№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Коңгуроо

Элдин үнү - SMS
"Ааламдын" кадырман окурманы, ушул саныбыздан баштап сиз үчүн "Бактылуу СМС" бурчун ачтык. Бул бурчта сиз биз менен бардык оюңузду бөлүшсөңүз болот. Ар бир сан сайын эң кызыктуу СМСтин ээсине редакциядан сонун белегибиз бар. Дал ошол билдирүүнүн ээси сиз болуңуз.
Шарты жөпжөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна, "AALAM" деген сөздөн кийин аралык калтырып, СМС- билдирүү жөнөтүңүз. СМС-билдирүүнүн акысы кошумча нарк салыгы менен - 0,50$.
0555 91 85 07 номерине да билдирүү жиберсеңиз болот.

Назик : - Марат, сен азыркы замандын чыныгы азаматысың, ак жолуң ачылсын! Биз сен үчүн добуш беребиз!

Курманбек : - Самат, Элиза! Бешик бооңор бек болсун! Наристеңердин атына заты жарашкан, дени сак, ыймандуу, ата-энесин сүйүнткөн бактылуу кыздардан болушуна тилектешпиз!

Азамат : - Ой, оппозициячылар! Силер уйку дарысын ичип алган жок белеңер, эмне эле момурап калдыңар? Депутат болбой калдык деп эле духуңар түшүп калдыбы? Силер болгондо да "Легендарлуу парламенттин" депутаты болгонсуңар да! Эл күтүп атат…

Шакен : - Мен жаңы конуштардын биринде жашайм, көчөбүздүн аты Кара-Коо, жолго асфальт түшө элек, үйдүн номери жок, телефон жете элек… Биз жакка цивилизация качан келет? Туугандарга Бишкекте турам деп айткандан уяласың…

Мелис : - Биздин саясатчылар бир нерсенин үстүнөн чыкмай болуп калды окшойт, жүрөгүм сезип атат. Эмнеси болсо да, элге кесепети тийбесе экен. Акыркы күндөрү Кыргызстандагы абал жүрөгүмдү оорутчу болду, деги биздин чоңдордун жүрөгү ташпы же музбу дейм, кантип тынч уктап жүрүшөт?

Гүлзат : - Нурлан саат 8ге жолугушууга чакырып коюп, кайра айнып калып атпайбы! Ой ушундай жиним келди, артыман чуркап жүргөн бир балага чалдым да, "Чуркаган албайт, буйруган алат" болуп, экөөбүз жолугушуп, кечти абдан көңүлдүү өткөрдүк! Көрсө, абдан кичипейил, шайыр жигит экен! Нурлан, келбей калганыңа ырахмат гана айтам.

Сайракан : - Бизге баары бүтүп, ушул светтин өчкөнү жетпей атты эле. Свет өчкөн сайын кимди тилдеп атканымды билбейм, "карайлап кал, ачка кал, тоңуп кал" деп эле сүйлөнө берчү болдум.

Ади : - Орто мектепти аяктап, эл катары окууга тапшырып, окуп жүрөм. Туулган жердин, ата-эненин, бир туугандардын баркын эми түшүнүп атам. Ачка, ток болуп дегендей… Жадагалса, айылдагы иттердин үргөнүн, уйлардын мөөрөгөнүн сагындым…

Мелис : - Ушул шайлоого аттанган балдардын дээрлик көпчүлүгү жаштар экен. Кыргыз элинин тагдырына чындап күйгөн, ичип-жегенди идеал тутпаган, патриот жаштар чыкса экен деген үмүт зор. Ушунча жаштардын арасында көртирликтен өйдө турган адамдар бар чыгар.

Насыйкат : - Оо, эл-журт, көмүр алдыңарбы? Мен ала элекмин, талонду ким берет? Же болбосо ким сатат? Сатсаңар, мага саткыла, оптом алам. Оптом болгондон кийин арзаныраак алам, соодагер болуп жүрүп ушинтип сүйлөп калат экенсиң, аны айып этпегиле. Эмне сатсаңар дагы, мага айткыла, арзан болсо эле ала берем.

Мээрим : - Урматтуу мусулман кыргыз калкым! Айт майрамыңыздар менен! Орозоңуздар кабыл болсун! Кудай таала жалпы Кыргызстанга тынчтык, ыйман, өсүп-өнүгүү ыроолосун!

Алик : - Урмат байке, жашаган квартирамдын эшиги сынык экен, келип оңдоп бериңизчи, тиги кожойкебиз урушуп атат, мен сындырып койгонсуп. Акысына машинаңызды жууп берем.

Нурила : - Урматтуу Турганбай жана Елена Прекрасная! Туулган күнүңүздөр менен! Сиздерге бекем денсоолук, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгилик каалайм! Бар болуңуздар жана бай болуңуздар!

Мейизкан : - Мен варенье, салат дегенди кенен даядадым. Саясаттын, шайлоонун мага эмне кереги бар дейм да. Өзүмдүн кичинекей мамлекетимди жакшы багып, кыштан аман-эсен чыксак, ошого шүгүр.

Райкүл : - Таластагы кайындарымды, Ысыккөлдөгү төркүндөрүмдү Орозо айы жана айт майрамдары менен куттуктайм! Баарыңарга чың денсоолук, жерге-жээгиңер менен аман-эсен болушуңарды тилейм!

Назгүл : - Азат! Эмне чалбай калдың? Ишенсең, сени ойлой берип анча-мынча арыктап да кеттим окшойт. "Быйыл турмушка чыкпайм" деген сөзгө таарынып калдыңбы? Мен сени аяп атам, окуумдун контрагын төлөй аласыңбы?

Марат : - Мен быйыл аял алайын дедим эле. Свет өчө баштагандан бери жалгыз жашагандан коркуп, жалгыз жаткандан үшүп атам. Бирок сүйлөшкөн кызым жок. Үшүп аткан кыздар болсо, кабарлашып көргүлө, бири-бирибизди байкап көрөлү…

Бактыгүл : - КТРге Мелис Эшимканов келгенден бери ойлоп аттым эле - эми жок дегенде башкаларды туурабай калышат го деп. Болбой эле "Баракелде", "Издейм сени" программаларын орустарды туурап чыгара салышты. Булар негизинен жакшы программа, бирок бирөөлөрдү туурабай, башкача жол менен чыкса болбойт беле? Өз алдынчалык болуш керек да!

Зейне : - Мен ушул күндөрү шаар ичиндеги автоунаалардан тажадым. Жумушка барып-келгенче ар ким менен кучакташып, бирөөнүн төшүн жыттап, бирөөнүн "артын" жыттап отуруп, жетчү жериңе араң жетесиң. Жолдогу тыгылыштар, элдин, машиненин көптүгүчү. Атаңкөрү, илгерки троллейбус менен автобустар түшкө кирмей болду го, кенен жүрөөр күн келээр бекен?!

Салтанат : - Мен америкалык ырчы Энрико Иглесиасты аябай сүйүп калдым. Сүрөтүн тиктеп, ырларын угуп эле отурам. Досторум тамашалап шылдың кылышса, ыйлагым келет. Ылайым мендей болуп кол жетпеген, ой жетпеген бирөөнү сүйүп калгыла дейм ичимден…

Шайлообек : - Мирлан! Жаштыгыңа карабай үй салганга бел байлап, ниет кылып орозо кармадың. Кудай ишиңди колдоп, баштаган ишиңдин ийгиликтүү өтөөсүнө чык. "Эр жигит бирде жөө жүрөт, бирде төө минет" дейт, азыр кыйналсаң, кийин үзүрүн көрөсүң.




  Бал төлгө

(6-12-октябрь)
Кой
Бул жумада энергияңызды керектүү нукка бурууга аракет кылыңыз. Болбосо, убактыңыз текке кетип, эч бир жыйынтык болбойт. Бейшембиде кечеге чакыруу кагазын алышыңыз мүмкүн. Кече сиз үчүн эсте калаарлык болот. Жуманын аягы жолугушуу менен бүтөт.

Букачар
Бул жумада ишкердүүлүккө тиешелүү маселелер оңой чечилет. Көбүрөөк эс алууга аракеттениңиз. Жума күнү эс алуу ойдогудай өтөт. Жуманын ортосунда соода-сатык кылуу ийгиликтүү болот. Дем алыш күндөрү көптөн бери күткөн киреше табылат.

Эгиздер
Бул жумада материалдык жактан камсыз болуу көп күчтү талап кылат. Айрым чатак маселелер алдыга жылууга тоскоол болот. Ким дос, ким керексиз тааныш экенин ылгоого көнүңүз. Бейшембиде үйүңүзгө конок айттырбай келет. Дем алыш күндөрүн досторуңуз менен өткөрөсүз.

Бөйөн
Бул жумада кызматтагылар көп ишти аркалап, активдүү адамга айланышат. Бул аларга карата элдин суктануусун жаратат. Жакшы киреше киргени менен, чыгымыңыз да өсөт. Жуманын аягында жакындарыңыздын камкордугу жандүйнөңүздү кубантат.

Арстан
Бул жумада табышмактуу сырлар сизди өзүнө тартат. Жуманын ортосунда тажатма иштер убактыңызды алат. Жуманын аягында туугандарыңыздын тоюна катышасыз.
Дем алыш күндөрү көптөн бери пландаштырып жүргөн иштериңиз ишке ашат.

Бийкеч
Бул жумада жашоого абдан нааразы болосуз, бирок эч нерсени өзгөртө албастыгыңызды унутпаңыз. Жуманын ортосунда санааңызды санга бөлгөн адамыңыз келип, иш жагдайын түшүндүрөт. Жуманын аягын жеке пландарыңызды ишке ашырууга арнап, мүмкүнчүлүктү колдонуп калыңыз.

Тараза
Бул жумада алдыга умтулуп, ишиңизде аракет жасаңыз. Шаршембиден тартып чыгармачылык менен ойлоп табуучулук өсөт. Жуманын аягында конокко барышыңыз мүмкүн. Жуманын ортосунда күтүлбөгөн кырдаал пайда болот. Дем алыш күндөрүн үйбүлөңүз менен өткөрөсүз.

Чаян
Бул жума илимге, окууга ыңгайлуу. Өнөкөт ооруларыңыз козголушу мүмкүн. Денсоолукка көбүрөөк көңүл буруңуз. Жуманын ортосунда сапарга чыгышыңыз мүмкүн. Жуманын аягында көндүм жашооңузда өзгөрүү болуп, жаңы нерселерди үйрөнүүгө киришесиз.


Жаачы
Бул жуманын башында чечкиндүүлүктү көрсөтөсүз. Бирок кылдат мамилесиз эч бир иштен жакшы натыйжа чыкпастыгын эске тутуңуз. Жеке жашооңузда майда кубанычтарга бөлөнөсүз. Жуманын аягында үй-жайды ирээтке келтирүү иштери күтөт.

Текечер

Бул жумада жакын адамдарыңызга кысым көрсөтпөңүз, болбосо, аны катуу таарынтып аласыз. Жакшы-жаман да жаңылыктарды угууга даяр болуңуз. Жуманын аягында кайсы бир маселе боюнча юридикалык кеңеш алууга туура келет. Дем алыш күндөрүн спортко арнаңыз.

Суу пери

Бул жумада канчалык көп иш чыкса да, аларды алып кетүүгө энергияңыз жетет. Бирок, жетекчилик менен иш алып барууда көз карандысыз позицияда болгон туура эмес. Жуманын ортосунда акчага байланыштуу маселелер натыйжалуу чечилет. Жуманын аягында жагымдуу адамдар менен таанышуу күтүлөт.

Балык
Бул жумада спортто, чыгармачылыкта алгылыктуу жыйынтыкка жетишесиз. Материалдык абалыңыз жакшырат. Күтүлбөгөн жерден белек алышыңыз мүмкүн. Жуманын аягында сүйүүгө кабыласыз. Дем алыш күндөрү сизди жактырган адамдар эс алууга чакырат.










??.??