№64, 26.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Полит-элита

Генпрокурордун башына кара булут айландыбы?
Бийлик короосунда кадыр-барктуу кадрлар калбай баратканы коомчулукка белгилүү. Буга дейре иште профессионал аткаминерлердин чабылып кеткенин санабайлы. Күн өткөн сайын оппозиция рейтинги өйдөлөп, бийликтин алсырап баратканы сокурга да дайын. Мунун жөпжөнөкөй бир себеби бар: Акүйдөгү айрым интригандар ажого калпыс маалымат берип, барган сайын белдүү кадрларды каралап, ушак-айың менен саясат жүргүзгөнүндө… Маселен, соңку учурда Генпрокурор Элмурза Сатыбалдиевдин артынан да интрига оюндары жүргөнү, аны кызматынан жылдыруу машакаты башталганы кимге опо? Мындай маалыматтар айрым гезиттерге чыкканга да үлгүрдү. Эске сала кетсек, Э.Сатыбалдиев прокуратура системасын жетектегени ырааттуулук орноп, мамлекеттик түзүлүштүн пайдубалы бекемделгени да бекеринен эмес. Айталы, Генпрокуратура мамлекет ичиндеги мыйзамдуулукка тыкыр көзөмөл салганы, Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн сотко өткөзгөнү, ошол эле прокуратура системасын тартипке келтиргени сыяктуу көп изги иштер менен көзгө көрүнө баштаган. "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабаган" сыңары, эми Э.Сатыбалдиевди ордунан козгоо интригасынан кимдер упай алат? Кокус мындай аракеттер ишке ашып кетсе, күч органында мыйзамдуулукту карманган жалгыз кадрдан кол жууганыңар ошол. Баса, Э.Сатыбалдиевдин ордуна барам деген прокурорлордун жең ичинен акча чогулта баштаганы да айтылууда. А мындайда мыйзамдуулукта хаос жаралары да бышык. Кыскасы, Генпрокурор Э.Сатыбалдиевди саясый серепчилер эл алдында булганбаганын, мыйзамды туу тутканын, о.э. оппозиция ичинде абройго ээ экенин кыйытышат. Бул эмнени каңкуулайт? Кызыгы, Элмурза мырзанын соңку мансап тагдырына оппозиция лидерлери да кызыкдар болуп, аңдып турган кербездери…



А.Жекшенкуловду "кылмышкер" атаган "Агым" дагы утулду
Эсиңерде болсо, Аликбек Жекшенкуловду "Агым" гезити эки кызды өлтүрдү маанисинде өкүм чыгара жазганын билесиңер. Албетте, Акүйдүн ыплас заказы менен. Натыйжада, Аликбек мырзанын адвокаты жайы бою "Агым" менен соттошуп, райондук соттон утуп алса да, ага моюн сунбай буйтактаганда, экинчи ирет да шаардык соттон (18-сентябрда) "Агым" утулду. Сотто канчалык чындыкты будамайлайлы дешсе да, акыры А.Жекшенкуловдун чындыгы тикесинен тик турду. Көрсө, оппозиция деле жеңишке жетишет турбайбы, миң бут тосуу болсо дагы…

Адилет министрлигине Нурлан Турсункулов дайындалды
Бүгүнкү бийлик саясаты алсыраганы ушул белем, адилет министрин шайлай албай азап чегишти. Себеби реалдуу (иш билги) кадр жок. Акыры кечээ маалым болгондой, Генпрокурордун орунбасары - аскер прокурору Нурлан Турсункулов адилет министрлигине дайындалды. Нурлан мырза 1968-жылы туулган, Чүйдүн кулуну болот. Мыйзам боюнча өкмөт башы министрдин кандидатурасын беш күндө көрсөтүшү керек болчу. Тилекке каршы, И.Чудинов "ай караган текедей" эле аңгырамайга түшкөн эле. Ансыз да адилет министрлигинде абал курч бойдон экени талашсыз.

Б.Жээнбековду камаган тергөөчү суракта
"Ачык саясат" гезитин негиздөөчүсү Бабырбек Жээнбековду камаган тергөөчү Т.Байчаев учурда прокуратурада суракта жүрү. Себеби, Б.Жээнбековду мыйзамга ылайыксыз камап, жогор жактын заказын калпыс аткаргандыгы үчүн жоопко тартылууда. Эл дагы Б.Жээнбековдун эркиндикке чыкканын акыйкат көрүшүп, Генпрокуратурага ишеним артууда. Элди, оппозицияны коркутуп эмес, мыйзамга ылайык саясат болсо дейсиң.

Окоптогу генерал баш көтөрөбү?
Оппозиция ичинен ырк кетирчүлөр кокодон экени маалым. Маселен, А.Бекназаров баштаган топту жазганбыз. Булар боюнча саясый серепчилер кызыгышып, окопто жаткан генерал М.Абдылдаевди ыргылжың мүнөздө баалашып, интриградан башкасын кыла албайт дешүүдө. Ал эми А.Мадумаров "Акжолго" өткөнү "ит" болуп, Каркыраны казактарга өткөрүүгө салым кошкону, энергетиканы приватташтырууга кол көтөргөнү жалпы коомчулукка маалым. Ошондой эле булардын дагы бир лидери Эргеш Алиевдин небереси Бахтияр Алиев убагында Москванын Коопсуздук кеңешинде иштептир. Кыргызстанда Б.Алиевдин президент болуу үчүн паспорттук каттоосу да жок. Аны эл да тааныбаганы айкын-ачык да. Акыркы лидер - А.Бекназаров. Мунун дагы эл астында кадыры канчалык экенин чечмелебейли. Болгону күздө бирди айтат, жазда бирди айтат. "Курманбек Бакиевди кетет" деп. Азике куру сөздүн акеси катары элдин эсинде калары да бышык го…

Түрмөдөгү И.Кадырбековго кысым күчөдү
Демократия эпкини Кыргызстанда туңгуюкка сүңгүп бараткандай. Маселен, түрмөдө жаткан И.Кадырбеков №6 Асанбай шайлоо округунан Бишкек шаардык кеңешке талапкерлигин койгону маалым. Ири алды БШК Ишенбай мырзанын шайлоого катышууга укугу бар деп тапса, эми бийлик болсо сот аркылуу кандидатурасын жаратпай таштоого ашыгууда. Албетте өкүмзордук менен. Ошого катар түрмөдөн да ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болгону тастыкталууда. Кызыгы, И.Кадырбеков "Ата Мекенге" ыктаганы үчүн саясый туткунга айландыбы же жөн эле коррупционерби? Азырынча ага саясый басымдын оркойгону байкалууда. Бийлик калыстыкка жарабаса, акыры эл таразасынан өтөр сыягында…