№62, 12.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Апта төлгөсү төппү?

(15-сентябрь - 22 сентябрь)
Кой
Бул жумада кой жылдызы алдында төрөлгөн адамдардын жеке жашоосу ойдогудай өтөт. Жалгыз бой жүргөндөр үчүн жаңы таанышуулар болушу күтүлөт. Ушул жумада алардын көптөн бери ойлогон иш-пландары орундалат. Ишкер адамдарды өнүгүү, бизнесин кеңейтүү күтөт.

Букачар
Бул жума жеке жашооңуз үчүн ушул апта ыңгайлуу, жакшы учур. Эски таарынычтарды унутуп, жарашуу жөнүндө ойлонуңуз. Жуманын аягында ден-соолугуңузга кам көрүп, эс алып, витаминге бай жашылча-жемиштерден жеңиз.

Эгиздер
Бул жумада сиз жактырган адам менен мамилеңиз тереңдейт, ортодо азыраак чыр-чатак болот жана ысык мамилени бекемдеген саякаттар болушу күтүлөт. Жуманын аягында айрым бир өнөктөштөр менен пикир келишпестиктер да болушу мүмкүн. Финансы каражаты оң жагына чечилип, үйүңүзгө киреше кирет.

Бөйөн
Жуманын башында ишкерлер бут тосууларга, татаал кырдаалга чыгууга туура келет. Айрым бир кызматкерлер кесиптештери менен тил табыша албай араздашуусу күтүлөт. Финансы каражаты да татаалдашат. Ден-соолукка кам көрүп, дарыланганга да убакыт келгенин эске алып жакшы дарыгерге кайрылыңыз.

Арстан
Бул жумада бул жылдыз алдында төрөлгөндөр өз кыялдарын ишке ашыра алышат. Алыстагы өнөктөштөрү менен байланышы бекемделет. Жуманын аягында уюштуруу иштери менен алек болуп, эс алууга чыгасыз. Үйбүлөдө терс жагдай түзүлүшү мүмкүн, мына ошондуктан чыр-чатактан сактануу үчүн башка иштер менен алаксыганыңыз жакшы.

Бийкеч
Бул жумада бийкечтердин "ити чөп жеп" иштери алдыга жылат .Коркпостон алдыга койгон көптөгөн иш-пландарыңызды ишке ашыра бериңиз. Финансы иштерден болсо жетишпестик күчөйт. Жуманын аягында досторуңуздун жардамы көңүлүңүздү көтөрөт. Машина менен жүрүүдө же рулда сак болуңуз.

Тараза
Бул жума тараза белгиси алдында төрөлгөн адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Иш боюнча сунуштар, жаңы жумуш, жаңы өнөктөштөр менен жолугушуу күтүлөт. Үйүңүзгө сиз ойлогондой киреше түшөт. Жуманын аягында таразалар энергиялуу, сергек, жагымдуу жана чечкиндүү болушат. Оору-сыркоо тууралуу унутуп да коюшат.

Чаян
Жуманын башы бир аз ийгиликсиз, анткени күтүлбөгөн проблемаларга туш болушу ыктымал. Жетекчи чаяндар кол алдында иштегендерди жакшылап көзөмөлдөөгө тийиш, ал эми катардагы кызматкерлер ичи тар кесиптештеринен сак болгону жакшы. Жуманын аягында жасаган аракетинин акыбети кайтып, проблемалар чечилип, баары өз жайына келет.

Жаачы
Бул жумада өнөктөштөр менен атаандаштар арасында ич ара күрөш жүрөт. Алыскы сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Жогору жакта иштеген достордон колдоо келиши мүмкүн. Үйбүлөлүк маселеге жана балдарга акча каражатын коротосуз. Энергиясы чабалыраак адамдар айдын аягында ден соолуккка кам көрүшү мүмкүн.


Текечер
Бул жумада кесиптештер менен мамилелер салкындай баштайт. Чыр болушу күтүлөт. Текшерүүлөр, юридикалык пландагы маселелер ишти татаалдантат. Финансы каражатынан кыйналбайсыз. Көп иштегендиктен бул жумада текечелер аябай чарчаңкы болушат. Ошондуктан, ден-соолугуңузга кам көрүп, организмди эс алдырууну унутпаңыз.

Суу пери
Бул жумада финансылык каражаты татаалдашат, бир гана өз күчүңүзгө жана мүмкүнчүлүгүңүзгө ишениңиз. Бардык суу перилердин кызыкчылыгы жеке турмуша багытталат. Үй-бүлөлүүлөр балдарына жакшылап көз салуусу керек. Жуманын аягында жолдо жүрүүдө сак болуңуз.

Балык
Бул жумада ишкер адамдар жана кызматтагы адамдар чукул бурулушка кабылат. Ишиңиз чыр-чатакка айланса жумуштан да бошоп калышыңыз мүмкүн. Жуманын ортосунда баардыгы өз ордуна туруп, ордуна келиши күтүлөт. Дем алыш күндөрү үйбүлөңүз менен эс алууга чыкканыңыз сизге пайдалуу.




  Учур чак

Улуттук канал мечитке айланабы?
Бир катар бейөкмөт уюмдары Мамлекеттик катчы Нур уулу Досболго, вице премьер-министр Элмира Ибраимовага, УТРКнын баш директору Мелис Эшимкановго атайын кат менен кайрылып жатышат.

Гүлмира Исакеева
Катта кыргыз коомчулугунда исламды саясатташтыруу, чет элдик радикалдык ислам уюмдарынын таасирин жайылтуу аракеттери акыркы мезгилде айрыкча күчөп баратканына кабатырлангандык билдирилген. Кыргызстанда шарият мамлекетин орнотууну көздөгөн мындай максат өлкөдөгү адам укугунун сакталышына олуттуу кедергисин тийгизип, көп никелүүлүккө жол берүүнү, диний окуулардын мектеп программаларына киргизилишин, улуттук теле берүүлөрдө диний пропаганданы кеңири жайылтууну көздөйт. Жарандык коомдун өкүлдөрүн айрыкча диний үгүт насаатты жайылтууга улуттук телеберүүлөрдө кеңири жол берилип жатканы өзгөчө тынчсыздандырып жатат.
Байкоолорго караганда айрыкча азыр, Рамазан айында мамлекеттик каналда динди пропагандалоо максатында пайдалануу күчөдү. Мамлекеттик телеканалда (бул жерде башка динди тутунган, же эч бир динди жактабаган жарандар бар экенин да эстен чыгарбоо керек ) бир гана диндин үгүтчүлөрүнүн басымдуулук кылышы, бир гана динди пропагандалоосу , деги эле мамлекеттик эфирди диний таасирди жайылтууга пайдалануу коомдо өзгөчө опурталдуу абалдын түзүлүшүн шарттайт.
Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү мамлекеттик жооптуу кызматкерлеринин көңүлүн УТРКнын жетекчисинин уруксаатысыз, ал жок кезде мамлекеттик каражатты, адамдык жана техникалык ресурстарды пайдалануу менен Мыктыбек Арстанбектин жетекчилиги менен ислам пропагандасына байланышкан отуз сааттык программа даярдаганына, алар улуттук канал жана "Эхо Манаса" каналы аркылуу эфирге акысыз чыгарылып жатканына буруп, мамлекеттик бийликтеги жооптуу кызматкерлер мындай аракетке жол бербейт деген ишенимин билдиришкен.

Кыргызга кара жамынган мүнөздүү эмес
Исламга жамынган диний радикалдык уюмдардын активдүү аракетинин толкуну кезегинде Тажик республикасынын түзүлүшүнө, тажик коомчулугуна кандай кесепет алып келгенине өткөн мезгил күбө. Эми коңшулар согуштан кийин кыйла пастап калган диний активдүүлүктүн экинчи толкуну элди кайрадан каптай баштаганына кабатырланып жатышат. Узакка созулган кыйраткыч согуш көкөйүнө тийген тажик коомчулугу мамлекеттик бардык ресурстарды диний экстремисттик аракеттерди ооздуктоого багыттап жатышат. Андай аракеттер көптөгөн тоскоолдуктарга кез болууда. Хиджаб менен мектепке келүүгө тыюу салган аракет ата-энеси диний көз караштагы кыз балдардын мектепте окубай калышына алып келип жатканын жакында маалымат булактары билдиришти.
Хиджаб сыяктуу диний кийим- кечектерди кийген кыз келиндер Бишкектин да көчөлөрүндө көп кездеше баштады.Туташ исламдаштыруу биздин мамлекет үчүн кандай натыйжаларды алып келиши мүмкүн? деген суроо менен карапайым адамдарга кайрылдык:
Канышай, студент:
- Диний таасирдин күчөшү өлкөдөгү билимдүү, жогорку адистикке ээ болгон жаштардын чет жакка күргүштөп ооп кетишине түрткү берет. Ансыз деле азыр кимден сураба, чет өлкөгө кетсем дегенде ак эткенден так этишет.
Бакыт, кызматкер:
- Бир жагынан жакшы, бир жагынан жаман. Жаштар токтолуп, Кудайдан коркуп, эртеңки күндү ойлоп калышат.
Терс жагы - адамдын эркиндиги чектелип калат.
Кундуз, жумушсуз:
- Таптакыр эле колдобойм. Биздин элди экиге бөлүшү мүмкүн. Согуштардын көбү диний ишенимдердин негизинде келип чыккан да. Бир динди тутунууга биздин мамлекетте жашап жаткан адамдардын ар түрдүүлүгү жол бербейт.
Апаркүл, жумушсуз:
- Жоолукту мууна салынып алса эле ыймандуу болуп калмак беле. Ишеним адамдын өзүндө болуш керек. Деги эле кыргызга кара жамынып, бетин жаап жүргөн мүнөздүү эмес. Бул сырттан келген нерсе.
- Акыл, окутуучу:
- Азыр бизде баары аралашып калды. Молдолордун өздөрү сабатсыз. Бири бирди айтса, башкасы башканы айтат. Негизи эле динди мамлекеттен оолак кармап социализм туура кылган.