№62, 12.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кетсинизмге чейин

Оппозиция "от" чыгара алабы?
Ачып көздү жумганча , айтып оозду жыйганча күтүрөгөн күз да келди. Жай кантип өтүп кеткени билинбей калды. Самолет кулап, көп адам өлгөнүн эске албаганда жайкысын өлкөдө башка эсте каларлык маанилүү саясий окуя деле болгон жок. Расмий парламенттин артынан коомдук парламент да каникулга кетип, саясий майдан аңгырап бош турду.

Нан кымбат болсо эле эл толкуп кетет дешкен. Канакей толкуганы! "Хлебный бунт" ток болсо да Батышта болушу мүмкүн, Азияда, өзгөчө Кыргызстанда эзели болбойт. Кыргыз жээрге эч нерсе жок ачка калса, арыз-муңун өкмөткө эмес, тууганына айтат. Төлөп бере албаса да жек- жааттарынан акча сурайт. Жек-жаат деген, өзүңүздөр билгендей, кыргызда көп болот. Бири бербесе да экинчиси уялганынан берет. Ачка калгандар болбой калды дегенде уурдайт, бирок көчөгө чыкпайт. 90-жылдын башындагы мындан өткөн кыйынчылыкта көчөгө чыкпаган кыргыз азыр чыкмак беле. Анын үстүндө менин баамымда азыркы кымбатчылык шаардыктарга эле оор тийүүдө. Мен жай бою Чүйдө эл ичинде жүрдүм. Бийликти ашатып эле жатышат. Бирок нан үчүн эмес - нансыз ачка калган үйдү көргөнүм жок. Адилетсиздик үчүн. Электрди өчүргөнү үчүн. Анан Чүй эли облустук жана райондук бийлик органдарына оозуң кана десе мурдун көрсөткөн сабатсыз ака-үкөлөрдүн толуп кеткенине аябай нааразы. Нан жөнүндө айтсам, тескерисинче, айыл-чарба продукцияларынын кымбатташынан жакшы пайда таап, чоң акча уучтап жүргөн адамдарды көп жолуктурдум.
Жайда саясий климат канчалык салкын болсо, күздө ошончолук ысыйт өңдөнүп калды. Оппозиция ашык-кеми жок бийликти алып түшөбүз деп жарыя кылды. Мен өз кулагым менен уга алган жокмун, бирок анын жыйынына катышкан массалык-маалымат каражаттары ошондой дешти деп айтып жатышат. Октябрдын аягында элдик курултайга бир маалымат боюнча 10-15 миң киши, экинчи маалымат боюнча 20-25 миң киши чогултабыз дешкендерине караганда чын эле оппозициянын бир көздөгөнү бар окшойт. Бирок анча киши алып чыкканда эмне экен! Азыр бийликти кишинин саны менен коркута албайсың. Оппозиция өзү айткандай бийлик менен күрөшүүнүн легитимдүү жолдору түгөндү. Бакиев кетсин десең, апрель митингисинен да жаман кылып дыркыратып кууйт. Бийлик өлбөгөн жерде калып күч колдонууга даяр экенин жогору жакта сөз кылган Эларалык кризис тобу да айтып жатат. Бийликти жеңиш үчүн чабышса чабышып, кармашса кармашуу керек. Оппозиция ошондой легитимдүү эмес кадамдарга даярбы? Мен анын белгилерин азырынча көрө албай турам. Баарын кылдат ойлонбой чыгат деген ушу экен деп жөн эле көчөгө алып чыгып элди дагы бир жолу сындырып, жалкытып алышпаса болду.




  Көкөй кескен Токтогул

Жел сандардын "кошкон салымы"
Жалпы республика боюнча официалдуу түрдө суткасына 8 сааттан веердик өчүрүүлөр киргизилген. 31-августтан көп өткөн жок "Электр станциялар" ОАОсунун пресс-кызматы койкоңдогон маалымат таратканга үлгүрдү. (Ырасында буга чейин бир айдан бери эле жер-жерлерде лимит дегенди бетке кармап элди электрэнергияны пайдалануудан зомбулук-зордук менен куру калтырган өнөкөт болуп келген эле. Эл үчүн "жаңы лимит" жаңылык деле эмес болчу ). "Электр станциялардын" маалыматында Токтогул суу сактагычынын деңгээли 4 см. көтөрүлгөнү, 2008-жылдын 4-сентябрына карата алып караганда суунун көлөмү 9,528 млрд. куб. м. түзгөнү, бул көрсөткүч болсо өткөн жылдын деңгээлинин 70 процентине туура келери айтылат. Мындан тышкары суунун агып киргени секундасына 313 куб.м., агып чыкканы 218 куб.м. туура келгени боюнча билдирүү бар.

Үсөн Касыбеков

"Электр станцияларынын" атайылап чыгынып тараткан бул маалыматы бекеринен болбогону анык. Анын чоо-жайы - катуу бөксөрүп кеткен Токтогул резервуарындагы суу веердик өчүрүүлөр чараларынан кийин калыбына келе баштады, электрэнергиясын пайдаланууга лимит киргизилиши акыры өз жемишин берип жатат деген кепти каңкуулоо. Кыскасы, курулай нааразычылыгыңарды токтоткула, андан көрө биздин жасаган эрдигибизге ыраазы гана болушуңар керек деп эрдемсинүү турганын баамдоо кыйын эместир.…Непадам, азыркы форс-мажордук кырдаал түзүлгөнгө дейре Токтогулдун суусун кимдер кантип коррупциялык кандуу булоон талап-тоноого алганы, кимдердин иштин көзүн билбеген, алысты көрө албаган шалаакылыктарынан улам суунун тартыштыгы келип чыкканы, энергетикадагы кимдердин "суперкомпетенттик менеджментинин" шарапаты менен суу сактагыч болуп көрбөгөндөй бөксөрүп кеткени жөнүндө мыдыр деген сөз айтылбайт. Түшүнүктүү дечи, андай кептин айтылышы да кыйын эмеспи.
"Электр станцияларынын" тараткан маалыматы Токтогул резервуарындагы реалдуу абалды бир жаңсыл туюнтуп бере албайт. Тескерисинче, анда элдин көзүн будамайлоо, жооткотуу аракеттери көп. Кыргызстандын гидроэнергетика эксперттеринин айтымдарына караганда суунун деңгээли төрт сантиметрге көтөрүлгөнүнүн энергетиктер үчүн мааниси жок, кептин баары июль айында топтоло турган параметрлерден катуу артка калганыбызда жатат (Мирлан Алдаяров), Токтогулдагы суунун деңгээлинин 4 см. жогорулашы жыл сайын боло жүргөн кадыресе эле көрүнүштөрдүн бири (Алишер Жолчуев). Эгер экинчи жагынан экс-вице-министр А.Матубраимов "Азаттык" радиосундагы маегинде белгилеген Токтогул ГЭС курулуп бүткөндөн берки 50 жылдын ичинде суу сактагычтын түбүндө тунуп калган шиленди, кум-чополордун көлөмүн эске алсак 4 см. көтөрүлүп кетти деп энергочиновниктердин опулдаткан сүйүнчүсү орунсуз болуп калары ачык.
Башкысы "Электр станцияларынын" Токтогулда 9,528 млрд. куб. м. суу топтолду, бул болсо өткөн жылдын деңгээлинин 70 процентине туура келет деп цифраларды чакмак таш кылып ойноп иш оңолуп калгандай түр менен элдин башын оорутуп көзүн боемолоп жатканы өкүндүрөт. Баарыбызга маалым Токтогул резервуарындагы суунун деңгээли 5,5 млрд.куб.м. түшкөндө "өлүү горизонт" сызыгы башталат. Мындай учурда - трибунанын жумушчу дөңгөлөгүнүн вибрациясы менен кавитациясы башталган учурда - ГЭСтин ишин токтотууга аргасыз болосуң. Катастрофага дуушар болушуң мүмкүн. ГЭСтен кол жууп калышың оңой. Демек, топтолгон 9,528 млрд. куб. метрден 5,5 млрд.куб.м. алып таштоо керек. Калган иштетиле турган жумушчу суу бар болгону 4,028 млрд.куб.м.түзүп калат. Башкача айтканда суу сактагычтагы 70 процент эмес, "пайдалуу суунун" 50 проценти жөнүндө кеп кылышыбыз жөндүү. Кыскасы Токтогул ГЭСи жылдагыдай гидроэнергетикалык жана ирригациялык режимге түшүшү үчүн көп убакыт талап кылынат. Жакынкы келечекте, ошентип, Токтогулга суу толуп кадыресе иштеп кетиши арсар. Бир гана ылаажы- тыштан электрэнергиясын импорттоо калат. Эгер ушу багытта иш жүрө турган болсо, балким, бир майнап чыгып кетээр беле. Лимит, веердик өчүрүү деп элдин башын оорутуп кур бекер кыйнагандан натыйжа чыкпасы ачык. Жел цифралар менен элди сооротуп көз жазгырып алдагандан жаман нерсе жоктур. Анын түпкүлүгү түз болбой калышы турулуу иш.