№63, 19.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шоу шыбырттары

Бегимай БАКАШЕВА
Ильяз үй сала баштады
Ырчы жигит Ильяз Абдыразаков өзүнө Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылына үй кура баштады. Ильяз ал жерден өзүнө жер участогун сатып алган экен. Буюрса үйдүн фундаменти тургузулуп бүтүп калыптыр.

Кудай сактады
Асыл Апасова продюсерлик кылган Мирбек Иманбеков, Ирлан Таалайбеков жана Бегимай Карабаева бир кырсыктан аман калышты. Алар август айынын 8инен баштап сентябрь айына чейин Россиянын тогуз шаарына концерт коюуга барышкан. Иркутск шаарындагы концертте 6,5 баллдык жер титирөөгө кабылышты. Ырчылар жаткан мейманкананын чатыры түшүп кеткен экен. Кудай сактап, ырчылар чыгып кетүүгө үлгүрүп, аман калышты. Россиядан кайтаары менен ырчылар өз айылдарына эс алууга кетишти.




Заринага белек
"Стиль" программасынын алып баруучусу Зарина Хасанова жакында "Позови меня" атуу ырына клип тарттыруу үчүн кооз жана кымбат баалуу машина таппай айласы кетиптир. "Реклама боюнча издеп барсам, прокатка 300 доллардан ылдый баадагы машина да табылбады, анын үстүнө ал машиналардын бири да мага жаккан жок" дейт Зарина. Эң кызыктуусу - ырчы кыз өзүнүн машинасы менен Бишкектин бир көчөсүндө кетип баратса, алдында Зарина каалагандай, "Кабриолет Мустанг" машинасын айдап бир жигит кетип баратыптыр. Артына "сатылат" деп телефонун да жазып койгон экен. Зарина ошол замат телефон чалып токтотуп, клип тарттырып алууга прокатка берүүсүн суранат. А машинанын ээси Заринанын күйөрманы экенин айтып, бекер эле тартып алууга берген экен. Ошентип, жакында Заринанын жаңы клибин көрүп калат экенбиз.




Иса кимди сүйүп калды?
Жаш ырчы Иса Эмил уулу "Алгачкы сүйүү" аттуу ырына клип тарттырды. Клиптин сюжетинде Иса өзүнөн жашы улуу кызды сүйүп калат. Клип тартуу учурунда күлкүлүү учурлар болуптур. "Исага мурут чаптаган кезде ал кадимки чоң кишиге окшоп калып, оператор баш болуп ошол жердегилер аябай күлдүк. Кийин чапталган мурутун ала албай убара болду, Исанын өзүнүн да муруту жулунуп кетти" дейт апасы. Белгилей кетсек, клипте Исанын атасынын ролунда мурдагы клиптеринин биринде да атасы болуп аткарган "Дем" театрынын актеру Марат Козукеев болду.




Иса Коноевич Ахунбаевтин 100 жылдыгы
- Иса Коноевич Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесин белгилөө 23-сентябрда башталат.
- 23-сентябрда саат 9.00 до Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын алдында болочок эстеликтин ордуна таш коюу аземи өтөт.

Саат 10 до Улуттук академияда чоң илимий жыйын;

- 24-сентябрда саат 11 де Ыссык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында эстелиги ачылып, чоң митинг, кыргыз оюндары;
- 25-сентябрда 10.00 Тарых музейинде И.К.Ахунбаевди эскерүү кечеси өтөрүн билдиребиз.
Уюштуруу комитети: Алымкадыр Сабирдинович Бейшеналиев КММАнын жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, медицина илиминин доктору, профессор