Коомдук-саясый гезит
№64, 26.09.08-ж.

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  Эсен болуп, эстей жүр

Академик Иса Коноевич Ахунбаевдин 100 жылдыгы
Ахунбаев атындагы клиниканын башчысы, КММАнын жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Алымкадыр Бейшеналиев:
"Ахунбаев агайыма айтаар арманым"
Алтын колдуу хирург Иса Коноевич Ахунбаевдин туулгандыгынын 100 жылдыгы коомчулукта кеңири белгиленип жатат. Бул улуу датаны Ахунбаевдин кесиптештери, шакирттери да эскерүү менен бирге ишти дагы жакшыртуу тууралуу ой толгоп жатышыптыр.

Маектешкен Айгүл Бакеева
- Алымкадыр агай, Иса Коноевич Ахунбаевдин туулганынын 100 жылдыгы кандай белгиленип жатат?
- Бул кишинин ысымын укпаган, анын ким экенин билбеген кыргыз баласы болбосо керек. Кыргыз баласы эмес, дүйнөнүн төрт бурчундагы адистерден аны билбегендер аз чыгаар. Себеби ал киши өзүнүн артынан ошончолук эскерээр эмгек калтырып кеткен. Хирург болуп иштеген 40 жылда ал 15 миңден ашуун кишиге операция жасап, жанына аралжы болуп калган экен. Кан тамыр, жүрөк хирургиясынын кыргыз таржымалы Иса Ахунбаев агайдан башталат эмеспи. Йоддун жетишсиздигин изилдеген. Калктын богок оорусу менен оорушу ошол кезде азаюунун үстүндө болгон. Шок, эхинококкоз оорулары боюнча да көп эмгек сиңиргени белгилүү. Ушундай адамдын түздөн-түз шакирти болуу тагдыры, албетте, мага окшогондорго буюрбаптыр. Бирок биз анын эмгектерин изилдеп, уккан-билгендерден угуп, ал чапкан жолдо өзүбүздү шакиртибиз деп атап алган элек. Ал киши кайтыш болгондо мен 8- класста экенмин. Улуу устаттын шакирттеринен таалим-тарбия алдык. Ахунбаев агай түзүп кеткен кафедрада иштеп жатабыз. Өзү түптөп кеткен клиниканы башкаруу мага жүктөлдү. Мен буга сыймыктанып келем.
Анын клиникасынын алдына эстелигин тургуздук. "Легендага айланган адам" деген китеп чыгардык.
Кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Темир Сариевди чакырып, клиниканын абалы менен тааныштырганбыз. Ал жакшы көмөгүн көрсөттү. Клиниканы ремонттоого өкмөттөн 5 млн сом бөлдүртүп берүүгө салым кошту.
- Иса Коноевич Ахунбаевди боз үйдөн эле эт кескен бычак менен бир кишиге операция жасап, аман сактап калган деп айтышат…
- Ооба, ошондой окуясы да бар. Шашылыш болуп калган учурда дасыккан врач-хирург талаа шарттарында да операция жасап жибериши керек да. Иса Коноевич ошондой шартта, боз үйдө колун аракка жууп туруп, ашкана бычагы менен эле операция жасап, аппендиксти алып таштаганы бар. Ушундай окуялар көп болгонунан аны легендага айланган адам деп атап атпайбызбы. Биз чыгарган китепте да ушул сыяктуу шашылыш кездеги окуялардан уккан-билгендерден жыйнап берүүгө аракеттендик. Чындыгында бүткүл Орто Азия чөлкөмүндө Иса Коноевичке теңдеш хирург жок болучу да.
- Кафедрада да чоң иш-аракеттерди жасап жаткандырсыздар?
- Жалпы хирургия кафедрасынын башчысы болгонума төрт жыл болуп калды. Жаш адистерди да тартып, техникалык каражаттарды жаңылап жатабыз.
Агайыбыздын мааракеси өкмөттүк деңгээлде уюштурулуп жатат.. Бирок биз да бул күндөрү алдыбызга албан милдеттерди коюп алдык. Анын айрымдары аткарылып жатса, айрымдары аткарыла элек.
Жогоруда айтылган Иса Коноевич Ахунбаевдин эстелигин коюуда деле уюштуруу иштери менен жүрдүк. Бир кезде В. А. Шестопал аттуу таланттуу скульпторубуз Иса Коноевич тирүү кезинде эле анын бюстун жасаптыр. Ал тарых музейинде турган экен, биз скульптор менен макулдашып, ал бюстту клиниканын алдына орнотууга көмөктөштүк. Менин кабинетимдин терезеси Иса Ахунбаевдин ошол эстелиги тарапты карап турат. Оорулуулар, хирургдар келип ал жерге сыйынып турганын көрүп калам. Гүл өстүрүп, тегерегин да жаңылап койгонбуз. Анан ушундай учурларды көргөндө көзүңө жаш келип кетет экен…
Иса Коноевич Ахунбаев иштеп турганда Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун жалпы хирургия кафедрасы жалгыз гана кафедра болчу экен. Клиникада жакшы иштеген хирургдар, бөлүм башчылар мединститутка мугалим болуп кирип иштешчү экен.
Азыр болсо Ахунбаевдин клиникасында биздин академияныкынан башка дагы беш кафедра бар: КРСУнун үч кафедрасы, МУКтун кафедрасы жана медакадемиянын дагы бир кафедрасы… Ошентип хирург, илимпоз, профессор, мугалимдер ар кайсы кафедрага бөлүнүп кеткен. Көптөгөн тажрыйбалуу адистер, окумуштуулар медакадемиядан башка жогорку окуу жайлардын мен атаган кафедраларына иштеп кетип калышкан. Анын себеби ал жакта айлык акы жогору, иши аз. Мейли, иштеп кетишсин. Бирок медициналык академия деген биздин көзгө басаар окуу жайыбыз да. Тажрыйбалуу, мыкты адистер өзүбүздөн кетип калганы бизге кадыр- барк апкелмек беле. Андан дагы кетип калган кафедраларына өз тажрыйбалары менен кошо окуу куралдарын да ала кетип жатышпайбы. Урушуп- талашып атып окуу куралдарынын кээ бирлерин кайрып алдым. Он кабинеттен төрт кабинетти кайрып алдым. Мен келгенде мурдагы он кабинеттин бир эле кабинети бар экен. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Т. Абдраимовго айтып атып, аларды алдык. Азыр бир келгенде 8-7 группа студент бир келет, алар үчүн төрт эле кабинет бар, калган студенттер ашканада, холлдо, залда окушат. Ушу кантип болсун?
Ал эми кафедранын техникалык жактан камсыз болушу жакшы, 6 компьютер, ноутбук, видеослайддар бар.
- Ахунбаев агай туулуп-өскөн Ысык-Көлдөгү Тору-Айгырда да той болду да…
- Ооба. Кечээ жакында белгиленди. Ысык-Көлгө эс алганы барганда баарыбыз Тору-Айгыр айылынан өтөбүз да... Ошол айылды кыргыздын Гиннес китебине айылдан чыккан академиктер көп деп киргизип жүрбөйбү. Иса Коноевич Ахунбаев мына ошол айылда туулуп-өскөн. Кыргыздан чыккан биринчи илимдин доктору, биринчи профессор, кыргыздын биринчи академиги, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун биринчи кыргыз ректору, Улуттук илимдер Академиясынын биринчи президенти, жүрөккө кыргыз-казак хирургдарынан биринчи операция жасаган хирург! Ушундай легендага айланган кишинин туулуп-өскөн айылында эстелиги жок, жашаган үйү каралбай, жаан өтүп, бузулуп турат дегенде "аттиң" деп калдык. Ошондой жагдайды угуп-көрүп туруп, биз анан кантип жөн жаталы. Азыр туулуп-өскөн айылына эстелик коюлду.
Тойго да алыс-жакын жактардан көп меймандар келишти. Бардыгы эле Иса Ахунбаев тууралуу жакшы билишет экен, ушундай улуу инсандын музейи айылда жок экенине таң калышты.
- Эстеликке ташты сизди Таластан таап келди дешет…
- Скульптор А. Усубалиевден "Эстелик үчүн кандай таш жакшы?" деп сурасам, "Боз гранит жакшы" деп жооп берген. Манас районунун акими, доктор-хирург Анарбек Осмоналиев болуп, Арал айылынан шахтага барып, тандап келгенбиз.
Айтор Иса Коноевич Ахунбаев тууралуу айтаар сөзүбүз али алдыда. Ал кишинин тажрыйбаларын улантуу, ал киши иштеген кездегидей ишке мамилени биз да аркалоого бел байлап жатабыз. Иса Коноевичтин 100 жылдыгы белгиленип жаткан ушул кезден пайдаланып, мен ичтеги бугумду чыгарып алдым окшойт. Иса Ахунбаев агай тирүү болгондо мен ушундай арманымды айтмакмын. Улуу устаттан үйрөнүп, ал түптөп кеткен жолду татыктуу улантуу милдетибиз болуп эсептелет.




Бомж
Качкынаалы Сыдыгалиев
- Кечиресиз, хозяйка, - деди Айтбай энтиге сүйлөп, - сиздин тамагыңызды жеп, арагыңызды ичип, сыйыңызды көрүп кантип качып кетем. Акмактар качпаса, мен кача албайм. Мен БОМЖ болгон менен, акмак боло элекмин.
Мен Айтбайдын тирүү сөзүнө ыраазы болуп калдым. Үйдөн эримдин эски көйнөгүн, турсисин, спорт кастюмун алып чыгып:
- Тиги душка суу куюп алып жуунуп, муну кийип ал. Алдагы самсалаган киймиңди өрттөп жибер,- деп алып келген кийим, сүлгү, самынды колуна карматтым.
Кийим колуна тийгенде жарк этип күлүп жиберди. Күлгөндө байкуштун арык бети токсон тогуз жеринен бырышып маймылдын ыржыйганын элестетти. Үн катпадым. Сууга түшүп, жуунуп, таранып чыкты.
- Хозяйка, руксат берсеңиз, бул кийимди өрттөбөй эле коёюн. Таштандыга таштасам дагы мага окшогон бирөө кийип алар. Сооп эмеспи,-деди.
"Өлөлбай жатып өлөң айтыптыр" дейт казак туугандар, анын сыңарындай Айтбай жаман киймин таштаганга ыраа көрбөй башкалар үчүн кам көргөнү менин жүрөгүмдү жылытты. Боорукер адам экен деп ойлоп койдум. Мен Айтбайды тамактандырып ,бираз акча берип, дагы анча-мынча иш тапшырдым. Ал тамеки алганы дүкөнгө чыгып, сакал-мурутун алдырып келиптир. Ал дарбазаны ачып кирип келгенде тааныбай барып араң тааныдым.Чачын алдырып, сакал-мурутун тегерек кылып, кооздотуп кырктырып койгонго көркүнө чыга түшүптүр. Ички эмоциям жанар тоо болуп атылып кетти окшойт:
- Аай-ий, тим эле жигит болуп калыпсың. Такай эле ушинтип жүрбөйсүңбү, - деп жиберипмин.
- Ээси эки кылам десе, Кудай бир кылыптыр дейт, хозяйка. Анын сыңарындай учурунда мен да жигиттин жигити элем, түбүмө аялым менен арак жетпедиби,-деди.
Түнү менен уктабай иштеген байкушту ашканага киргизип, астына тамакты коюп, жүз грамм арак куюп бердим. Аракты ичип, ысык тамакка тойгондон кийин бетин кызыл тээп чыкты. Ачуу демделген чайдан сунуп сурадым:
- Алиги менин түбүмө аялым менен арак жетти дегенге түшүнбөй калдым. Ошону түшүндүрүп берчи ?
- Мен ветврач болуп иштечүмүн, - деди Айтбай, - көпчүлүк учурда жазда жайлоодо, кышта кыштоодо мал менен болчумун. Биртоп короо кой кышта Казакстандын Кенес-Анархайында кыштоочу. Мен малды карап ошол Казакстандын чөлүнө көп барчумун. Айылдаштан "аялың жүрөнөөк, сен жокто көрүнгөн менен жүрүп кетет" деген сөздү угуп калчумун. Өзүм да шектенчүмүн. Анткени аялымдын акылы пас, эринин абройун ойлобогон, өз намысын, аялдык абийирин сактабаган адам эле.

(Уландысы бар)












Яндекс.Метрика