Мамкызмат десе эле, долларбайлар санала баштайбы?




  Люди предполагают, ЦИК располагает

Эти ачышып калган шайлоочулар же чиновниктер жалакайлыкка барышабы?
Адегенде мамлекет башчысы "Акжол" партиясынын жергиликтүү шайлоо кампаниясына ашкере берилип кетиши жөнсүз болорун эскерткен эле. Андан кийин шайлоо адилет жана калыс өтүшүн талап кылган билдирүү жасады. Акырында, түштүккө жасаган иш сапарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып өзүн-өзү сунуштаган тарапкерлердин же саясый париялардан көрсөтүлгөндөрдүн пайдасы үчүн шайлоо үндөөсүн жүргүзгөн фактылар ашкерелене турган болсо, анда аларга карата катаал чаралар көрүүлөрүн айтып келип, "бийлик шайлоо процессине кийлигишпеши керек, бийликтин милдети шайлоочулардын өз эркин тоскоолдуксуз туюнтуп алууга кеңири шарт түзүп берүү менен байланышат" деген мамлекет башчысынын сөзүн президенттин пресс-кызматы жарыялады.

Ошого эле оро-пара (унисон) БШКнын башчысы К.Кабилова жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо административдик ресурстарды пайдаланууга чечкиндүү түрдө тыюу салынарына, документтерди фальсификациялоо боюнча жогортон тапшырма берүү аша чапкан карөзгөйлүк болорун, эч бир моралга жана мыйзамга сыйбастыгын белгилеп, андай аракеттер жүзөгө ашпастыгын, себеби, дээрлик бардык участоктордо 70 тен байкоочу иштээрин, шайлоолордо талапкерлердин, эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышаарын, ошон үчүн бурмалоого жол берилбестигине басым жасады.

(Уландысы 4-бетте)




  Эл үнү

- Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого барасызбы? Шайлоонун таза өтөөрүнө ишенесизби?
Абдраман МАТАЗИМОВ:
- Мен шайлоого барбайм. Анткени барсаң да, барбасаң да урна толо берет экен. Жогорку Кеңешке шайлоого барып добуш бергенбиз. Биз, эл колдогон партиядан бир да депутат келген жок. Эми ушундай болуп атса, кантип ишенесиң? Бийлик дагы эле өз талапкерлерин өткөрүп алат. Шайлоодо фальсификация болот.

Алтынай ДОНОНБАЕВА:
- Ушул шайлоого барам, анткени ар бирибиз шайлоого укуктуубуз да. Жогорку Кеңештин шайлоосуна караганда тазараак болот деген үмүт-төмүн. Анкени, Жогорку Кеңештин шайлоосунун жыйынтыктарына эл нааразы болгонунан бийлик деле коркот болуш керек.

Сажида АЙТМАТОВА:
- Жок, баргым да келбейт. Азыр өзүңө өзүңдөн башка эч ким күйбөйт. Депутаттардан пайда деле жок. Жогорку Кеңештин депутаттары эмне кылып берип атат бизге? Алар эч нерсе жасай албагандан кийин шаардык кеңештин депутаттарынын колунан эч нерсе келбейт да. Депутаттарга, бийликке ишенбей эле өз оокатыңды кыла берген туура.
(Уландысы 5-бетте)

















Яндекс.Метрика