Коомдук-саясый гезит
№64, 26.09.08-ж.


ПОИСК ГАЗЕТЫ



◄◄◄
  Эркин трибуна

Кара куту
Бегалы НАРГОЗУЕВ, ЖК депутаты:
"Кыргызстан аба рыногун россиялык эки жаран көзөмөлдөп турат"

- Бегалы мырза, эмне үчүн бүгүнкүгө чейин авиакырсыктын себеби так аныкталбай келатат деп ойлойсуз?
- Биз ушул суроону койгонубузда транспорт министрлиги "комиссиянын жыйынтыгы чыксын, эмне эле шашып атасыңар" деп күнөөлөп атышты. Бирок андан кийин болгон Россиядагы авиакырсыктын жыйынтыгын алар бир жумага жеткирбей эле чыгарып коюшту. "Самолеттун бир кыймылдаткычы иштебей калыптыр, бир кыймылдаткычы менен да отургузса болот эле, бирок учкучтардын тажрыйбасы жетпей, туура отургуза албай ушул кырсыкка алып келди" деген алгачкы версия айтылды. Алардын транспорт министри Левитин мырза эч нерседен коркпой туруп эле кырсык техникалык кемчиликтин айынан болгонун билдирди. Биз авиакатастрофанын себептерин иликтөө боюнча жумушчу комиссиянын кандайдыр бир өз кызыкчылыктары бар экенин кайра-кайра какшап келдик. Муну эч ким укпай жатты. Биринчи эле алар разгерметизация жөнүндө айта башташты. Разгерметизация деген салондун ичинде кычкылтектин жок болуп кетиши. Болжол менен 4,5 миң метр бийиктиктен ары кычкылтек жок болуп кетет. Эгерде аба чыгып кетсе, адамдардын дем алганына аба калбай калат. Бирок мунун авиакырсыкка алып келиши мүмкүн эмес, анткени, 4,5 миң метр бийиктикке түшүп алып учса болот да. Кырсыктын чоо-жайын иликтөөчү жумушчу комиссиянын төрагалыгына Жарандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаровдун шайланышы, андан сырткары учактын коопсуздугуна керт башы менен жооп бере турган Александр Астионов сыяктуу адамдардын комиссиянын курамына кирип алышы да шек туудурбай койгон жок. Коомчулук көтөргөн ызы-чуудан кийин Алик Аскаровду четтетишти, бирок ага чейин бир топ маалыматтар калыптанып калган эле да. Калгандары четтетилген жок. Бул карышкырга кой кайтарткандык. Алик Аскаровдун ордуна кырсык болгондон үч күн кийин учуп келген Леонид Каширский деген кишини коюшту. Комиссиянын жыйынтыгы чыкканча унчукпай турайын, бирок бул киши жөнүндө менин маалыматтарым бар. Ал мурда дагы Кыргызстанга келип, Барскоон капчыгайындагы авиакатастрофаны текшерип чыгарган анын жыйынтыгы менен акыркы жыйынтык дал келбей калган. Кырсык болгон 24-августтан баштап эле техникалык себептерди четке кага башташты. Акырында күнөөнү учкучтарга асып коюу аракети көрүлүп жатат.
- Сиздин оюңузча бул авиакатастрофа эмнеден улам болду?
- Менимче, техникалык себептерден улам учкучтар кыймылдаткычтарды өчүрүүгө мажбур болушкан. Муну эмнеден улам чыгарып жатканымдын себеби - учкучтар менен диспетчердик түйүндүн радио байланышта сүйлөшкөн сөздөрү элге аликүнчө дайын болбой жатат. Россиядагы самолет кулагандан 2-3 сааттан кийин диспетчерлер "биз учкучтар менен минтип сүйлөштүк, айткандарыбызды аткарбай коюшту, тескери аткарып атты" деп айтып чыкты. А бизде диспетчерлер менен учкучтардын сүйлөшүүлөрүн жашыруу аракети эмнеге болуп атат? Кара кутуда үн байланышы калбай калыптыр деп атышат, мунун өзү да өтө калпыс ой. Себеби, андан мурун Бишкектен Москвага учуп барып келгени бар дагы, аварияныкы жок. Кара куту деген бул кара түстөгү темир жашик эмес, бул отко күйбөй турган, катуу сокку болсо, жарылбай турган атайын каражаттардан жасалат. Эгерде кокус күйүп кетсе, анда диспетчердик түйүндөгү үн байланышы сакталышы керек эле. Бул жерде учкучтардын өз ара сүйлөшкөнү жазылбай калышы мүмкүн, бирок диспетчер менен учкучтардын сүйлөшкөнү жазылышы керек эле, ошон үчүн муну жашыруу мүмкүн эмес.
- Кара кутудагы жазууну да, радио байланышты да жашырып атышабы?
- Биринчисин болбой калыптыр дешти. Экинчиси жөнүндө болсо эч сөз жок. Каширский да муну айткан жок. "Муну-муну текшердик" дешет да, радио байланышты унчукпай коюп атышат. Мен ушуларды айтайын десем, "кое тур, комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин айтасың" деп суранышканынан унчукпай турам.
- Министрлик өз креслолорун жоготуп алуудан коркуп атат дейсизби?
- Бул талашсыз. Учкуч Юрий Гончаровго "Баарыбызды сүйрөбөй, сен өзүң жалгыз мойнуңа баарын ал, анан кийин биз сени чыгарып алабыз" деп психологиялык басым жасаган кишилер болуптур. Бул кишини мен абдан жакшы билем - тажрыйбалуу учкуч. Мен айткандай, самолетту өчүрүп аэропортко жетпей, жерге тик сайылтпай кондурууга аракет кылып 22 кишинин өмүрүн сактап калды. Аны күнөөлүү кылбай адилеттүү чечим чыгышы керек. "Иран авиакомпаниясы күнөөлүү" деген сөз да суу кечпейт. Мен "Ассеман эйрди" билем, булар билет гана сата турган авиакасса. Аларга күнөөнү шылтап коюу - жоопкерчиликтен качуу. Учак дагы, экипаж дагы "Итек эйрге" тиешелүү.
- Сиз кырсык болгон күнү эле "Итек эйр" Марат Султановдуку" деп чыктыңыз да, кайра унчукпай калдыңыз… Деги бул авиакомпаниянын кожоюну ким?
- Унчукпай калганым жок. Марат Султановдун ал жерде аты жок. Негизи россиялык эки киши "Итек эйрди" сатып алган, бирок ал Вера Перелыгина деген азыркы гендиректорунун атына жазылган. Бул авиакомпаниянын артында да биздин чиновник турат. Вера Перелыгинанын артында кыргыз чиновниктери турбаса, бул авиакомпания эбак эле жабылып калмак. Россиянын бул эки жараны кыргыз чиновнигинин "крыша" болуп берүү макулдугун алгандан кийин "Итек эйрди" сатып алышкан. Бул компания эң көп учак багыттарын алган. Бишкек-Москва боюнча 5 багыты бар, Бишкек-Үрүмчүгө 2 багыты бар, муну алыш өтө кыйын. Эң майталкан багыттар ушуларга тартылып берилген. Ал тургай мамлекеттик "Кыргызстан" авиакомпаниясынын Москвага 3 эле каттамы бар болчу, коркуп кетип жакында дагы экөөнү кошуп беришти.
- "Итек эйрдин" артында турган россиялык эки кишинин атын атай аласызбы? Алар кандай кишилер?
- Атай алам. Гончаров менен Хапров дегендер. Ушул эки киши Кыргызстандын аба рыногун көзөмөлдөйт. Биздин кишилер буларга көмүскөдөн жардам көрсөтүшөт. Чет элдик жарандардын биздин бир компаниябызды сатып алып, ошол компаниясы аркылуу биздин аба рыногубузду көзөмөлдөп келиши биздин Жарандык авиация департаментинин кандай абалда экенин көрсөтүп турат. Себеби, биздин бул департаментибиз коррупцияга малынган, өз өлкөлөрүндө техникалык себептерден улам каттоодон өтө албаган авиакомпаниялар биздин Кыргызстанга келип каттоодон өтүп, Кыргызстандын туусун алып дүйнө боюнча учуп жүрөт. Көбүнчө шектүү мамлекеттерде, согуш жүрүп жаткан Афганистанда, Тажикстанда, Иракта, Африка өлкөлөрүндө жүрөт. Алар курал-жарак ташып жүрөбү, наркотикалык заттарды ташып жүрөбү, эч ким айта албайт. Эгерде колго түшүп калышса, Кыргызстандын имиджине доо кетеби деп эч ким ойлогон жок. Еврокомиссия бизди "кара тизмеге" эмнеге киргизди? Анын бирден бир себеби ушул болчу. Жарандык авиация департаменттеринде инспекторлор ар бир самолеттун техникалык коопсуздугун текшерип турушу керек. Биздин кичинекей Кыргызстанда 32 авиакомпания болуп, 158 самолетко жеткенде, болгону 3-4 техникалык инспектор жүргөнүн көрүп Еврокомиссия "Булар кантип үлгүрүшөт?" деп кызыга башташат. Инспекторлордун айлыгын эсептеп көрүшсө - 50 доллар экен. Анан Жарандык авиация департаментинин жетекчилери жалаң 100 миң долларлык машинелерди айдашат. Бул жоруктарды көргөн Еврокомиссиянын мүчөлөрү барар менен бизди "кара тизмеге" киргизип коюшкан. 2006-жылы 12-октябрда Еврокомиссиянын №1523 токтомун алсак, негизинен кемчиликтерди төрт пунктуга негиздешиптир, анын үчөөсү Жарандык авиация департаментине тиешелүү. Биринчиси -"Кыргыз Жарандык авиация департаменти Бүткүл дүйнөлүк жарандык авиация боюнча Чикаго конвенциясына кол койгону менен анын талаптарына ылайык коопсуздук эрежелерин камсыз кыла албайт" дейт, авикомпания жөнүндө сөз жок, экинчиси - "Кыргызстанда Чикаго конвенциясына каршы келип, ал жерде катталган авиакомпаниялардын өз офистери жок, бүт баары чет өлкөлөрдө", үчүнчүсүндө "Кыргызстандын авиация департаменти Кыргызстандагы бүт авиакомпаниялар үчүн бирдиктүү эрежелерди түзө алган эмес, бардык авиакомпаниялар өз эрежелери менен иштейт" деп көрсөткөн. Ушул департаменттин күнөөсү менен "кара тизмеге" кирип аткандан кийин транспорт министри, департамент башчысы, коопсуздук боюнча инспекция жетекчилери, уяты болсо, отставкага кетиши керек эле да. Ошондон бери министрлик "жарым жылдан кийин "кара тизмеден" чыгабыз" деп айтып келатат. Жарым жылдан кийин дагы эле ошол сөзүн кайталайт. Эки жылдан бери, кала берсе кечээ да ушинтип айтышты.
- Жакында эле транспорт министрлиги жаңы "Боингдерди" алып келдик деп билдиришти...
- Уятсыздыктын да чеги болот да. Бул "Боинг" 1986-жылы Американын заводунан чыккан, 23516 заводдук сериясы бар учак. Бул кандай "Боинг" экенин кыргыз авиаторлорунун баары билет. Америкада "Вестерн эйрлайнс", "Дельта эйрлайнс" деген авиакомпанияларда 20 жыл учкандан кийин эскирди деп чыгаргандан кийин 2006-жылы Кыргызстанда катталган россиялык "Исток авиа" деген компания алып келип, кыргыз Жарандык авиация департаменти тарабынан ЕХ-735 деген номер берилген. Андан кийин "Исток авиа" бул самолетту Тажикстанга алып барып, ал жерден EY-531 деген номер алып ошол жакта иштеп жүргөн. Эки жыл мурда алынып келинген эски самолетту "Мына биз сатып келдик, мындай самолеттон дагы алабыз" деп бети кызарбай туруп кантип айтат?
- Биздеги "Боинг" самолетторунун баары иштен чыгып атат деген маалыматтар айтылды. Сиздин "Эсен эйр" авиакомпанияңызда дагы "Боингдер" барбы?
- Биринчиден, бул менин компаниям эмес. Былтыр октябрь айында компаниядагы өзүмдүн үлүшүмдү саттым. Аны үч киши болуп чогуу алган элек. Мен "Эсен эйр" авиакомпаниясында иштеп жүргөнүмдө мага коопсуздук боюнча бир да доомат болгон эмес. Парламентке келип сындай баштагандан бери, июнь айынын аягынан баштап, ошол авикомпанияга министр Нурлан Сулайманов асылып туруп алды. Ар кимден "Бегалы оозун жаппаса, "Эсен эйрди" жаап салабыз" деп айттырып жатышат. "Боинг" самолетторун токтотобуз" деп айтып атышат, бирок токтото алышпайт, акча берген башка компаниялардын учактары уча берет.
Редакциядан: Мындай көз караштан соң министр Н.Сулайманов менен Б.Сыдыковдун пикирин да басууга даярбыз.

"Россиянын бул эки жараны кыргыз чиновнигинин "крыша" болуп берүү макулдугун алгандан кийин "Итек эйрди" сатып алышкан".

Дилбар АЛИМОВА








Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_5.htm on line 75

Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_5.htm on line 75

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../yandex_v_2016.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_5.htm on line 75



Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_5.htm on line 79

Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_5.htm on line 79

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../yandex_v_2016.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_5.htm on line 79


Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_5.htm on line 82

Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_5.htm on line 82

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../yandex_v_2016.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_5.htm on line 82