Коомдук-саясый гезит
№64, 26.09.08-ж.


ПОИСК ГАЗЕТЫ



◄◄◄
  Кыргыз бүлөсүнүн оош-кыйышы

Жарандык нике жаңы салтпы?
Кийинки он жылдыкта үйлөнүү курагы туура келгендердин көбү расмий никеге тургандан качып, жарандык никеде жашоону модага айландырышты. Ошол эле учурда Кыргызстандагы ар бир алтынчы жуп ажырашат. Бул идеалдуу үйбүлө кандай болушу керектигинин калыптана электигинен. Эгемендүүлүктүн он жети жылындагы экономикалык-социалдык оор жагдайлар үйбүлө институтуна таасирин тийгизбей койгон жок. Үйлөнүүдөн качкан жигит-кыздардын саны көбөйсө, акыркы жылдарда мыйзамдуу никеге турбай, жарандык никеде жашагандардын саны арбыды. Эркектердин да үйлөнүү курагы кечеңдеди. Чет өлкөгө кеткендердин көбү аялдар. Баарынан кызыгы - Кыргызстандагы үй чарбасын аял башкарган үй-бүлөлөрдүн 73 пайызы жетиштүү турмушта жашайт, ал эми чарбаны эркек тейлеген үй-бүлөлөрдүн 65 пайызы гана жетиштүү турмушта жашашат.

Азыркы кыргыз үйбүлө-сүндөгү ажырашуулар көп учурда жаштардын үйбүлө курууга руханий жактан даяр эместигинен келип чыгууда. Мындай себеп менен ажырашуулар үйлөнгөндөрдүн 43 пайызына туура келет. Экинчи бир терс жагдай миграцияга байланыштуу. Россия, Казакстан ж.б. иштеп кеткендер үйбүлөнү экинчи планга коюшууда. Ичимдик ичүү, зордук-зомбулук, жетишпеген жашоо-шарт, балалуу болбой калуу дегендей ар кыл жагдайлар коломтонун бузулушунун дагы бир себептери болуп эсептелет. Никенин мынчалык тез урап жатканына жаштардын сабырсыз келиши, өзүмчүлдүк да себеп болушу мүмкүн. Акыркы он жылда үлгүлүү үйбүлө дегенибиз азаюуда. Дүйнөлүк статистиканы карай келгенде, үйлөнгөндөрдүн алгачкы жылында ажырашуулар көп болот. Көпчүлүк ажырашуулар чогуу жашаган мезгилден тартып 4-7 жылда көп кездешет. Бул учурда ажырашуу тууралуу аялдар биринчи демилге көтөрөт.
Экинчи бир учур - эркектер 50 жаштан өткөндөн кийин башталат. Бул учурда алар балдардын алдында өздөрүн милдеттүү сезбей калат. Биздин өлкөдө болсо айрымдар ажырашпай туруп эле экинчи аял алууга ык коюп жатышат. Окмуштуулардын изилдөөлөрүндө белгилүү болгондой качан бала төрөлүп, ал торолуп калганда, б.а. аял-эркек табиятынан тиешелүү өз кызматын аткарган соң, биологиялык сүйүү басаңдайт. Биологиялык сүйүүнүн узактыгы 3-4 жыл. Бул мезгилде үйлөнгөн эки жаш бири-бирине руханий жактан байланууга тийиш. Ошондо гана никенин узак болушу күтүлөт. Биздин жаштар болсо, тескерисинче, көңүл калган абалда ажырашып тынышат. Атаандашуу, ким башчылык кылат деп орун талашуу, оройлук, үй-бүлөлүк чарбаны бирге жүргүзбөй, ар кимиси өз бет алдынча акча иштетүү, сараңдык ажырашуунун алгачкы кадамы катары саналат. Нике - күн сайын куруп туруучу имарат дегендей, анын кирпичтерин өмүр бою кынапташ керек.
Жарандык нике деген түшүнүк кийинки кезде коомдо кадыресе көрүнүшкө айланды. Адистердин айтымында, жарандык никеден аялзаты көбүрөк жабыр тартат. Балага күбөлүк алуу, мектепте окутуу, ажырашып кетсе, алимент төлөө, мурас маселелерине байланыштуу жагдайлар келип чыгат.
Атайын изилдөөлөр көрсөткөндөй, кыргыз жаштары жана коомчулук мындай никеге даяр эмес. Чет өлкөдөгүдөй атайын мыйзамдар иштелип чыккан эмес. Расмий никеге турбай төрөгөн аялдардын саны 1991-жылы 18017 болсо, 2006-жылы 36143кө жеткен. Адамдын кулк-мүнөзү ар кыл болгон сыяктуу эле, никенин жана ажырашуунун табияты да ар кыл. Сандар тастыктап тургандай, жаштардын үйбүлөлүк турмушка даяр болбой туруп, түтүн булатууга аттанышканы опурталдуу көрүнүш.




УОКко Максим Бакиев президент болобу?
Эгемендүү өлкө болгону Кыргызстандын Улуттук Олимпиада Комитетинин алгачкы президенти Эшим Кутманалиевдин кошкон салымын эч ким тана албайт. Атланта, Нагано, Сидней, Солт-Лейк-Сити, Афина олимпиадаларына Кыргызстандын командасын баштап барып, кыргыздын жан дүйнөсүн далай ирет көрсөттү.

Улуттук Олимпиада комитетинде да так талаш, кризиске кабылтып, экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев тизгин талашып, УОКко жетекчи да боло калды. Андан кийин ээрге Эшим Кутманлиев отурса, ага каршы болгондор да экинчи улуттук олимпиада комитетин түзүп, ага президент кылып Аскар Салымбековду да шайлап, кризис тереңдеген. Андан кийин "ынтымакка келели" дешип, парламент депутаты маркум Баяман Эркинбаев президент болуп, жакшы ой-тилек, максаттарды коюп, бирок тилегине жетпей калды.
Ушул Улуттук Олимпиада Комитетиндеги кризисти жөнгө салып, эларалык кадыр-баркын ордуна келтирген СССР спорт чебери Мурат Саралинов менен башкы катчысы, Канат Аманкуловго көп түйшүк түштү. Аз жерден эларалык олимпиада комитетинин мүчөлүгүнөн чыгып кала жаздаган учурда Мурат Саралинов менен Канат Аманкулов билген адамга тоодой эмгек кылышты. Бээжиндеги балбандардын ийгилик жаратып, 1 күмүш, 1 коло медаль утуп келишине алардын да салымы зор. Тандалган 10-15 спортчунун ар бирине ай сайын 600 доллардан стипендия төлөп, машыгууларына шарт түздү. Эми минтип Мурат Саралиновдун ишмердүүлүгүн Орусиянын өкмөтү баалап, аны "Газпром" ишканасына кызматка чакырып жатат.
Президенттин кичүү уулу, ишкер Максим Бакиев өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти болгондуктан, аны УОКтун президенттигине кудалагандар да бар. Улуу уулу Марат Бакиев да Дзюдо жана ок атуу федерациясына президент болгондуктан,Улуттук Олимпиада Комитетине жетекчи болуп калышы да толук ыктымал. Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп туруп, жалган жалаа менен иштен шыпырылган, күнөөсү деле толук далилденбеген Мелис Турганбаев УОКко президент болушу мүмкүн дегендер да бар. Себеби - ал Эркин күрөш федерациясынын президенти катары арбын иш бүткөргөн.
Грек-рим күрөш федерациясынын ишин алга жылдырып, Бээжинден ийгилик жараткан балбандарга шарт түзгөн ушул федерациянын жетекчиси Бейшен Абилдаев да УОКко президент болушу мүмкүн деген сөздөр да айтылууда. Башкы катчы Канат Аманкулов иштин көзүн билип калды, ага ишеним көрсөтүлсө дегендер да бар. Балким Мурат Саралинов өзү эле эки тизгин, бир чылбырды колдон чыгарбай иштээр.




Америкадагы Алмаз Раимкуловдун кезектеги жеңиши
АКШда профессионалдык бокс боюнча Кыргызстанды таанытып жүргөн Алмаз Раимкуловду кимдер гана билбейт. "Алмаз жигит" (Кид Даймонд) аталган Алмазбек АКШнын Невада штатындагы Примме шаарында "Баффало Билл жылдызы" спорт аренасында жеңил салмакта дүйнө чемпиону болгон мексикалык Хавьер Хаурегини жеңип алуу менен Кыргыз өңүн дүйнөгө дагы бир ирет таанытты. Эки калыс 97-93 жана 96-94 упай менен жеңишти Алмазбек Раимкуловго ыйгарса, 3 калыс 95-95 деп тең баалаган. Алмазбектин жеңиштери али алдыда.


"Дордой-Динамо" Азия Кубогун сактай албады
Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасынын Бишкекте жеңилип калышы тууралуу ушул клубду негиздеген Аскар Салымбеков: "Бул турнир өнүгүп келаткан өлкөлөрдө футболду жайылтуу максатын көздөйт. Ушул Кубоктун алгачкы жеңүүчүсү да Тажикстандын чемпиону "Регар-ТадАЗ" командасы болгон. Кыргыз футбол тарыхында биздин команда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалына төрт ирет чыгып, эки жолу жеңишке жетишкенбиз. Топ деген тоголок, Бишкектеги финалда канчалык аракет кылган менен, "спорттук фортуна" тажиктерге ооп кетти.
Кыргызстанда футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбайт. Өлкөдө футболдун деңгээли төмөндөп бараткандыктан, дүйнө агымынан артта калбайлы деп, намыстанып үч-төрт ишкер гана футбол клубун кармап, каржылап келатабыз. Футбол бул чоң саясат, элдин духун көтөрө турган идеологиянын башаты. Ушуну менен эле баары бүтүп калбайт, башты жерге салбай, алдыдагы таймашууларга даярдык көрүү керек" деп билдирди.

БЭЭЖИНДЕ МАЙЫПТАРДЫН ПАРАЛИМПИАДАСЫ АЯКТАДЫ
Майып спортчулар үчүн эл аралык биринчи оюндар 1948- жылы Улуу Британия өлкөсүндө өткөрүлсө, ал эми 1960- жылдан бери паралимпиадалык оюндар деп аталып, 4 жылда бир уюштурулуп келүүдө.
17-сентябрда Бээжинде өткөн майып спортчулардын кезектеги паралимпиадасы жабылды. Бул мелдештин жыйынтыгында 89 алтын, 70 күмүш жана 52 коло медаль менен Кытай Эл Республикасынын майып спортчулары командалык биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Улуу Британиянын, үчүнчү орунду АКШнын майып спортчулары камсыз кылышты. Орусиянын командасы бул ирет 18 алтын, 22 күмүш жана 21 коло байгелүү болушса да, сегизинчи орунда калышты. Борбор Азия өлкөлөрүнөн бир дагы майып спортчу ийгилик жарата алган жок. Кыргызстандан жалгыз оор атлетчи Роман Өмүрбеков, Казакстандан элүүдөн ашуун, Өзбекстандан жыйырмага жакын, Тажикстандан 2 майып спортчу Бээжиндеги паралимпиадага катышып, ийгилик жарата алышпады.
Ошондой болсо да Бээжин паралимпиадасы спорттун 20 түрүнөн зор уюшкандыкта өткөнүн жабылыш аземинде Эларалык паралимпиада комитетинин президенти, өзү да майып спорт ардагери Филипп Крейвен баса белгиледи.
Роман Өмүрбековду Бээжинге анын устаты Аднан Жабраилов жана өлкөнүн Майып спортчулар федерациясынын жетекчиси Климентий Эпельман коштоп барышты.
Роман Өмүрбеков Бээжинге даярдыктар бир аз чийки болуп калганын, анын себебин өз учурунда каражат бөлүнбөй эларалык мелдештерге чыкпагандыгы менен түшүндүргөн.








Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_14.htm on line 83

Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_14.htm on line 83

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../yandex_v_2016.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_14.htm on line 83



Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_14.htm on line 87

Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_14.htm on line 87

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../yandex_v_2016.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_14.htm on line 87


Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_14.htm on line 90

Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_14.htm on line 90

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../yandex_v_2016.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0925_14.htm on line 90