№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Полит-элита

Үсөн аке неге тымпыйды?
21-сентябрь күнү күндүз Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген жооптуу кызматкер президенттин мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыковго шашылыш телефон чалат. "Үсөн аке, кеп бар" таризинде, "шашылыш эле, чоң маселе, жолукпасак болбойт" дейт телефондогу үн.
Үсөн аке макул, бирок Ак үйдөн эмес деп, башка даректи берет: Киев-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги (Ү.Сыдыковдун) офисинен, "Дан-азык" акционердик коомунун имаратынан. Болжошкон убакта ЖКнын кызматкери айтылган дарекке барса, Үсөн аке экс-спикер А.Мадумаровду, Коопсуздук кеңештин катчысы И.Исаковду ээрчитип барыптыр дейт.
Телефон менен жолугууга чакырган кызматкер так ошол 21-сентябрь күнү БШКнын төрайымы Клара Кабилованын арызын мамлекеттик кеңешчинин колуна тапшырган экен. Таң калычтуусу - президент К.Бакиевдин жетинчи кабаттагы эң жакын кошуналарынын (бирөөнөн бөлөгү) кылган ишин кандай бааласа болот? Биздин дагы башыбыз маң. Ушул жазылган маалыматтарды тактайлы деп, Ү.Сыдыковдун, И.Исаковдун жумуш телефондоруна бир нече жолу чалып, кабарлаша албадык.
Ошол себептен гезит бети аркылуу мамлекеттик кеңешчи, Коопсуздук кеңештин катчысына суроо салабыз.
1. Сиздин колуңузга тийген К.Кабилованын арызы Президент К.Бакиевге сиз аркылуу жетти беле?
2. Эмне үчүн 2008-жылы 21-сентябрда арыз колуңузда болсо,
25-сентябрда Кыргызстандан чыгып кетсе, мамлекет жетекчилери тарабынан эч кандай иш-чара көрүлгөн эмес?




К.Кабиловадан мындай "пакостту" күткөн эмес элек
2008-жылдын 26-сентябрында АКИпрессте Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Бакыт Бешимов, Иса Өмүркулов, Темир Сариев, Чолпон Жакупова ж.б. баш кошуп, оппозиция тарап өткөргөн пресс-конференцияда саясый бомба жарылды десе болор. Саясый жаңжал чыкты. Анда БШК экс-башчысы К.Кабилованын видеокайрылуусу көрсөтүлүп, эч кимди көзүнө илбеген Максим Бакиевдин өзүм билемдик күңүрт иштери, эсирип кеткени ашкереленет. К.Кабилованын видеотасмадагы кайрылуусу менен анын чет өлкөгө чыгып кетиши бийлик үчүн ачык асманда чагылган жарылгандай эле күтүүсүз окуя болду. Шашып калышпадыбы. Адегенде бийликтин "Кабар" агентствосунда БШКга шилтеме жасалып, К.Кабилованын дайынсыз жоголуп кетиши чындыкка туура келбейт деген билдирүүсү пайда болду. Андан соң, факт ырасталып, президенттин К.Кабилованы жумуштан алып, ордуна башка кишини БШКнын төрагалыгынын милдетин аткаруучу кылып дайындагандан кийин деле Белорусиядагы элчилиги К.Кабилова башында турган Минскиге байкоочу болуп келүүчү делегацияны эртеңки күнү күтүп жатабыз деген күлкү келтирген "синхрондуу" билдирүүсү пайда боло калып турду. Булардан улам бийликтин кадыресе абдаарып калганын байкаса болор.




Генпрокуратура иш козгоду
Генпрокурор Элмурза Сатыбалдиев 29-сентябрда өткөн пресс-конференцияда БШКнын мурдагы башчысынын кайрылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялады. Иш ишемби күнү эле ачылганы белгиленүүдө. Адистер видеотасманын накта экендигин аныкташкандан кийин иш козголуп жатканы айтылат. Оболу генпрокурор Сатыбалдиев К.Кабилова бизге арызданып кайрылса, иш козгойбуз деген эле. Негедир, андан бир аз убакыт өткөн соң, кайрылуунун өзү эле иш козгоо үчүн жетиштүү негиз болуп бере алат деп чечкен өңдөнөт. К.Кабилованын кайрылуусу 3 бөлүккө ажыратылып каралыптыр. Үч бөлүктүн экинчиси, б.а., "шайлоо комиссиясынын ишине каскак кылуу" деп аталган Кылмыш кодексинин 139-статьясынын 2-бабы боюнча иш козголгон. Кайрылууну үчкө эмес, төрткө, ал түгүл бешке да бөлүп караса болору белгилүү. Бул жерде генпрокуратура иштин ыңгайлуу жагына качырып жатабы деген суроо туулбай койбос.
Кылмыш иши боюнча күбө катары (?!) президенттин уулу Максим Бакиев, президенттин администрациясынын башчысы М.Садыркулов, ошондой эле оппозициялык саясатчылар Р.Отунбаева, Ө.Текебаев,Б.Бешимов, И.Өмүркулов, Т.Сариев жана Ч.Жакупова суракка чакырылары билдирилди. Э.Сатыбалдиев "баласы үчүн атасы жооп бербесин" атайын эскертти. Бул фразанын түпкү мааниси кайда экени жабык боюнча калды - ал келечекте анык болор. Иши кылып прокуратуранын бул кадамында табышмактуу учурлар кыйла көп экени байкалат.




Бөтөлкөдөгү жин-шайтан
эркиндикке чыгып сайрандай баштады
Президент К.Бакиевдин айланасындагы кубаттуу "теневой" эки топ бизнес менен мамлекет башчысына таасир берүү мейкиндигин бөлүштүрө албай кырчылдашып калганы боюнча прессада чуулгандуу материалдар пайда болгону эсибиздедир. Эксперттер БШКнын экс-башчысы К.Кабилованын тегерегинде алоолоно тутанган чоң чатакты да ошол эки топко алып барып байланыштырып жатышат. Бул жолкусунда биринчи топ демилгени колго алып, экинчи топко сокку урду дешет. Айрым политологдор оппозициянын лагерине куюлган бул "слив" биринчи топ тарабынан аткарылган деген сөз айтылууда. Асыресе алар от менен ойноп жатышат деген жаңжалдын натыйжасында парламенттик шайлоонун бурмаланганы, ЖКнын легитимсиздиги маселесинин көлдөлөң туруп калышы мүмкүн деген версияны айтышууда. Ыңгайлуу жагдайды оппозиция өз кызыкчылыгы үчүн пайдалана алабы, ага саясый технологиялык ресурстары жетишеби - кеп ошондо дешет. Анан да экинчи топ жооп катары контрсоккусу болбойт деп айтуу кыйын эмеспи.




"У Клары украли кораллы?"
Б ашкы прокурор 30-сентябрда Максим Бакиевди чакырып күбө катары сурады. Бизге билдиришкенлей, прокуратура К.Кабилова тартылган видеотасманы эксперттик топко тапшырган. Видеотасмадан К.Кабилованы бирөө коркутуп, үркүтүп, карап туруп сүйлө деп аргасыз кылып сүйлөткөн сыяктуу, өз ыктыяры менен эмес, бирөө мажбурлап тарттыргандай асер калат. Ошону менен бирге эле К.Кабилованын психикалык абалын тастыктоо маселеси бар. Биздин билишибизче, БШКнын төрайымы бир жыл бир айлык мөөнөттө эле төрт бухгалтер, беш кеңешчи, төрт айдоочу, беш кабылдама катчысын алмаштырган эле. Өткөндөгү ЖК шайлоодо партиялардын нааразылыктары болуп келсе, арызы, диски кандайча оппозициянын колуна берилип калганы адамды ойго салат. Ал гана эмес, мамлекеттик кызматкер болуп туруп, кийинки жылга каржы министрлигине бюджет долбоорун түзбөгөнү, өткөндөгү шайлоодо оңго-солго чачылган миллиондорго күбө болоорбуз. Биздин маалымат боюнча, БШКнын бюджетинде чоң финансылык мыйзамсыздык болуп кеткен. Анын да бети ачылып калышы күтүлүүдө. Дагы бир кызыгы - ЖКга шайлоо тууралуу тартылган видеотасма бар экендиги да маалым болду.


Клара Кабилованын "компетентсиздиги"
Клара Кабилованын И.Кадырбековду шайлоого кое берүү жөнүндөгү жыйындан кийин болуп көрбөгөндөй кысымга дуушар болгону, мазактап-маскаралоого чейин барганы жөнүндө сенсациялык видеокайрылуу менен кызматынан ыктыяры менен кетери жөнүндөгү маалыматы жарыяланган айтылуу пресс-конференция өткөн күнү БШКнын төрагалык милдетин аткаруучу болуп дайындалган Д.Лисовскийдин билдирүүсү жарыяланды. Анда К.Кабилова компетентсиздиги, профессионализмдин жоктугу (квалификациясынын жетишпегендиги) менен айыпталынат. Ошону менен бирге билдирүүдө К.Кабилованын демаршы "жоопкерсиз жана чагымчыл" деп бааланды. Профессионализмдин жоктугу менен 2007-жылы декабрда өткөн парламенттик шайлоонун бурмаланганы, шайлоо Кодексинин талабына ылайык жыйынтыгы эмдигиге чейин басма беттеринде жарыяланбай келатканы менен К.Кабилованы оппозиция күнөөлөп келген болчу. Анда БШКнын курамына кирген бир да киши К.Кабилованын компетентсиздиги жөнүндө мыдыр сөз козгогон эмес. Эми чоң жаңжал чыгып, качып кеткени айкын болгондон кийин К.Кабилованын компетентсиздиги менен айыптоо олдоксон, осол болуп каларын БШК жана анын жаңы башчысы Д.Лисовскийдин оюна да кирбесе керек дейсиң.


Оппозициянын койгон талабы радикалдашып баратат
Ишемби күнү "Акыйкат үчүн" кыймылы жана Коомдук парламент биргелешип тараткан билдирүүдө сөз болгон К.Кабилованын кайрылуусунда өлкөдө үйбүлөлүк кландын коррупцияланган жана криминалдашкан системасы түзүлгөнүн ырастайт, үйбүлөлүк клан өлкөнү экономикалык жана саясый кризиске алып келип такап койду, президенттик үйбүлөнүн мамлекеттик, укук коргоо органдарынын ишине, жергиликтүү бийликтин, сотторго, массалык маалымат каражаттарынын, бизнес структуранын ишине орой, мыйзамсыз кийлигишүүсү системалык мүнөзгө өттү деп айтылат. Андан ары билдирүүнү тараткандар шашылыш түрдө К.Кабилованы иштен бошотуу, коомчулуктун алдында аны каралап жамандоо менен президент К.Бакиев тарабынан БШКнын мурдагы башчысынын видеотасмадагы кайрылуусунда айтылган окуялар менен фактыларды моюнга алынганын туюндурарына басым коюшат. Ошону менен бирге К.Кабилованын иши боюнча мамлекеттик комиссия түзүү, генпрокуратурага кылмыш ишин козгоо талабы коюлуп, президенттин уулунун бандитттик аракеттерине байланыштуу К.Бакиевдин мамлекет башчысынын ордун ээлеп турууга моралдык укугу жок экендиги айтылган.










??.??