№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Ариет

Кумар - көпкөндүк же алсыз адамдын досу
Бишкекке түнү чыксаң, жаркырап күйүп, көз жоосун алган имараттардын алдында токтоп турган эң акыркы үлгүдөгү автоунаалар карабайын деген адамды да азгырып каратат. Жолдо түз бараткан адам да азгырылып киргиси келет. Мындай кумар оюндары ойнолгон жайлар жөнүндө жазууну ойлобосом керек, эгерде аябай жакшы таанышымдын арманын өз оозунан укпаганда. Анда сөз башынан болсун.

- Өзүм тандап, сүйүп-күйүп баш кошкон жарым политехникалык институттун куруучулук бөлүмүн аяктаган. Экөөбүз бир айылда чоңоюп, чогуу окуп, кол кармашып борбор шаарга да чогуу келгенбиз. Мен мугалимдикке, ал өзүнүн сүйгөн кесибинин окуусуна тапшырган. Жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктап, кол кармашып өмүр жолун бирге басалы деп баш кошкон күнү дипломдуу да болгонбуз. Экөөбүз тең каалаган жерге жумушка орношуп, эки жылдай иштеген соң, жолдошум бир күнү "Чоң фирма Москвадан жаңы долбоор ачыптыр, мени да ошол жакка чакырып жатат, барып иштеп келбейинби?" деп калды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп акыры бармай болдук. Үч жылдай Москванын чет жагында жашап-иштеп жүрдүк, ал курулушта, мен бир ресторанда официант болдум. Үч жылда Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү үч квартира, үч бөлмөлүү бир квартира сатып алдык. Жолдошумдун долбоорунун мөөнөтү бүтүп, Бишкекке кайра келдик. Турмуш өз нугунда айланып атты. Жолдошум шаардын так ортосунан чоң дүкөн сатып алды. Түркиядан италиялык үлгү менен тигилген кымбат бут кийимден баш кийимге чейин ташый баштады. Мен соода кылам, ал товар ташыйт. Аңгыча уулдуу болдук. Кубанычыбыз койнубузга батпай атын Кубаныч койдук. Мен бала менен үйдө, алысыраак таежемди ордума койдум, айлыгын алып иштеп жатты. Балам талпынып там-туң басып калды. Кудайга миң мертебе ыраазы болуп, күндө беш маал жалынганымдан жазбайм.
Эмнегедир акыркы күндөрү жолдошум жумуштан көңүлсүз келип, кээде үйгө түнөбөй калды. Эч нерсеге көңүлү жок. Башка кыз-келиндерге барып жатабы десем, андайы деле байкалбайт…
Бир күнү маанайы чөгүңкү келип эле: "Жылдыз, эки бөлмөлүү квартираны сатпасак болбойт, товарга акча керек болуп атат" деди. Соода кылып башымдан өтүп калган жаным шарт эле макул болдум. Ай өтпөй экинчисин, анан үчүнчүсүн саттык, үйгө да акча алып келгени азайды. Абдан эмгекчил, тырышчаак, тың эле болчу, абдан ишенип алгандыгымданбы, эч нерсе сурабай жүрө бергенимди кара. Түркияга каттаганды кой, күндө сатылган товардын акчасы да жок. Башынан үйбүлөлүк бюджетти жолдошум көзөмөл кылаар эле. Мен ага ишеним артып жүрсөм, бир жолу достору менен эс алып отуруп, казиного кирип калат дагы, миң долларын уттуруп жиберет. Аны кайтарып утуп алам деп күнүгө ошол жерди айланчыктап жүрүп, "уйдан жок же уй байлаган жиптен жок" калган турбайбы. Эми айла жок, бардыгын кайра башынан баштайлы деп турабыз, - деп шуу үшкүрдү.
Мына окурман, жалтыраган имараттардын ичиндеги кабарлар. Жылдыздын арманын угуп, кененирээк таанышууну көздөдүм да, борбордогу кумар оюндары ойнолгон төрт-беш жайга баш багып көрүүнү чечтим.
Эшигин ачып кирип бара жатканда эле 18-19 жаштагы жаркылдап күлгөн жакшынакай кыздар тосуп алып, учурашып, жөн-жай сураганга өтүшөт, өйдө өтүп орундукка отуруп каалагандай калчай берсең болот. Ставкасын гана коюп кой, калганы бекер, каалаган батыштын кымбат вискисин, түрдүү тамак-ашын ичип, кальян же кымбат тамекилерди заказ кылып ала берсең болот. Чогуу барган жолдошторуң сени туурап жатып, капчыгын кантип кактырганын да билбей калат.
Так ушундай окуяга дуушар болгон жаш жигиттен орто жашап калган адамдар жүздөп саналат.
Мына ушундай тагдырга туш болгон адамдар менен баарлашып, гезит бетине чыгарууну туура көрдүк.

Мурат:
- Банктан фирмага которулган акчаны алып чыгып келе жатсам, Канат деген досум жолугуп калды. Түшкү дем алуу убагы болуп калгандыктан түштөнөлү деп кафеге кирип калдык. Тамак ичип болгон соң, досум ары жактагы автоматтарга отура калып ойной баштады. Мен да кызыгып кеттимби же азгырыкпы, айтор түн ортосуна чейин арактан ичип ойной берген экенбиз, эсиме келсем, бир сумка акчамдан бир пачкасы эле калыптыр. Аягы фирмам тарады, акчадан да кол жуудук.

Талант:
- Беш балам бар, бирине да ата өңдөнүп көтөрүп көңүл бурган жокмун. Өзүм ушунчалык мересминби билбейм, аялым ыйлап-сыктап кулак-мээмди жейт, ан сайын үйдөн качам. Биринчи аялымды атам алып берген, аны карабай жүрүп кетип калган, экинчи жолу өзүм жактырып эле көп кыздардан тандап алгансыдым эле, эми аялымды, балдарымды кошуп туруп казиного алмаштырдым. Үйбүлөмдү ойлобойм, бассам-турсам казино. Карыздап акча сурап кирем, акчам түгөнсө, дос, жолдош, ини-тууган, кудаларга чейин чакырып жатып, алар да акыры келбей калды. Жумуш баштайын деп жакшы эле акча алам, кайра эле баягы башын жуткан казиного жөнөйм. Өзүм да эмне кылышты билбей калдым.

Эмир:
- Казинолор жаңы ачылып жатканда акча алмаштырчу жайда иштечүмүн. Бир күнү балдар менен кирип калып, бир сумка акчамды уттургам. Үйгө айтпай Россияга кетип жаткан жеримден эжемдер артка кайтарышкан. Андан деле жалкыбайм. Казиного кирсем, наркотик тарткан адамдай болуп эс алып калам. Элге аралашканды жактырбайм, андан көрө казиного барып, тамеки тартып, эки жакты карап отурсам, оюмдагынын баары жоголуп, эс-мас кишидей эле болуп калам.





а ­е¦Є.НҐй«