№64, 26.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Азил-тамаша

Кыты-кыты
Күйөөсү диванда гезит окуп жатса, аялы толтура сумкасы менен базардан кирет. Абдан боору ачыган кейипте:
- Алтыным, ушунтип кыйналганды токтотуш керек. Мындай оор нерсени көтөрүш сенин курагыңдагыларга опурталдуу.
- А-а, сен эмне кеңеш бересиң?
- Баарынан жакшысы - кыйналбай эле эки жолу барып келиш керек.

Аялы менен күйөөсү урушуп жатат:
- Мен билем, - дейт аялы жиндене, - сен менин акчам үчүн гана үйлөнгөнсүң.
- Ал үчүн деле эмес, - күйөөсү жооп берет. - Тескерисинче, менде акча жок болгон үчүн.

Ажырашкандын эртеси күйөөсү мурдагы аялына телефон чалат:
- Жүрү ресторанга, түштөнүп келели.
- Келесоо го, биз ажырашып кетпедик беле? - деп трубканы коюп коет.
Эртеси кайрадан чалат:
- Жүр, киного!
- Сен айбансың го, биз бүтүшпөдүк беле? Кайра эле эмнеге чалып жатасың?
- Ушундай сөздү угуш кандай жагымдуу экенин сен билгенде…

Эркек киши көз докторго келип:
- Доктор, менин көзүм ооруп жатат. Эмне кылсам?
Көз доктор шашпай:
- Сиз билесизби, өткөндө тишим какшап оорутту эле - жулдуруп таштадым, ошондон кийин жаным тынчый эле түштү.

Эки курсташтар жолугушуп калат. Бирөөсү байып кеткен бизнесмен, экинчиси эл катары дейт.
Бизнесмен сурайт:
- Алман, ден-соолук, иштериң кандай?
- Кандай болмок эле, көчө - соодагермин.
- Ом - е - ей!.. Ошондо бир көчөнү канчадан сатып атсасың?

* * *
Доктордун кабинетине бир эркек киши келип арызданып жатат:
- Доктор, жардам кыласызбы, менин келинчегим таң атканча көз ирмебей чыгат.
- А түнү менен кантип уктабай чыгат? Балким бир жери ооруп жүрбөсүн?
- Таң атканча мени күтөт.

Дудук досуна айтып атат дейт:
- Кечинде үйгө кеч келсем, аялым ушундай какылдап кыйкырып атат дейсиң.
- А анан сен эмне кылдың?
- Светти өчүрүп салдым.

Кичинекей Азат балдар бакчасынан келе калып эле:
- Ата, биз Нурия экөөбүз үйлөнөлү деп чечтик.
- Кайсы Нурия?
- Нурия Мелис кызычы.
- Жок, балам, балдар бакчасын бүтүп окуйсуң, чоңоесуң, бир кесипке ээ болосуң, анан үйлөнөсүң. А азыр кантип үйбүлөңдү тойгузасың?
- Ата, ато-ов, биз жатаарда эле кичине тамак ичебиз да, а эртең менен, түштө бала бакчадан тоюп алабыз.

Эки коңшу эртең менен жолугушуп калат:
- Нурзат, түндө үйүңө ууру кирдиби, таң атпай милиционер үйүңдөн чыгып бара жатат?
- Сенин үйүңдөн күндө өрт өчүргүч чыкканын көрүп мен деле унчукпай жүрөм го, же сенин үйүң күндө өрттөнүп жатабы?




Бал төлгө
(30-сентябрь - 7-октябрь)
Кой
Бул жумада чоң маселелерди чечүүгө жана чындыкты издөөгө аракет кылбай эле коеңуз.
Жуманын ортосунда алыстан жагымдуу кабар угасыз. Ал эми дем алыш күндөрү көңүлүңүзгө жаккан адамыңыз менен эс аласыз.

Букачар
Бул жуманын ичинде жумушуңузда жакшы ийгиликтер күтүп турат. Эң негизгиси - жумушта жоопкерчиликтүү болууну унутпаңыз. Жуманын ортосу кирешелүү болуп, маанайыңызды көтөрөт. Жуманын аягында көптөн бери жолугуша албай жүргөн адамыңызга жолугасыз.

Эгиздер
Бул жума сиз үчүн жеңил жана тез өтөт. Жуманын ортосун толугу менен үйбүлөлүк маселелерге арнаңыз. Жуманын аягында жолго чыксаңыз, жолуңуз байсалдуу болот. Жекшемби күнүн жакындарыңызга арнаңыз.

Бөйөн
Бул жумада күз мезгили сиз үчүн көп сюрприздерди даярдап турат. Жуманын ортосунда олуттуу идеялар пайда болушу мүмкүн. Дем алыш күндөрү майда-чүйдөгө көңүлүңүздү чөктүрбөй эс алыңыз.

Арстан
Бул жумада чыгашаларыңыз өсүп кеткендигине байланыштуу финансы маселеси жаралат. Жуманын ортосунда жагымсыз окуяларга дуушар болосуз. Жуманын аягында жетекчилик менен жакшы баарлашуу күтүлөт. Дем алыш күндөрү алыстан жакшы кабар угасыз.

Бийкеч
Бул жуманын башында билим деңгээлиңиз жогорулайт. Жуманын ортосунда жашооңузда өзгөрүүлөр болот. Көптөн бери пландаштырып жүргөн иштериңиз оңунан чыгат. Жолдо жүргөндө абайлаңыз. Дем алыш күндөрүн үйбүлөңүзгө арнаңыз.

Тараза
Бул жумада жаңы жерлерди көрүүнү же эс алууну ойлоп жүргөндөргө кыялыңыздагыларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болот. Жуманын ортосунда досторуңуздан сиз билбеген сапаттарды байкайсыз. Дем алыш күндөр үй жумуштары менен алектенүүгө ылайыктуу.

Чаян
Бул жумада жумуштан чарчаганыңызды сезесиз. Андыктан денсоолугуңузга кам көрүп, жаратылышта эс алсаңыз пайдалуу болот. Жуманын аягында көп убакыт көрбөгөн таанышыңызга жолугуп, жагымдуу жаңылык угасыз.

Жаачы
Бул жумада алдыга койгон максатыңызга жетиш үчүн көп эмгектенүүңүз керек. Жуманын ортосунда маанилүү чечимдерди кабыл алууда жылдыздар жети өлчөп, бир кесүүнү эскертет. Жуманын ортосунда үйбүлөлүүлөр балдарга көбүрөөк көңүл буруңуздар, алар сиздин камкордугуңузга муктаж.

Текечер
Бул жумада көптөн бери тынчыңызды алып жүргөн иштерди бүтүрөсүз. Аптанын экичи жарымында чарчап-чалыгууңуздун айынан ишиңиз артка жылышы мүмкүн. Андыктан акчага байланышкан маселелерди кийинки аптага калтыра турганыңыз оң. Дем алыш күндөрү жакшы адамдардын жанында көңүлдүү кеч өткөрүшүңүз ыктымал.

Суу пери
Бул жумада достук мамилелерди оңдоо үчүн көп энергия коротосуз. Жуманын ортосу окуяларга бай болот. Чымырканып жеңишти көздөй умтулууңуздан жазбаңыз. Жуманын аягында катуу чарчаганыңызды сезбей калбаңыз. Дем алыш күндөрүн өзүңүздүн эс алууңузга арнаңыз.

Балык
Бул жумада ойлогон ойлоруңуз ордунан чыгат. Жуманын ортосунда үйүңүзгө көптөн бери күтүп жаткан коногуңуз келет. Өзүңүзгө пайдалуу көп жаңылыктарды угасыз. Жуманын аягында бардык иштериңиз ордунан чыгып, көңүлүңүз көтөрүңкү болот.