№64, 26.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Туштарап

К е р е г е
- "Вазир жакшы - хан жакшы, аял жакшы - эр жакшы" деген макалдын маанисин кандай чечмелейсиз?
Нурлан ШАКИЕВ, КР президентинин маалымат катчысы:
"Мурдагы президенттин түбүнө аялы жеткен"
-Бул макал эл арасында көп колдонулат эмеспи. Мисалы, хандын тегерегиндегилер акылдуу, ыймандуу, көрөгөч болсо, ошончолук ханга жакшы. Ал эми тегерегиндегилер бузуку, эки жүздүү, арамза болсо, кесепетинин баары эле ханга тиет. Хан жаманатты болот.
Ал эми аял туурасында айтсак, жакшы аял жаман эркекти жакшы кылат, жаманын жашырып, жакшысын ашырып турат. Ал эми жаман аял жакшы эркектин түбүнө жетет. Мисалы, мурдагы президентибиздин түбүнө аялы жетти. Аялдын акылсыздыгынын аркасы ошол да.

- "Эркекти кудай ураарда элүүгө чыгып жаш болот" деген чынбы?
Майрамбек ОСМОНОВ, ырчы, обончу:
"Эркек элүүгө чыкканда көбөт"
-Менин өзүмдүн жашоомдон эле алсам, мисалы, эркек элүү жашка чейин урунуп-беринип, ачуу-таттууну көрүп дасыгат экен. Аял киши андай болбойт. Ал табиятынан зээндүү келип, жаш кезинен эле көп нерсеге үйрөнөт. Ал эми эркек ошол жашка келгенде жаш жигиттей сүлкүлдөп кийинип эмес, аял сыйлаганды, ага сүйлөгөндү үйрөнөт. Кээ бири көбөт, кээ бири ошондо катын алгысы келет. Мен ошентип эле түшүнөм.

- "Аялдын чачы узун, акылы кыска" дегенге кошуласызбы?
Азиза АБДУРАСУЛОВА, укук коргоочу:
"Азыр аялдардыкына караганда кээ бир эркектердин чачтары узун"
-Кошулбайм. Бул макал кыргыздын улуттук менталитетине туура келбейт. Кыргыздын эркектери илгертеден энесин, эже-карындаштарын, аялын сыйлаган, көчтү башкарган. Кыз кишини "менин үйбүлөмдө конок, бул бирөөнүн бүлөсү" деп сыйлаган. "Эже-карындашка ат казык сен болосуң, үйүңө келсе, чекеси жылып кетиш керек" деп ата баласына үйрөткөн. Кыргыз аялдарынан Курманжан даткадай акылдуу аялдар чыккан. Анан азыр аял кишини теңине албай, 3-4 аял алгысы келген адамдар бар. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп андай сөздөр ошондой адамдардан чыгат.
Айта кетсем, азыр чачтары кыздардыкынан узун эркектер көп.


- Сүйүү жашка карабайбы?
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Сүйүү жаш эле эмес, улутуна да карабайт"
-Карабайт. Мен ошого кошулам. Сүйүү жаш эмес, улутуна, динине , кесибине да карабайт. Негизи жүрөк менен сүйсө эле болду. Эгер аң-сезим менен сүйө турган болсо, ал сүйүү деле эмес. Мисалы, Раймалы менен Бегимайды алсак болот. Чоң атасы менен тең адамды ошончо элдин каргышына карабай секелек кыз сүйүп калды. Ошол сүйүүсү менен экөөнүн аты тарыхта калды.

- "Караңгыда каман күркүрөйт" деген эмнеси?
Асылбек ӨЗҮБЕКОВ, КР эмгек сиңирген артисти:
"Караңгыда күркүрөгөн камандардан коркуп атабыз"
-Ата-бабалар негизи макалдарды бекеринен айтпаса керек. Бул макал деле дал ушул биздин доорго ылайыкташтырылып айтылган окшойт. Азыр күнүнө 8-10 сааттан свет өчүп, каман күркүрөп-каркырап эле атат. Ошондой караңгылыкта Кыргызстандын кайсы бурчунда кандай камандар күркүрөп атканын ким билсин. Биз андай күркүрөктөрдөн коркуп, калтырап, титиреп, свет өчөөрү менен жатып алып атабыз (күлүп). Бирок, эми чын-чынына келгенде, мындай жол менен электр энергиясын экономдоп пайда көрүп аткандар бардыр, бирок калайык-журтка жаман эле болду. Кээ биринин телевизор, муздаткыч, компьютерлери күйүп кетип атат. Мисалы, менин "Аристонум" күйүп кетти. Батырак эле жарык күйүп, ыр-күлкүлүү жашоо болсо экен.

- "Бирөөгө ичкенге суу, бирөөгө кечкенге кечүү табылбайт" дегенге кандай түшүнөсүз?
Ибрагим ЖУНУСОВ, ЖК депутаты:
"Бирөөнүн жегенге наны жок, экинчисинин итине берээр ашы көп"
- Ал деген бирөөгө кор, бирөөгө зар дүйнө дегендей кеп да. Азыр үйүндө жегенге наны жоктор толтура, бирок ошол эле убакта итине берээр ашы көптөр да бар. Баш катаарга кепеси жоктор да, беш-алтыдан үйү барлар да жок эмес. .

- "Кишинин жаманы кирип чыккыча" деген эмнени түшүндүрөт?
Казат АКМАТОВ, жазуучу:
"Адамдын жаманы учурашканда эле билинет"
-Бул макалдын кыргызда "Кишинин жаманын кирип чыкканда билдим, өзүмдүкүн өлгөнчө билбедим" деген түрү да бар. Акылман, кыраакы адамдар адамдын ким экенин учурашканда эле анын билип коет. Бирок, ошол эле учурда адам өзүнө сын көз караш менен карай албайт. Өзүнүн кемчиликтерин өмүрү өткүчөктү билбегендер да бар. Ушул жерден "Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" деген макал келип чыккан.

Бегимай Бакашева