№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  С п о р т м а й д а н ы н д а

Дене тарбия, спорт тармагы реформага муктаж
Ардагерлердин алкышы
27-сентябрда дене тарбия, спорт күнү белгиленип, өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги спорт ардагерлерин, спорт коомчулугунун өкүлдөрүн Бишкектеги "Дружба" ресторанына чакырып, сый тамак берилди. Дене тарбия, спорт кызматкерлеринин күнүнө карата президенттин жардыгы менен мамлекеттик сыйлыкка арзыгандарга Александр Воинов сыйлыктарды ыйгарды.
Кыргыз спортунун башатында турган ардагерлердин кубанычы чексиз. Көзү тирүү спорт ардагерлердин түгөл чогулушу сейрек болчу. Кыргызстандын спорт тармагын көп жыл жетектеген Понамарев, Сапаралы Көппаев, Василий Баев, Эшим Кутманалиев ж.б. чечекейи чеч болуп, жаштык кезин эстеп, бир жыргап алышты. Ал түгүл айрым ардагерлерге өз чөнтөгүнөн акчалай сыйлык тартуулаган Бокс федерациясынын ардактуу президенти, спорттук демөөрчү, ардагер Райкан Алканов обон созуп ырдап да жиберди.
Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти Мурат Саралинов менен дене тарбия, спорт агенттигинин директору Александр Воинов биргелешип иштөө Бээжин олимпиадасында ийгилик жаратканын, мындан ары да "бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгарып, ынтымакта иш алып барышаарына ардагерлерди ынандырышты.

Алатоо аянтындагы салтанат
2005-жылкы март ыңкылабынан кийин Алатоо аянтындагы жазгы-күзгү митинг, акция, жүрүштөрдөн кооптонгондуктанбы, айтор спорттук жарыштар, салтанаттар Жогорку Кеңештин алдындагы эски аянтта өткөрүлүп калган.
Быйылкы дене тарбия, спорт күнүнө арналган салтанат кайрадан кенен-чонон Алатоо аянтында болуп, алгач Бээжин олимпиадасынын жеңүүчүлөрү Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баш болгон Азия, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алышкан жаш балбандарга Бишкек мэриясынын жана борбордун төрт районунун акимчиликтеринин акчалай, баалуу сыйлыктары тапшырылды.
- Бишкек шаары спорттун ордосуна айланды. Шаар мэри Нариман Түлеев да өзү күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болгондуктан, балбандарга шарт түзүп берип, колдоого алып келатат. Мындай массалык жарыштар, эстафеталар жаштардын спортко болгон кызыгуусун жаратат. Быйылкы Бээжин олимпиадасынын таасири, Кыргыз туусунун обого эки ирет көтөрүлүшү, Руслан экөөбүздүн жеңишибиз далай жаштардын көкүрөгүндө намыс отун жандырып, чоң спортто багын сынап көрүүгө дилгир кылып койду, - дейт Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиев.
Майрамдык жарыштарга шаардын төрт районунун мектеп окуучулары, кесипчилик-техникалык жана жогорку окуу жайлардын эки миңге чукул өкүлдөрү катышты.

Бишкек - спорт ордосу
Эстафеталык жарыштарда марага озуп келген жөө күлүктөргө Бишкек мэри Нариман Түлеев, спорт ардагерлери байгелерди тапшырды.
- Өлкө аймагында, айрыкча Бишкекте, спортко өзгөчө көңүл бурулууда. Бишкек денсоолук, спорттун ордосуна айланып баратат. Бээжин олимпиадасында жеңишке жеткен балбандарыбыз Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев Кыргыз спортунун, өлкөнүн кадыр-баркын көкөлөтүп койду. "Дени сак улут" деген программаны ишке ашырып, Бишкекте бардык спорт түрлөрүнө көңүл бурабыз. Массалык спорт өнүксө, мыктыларды иргеп алууга жеңил болот. Бүгүнкү майрамдык эстафета да спорттун өнүгүшүнө түрткү болот деп ишенем, - дейт шаар мэри Нариман Түлеев.

Эшим эртеңкини ойлойт
Кыргыз спортуна, айрыкча Улуттук Олимпиада комитетинин түзүлүшүнө, калыптанышына зор салым кошкон, өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эшим Кутманалиев аркы-беркини көп көрүп, тажрыйбасы мол болгондуктан, алысты ойлоп кабатыр. Чоң спортко Бишкекте гана көңүл бурулуп, алыскы Ала-Тоонун айыл-кыштактарында, райондордун борборлорунда мамиле көңүл сыртында калып, мыкты адистер, машыктыруучулар башка мамлекеттерге же башка ишке кетип калганына, таланттуу балдардын багы ачылбай, машыгууга шарт жоктугуна кейип турду.
- Совет доорунда Кыргызстанга 32 дене тарбия, спорт комплексин СССР спорт комитетинен бөлдүрүп келдим эле. Ошонун 3-4тү гана спорт комплекси катары иштеп, калганы кампа, ишкана, кинотеатр же машина оңдоочу база, базар болуп менчиктештирилип кетти. Бээжин олимпиадасынын деми менен спортту кайра көтөрүп кетүү ыңгайы келип турат. Дүйнөлүк спорт ат чабым алыс кетти. Алар кыргыздар ойгонсун деп карап, күтүп олтурбайт. Келээрки жылы Сингапурда жаштар арасында биринчи Азия оюндары өткөрүлөт. Ал эми 2010-жылы ушул эле өлкөдө дүйнөлүк жаштар Олимпиадасы алгач ирет болмокчу. Ушуга жаштарды азыртадан иргеп даярдоо зарыл. 2010-жылы Кытайдын Гуанжоу шаарында 16-Азия оюндары болсо, 2012-жылдагы Лондон олимпиадасы да алыс эмес. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн олимпиадалык ынтымагын уюштуруп, түрк элдеринин оюндарын өткөрүү менен кызматташууну кеңейтүү зарыл. Жүз жылдан бери 29 олимпиада өткөрүлгөнү менен, бир дагы мусулман мамлекетинде олимпиада оюндары боло элек. Ошондуктан келечекте Түркиянын Стамбул же Катардын Доха, же Азербайжандын Баку шаарларында олимпиада өткөрүү үчүн жалпы мусулмандар бирдиктүү аракет кылуубуз керек, - дейт күйүп-бышып.

Ала-Тоонун 7 облусунун арманы
- Өлкөнүн дене тарбия, спорт кызматкерлеринин күнү майрамдалып жатканы менен, медалдын эки бети бар дегендей, Ала-Тоонун облустарынын спорт комитеттери жоюлуп, кыскартылып, дене тарбия ишинин координацияланбай калганын кандай түшүнсө болот? Спортко көңүл бурабыз, өнүктүрөбүз дегени кандай? 32 жыл Талас облустук спорт комитетин башкарып, Азия, дүйнө чемпиондорун айыл жергесинен таап, чоң спортко эшик ачтык эле. Бээжинде күмүш медаль уткан Канатбек Бегалиев да күрөштү Таластан баштаган. Дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев, Азия чемпиондору Митал Шарипов баштаган ондогон, жүздөгөн чемпиондордун башаты - айылдан, райондордон башталган. Ар бир айылда спорт инструкторлору, машыктыруучулары бар эле. Азыр анын бири жок. Спорт, дене тарбия тармагы реформага муктаж. Массалык спорт, дене тарбия өнүксө гана мыктыларды тандап алууга болот, - дейт Таластагы "Денсоолук" борборунун жетекчиси Шаршенбек Конгантиев.
- Өлкөнүн билим, илим министрлиги дене тарбия, спорт тармагына анча көңүл бурбай жатат. Алардын жүздөн ашуун спорт мектебинен он чактысы гана калды. Түштүк аймагы үчүн Ош шаарына олимпиадалык резерв окуу жайын, мектебин ачуу - учур талабы, - дейт өлкөнүн дене тарбиясына эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркулов.




Б о м ж
Качкыналы Сыдыгалиев
(Башы өткөн сандарда)
"Балыкчыны балыкчы алыстан тааныйт" деп ага көзү түшкөн эркекти көргөндө жагынууга аракет кылып кылыктанып, көзү ботонун көзүндөй жайнап, улам-улам аны жалжал тиктеп, күлкүсү бетинен түшпөй калчу. Кыскасы, "сен үчүн жаным садага, төшөгүм даяр" деген сезимди билгизчү. Бир күнү "үч күнгө командировкага кеттим" деп коюп, кечинде акырын келип сырттан тыңшасам, экөө керебетте кыңшылашып ойноп жатышыптыр. Эшикти ачкычым менен ачып кирип, аялымдын ойношуна бир тийдим. Ачуум менен өлтүрүп коёт белем, ким билсин, жылаңач качып кутулду. Аялымды өлөөрчө тепкилеп таштадым. Ал эртеси ооруканага жатып, судмедэксперттен справка алып беш жылга түрмөгө кестирип жиберди. Көрсө, аялымдын ойношу милицияда иштеген акмак экен. Мен беш жыл олтуруп чыксам, аялым үйдү сатып, башка жакка кетип калыптыр. Кайда кеткени белгисиз. Мен үйсүз, ишсиз калдым. Көчөдө иш издегендер менен чогуу иштеп акча табам. Көпчүлүгү эптеп үй-бүлөсүн бакса, мага окшогондор кечинде чогулуп ичкилик ичебиз. Эртең менен "пахмел" жасайбыз. Көпчүлүк учурда пахмел эмес, бир үзүм нан да табылбай калат. Мурун тааныгандар карыз акча берчү, кийин карыз да жок, иш да болбой калды. Ачкадан өлүп баратканда айласыздан кудайы сурап, таштанды салган кантейнерди тинтип кирдим. Мына менин таржымалым, хозяйка. Кыска да, кызыктуу да …
Мен Айтбайдын сөзүн демим тартпай угуп отуруп, "Эркекти эр кылган да, көр кылган да аял" деген накыл сөз оюма кылт дей түштү. Менин ыраматылык эрим инженер-механизатор болуп иштечү. Эрки күчтүү, айтканынан кайтпаган, оозунан чыкканын так аткарган көк жал эле. Талабы катуу болгону менен, ак көңүл, боорукер адам болчу. Ичкиликти ичем десе, ичип, ичпейм десе, оозуна алчу эмес.
- "Эшегине жараша тушагы" деген макалдын калети жок экен, - деп сөзүн улады Айтбай, - ошол көчөдө турган таштанды кантейнердин өкмөттөн башка да ээси болот экен. Эки-үчөө биригип ээлеп алышат экен. Мага окшогон жалгыз БОМЖдарды жолотпой кууп чыгат экен. Ошентип мен эч жерге батпай, чоочун кантейнерге жолой албай жүрүп силердин кантейнериңерди таап алдым. Сизди бир жолу таштанды таштаганда көргөм.
Мен заманга, капитализм дооруна, кайрымы жок адамдарга капа болуп үн катпай отурдум. Айтбай менин кабак-кашыма карап коюп, кайгылуу турмушун сүйлөп жатты. Ал БОМЖ жөнүндө айтса-айтпаса да, эл аларды күндө көрүп көнүмүш болуп, кайдыгерликке айланып калганы жүрөктү сыздатат.
- Эми эмне кылайын дейсиң? Кыш да кирип келатат…
- Билбейм. Бирөөгө жалданып иштейм да...
- Сен макул болсоң, үй оокатка каралашып, киребериштеги "временкада" жаша. Мен киймиңди, тамагыңды берем. Ичпейсиң. Ичип мас болгон күнү кубалап чыгам. Менин шартым ушундай. Мында жашаган соң документиңди мага бересиң. Мен катып коём.










??.??