№63, 19.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Эркин трибуна

Карганбектин кайрымдуулук акциясынан
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаков Нарын шаарында кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Жолугушууга 20 миңден ашуун шаардыктар майрамдагыдай маанайда катышышты. Бул майрамдын эң негизги себеби Нарын шаарындагы троллейбустук линиянын тартылышы жана 8 орто мектепте компьютердик класстардын ачылышы жана автору Карганбек Самаковдун "Баатыр энелер" энциклопедиясынын презентациясы болду.
Жогорку Кенештин депутаты Карганбек Самаков троллейбустук линияны тартууга 14 миллион сом кеткендигин айтып өттү. Бул сумманын жарымында Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин да салымы бар экендигин айтты. Президентке элдин атынан алкыш айтылды. Массалык маалымат каражаттарынын, укук коргоо өкүлдөрү жана ушул курулушка өз салымын кошкондордун баардыгы кур кол калышкан жок. Белек катары массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө:
А.Байтерековага - 100 миң сом жана компьютер;
Б.Дыйканбаевага - 20 миң сом жана компьютер;
А.Мамыровго - 20 миң сом жана компьютер;
Милициянын кызматкерлерине 4 компьютер тапшырылды.
"Алмаз" радиостанциясына - бир компьютер.
Бактылуу белектердин ээлери мындан да көп болду. Баардыгы болуп 51 компьютер тапшырылды. Жалпы баасы 23 миң долларга айланды.
Карганбек Самаковду депутаттыка көрсөткөн жардамчыларына өзгөчө көңүл бөлүнүп, аларга Бишкек шаарынан баасы 100 миң доллардан турган эки 3 бөлмөлүү квартира жана "Тойота Камри" автоунаасынан экөө тапшырылды. Белек ээлеринин арасында куруучулар, композиторлор жана кээ бир шаардын тургундары болду. Ошентип буларга 300 миң сомдун тегерегиндеги белектер тапшырылды.
Майрамдык маараке 6 саатка созулду. Мааракени шаңга бөлөгөн кыргыз эстрада жылдыздары болду.




Аксы окуясы
"Курал берүү бир маселе, ал эми курал колдонуу өзүнчө маселе"
Мен А.Кабаев, К.А.Токобаевдин жактоочусу катары иштин чоо-жайынын туура жагын ачып берүү үчүн газета бетине берүүгө аргасыз болдум.

Аксы окуясы жалпы кыргыз эли үчүн жүрөккө так калтырган окуялардан болду. Кыргызымдын жалын жүрөк уулдары бейкүнөө набыт болуп кетишти. Ал кездеги окуяга катышы барлар кутулуп, күнөөсүздөр тутулуп кетти.
Мен жактаган Кубанычбек Токобаевдин ишинде кылмыш болбогонуна байланыштуу, акталышын, ал эми Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун 2007-жылдын 23-октябрындагы жана КР Аскер сотунун жаза иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 20-майындагы өкүмдөрүн жокко чыгаруусун суранып жатам.
Сиздерге түшүнүктүү болсун үчүн кыскача, туура түшүндүрмө берейин.
Ал убактагы Жалал-Абад областынын ички иштер башкармасынын начальниги
К.Токобаев телефон аркылуу айтылган эки ооз сөз үчүн чайналып келүүдө. Мыйзамдын негизинде курал алууга болот деп айтып койгон сөзү үчүн К.Токобаев соттолуп жатса, ал эле ИИМде кызмат өтөгөн кызматкерлер курал кайсы убакта, кандай кезде колдонулаарын аңдашпай курал колдонгондор соттолгонду кой, эч жазыксыз эле ээн-эркин жүрүшпөйбү. Курал алып алсаңар болот деп мамлекет тарабынан уруксат берилген, бирок ушуларды аткыла деп буйрук берилген жок да. Же ИИМдеги ар бир кызматкер кайсы убакта эмне үчүн курал алгандыгын, эмне үчүн куралдан от чыгарып жаткандыгын баамдап билүүсү кажет эмеспи.
Милиция кызматчыларына курал-жарак берүү тартиби 1995-жылдын 6-октябрындагы №360 буйругу менен бекитилген, ППСтин Уставынын жалпы жоболор бөлүмүнүн I главасынын 16-беренеси, ИИМнин 1998-жылдагы №146 жана 1995-жылдагы №128 буйруктары менен жөнгө салынат.
Уставдын 16-беренесинде милиция кызматчыларына кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн атайын жабдыктар менен бирдикте, курал-жарак дагы берилери көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге, курал-жарактарды кандай учурда, кандай жагдайда пайдаланууга боло тургандыгы, ППСтин Уставынын VII-главасында жана Ички иштер органдарынын мыйзамынын 15-беренесинде көрсөтүлгөн.
Ал эми, ИИМдин 1995-жылдагы №128 буйругунун 2.1 пунктунда, курал алган милиция кызматкери ИИМдин мыйзамынын негизинде куралдын туура колдонулгандыгы жөнүндө өздөрү жооп берет деп ачык жана так жазылган.
Тергөө органдары, ага кошулуп эки инстанциядагы аскер соттору, бул нормаларга такыр эле көңүл бурбай, бир жагдайлуу карап күнөөлөө жагына оогон.
"Эмне үчүн тергөө органдары же сот бул нормативдик актылар такыр эле жок сыяктуу, соттолуучунун жана жактоочунун айткан сөздөрүнө көңүл бөлбөйт? Анын жообу бир. Андай болгондо Токобаевди толук акташ керек болот.
Экинчиден, курал берүү беренеси менен Аксы районунун Боспиек участкасында болгон курал колдонуунун түздөн-түз байланышы жок. Укуктук жактан караганда курал берүү жагы бир маселе, ал эми курал колдонуу жагы өзүнчө бир маселе.
Күн сайын жүздөгөн, миңдеген милиция кызматчыларына курал-жарак берилет, бирок бул барып эле куралды колдон, ат дегенди билдирбейт жана эч кимге куралды колдонууга укук бербейт. Эгерде куралды колдонуу фактысы болсо, милициянын жетекчилиги укуктук жактан жооп бербейт.
Ал эми куралды колдонгон кызматкер, жогоруда мен көрсөтүп кеткендей мыйзам алдында өзү толук жооп берет.
Үчүнчүдөн мен кызыкчылыгын жактаган адам, Аксы окуясы боюнча жүргүзүлгөн биринчи тергөө аракетинен баштап, курал берүү жөнүндө жана элдин алдын тосуу жөнүндө, же жазуу түрүндө дагы эч кимге эч качан эч кандай көрсөтмө же буйрук бербегендигин көрсөтүп келе жатат.
Төртүнчүдөн, сөзсүз түрдө, анда эмне үчүн Кулуев менен Калбаев, Токобаев курал берүү жөнүндө буйрук берген деп көрсөтмө беришкен деген суроо туулат. Анын жообу эң жөнөкөй - 2002-жылы 17-мартта окуя болгон жердеги милиция кызматчыларына РИИБдин начальниги жана жогорку органдан атайын жиберилген, ОИИБдин начальнигинин орун басары жетекчилик кылышкан. Ал эми ИИМнин 1998-жылдагы №013 буйругу менен бекитилген наставлениенин 1.3 пунктунда митинг, пикет жана демонстрация өткөрүүдө, коомдук тартипти сактоо жоопкерчилиги, аймактык ИИБдин же жогорку ички иштер органынын атайын тапшырма менен кызматкерине жүктөлөт деп ачык көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары, ички иштер органдарынын мыйзамынын 11-беренесинде жана кайгуул күзөт кызматынын Уставынын 175-беренесинде, эгерде жогорку органдар тарабынан мыйзамга карама-каршы буйрук же көрсөтмө берилсе, кызматкер мыйзамдын гана чегинде аракеттениши керек деп айтылган. Эгерде Калбаев менен Кулуев Токобаевдин мыйзамсыз буйругун аткарышса, эмне үчүн алар аткаруучу катары жоопко тартылышкан эмес?
Токобаев кызматкерлерине телефон аркылуу айтылган эки ооз сөзү үчүн соттолуп жатса, Токобаевдин жетекчилери, ИИМдин жооптуу кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыштын белгиси жок деп акталышы теңчиликпи?
25-октябрь 2008-жылы мен жактоочу катары мыйзамдуу кызыкчылыгын жактаган Кубанычбек Токобаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясында көзөмөл иретинде каралганы турат.
Бирок менин, бул иш сотто акыйкаттык түрдө мыйзамдын негизинде каралып, туура жыйынтык чыгарылат дегенге ишеничим жок. Себеби, бул иш башынан эле саясый ишке айланган. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Азимбек Бекназаров Аскер сотунун соттук заседаниесинде соттолуучуларга кайрылып, "силердин тагдырыңар бул соттук кароодо эмес, жогору жактан чечилип жатат" деп айтканы чындык болуп чыкты окшойт.
Жакында болуп өткөн Адилет министрлининин жана ГУИНдин иштерин караган чогулушта, башкы прокурор Сатыбалдиев макталып, Бекназаров жыйынтык чыгара албаган Аксы окуясынан жыйынтык чыгарды деп жатса, сөзсүз түрдө жогорку Соттун мүчөлөрү бул сөздү көрсөтмө катары кабыл алышаарына ишенем. Ошондуктан мыйзамдуу жыйынтык чыгарылышы мүмкүн эмес деп айткым келет.
Урматтуу окурман, өзүңүздөр эле талдап көрсөңүздөр, ИИМдин жетекчилигинин бир да бирөөнүн, окуя болгон жерде жетекчилик кылышкан райондук деңгээлдеги жетекчилердин куралды колдонгон милиция кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыштын белгилери жок деп табылып, аларга карата иш кыскартылса, адамдын башы,колу, буту күнөөлүү эмес, жалгыз эле тулку күнөөлүү дегендей эле болуп жатпайбы.
Иш десе ишке, аш десе тойбой турган кезинде бейкүнөө жактоочум өзүнүн сүйгөн ишине кирише албай, эл, жер, Ата журт үчүн кызматын өтөп, пайда келтире албай, кимдир бирөөнүн жалган жалаасы үчүн сот жообуна тартылып отурганы өкүнүчтүү. Гезит бетине жарыялоомдун себеби, тиешелүү адамдар окуса бир жыйынтык чыгабы деген үмүтүм бар.

А.Кабаев