№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Туштарап

К е р е г е
- "Чоң үйдөгүлөр күлсө, кичи үйдөгүлөр жылмаят" дегендин мааниси кандай?
Жаркынбек КАСЫМБЕКОВ, "Элиме" КБнын төрагасы:
"Бул - кошоматчылык"
- Бул макалдын түз мааниси - кошоматчылык. Өйдө жакты карап баскан-турганын түздөгөндөргө, дайыма көрсөтмө менен жашагандарга тиешелүү. Мамлекеттик деңгээлде караганда, алсыз мамлекеттердин чоң державалардын көзүн карап жашагандыгы. Бул макалдын мааниси, менимче, ушундай.




- "Мейли, мейли деп жүрүп, мейли жетет түбүңө" деген эмнеси?
Келдибек НИЯЗОВ, куудул:
"Мейли-мейли" дегендер башы менен жооп берет"
- Бул макал өз башыбыздан өтүп атпайбы. Мисалы, мейли деп атып, канчалаган байлыгыбызды, жерлерибизди, сууларды чет өлкөлүктөргө алдырып ийдик. Бүгүн минтип бир күн кечке светти жок отурабыз. Экинчиден, мейлинин түбү 65 адамдын жанын алып кетти. Жаңы эле Москва-Бишкек рейсинен конгон учакты "мейли, билеттери сатылып кетти, учуп барып келээр" деп кол шилтеп коюшуп, канча адамдын убалына калышты?! Эми ал адамдардын каны кое бербейт. "Мейли" дей бербей, бир нерсеге жоопкерчилик деген ар бир адамда болушу керек.


- "Бош отурганча, айранга нан туурап ичкен жакшыбы"?
Абдылда БЕЛЕКОВ, акын:
"Жакшы да"
Бош отурган дегенге мен кошулбайм. Кийин "акылдуулар" чыгарган сөз болсо керек. "Ачка" деген сөздү маданиятташтырып ийишкен окшойт. Негизи бул макалда "бош" дегендин ордунда "ачка" деген сөз болсо керек эле. А негизи айранга нан туурап ичкен, албетте, сонун.

- "Акылы жокту алып урам, көөдөнү жокту көтөрүп урам" деген макалды кандай түшүнөсүз?
Султан РАЕВ, КР маданият министри:
"Аракечтик - адамзаттын трагедиясы"
- Менин оюмча, бул макал ичкиликке тиешелүү болушу керек. Алкоголизм - бул адамды деградация кыла турган көрүнүш. Бизде суверендүүлүктү алган жылдары арак ичүү модага айланган. Европа, Америкада деле бир убакта көптөгөн адамдар ичкиликке берилип кеткен. Ошол убакта орус жазуучусу Астафьевдин "орустун трагедиясы бул алкоголизм" деп айтканы бар. Кудайга шүгүр, азыр ал заман өтүп кетти. Акылын жоготкуча арак ичүү деген ал убакка салыштырмалуу жокко эсе. Адамдар азыр ал маселеге башкача карап калышты. Арактан пайда жок экендигине акылы жетип, алкологолсуз жашоону өздөрү тандап атышат. Бул, албетте, кубантат.

- Ал эми сиз "Мейли, мейли деп жүрүп, мейли жетет түбүңө" деген макалдын маанисин кандай түшүнөсүз?
Динара ЭСЕНГУЛОВА, продюсер:
"Мен эми антпей калдым"
- Мен деле мурда мейли дей берчүмүн. Бирок анын аркасы келип өз башыма тиет. Жаш болобу, улуу болобу, эчкимге эрегишпей, кек сактачу эмесмин. Бирок акыры келип башыңа түкүрүп кетет экен. Эми гана ошону түшүнгөндөн кийин, мен дагы, мага ким кандай мамиле кылса, ошондой жооп берип жашаш керек экендигин билип калдым. Антпесе "мейли" менин түбүмө көп эле жетти.

- "Уугум сага айтам, уулум, сен ук, керегем сага айтам, келиним, сен ук" дегенди кандай түшүнсө болот?
Жамин АКИМАЛИЕВ, академик:
"Мен чиновниктердин деле бетине айтам"
- Бул бирөөгө көңүлүн оорутуп албайын деген максат менен сылык түрдө кайрылуу. Бирок мен бул методду колдонбойм. Менин принцибим болгонун болгондой бетке айтуу. Чиновниги болобу, чоңу болобу, баарынын эле бетине айтам. Мага да ошондой мамиле кылууну талап кылам. Бир нерсени тээ алыстан баштап айткандар менен мамиле түзгүм келбейт. Мен, тескерисинче, "Бетке айткан сөздүн заары жок" деген принцип менен жашайм.


- Жазма акын төкмө акынды сындай алабы?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны:
"Кеп сында эмес"
- Негизи бул суроонун тегерегинде кеңири сүйлөшүш керек. Эгер кыскача айта турган болсок, ар бир киши өз пикирин айта алат. Бирок кеп сында эмес. Жазма акындардын поэтикалык жактан кудурети күчтүүрөөк. Жазма акын төкмө акынга караганда поэзиянын маани-маңызын, аркы-беркисин тереңирээк билет. Бирок ал экөөнүн эки башка ролу бар. Төкмө акындардан, илгерки Жеңижок, Токтогулдун укмуштуу саптары бар эле, азыркылар кээде эптеп бир нерсени согуп коюшат.

Бегимай БАКАШЕВА






а ­е¦Є.НҐй«