№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Полит-элита

Оозунан жулдурганда
Дүйнөлүк банк "Дуинг бизнес" категориясы боюнча өлчөгөндө Кыргызстан ишкерликке ыңгайлуу шарт түзүп берүү жаатында рейтинги жогорулаганын билдирген эле. Бул кабарды бийликтин КТР баштаган телеканалдары чечекейи чеч болуп, эки күн катары менен сайрап айтып турушту. Анан эле эларалык Transparency International уюмунун отчету жарыяланып, биздин өлкөдө коррупция зыркыраган боюнча өсүп отуруп, өткөн жылы 157-орунда турса, быйыл 166-орунга түшүп кеткенин, Өзбекстан, Түркмөнстан, Зимбабвенин катарында туруп калганын балп эттирип таштабаспы. Коррупция коолоп-чайлап кеткен жерде бизнеске ыңгайлуу шарт түзүлбөсү белгилүү. Бийликтин "булбул" телеканалдары ооздорунан жулдургандай эле болушту, азыр тымпыйышып коррупция жөнүндө кеп кылышпайт.
Кыргызстандагы коррупциянын динамикасына карасак, мындай болуп чыгат: Кыргызстан 2003-жылы рейтинг боюнча 118-орунда турган, 2004-жылы 128-орунду, 2005-жылы 130-орунду, 2006-жылы 143-орунду, 2007-жылы 157-орунду ээлеген. Ошентип жылдан-жылга коррупция өрөлөп өсүп баратканына күбө болобуз.

Тезек жана көмүр жагыш үчүн 4,5 миллиард сом
Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министри Тажикан Калимбетова мектептерди жылытууда көмүр менен тезекке (твердое топливо) өтүү үчүн 4,5 миллиард сом талап кылынат, эларалык донорлордон жардам сурап кайрылуу керек деди. Эгер, келечекте Кудай колдоп, энергетикалык кризистен чыгып, кайрадан электр жылытуусуна өтө турган болсок, анда кайрадан эле эларалык финансы институттарына 4,5 миллиард берип коесуңарбы деп жалдырайбызбы? Анда эл аралык донорлор эмне дешет? Отуз күнү ойрон экенсиңер дейби?

Прокуратурадан юстицияга
Ишин тыңгылыктуу жөндөй албаганы, коррупциялык иштерге аралашканы, ГУИНдеги эки кызматчынын өлүмү, деги эле профессионалдык деңгээли төмөн экендиги аныкталып, кызматынан пробкадай ыргыган М.Кайыповдун ордуна Нурлан Турсункулов юстиция министри болуп дайындалганы да белгилүү. Прокуратурадан келди. Аламүдүн, Кара-Суу, Сузак райондорунун прокурору болуп иштеген. Нарын,Чүй областтарында прокурордун орун басары, Талас областында прокурор болуп кызмат кылган. Кыргыз Республикасынын Аскерий прокуратурасында, генералдык прокурордун орун басары - КРнын аскерий прокурору болуп иштеген. Жеп-ичкенден алыс дешет, тарбиясы орусча.

Кыштан аман чыгып кете алаар бекенбиз?
Азыркы тапта Токтогул суу сактыгычында 6,619 миллиард кубметр суу топтолгон.
Премьер-министр И.Чудиновдун айтымында, электрэнергиясынын тартыштыгы 2,6 млрд кВт/саатка жетет. Казакстан бизге 250 миллион киловатт-саат энергияны экспорттоого макулдугун берди деп билдирди өкмөт. Бул бизге бүрксө да жетпеси анык. Цифралар көрсөтүп тургандай, кыштан жеңил-желпи чыгып кетишибиз арсар.

"АКСИОМА-НЬЮС…"
Коомчулуктун кулагы тик турат дейби?
Кыргыз басма айдыңында дагы бир гезит жарык көргөнү калды. Аталышы - "АКСИОМА-НЬЮС"! Мындай караган адамга батыштын таасири сезилгени менен, гезиттин табияты кыргыздын рухунда калыстыкты, адилеттикти чагылдырмакчы. О.э. сапаттуулук, маалыматты оперативдүү берүү жагынан да камчы салдырбагандай.
"АКСИОМА-НЬЮС" - бул шексиз чындык жаңылыктарынан кабар береби? Кыргыздар күтүүсүз сенсацияга көнүп деле бүттү го. Жакынкы күндөрү дагы бир "балээ" жар салынып, саясый коомчулуктун кулагы тик турбагай эле… Көрө жаталык.

Лидерликке Мирослав Ниязов татыктуу
Оппозиция ит арка болуп далайдан бери лидерликти бири-бирине ыраа көрө албай келе жатышпайбы. Минте беришсе, жакында лидери пайда болору кыйын. Деген менен башкы идеологу анык болду окшойт. Ал - айтылуу экс-кэгэбишник М.Ниязов. Оппозициянын фундаменталдык концепциясын иштеп чыгуу милдетин М.Ниязовго тапшырышкан болчу. Иштеп чыкты. Ал мамлекеттик башкарууну демократиялык принципке ылайык реформалоо деп аталат. Тарыхый экскурстарга негизделип дыкаат иштелгени, "жаңычылдыгы" менен айырмаланат. Өзүнө да жагып калган экен, оппозициянын жыйындарында бир концепциясын суу кошпостон үч ирет алып чыгып тастыктап сүйлөдү. Акыркысында, байланышпаса да, Чернышевскийдин "Эмне кылуу керек?" дегенине байланыштырып сүйлөдү. Бир айтып бир койбой келет. Жадатса жадатсын, асты оппозициянын ой тутумуна бекем орноп калганы артык дегени окшобойбу.
М.Ниязовдо лидерлик касиет кажетсиз бар. Анда башкалардын пикирин жуутпаган, атүгүл жийиркенгендей болуп жогору жактан мамиле кылган адат байкалат. Айрыкча журналисттерге келгенде итатайы тутулуп кетмейи бар. Мындай "бийиктик" кажетсиз лидерлерге гана таандык касиет.