес.
Жазуучулар союзу идеологиялык ишти жүргүзүүдөгү башкы звено, анын соолбос башаты дээр элем. Анткени көркөм адабият киного да, музыкага да, сүрөт өнөрүнө да, айтор, искусствонун бардык түрүнө пайдубал катары кызмат кылып, материал берип жатпайбы. Ал эми жазуучулардын өздөрү арстанды, жолборсту, илбирсти тууп, бирок өздөрү кароосуз калган мышыктын кейпин кийип калууда.
Экономикабыздын өнүгүшү, мамлекеттик тилдин толук кандуу иштеши, коррупцияга каршы күрөшүү, жаш муундарды тарбиялоо өңдүү өзөктүү маселелердин да түйүнү ошол жазуучуларга камкордук көрүү менен китеп маселесин жолго коюуга байланыштуу. Руху таза жана аң- сезимдүү жаран ар кандай ыплас иштерге барбайт.
Бийликтегилердин айтуусу боюнча Жазуучулар союзун мамлекеттен каржылоого, калемгерлердин китептерин басып чыгарып, элге жеткирүүдө кандайдыр бир механизм, рычаг табылбай жаткан имиш. А башка өлкөлөр кандай механизм, рычаг менен иш алпарышууда? Бул жагын эмне үчүн иликтеп көрүшпөйт? Эгемен өлкө болгондон кийин, механизм да, рычаг да бийликтин эркинде эмеспи? Элде айтылгандай, "Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса…".
Жазуучулар союзун маданият министрлигинин курамына кошкондо деле иш өргө кетери күмөн. Анткени министрликтин өзүнүн тарткан жүгү кыйла оор, чечилбеген көйгөйлөрү толтура. Ошондуктан бийлик жакшылап ой калчап, Жазуучулар департаменти же мамлекеттик агенттик дейби, айтор, жакын арада бул ишти оң жагына чечип бергени ийги. "Калоосун тапса, кар күйөт эмеспи…".










??.??