№65, 02.10.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Эсен болуп, эстей жүр

Абдылдажан Акматалиев:
"Өзүмдү бактылуумун деп эсептейм.
Чыңгыз агай менен 28 жыл ага-инидей бирге жүрдүм"
Чыңгыз Айтматовдун арабыздан кеткенинен 100 күн өткөндө Айтматов иликтөөчү, филология илимдеринин доктору Абдылдажан Акматалиев менен маек курдук.

"Мен жолуккан сайын Чыңгыз агайымды сүрөткө тартып, маек кура бере турган мүмкүнчүлүгүм болду, бирок мен ошол максатта гана жолугууну күтүп жүргөндөй болбой, ыйбаа кылдым".

"Чыңгыз агай менен менин мамилем ак, таза болду. Мен агайдан байлык да, бийлик да сурабадым. Күнбү-түнбү, алыспы-жакынбы, биз телефон аркылуу да кабар алышып турчубуз".

Айтматовсуз өткөн 100 күн
- Абдылдажан агай, Айтматовсуз күндөр кандай өтүп жатат?
- Илимдер Академиясында эскерүү кечесин өткөрдүк. Окурмандар "Адабият жана искусство", "Литература и искусство" журналдарынын №1-3 атайын сандарына күбө болду. Айтматовдун чыгармачылыгына алгач Луи Арагон, Мухтар Ауэзов сыяктуу дүйнөлүк көркөм сөз ээлеринин канчалык баа бергенинен баарыбыздын эле кабарыбыз бар, бирок азыр аларды дагы бир көз жүгүртүп көрөлү дегендер эч жерден таба алышпайт. Ал булактарды архивден алып басып чыгардык. СССР убагынан мезгилден берки ар кайсы элдердин өкүлдөрүнүн макалаларынын топтомун жарыяладык. Айтматовдун жаш кезинен баштап акыркы күндөрүнө чейинки 150дөн ашык сүрөттөрүн түшүрдүк.
"Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп" аттуу китепти жарыкка чыгардык. Ал Чыңгыз агайдын "Ысык-Көлдү сагынуу" деп аталган ыры менен ачылды.
- Чыңгыз Айтматов ыр да жазчу турбайбы...
- Поэтикалык саптар Айтматовдун ар бир чыгармасында- "Фудзиямадагы кадыр түн", "Ак кеме", "Кылым карытар бир күндө"... кездешкенине баарыбыз күбөбүз. Фольклордук материалдарды арбын колдонгон дейбиз, мен алардын түп нускаларын карасам, алсак, "Чыңгызхандын ак булутундагы" Чыңгызхандын ырын тарыхый булактардан алганы менен, аны чыгармачылык менен иштеп чыгып, өзүнүкү менен да байыткан экен. Пушкин, Твардовский, Расул Гамзатов, Кайсын Кулиев, Давид Кугультинов, Токтогул, Жеңижок, Сүйүнбай Эралиев, Насирдин Байтемиров, Сооронбай Жусуев...тууралуу жазгандары бар.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган мурдагы ыр жыйнактарын дагы толуктап чыгардык. Чыгармалары да акындардыкына жакын. Акындар да Айтматовдун чыгармаларынан лирикалуулукту, назиктикти, музыкалуулукту таба алышат. Бекеринен Айтматовдун чыгармалары прозадагы поэзия деп аталбаса керек.
100 күндүккө чейин, жайкысын эс албай, белди бекем бууп иштедик. Айрым адамдар "Айтматов тууралуу китеп чыгаруу жеңил, анын атын укканда эле жолдун баары кенен ачылат" деп ойлошот окшойт. Таптакыр андай эместигине тээ илгери эле күбө болгом. "Сен эмне Айтматовду культ кыласың" дегендер болсо, азыр деле кайдыгерлер толтура. Каражатты, спонсорлорду өзүбүз чуркап жүрүп чогултабыз. Кыргыздын көп эле намыстуу жигиттери бар, бирок алардын бири да "ишиңер кандай болуп жатат, кай жагынан жардам керек" деп бирооз сурап да коюшпады. Азербайжандык Нусрет Мамедов, тажикстандык Равшан Сабиров аттуу жигиттер каражат жагынан жардамдашты. Ушул маектен пайдаланып, сиздердин гезит аркылуу аларга ыраазычылыгымды билдире кетейин. "Бийиктик" басмасы, "Руханият" ассоциациясы Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугун чыгарууга көмөктөштү. Буюрса октябрь айынын ортосунда ал китеп колго тийип калат.
- Өзүңүз да чыгарма жазгандырсыз...
- Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата "Чыңгыз Айтматов" аттуу китепти жарыкка чыгардым. "Вселенная. Человек и Жаабарс" деген китебим, Түркиядан "Чагылган үндүү манасчы" аттуу эмгегим жарык көрдү. "Айтматов бар аалам толук көрүнчү" деген поэманы Түркиянын Элазык деген шаарынан жаздым. Бир кезде Чыңгыз агай менен ошол шаарга барганым эсиме келди. Быйыл болсо ал шаарга жалгыз бардым...
- Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузуу жагы кандай болуп жатканынан кабарыңыз бардыр...
- Эстелик тургузуу да оңой иш эмес, ага конкурс жарыяланышы керек. Менимче, ал эстелик Фирдоуси, Ахмед Яссави, Навои, Низами, Насими сыяктуу чыгыш залкарларынын эстелик-комплекси сыяктуу өзгөчө жай болушу керектир. Түркиянын Элазык шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парк бар, ал жерге жакында эстелик ачылды.
- Бакыт Карагулов Чыңгыз Айтматов менен коштошуу тууралуу лентаны тартып бүткөндө аягына таң каларлык элес түшүп калды, балким ал улуу жазуучунун элесиби деп айтты го. Айтматов түшүңүзгө кирип, аян берген учуру болдубу?
- Чыңгыз агай кайтыш болгонго чейинки күндөрүндө да, андан кийин да түшүмө кирип турду.
Өзүмдү, албетте, бактылуумун деп эсептейм, себеби улуу жазуучубуз менен дээрлик 28 жыл бою ата-баладай, таза мамиледе болуп жүрдүм.

Айтматов тууралуу этюддар
- Сизди Айтматовдун артынан калбай жүрүп, таанышкан дешет...
- Айтматовдун алыстан мага арнаган каттары сакталуу турат. Кыргызстандан кимге ошондой каттарды жазган экен? 1992-жылы Люксембургдан келген мындай катын мисал келтире кетейин: "...Болуп өткөн жыйындын кабарын гезиттерден алдым, эң сонун иш болуптур. Рахмат өзүңө. Бул иштин дагы бир касиети - мен четте жүргөн кезимде, эл-журттун арасында жоктугумду билдирбей, улам аракет көрүп, эскертип жатасың. Албетте, мунун мааниси канчалык экенин өзүң түшүнөсүң. Өмүрдүн, жашоонун кызыкчылыгы - тажрыйба арттырыш, прогресс (жекече мааниде да, тарыхый мааниде да) ушундайдан башталат. Айтор, өмүрлүү бол, зээниң турмуш ташпишинен мокобосун... Мен сага кандай ишенсем, өзүмө да ошондой ишенем".
- Сизге Чыңгыз Айтматов кандайдыр бир белектерди берчү беле?
- Агай менен менин мамилем ак, таза болду. Мен агайдан байлык да, бийлик да сурабадым. Күнбү-түнбү, алыспы-жакынбы, биз телефон аркылуу да кабар алышып турчубуз. Мен кандай иш жасасам да, ал тууралуу китеп жазсам да, ишимди бүткөндөн кийин гана алдына тартаар элем. Мен ал улуу адамдан айбыгып, ыйбаа кылып турчумун. Эң алгач дипломдук ишимди жазып, ал оозго алынып, журналга жарыяланып, Алма-Атага казактын үлкөн жазуучулары катышкан жыйында алар "Чыңгыз Айтматов кандай жүрөт, салам айта бар" дегенде, мен катар жүрүп, Айтматов агай менен тааныш болбогонума ардангам. Ыңгайы келе калганда мен алардын дубай саламын жеткирсем, таң калып, "Советтик Кыргызстанга" маек чыкты казак жазуучусу менен, ошол сеникиби?" деп көңүлүмдү көтөргөн. Мен жолуккан сайын Чыңгыз агайымды сүрөткө тартып, маек кура бере турган мүмкүнчүлүгүм болду, бирок мен ошол максатта гана жолугууну күтүп жүргөндөй болбой, ыйбаа кылдым. Ал тургай 28 жылда агай менен бирге түшкөн үч гана сүрөтүм бар экен. Автографты да сейрек алдым. Бирок кайсы журналист маек уюштуруу тууралуу өтүнсө, ошолордун өтүнүчүн аткарып турдум. Силердин "Аалам" гезити да суранганда, "Алма-Атадан келейин" деп айтпады беле. Ошентип минтип кырсык басып кетпедиби...
Албетте, Айтматовдун аркасы менен көптөгөн наам, даражаларга жеттим, илимдин доктору, мамлекеттик сыйлыктын лауреаттыгын эки ирет алдым. Айтор, арманым жок.
Электрондук кол сааттар алгач бизге жеткен кезде япон саатын белек кылган. 85- жылдары үйүнө барып калсам, крокодилдин терисинен тигилген дипломат белек кылып калды. Мен өзүм апкаарып кеттим. "Ушуга эң жакшы эмгектериңди салып жүр" деди. Беш жыл ал дипломатка эч нерсе салбай, карап эле турдум. Беш жылдан кийин ага докторлук эмгегимди салган күнүм эсимден кетпейт.
- Кайтыш болгондон кийин сизге үйүндөгүлөр кайсы бир кийимин энчилеп бериштиби?
- Ооба, мага агайдын галстугун беришти.
Агайга өмүрүмдө бир жолу жардам сурап кайрылган экенмин. 90-жылдары өзү атын Элтуран деп коюп берген уулум катуу ооруп калды. Ошондо түн жарымында Москвага телефон чалдым. Агай дароо саламаттык сактоо министрине чалды. Министр эртең мененки саат алтыда кабыл алып, буту-бутуна тийбей чуркап, ошентип агай баш болуп уулумдун өмүрүнө аралжы болуп калышты.
- Чогуу жүргөндө кыжалат болуп, өкүнгөн учурлар болду беле?
- Жок. Ушундай залкар Адам менен жүргөндө кантип кыжалат болосуң. Америкадан Азамат Алтай адабий чөйрөдөгү керекке жараткыла деп 1000 доллар бериптир. Агай ошол тууралуу мага айткан, аны "Алатоо" журналына берели деп чечкенбиз, бирок арадан 2-3 күн өтпөй ошол акчаны таппай калыптыр. Мен аябай бир кызыктай абалда болдум. Ал тууралуу сөз жүргөндө менден башка эч ким жок болучу. "Табылдыбы?" деп сурап Москвага телефон чалдым, "Бардыгы жайында" деп койгон. Дагы эле санаам тынбай Люксембургга кат жазсам, агай минтип жооп жазыптыр: "Катыңда бир кичинекей маселени айтыпсың. Бардыгы жайында деп мен сага айтпадым беле. Бекер капа болуп жүрүпсүң. Ойлобо эчтекени. Көңүлүңдөн айлансын. Алда канча аныкталган жайсыз бир кокустукту ушул күнгө чейин көңүлүңө алып жүргөнүң бөөдө иш. Ал кокустук менден кетиптир. Москвада кагаздарды ооштурдум эле, ошондо атайын камдап койгон буюмду унутуп кете бериптирмин. Кийин Москвага кайтып келгенде таптым. Толугу менен жатыптыр. Кечиримди мен сенден сурашым керек. Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем" деп жазыптыр.
50 жылдыгымда Чыңгыз Айтматов алыста деп жүрсөм, Илимдер Академиясына куттуктап, факс жибериптир. Андагы куттуктоо: "Улуттук маданият чөйрөсүндө Абдылдажан сыяктуу чаң тийбеген, таза пейил инсандарыбызды биз тагдырдын буйругу деп сыймыктанып, баалашыбыз керек...". Ушул куттуктоонун ар бир сабы азыр да жадымда турат.
- Ортодо Чыңгыз Айтматов тууралуу жазбай да калдыңыз беле?
- 1995-жылдан 2006-жылга чейин "Манас таануу" институтунда иштеп жүргөндө агай тууралуу жазбай калгам. Бирок ал институтта баш көтөрбөй иштедик. Азыр эсептесем, 10 жылда 400 китеп чыгарып, чоң эмгек жасаптырбыз. Ушул жакка мени Чыңгыз агай өзү багыттаган.
Чыңгыз агай экөөбүздүн ортобузга от жаккысы келгендер да кездешпей койгон эмес. Бирок агай андай ушак сөздөрдөн бийик болду. Азыр болсо баарыбызга Айтматов жетпей турат...





а ­е¦Є.НҐй«