№62, 12.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Алака

Кыргыз -Россия пресса фестивалы
8-10- сентябрда Чолпон- Ата шаарында кыргызстандык жана россиялык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн биринчи фестивалы болуп өттү. Анын демилгечилери жана уюштуруучулары Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлиги, Туризм агенттиги, Россиянын журналисттер союзу болду. Фестивалдын уюштурулушуна "Аалам" гезитинин да түздөн-түз салымы болгондугун белгилеп кетсек болот. Гезит буга чейин Сибирь аймагынын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен кеңири кызматташууга жол салып келген эле. Фестивалга Москва шаарынан жана негизинен Сибирь аймагынан: Алтай крайынан, Омск, Томск, Иркутск, Кемерово областтарынан, Краснояр крайынан, Хакасия, Тува, Бурятия, Башкортостан жана Ханты- Манси автоном округунун массалык маалымат каражаттарынан 100 дөн ашуун өкүл, кыргызстандык өкүлдөр катышты Мындан сырткары Россиянын мамлекеттик бийлигинин, коомдук уюмдарынын, ишкер чөйрөсүнүн кадырлуу өкүлдөрү да келишти.


Айгүл Бакеева,
Бишкек- Чолпон-Ата
Кыргызстан менен Россиянын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү эки өлкөнүн маалымат каражаттарында азыркы турмушту чагылдыруу, өз ара кызматташуунун жаңы ыкмаларын табуу тууралуу кеңири сөз козгошту.
Меймандар "Рух Ордо" комплексинде болушту, маданий- эс алуу обьекттери менен таанышышты. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы туризм агенттиги жүздөгөн журналисттерге өлкөнүн туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн демонстрациялап алууга жетишти.
Кабарчыбыз ушул фестивалдын бир катар кадырлуу меймандары менен Кыргызстан менен Россиядагы саясый-экономикалык абал, анын басма сөздө чагылдырылышы, азыркы көйгөй маселелер тууралуу маектешип келди.
Александр Аринин, политология илимдеринин доктору, Россия Федерациясынын Федерализм жана граждандык коом институтунун директору:

"Россия бүгүн модернизация жолунда"
- Александр Николаевич, Россияда азыр өлкөнү модернизациялоо тууралуу сөз кыла башташты, бул тууралуу кыргызстандык окурмандарга азыноолак сөз козгоп берсеңиз?
- Ооба, Россия бүгүн өлкөнү модернизациялоого даярдоо алдында турат. Мунун себеби, башка өлкөлөрдөй эле Россия да экономиканы көтөрүүгө муктаж болуп жатат. Ал эми экономика натыйжалуу болушу үчүн мамлекеттик бийлик да жооптуу, натыйжалуу иштеши керек, алдыдагы милдеттерин сапаттуу аткарып, жарандардын укугун, эркиндигин камсыз кылып, мыйзамды сактоо менен жогорку өндүрүмдүү экономикага жетишүүнү камсыздоого тийиш. Азыркы тапта кичи жана орто бизнести өнүктүрүү милдети турат, ал эми мыйзамдар сакталмайынча аны өнүктүрүүгө мүмкүн болбойт. Бүгүн өлкө экономиканы натыйжалуу, атаандашууга туруштук берүүгө чамасы чак келген тармакка айлантууга бел байлап жатат. Бул жагынан бир катар реформалар талап кылынат. Эң ириде сот системасын реформалоо. Ар бир адам тегине, улутуна, жашаган жерине карабастан өзүнүн мүмкүнчүлүгүн өндүрүмдүү эмгекке жумшай алгыдай болушу керек.
Экинчиден аткаруу бийлиги да натыйжалуу иштеп, элдин алдында жоопкер болушу шарт. Эл бийликти көзөмөлдөп турушу үчүн ал ачык болуп, өзүнүн жүргүзүп жаткан иштери тууралуу массалык маалымат булактарында, Интернет сайттарда билдирип турушу керек. Ал маалымат так, чын,айкын жана да акысыз болууга тийиш. Ошондо ар бир жаран, коомдук саясый уюмдар ж.б. каалаган маалыматын ала алат. Аткаруу бийлиги да натыйжалуу иштөөгө умтулат. Мыйзам чыгаруу бийлиги да элдин көзөмөлүндө болуп, мыйзамдар ким тарабынан көрсөтүлүп , кандай мыйзамдар даярдалып жатканы тууралуу маалымат берилип турушу керек. Мына ошондо жеке кызыкчылыктан чыккан мыйзамдарга бөгөт коюлат эле. Жашырганда эмне, айрым мыйзамдар лоббисттердин кысымы астында алынып калып жатпайбы.
- Кыргызстан менен Россиянын мындан аркы кызматташуусунун келечеги кандай багытта өнүксө деп эсептейсиз?
- Кыргызстандын экономикалык потенциалы абдан чоң, бирок аны өнүктүрүп, инвестиция тартуу керек. Менимче россиялык тарап Кыргызстанда энергетика, кендерди казуу боюнча гана эмес, мисалы инфраструктураны өнүктүрүүгө да салым кошсо болоор эле. Мына азыр эле мага мындай ой келип калды, Бишкектен Ысык-Көлгө чейин ылдам жүрүүгө шарты бар темир жолун курса, аралык алда канча кыскараар эле.
Мен дүйнөнүн бир катар жерлеринде, Швейцариянын Альпы тоолорунда, Испанияда, Японияда, Англия, АКШ, Кавказда да болгом, бирок мындай кооз тоолорду, көлдү биринчи кездештиришим.
- Грузия, Абхазия окуясынан кийин дүйнөдө кандай өзгөрүүлөр күтүлөт деп ойлойсуз?
- 8-августтагы окуялардан кийин КМШ өлкөлөрүндө жаңы башталыштарга жол ачуу, экономикалык интеграциялоо маселеси келип чыкты. Мурдагы СССР өлкөлөрү бири- бирибизге муктажпыз. 15 жылдай ар бирибиз өз арбайыбызды согуп, кыйналып келдик.

(Уландысы 7-бетте)




  Ак-кара

Аты менен заты
Үсөн Касыбеков
"Ак жол" элдик партиясы деген саясый курам бар. Жогорку кеңешке шайлоодо омуроого салган административдик ресурстарды, балит технологиялык ыкмаларды кенедей да "колдонуп койбой" "таптаза" утуп чыккандан кийин парламентте конституциялык көпчүлүктү түзүп калган эле.

Парламенттеги 90 мандаттын 70и "Ак жолго" таандык. Ошондуктан анын мыйзам казанынын кайсы жагынан кандай кулак чыгарам десе да өз эрки. Республиканын бүт мыйзам токуу бийлиги анын колуна топтолгон. "Ак үй" муктаж эмне деген, кандай деген мыйзам долбоору болбосун тумтак өткөрүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бекеринен "Ак жолду" жапырт добуш берүүгө ылайыкташкан сүрмө топ саясий машине деп аташпагандыр. Иши кылып "Ак жолду" парламентте өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип тайраңдаган бирден бир партиялык фракция десе болот.
Бир гана чоң мандеми анын аты затына коошпой турганында. "Ак жолду" орусчага которо келсек "Светлый путь" болуп чыгат. Асыресе, свети жок караңгыга төңүп ымтырап турган өлкөнүн гегеомон партиясын "Светлый путь" - "Ак жол", "Жарык жол" деп атоо бери болгондо осолдук экенин моюнга алышыбыз жөн. Экинчи жагынан элди караңгыга камап карайлатып таштаган партияны "элдик" деп атоо андан бетер олдоксондук болор эле.
"Ак жолдун" электрэнергиясын пайдалануусуна чектөө (лимит) киргизилип, Кыргызстандын элинин башка коңшу республикалардан айырмаланып кудай берген куруттан кур калышына кандай тиешеси бар? Тиешеси түздөн түз. Себеп дегенде премьер-министр Игорь Чудиновдун шайланышы мына ушу "Ак жолдун" күчү менен, ачыктан-ачык лоббисттик колдоосу менен ишке ашкан эле. Мындан тышкары премьер И.Чудинов тарабынан түзүлгөн министрлер кабинети, анын ичинде энергетиканын лимити, веердик өчүрүүнүн автору өнөржай, энергетика, отун ресурстар министри С.Балкыбеков. Өлкөнүн терең энергетикалык кризиске кептелишине, ошентип, өкмөт менен кошо премьер И.Чудиновду шайлаган, андан кийин министрлер кабинетин бекиткен "Ак жол" деп аталган "элдик" партия менен анын лидери да жооп кармашы кажет болуп чыгат. Жумгактап айтканда республиканын элинин караңгылыкка батып там сүзүп калышына "Ак жол" түздөн-түз өбөлгө болгонун тануу кыйын.
Мындан кийин, партия жасаган ишинин натыйжасына ылайык "Ак жол" партиясы өз атын өзөртүү муктаждыгы келип чыгары талаш туудурбас.