№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Түркүн дүйнө

Башкы прокуратура Максим Бакиевди суракка алды
Клара Кабилованын иши боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 30-сентябрь күнү Максим Бакиев суракка алынды. Баш-прокуратуранын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, сурак бир саатка созулуп, Максим Бакиев эч качан Клара Кабилова менен телефон аркылуу сүйлөшпөгөнү, депутаттыкка талапкер Ишенбай Кадырбековго кызыкпаганы, БШК имаратында болбогондугу тууралуу көрсөтмө берди. Андан сырткары Максим Бакиев Клара Кабилова менен 2005-жылы таанышып, андан кийин бир жолу эле кокусунан көчөдөн кезиктирип калганын, башка жолукпаганын айтыптыр. 2-октябрь күнү Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Чолпон Жакупова, Иса Өмүркулов, Роза Отунбаева, Бакыт Бешимов күбө катары суракка алынат. Буга чейин башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев: "Максим Бакиевдин Кабилованы коркутканы тастыкталса, ал тиешелүү жоопко тартылат, бирок уулу үчүн атасы - президент Бакиев жооп бербейт" деп билдирген эле. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо, "Эгерде президент мамлекетти ашар жолу менен эмес, өзү жалгыз башкарса, баласы үчүн жооп бербесе болот. Мамлекетти башкарууга келгенде колу-буттап, баласы, инилери кошо башкарат да, жооп берүүгө келгенде мамлекет башчы баласы үчүн жооп бербейт деген туура эмес. Булардын баары, анын ичинде башпрокурор өзү да жооп берүүгө тийиш" деп билдирди.

Ташиев Кемин районундагы хвостохранилищени кыдырды
МЧС башчысы Камчыбек Ташиев Кемин районунун Орловка, Ак-Түз поселокторундагы уран калдыктары бар хвостохранилищелерди кыдырып чыкты. Ал жактар жабылбай, ал турсун мал жайылып жүргөнүн көрүп, шашылыш чара көрүү керектигин билдирди.

Ташиев Акаевдин дагы бир байлыгын тапты
Кеминдеги хвостохранилищелер менен таанышып жүрүп, МЧС башчысы Камчыбек Ташиев Кызыл-Байрак айылынан Акаевдердин заңгыраган тамын көрүп, "бул сөзсүз МЧСтин акчасына салынган" деп билдирди. Камчыбек акең бул сөзүн далилдеп бере алаар бекен? Ал тургай "министрликтин 1млн 800 миң сому ал тамды курууга корогон" деп билдирди.

Клара Кабилова ким менен байланышта?
Мирослав Ниязов Клара Кабилованын качып кетиши 9-октябрда Кыргызстанга Россия президенти Дмитрий Медведевдин келе тургандыгы менен байланышы болушу мүмкүн экенин айтууда. Балким, Клара Кабилованын качышы Кыргыз бийлиги менен макулдашылып жасалган деп да ойлоого негиз болоорун билдирди. Балким, Кабилова "Ганси" авиабазасына тиешелүү маселе тууралуу да айтып чыгышы мүмкүн дейт ал.

АКШ Израилге истребитель сатат
АКШ өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы негизги союздашы Израилге F-35 жаңы истребителдеринен 25 даанасын саткан атат. Израиль келечекте дагы 50 самолет алууга даяр.
Истребителдерди сатуу Американын улуттук коопсуздугуна туура келет деп билдирди америкалык тарап. Пентагон дагы жалпы суммасы 299 млрд доллар келген 2443 истребителге заказ кылмакчы. Бул АКШнын тарыхындагы эң ири куралдуу аскер программасы болуп эсептелет.
F-35 истребителин иштеп чыгууга 8 өлкө: Австралия, Англия, Дания, Канада, Нидерландия, Норвегия, Италия жана Түркия жардамдашкан.

Еврокомиссия Грузия-Түштүк
Осетия тууралуу эмне деди?
Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча генералдык директорунун башчысы Энеко Ландабуру Түштүк Осетиядагы конфликттин чыгышына баа берди. Россия Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын 26-августта тааныды. Грузиянын армиясы 8-12-августта аскер операциясын жүргүзүп, Цхенвалиде тынч жаткан 1.5 миң калктын өмүрүн кыйды.

Ош базарындагы акча алмаштыруу пунктунан 150 миң доллар уурдалды
Мурда күнү, 30-сентябрда Ош базарындагы акча алмаштыруу пунктунун биринен андагы кызматкерди коркутуп, жарадар кылып, белгисиз экөө 150 миң долларды тоноп кетишкен. Милиция бул каракчылардын ким экенин билебиз, алардын Сары изине чөп салынат деп билдирди.

Белград өлкөнүн бүтүндүгү үчүн
Сербиянын президенти Борис Тадич Косовону экиге бөлүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди. Эгер бардык варианттардан эч кандай натыйжа чыкпаса, анда албан элин жана косоволук сербдерди бөлүүгө туура келээрин кыйытты. Бирок Белград өлкөнүн бүтүндүгү үчүн күрөшөт. Косовонун көз карандысыздыгын БУУга мүчө болгон 192 өлкөнүн 40ы тааныды.

Ющенко күчтүүбү же Тимошенкобу?
Украинанын социологдору өлкөнүн президенти Виктор Ющенкогобу же премьер- министр Юлия Тимошенкогобу, кимисине көбүрөөк эл нааразы экендигин иликтеп чыгышты. Натыйжада калктын 80 пайызы Ющенкого нааразы экендигин, теңи Тимошенкого нааразы экендигин билдирди.

Кытайдын шоколадынан да уулуу зат табылды
Пекинден чыккан Cedbury шоколадынан да жакында меламин заты чыкты. 50 миң ымыркайды ууланткан меламин алгач Кытайда сатылган сүт азыгынан чыккандыгы белгилүү. Балдар азыктарын чыгарган бул компания өзүнүн продукциясынын 11 түрүн кайра кайтарып алды.
Россия жана башка өлкөлөр Кытайдан чыккан сүт азыктарына тыюу салып жатышат.

А. Кудрин: "Дүйнөлүк финансылык кризис жарым жыл-бир жылга созулат"
Россиянын финансы министри А. Кудрин дүйнөлүк финансылык кризис жарым жыл- бир жылга созуларын белгиледи.
Чет элдиктер өзүнүн бюджетин сактап калыш үчүн россиялык акция, облигацияларды да шашылыш сатып жатышат. Россиядан кетип жаткан капиталдын жалпы суммасы 10-15 млрд. долларга барабар. Бул каражатты Россия өкмөтү компенсациялоого даяр экендигин билдирди. 2008-жылы Россияда инфляция 11.8 % болот деп болжолдонсо, иш жүзүндө 13.8 % га жетмек болду. "Балким россиялык компаниялардын темпи ылдыйлайт, бирок дүйнөлүк компаниялардыкынан кем болбойт" деп айтты финансы министри.

Дүйнөлүк кризис бир да өлкөнү кыйгап өтпөйт
Дүйнөдөгү экинчи миллиардер, 60 млрд доллар капиталы бар Карлос Слим учурдагы дүйнөлүк кризис 1929-жылы Америкада болуп өткөн улуу депрессиядан да күчтүү болоорун билдирди. Бул кризис дүйнөнүн бир да өлкөсүн кыйгап кете албайт. Азыр банк, ипотека жаатында болуп аткан кризис айыл чарбасына, жалпы экономикага жайылса, ал андан да коркунучтуу. Дүйнөлүк финансылык системаны стабилдештирүү, инвестициялык ишенимди күчөтүү менен банк системасынан акчанын кетишин көзөмөлдөп алуу керек.

Саакашвили аяр иш жүргүзүп калды
Грузия президенти Саакашвили чыр-чатактуу региондорго Еврокомиссиянын байкоочулары келип, өз баасын берип кеткенден кийин "аяр оптимизм" менен иш жүргүзүп калды. Абхазияга жакын райондорго эми 1-октябрдан тартып 2009-жылдын 20- сентябрына чейин, 12 ай бою, Еврокомиссиянын 200 байкоочусу көз салып турмай болду.

Дүйнөдө евронун баасы түшүүдө
Франциянын президенти Николя Саркози, Германиянын канцлери Ангела Меркель АКШдан финансы проблемасын чечишин талап кылышты. Парижде болчу чоң сегиздиктин курамындагы өлкөлөрдүн жолугушуусунда да ушул маселе талкууланмакчы. Евро долларга каршы 9.8%ын жоготту. Америка доллары япондук иенге караганда 0.8%га төмөндөсө, иена еврого караганда 11.7%га өстү.

Юнистрим банкынын кыйрашы
Юнистрим банкынын фондусунун акциялары 90%га төмөндөп кетсе, башка банктардыкы да 60%га түштү. Анын натыйжасында россиялык, бразилиялык, индиялык, кореялык ж.б. дүйнө өлкөлөрүнүн андагы капиталы да коркунучка кептелүүдө.

Белорусиянын парламентине шайлоо өттү
Белорусиянын президенти Александр Лукашенко өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасына болгон шайлоонун жыйынтыгын билдирди. Шайлоого шайлоочулардын 75.3%ы келди. Талапкерлигин койгон оппозициянын 70 мүчөсүнүн бири да өткөн жок. Бул көрүнүшкө европалык байкоочулар нааразы.

"Аалам-пресс"