№62, 12.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ой-илик

- Авиакырсыктан кийинки мамлекеттик органдардын иш-аракетине кандай баа бересиз?
Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-министр:
- Бул окуянын үстүнөн мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Менин оюмча алар иштеп чыккандан кийин гана бир жыйынтык чыгарса болот деп ойлойм.

Абдыганы Эркебаев, Коомдук парламенттин спикери:
- Мен ойлойм, бул окуя мамлекет үчүн чоң жоготуу. Бул маселенин үстүндө иштеп аткандар бул ишке мыйзам чегинде мамиле кылуулары керек. Бул жөнүндө теледен так жана кенен маалымат берилип турса.

Болот Жанузаков,
"Кут" партиясынын лидери:
- Мындай окуя биздин элге чоң кайгы алып келди. Бул окуяга мамлекет катуу чара көрүшү керек деп ойлойм. Аэропорт адистеринин техникалык көзөмөлгө көңүлкоштук мамиле кылгандыгынан келип чыкты . Мамлекет ар бир адамдын өмүрүн баалап, ал жагынан эң кылдат болушу керек.

Асия Сасыкбаева,
"Интербилим" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
- Мамлекет бул багытта кандай иш- аракет жүргүзүп жатканын билбейм. Бул суроого жооп бере албайм.

Турусбек Мамашов, Туризм мамлекеттик агенттигинин төрагасы:
- Бул кырсык. Кырсыкка эч ким кепилдик бере албайт. Мамлекет авиатехникасын жаңылаш керек. Мындай окуя кайталанбас үчүн тез арада туура тыянак чыгарып, Кыргызстан аба жолдору бир тартипке келиш керек.

Дамира Ниязалиева, ЖК депутаты:
- Авиакырсыктан кийин мамлекет окуянын чоо-жайын иликтөөдө жакшы эле аракеттерди көрүп жатат. Чыгымды Иран тарап төлөйбү же Кыргызстанбы, туура чечилсе эле болду.

Турсунбай Бакир уулу, "Эрк" партиясынын лидери:
- Нөл деген баа берем. Кыргызстан аба жолдору болбой эле кырсык аба жолдоруна айланды. Биздин самолеттор 75- жылдардан бери алмашыла элек. Азыр самолетко түшкөн абдан коркунучтуу болуп калды. Авиа иши үчкө бөлүнгөндөн бери ушундай кырсыктар көп боло баштады. Менин оюмча авиаташуулар бирдиктүү болуп техниканы жаңыртпаса мындай кырсыктар кайталана бериши ыктымал.

Топчубек Тургуналиев, "Эркиндик" партиясынын экс-жетекчиси:
- Самолеттун жарылышы - бул кырсык, экинчи жагынан ушул кырсыкка өзүлөрү себепкер болуп жатпайбы. Чыгыштын эски, керектен чыккан, металлоломго кетчү самолетторун, машинелерин, алардын акыр-чикирлерин алып келип, биз сылап-сыйпап айдап жатабыз. Убагында оңдоп-түзөгөнгө жарабайбыз. Тиешелүү уюмдар изилдеп жатабы же жокпу, негизи алар жогор жактагыларга туура эмес маалымат жеткиришет. Кечээ жабыркагандардын бирөө менен жолуксам - бул калп, эч нерсе кылган да жок, эч кандай көңүл бурулган да жок деди.

Эмилбек Каптагаев,
Коомдук парламенттин мүчөсү:
- Мамлекеттик бийликтин авиакырсыктан кийинки жасаган ишине канааттанган жокмун. Анткени кырсык боюнча, кырсыктын себептери боюнча бир да жолу мамлекеттик пикир билдирилген жок. Экинчиден, бул кырсыкка байланыштуу эгемендүүлүк Күнүбүздү да майрамдалбай калганын мен туура көргөн жокмун. Көзкарандысыздыкка жеткен күнүбүзгө бийликтин көңүлкош карап койгону кызылкулактык деп эсептейм. Асманыбыздан таш жааса да биздин тарыхыбызга байланыштуу бул күн белгилениш керек болчу. Үчүнчүдөн "кара кутуга" үн жазылбай калыптыр, демек бул каттам катталган эмес" деген кыязда сөз айтып жатышат. Анда эмне ал жөн гана бизнес жасап жаткан каттамбы?!

Даярдаган Айзада Мамбетова