№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ойсыбызгы

Бексултан ЖАКИЕВ, драматург:
"Оозума качан шайтан түкүрөт деп күтчүмүн"
Бексултан Жакиев менен маектешүүгө шашып жөнөп диктофонумду унутуп барыптырмын. "Болоор иш болду, эми колго жазып келем го, бирок белгилүү драматургдун сөздөрүн колго жазып жетишемби?" деген ойго батып турдум. Бексултан агай гезитке интервью береби же радиогобу, бардык сүйлөгөн сөзүн өз диктофонуна жаздырып жүрөт экен. Диктофонун үстөлдүн үстүнө койгондо кубанып кетип, тартынбастан"Эми кассетаңызды мага берип турасыз, мен көчүрүп алып кайра берем" десем, "Журналисттер ушундайсыңар, бириң сүрөт алып кетип бербейсиң, бириңер минтип кассета сурайсыңар" деп күлдү.

- Бексултан агай, эмне иш кылып атасыз?
- Чыгармачыл адам жөн отура албайт. Ал окуйт, жазат дегендей. Жаңы нерсе жаратат, эски чыгармаларына кайрылышы мүмкүн. Мен кийинки 6-7 жыл бою бардыгын жыйыштырып коюп, "Манас" эпосу менен иштедим. "Манас" - биздин сыймыгыбыз. Бирок кыргыз элинин көпчүлүгү "Манас" эпосунун окуясын билбей эле сыймыктанып жүрөт. Жүз миң кыргыздан "Манастын" окуясын билген 2-3ү эле бар. Себеби, "Манас" эпосунун көлөмү абдан чоң. Аны окууга азыр эч кимдин чамасы жетпейт. Академиялык басылыштарында көлөмүнүн чоңунан тышкары - чачкын, кайталанма саптар көп. Ушундай жагдайлардан улам элибиз "Манасты" окугусу келбейт. Анын окуясын кыскартпай туруп, кысып бериш керек эле. Элге кызыктуу болгудай, жанагыдай кемчиликтерден арылган вариантын түзүш керек болду. Бул сунушту "Манас" эпосунун миң жылдыгына даярдык көрүп атканда айтсам, акча жок деп коюшкан. 2000-жылы өзүм колго алып, окуясы, композициясы, драматургиясы кыскарбаган, бирок кысылган вариантын түздүм. ЮНЕСКОнун атайын программасы жана финансылык колдоосу менен китеп болуп чыкты. ЮНЕСКО шедевр чыгармалар боюнча программа сунуштаган. Мен ага "Кыргыздын манасчылык, дастанчылык, төкмө акындык өнөр дүйнөлүк оозеки мурастын бир бөлүгү" деп тема койгом. Анан Парижден минтип санап отурбай эле, "Искусство акынов- сказителей кыргызких эпосов как составная часть устного наследия человечества" деп сунушташты. Дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн долбоорлор түшкөн экен. Токиодо 2002-жылы март айында долбоорду жактадык. Далай сыноолордон өтүп, 2004-жылы 11-июнда филармонияда ЮНЕСКОнун башкы директору биздин ишке "шедевр" деген документти тапшырды. Концерт койгонбуз. Биздин ырчы-манасчыларыбыз башкы директорго аябай жакты. "Биз ушуларга туура эле "шедевр" деген наам бериптирбиз" деп, көпкө сахнадан кеткен жок, Анан 150 миң доллар акча берет экен. Өздөрү аркы-беркисине кармагандан кийин 110 миң долларын бөлүп-бөлүп беришти. Биз ал акча менен Кыргызстандын ар кайсы жерине сегиз мектеп студиясын ачтык.
- Азыр театр, адабиятка тартылуу жаштардын арасында жоголуп кетти. Көбүнчө жаштар маалыматты интернеттен гана алууда. Мунун кемчиликтери барбы?
- Абадан кийин эле китеп адамга укмуш таасирдүү болот. Интернеттин жаман жагы - атактуу чыгармаларды кон-спект сыяктуу кылып эле берет. Аны маалымат алуу иретинде гана колдонсо болот, бирок ал сезимди ойгото албайт. Баланы кичине кезинде эле китеп окууга үйрөтүш керек экен. Менин неберем быйыл 1-курста окуйт. Интернет менен деле иштейт, бирок кичинесинен китеп окуп көнгөн, азыр деле көп окуйт.
- Өзүңүздү кандай атамын деп эсептейсиз?
- Эл сыяктуу эле. Атанын өз милдети бар. Ал - баланын өсүшүнө кам көрүү. Бирок ар бир кишинин өзгөчөлүгү бар. Кээ бирлер баласын "жакшы бол, ары баспа, бери баспа" дей берет. Бизде ата-бабабыздан бери тыюу, кагып-силкүү деген жок. Колдон келишинче эркин коюп, бирок ошол эле учурда эмгекке үйрөтүш керек. Эркелете берсең, эси жок болуп калат. А эркиндик бербей эле жемелей берсең, чүнчүп кетет. Бала эркин жана эмгек кылып үйрөнүшү керек.
- Өз колуңуз менен үй курдуңуз беле?
- Беш-Күңгөйдөгү дачамды кургам. Өзүм чийгем, бирок кирпич кынаганды билбейм. Инилерим, туугандарым, бажаларым мени үй кура баштады дегенди укканда келип жардам беришкен. Адегенде эки кабат болчу, биринчи кабаты болбойт, анткени суунун жээги, сыз өтөт, экинчи кабатка эле жашайбыз деп ойлогом. Бүтүп, төбөсүн жабаарда ойлосом, бооз бакадай болуп калат экен. Үйдүн жанындагы төшкө чыгып алып, бөйрөктү таянып ойлонуп туруп, биринчи кабаттагыдай аркаларды үчүнчүгө да коюуну чечтим.Ошентип 3-кабатты өзүмө кабинет кылып алдым.
- Бала кезде кандай тилектер бар эле?
- Жылкычы болгум келчү. Азоолордун баарын мен үйрөтчүмүн. Тай үйрөтөм деп, жайды эле күтүп отурчумун. Бир убакта хирург болгум келди. Анткени, бир иним 1-классында ичим деп какшап атып эле 2-3 күндүн ичинде өлүп калды. Анда хирург деген жок, азыр сокур ичеги болдубу деп ойлойм. Кийин акын болгум келди. Бирок менин колумдан келбейт деп ойлочумун. Осмонкул, Алымкулдар айылга барып калчу, карыялар "Атаңгөрү, оозуна шайтан түкүрүп кеткен го" деп айтып калышчу. Оозуна шайтан түкүрсө акын болот имиш. Анан мен күтөм, менин оозума качан шайтан түкүрөт деп. Түкүрбөгөндөн кийин ойлойсуң да менин колумдан келбейт деп. Кийин өзүнөн-өзү эле бир нерсе жазгым келип туруп алды.
Бала кезде жазуучулардын чыгармаларын окусаң, сөзсүз күйөөсү согуштан каза болгон келин бузулган болуп чыгат. Эмнеге андай экенин билбейм. Жакшы жүргөндөрү деле болгон да. Менин мугалим жеңем бар эле. Байкем согуштан кайтыш болгондон кийин деле 5-6 жыл күттү. Өзү бойлуу, чырайлуу келин болчу. Биз аны эже деп койчубуз. Ошонун бир да кылтың-мылтыңын байкаган жокпуз. Азыр деле бар ал киши, кийин турмушка чыккан, күйөөсүн жезде дейбиз. Ошол жеңем жөнүндө бир нерсе жазгым келди. Мен анда 3-курста окуйм, үйлөнүп алгам, квартирада турабыз. Бир күнү баары жаткандан кийин жеңем жөнүндө жазып баштадым. Окуясы белгилүү, бирок жазсам эле сүйлөм окшобойт. Ошентип отурсам, заматта келин жөнүндө эмес, карыя жөнүндө пьесага айланып кетти. Мен чоң атамдын колунда өскөм. Ошол кишинин сөзү угулуп эле, көшөгө-көшөгө пьеса даяр болуп калды. Бирок, аны пьесага ыраа көрбөй жатып алдым. Уктай албай жатып, бир мугалимдин "Ленин уктай албаса, 100гө чейин саначу экен" дегенин эстедим. Мен жүзгө чейин турсун, тетири санасам да болбоду. Уктай албай айлам кетти. Жанагы пьеса көзүмө дапдаана көрүнүп туруп алды. Туруп жаздым, ошентип "Атанын тагдыры" пайда болгон…
- Мурда "Атанын тагдыры" коюлуп атканда далайлар ыйлачу эле... Азырчы?
- Өткөндө Улуттук университет мага "Ардактуу профессор" деген наам ыйгарыптыр. Аны Кыргыздрамтеатрда ушул "Атанын тагдыры" коюлуп атканда тапшыралы деп чакырып калышты. Кирсем, студенттер көп экен. Мен "бул балдарды университеттин жетекчилиги кууп келди го. Согушту көрбөгөн азыркы жаштар анча деле маани бербесе керек" деп ойлогом. Бирок карасам, "Атанын тагдыры" коюлуп атканда көбү ыйлап отурушту. Кайсы доор болбосун, адамдын аянычтуу тагдыры аларды кайдыгер калтырбайт экен. Бүткөндөн кийин бир бала келип, "Агай, мен мурда театрга баргым келчү эмес, мындан кийин дайыма келип турам" деп кетти.










??.??