№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Футбол - спорт падышасы

Турсам, өлөсүң
"Убакыт учкан куш" дегендей, кечээле Швейцария, Австрия өлкөлөрүндө Европа биринчилиги үзөңгүгө бутун салып "чу" деген сымал түр көрсөткөн. Эки мамлекеттин сегиз стадионунда эмне деген керемет таймаштар болуп, оюнчулар футболдун көркүн ачып, дүйнөнү дүң дедирбедиби.
Эми минтип, жекшемби күнү бүйүр кызыткан финалдык оюн менен Европа биринчилиги тасмалын толугу менен жыйып койду. Анда ошол соңку көз ирмемге токтоло кетели.

Атаман-гол
Европа биринчилигинде атаандаштын дарбазасына көп гол киргизген бомбардирлер жагдайы:
1. Д.Вилья (Испания) - 4 гол
2. Р.Павлюченко (Россия) - 3 гол
3. Л.Подольски (Германия) - 3 гол

Германия - Испания - 0:1
Австриянын Вена шаарындагы "Эрнст Хаппель" стадионунда 50 миңден ашуун футбол фанаттары Европа биринчилигинин финалдык таймашына күбө боло алды.
Мында келген күйөрмандардын жарымы кызыл түстө кийинип испандарга жан тарткан болсо, жарымы аппак кийинип немистерди сүрөөнгө алгандары байкалып турду.
Бул чечүүчү оюнга чейин 1964-жылы Испания командасы бир ирет Европа чемпиондугун багындырган болсо, немистер 1972, 1980, 1996-жылдары үч жолу Европа чемпиону аталган. Европа биринчилигинин бул жолку финалдык таймашына испандыктардын чыгышы сенсация катары кабылданып отурат.
Эл оозунан түшпөй келген немистердин "машинасы" оюндун алгачкы мүнөттөрүндө атаандаштарына бираз сүр көрсөткөнү менен, испаниялык курама команда оюнду натыйжалуу алып кете алды. Буга далил Фернандо Торрестин 33-мүнөттө немистердин коргонуусунан өтүп, кооптуу абалда таамай тээп киргизген голу болду. Келмеси оозунан түшкөн немистер таймаштын калган убактысында гол киргизүүгө канчалык дилгирленгени менен эсеп-чот өзгөрүүсүз калды.
Немистердин "машинасынын" мотору, аны менен бирге "Эрнст Хаппель" стадионуна келген күйөрмандардын үнү жым өчтү. "Бирөөгө тар, бирөөгө кең дүйнө" демекчи. Ушул күндөрү испандардын күнү тууп, шапар тээп, шарап ичип мас болуп, кыйкыра берип үн бүтүп канча күн тойлошору белгисиз.


"Аалам" тотализаторунун жыйынтыгы
Европа биринчилиги башталганы силердин сүйүктүү гезитиңер тотализатор оюнун уюштуруп, 20 000 сом баш байгени очойто коюп, жооп катары редакцияга окурмандардан 487 купон келип түшкөн. Биз сунуштаган жобонун негизинде баш байге ээси болбосо да, жандуу катышкан айрым окурмандарга кызыктыруучу сыйлыктарды ыйгарууну чечтик.

Үч 1000 (миң) сомдук байге:
1. Кудрет Тайчабаров
2. Мелис Совет уулу
3. Төлөгөн Абдылдаев
Үч 3000 (үч миң) сомдук байге:
1. Карыпбек Такырбашев
2. Алтымыш Майрамбеков
3. Гүлжан Таласбаева
4000 (төрт миң) сом:
1. Тариэль Хасбулатов
5000 (беш миң) сом:
1. Жаныбек Сагындыков
Ошентип, байге куржунубуздагы 21 000 сомду толугу менен окурманга арнадык. Андыктан биз менен байланышып олжоңорду тезинен алып кеткиле.




"Ат оонаган жерде түк калат"
"Жетинин бири - кыдыр"
"Евро-2008" расмий сайты турнирдин он мыкты оюнчусун тастыктады:
Андрей Аршавин (Россия) - чабуулчу.
Икер Касильяс (Испания) - дарбазачы.
Карлес Пуйоль (Испания) - коргоочу.
Маркос Сенна (Испания) - жарым коргоочу.
Давид Вилья (Испания) - чабуулчу.
Михаэль Баллак (Германия) - жарым коргоочу.
Бастиан Швайнштайгер (Германия) - жарым коргоочу.
Хамит Алтынтоп (Түркия) - жарым коргоочу.
Уэсли Снейдер (Голландия) - жарым коргоочу.
Луко Модрич (Хорватия) - жарым коргоочу.

"Сарт санаасы менен байыйт"
Австрия жана Швейцария өлкөлөрүндө өткөн Европа биринчилигиндеги эсеп-кысапка бираз токтололу:
Эки өлкөдө өткөрүлгөн бул турнирде 750 млн евро стадиондорду оңоп-түзөөгө жумшалган, 150-170 млн евро аркыл инфраструктураларды жакшыртууга кеткен.
УЕФА уюму бул турнирден кулак угуп, көз көрбөгөндөй кирешени күтүүдө. 1 млрд еврону чапчып маарып калышат экен. Анын ичинен 800 млн еврону трансляциядан, 400 млн еврону жарнама, демөөрчүлүктөн жана азем белектерди сатуудан, 100 млн еврону сатылган билеттерден, 1 млн 130 миң еврону атайын пропусктарды сатуудан таба тургандай.

"Атың чыкпаса жер өрттө"
Европа биринчилигинин эң мыкты оюнчусуна Испания оюнчусу Фернандо Торрестин кандидатурасы көрсөтүлүүдө.

Торго томолонгон топтор

"Евро-2008" жүрүшүндө жашыл талаага жабалактап чыккан топ тепкичтердин таймашында жалпысынан 31 оюн ойнолуп, дарбазаларга 77 топ киргизилген.
Дарбазага туштап тебилген тогуз жүздөй топтун 350сү гана түз багышталган. Калганы жандап, кайкып кеткен. Бул жерде испандыктардын көрсөткүчү алданемедей дурус көрүнөт.

Көрбөдүм деген жан барбы?

Австрия, Швейцария өлкөлөрүндө жайгашкан сегиз стадиондо 1 млн 100 миңге чукул футбол фанаттары 22 күндө өткөрүлгөн 31 оюнга күбө боло алган.
Ошол эле учурда телевизорду телмире тиктеп жан үрөгөн көрөрмандардын саны, орто эсеп менен алганда, дүйнө алкагындагы элдин 80%ын түзгөн. Бул 2006-жылы Германия жергесинде өткөн дүйнөлүк биринчиликке салыштырмалуу 15%га жогору көрсөткүч деген кеп. Тактап айтканда, 200дөн ашуун өлкөгө расмий түрдө теле- берүү уруксаты берилген.

Акча таппай, адам тап

УЕФА уюмунан бул турнирдин катышуучуларына байге куржундан акча бөлүнүп, Европа чемпиону болгон Испания командасына 23 млн евро берилет.
Биз жан тарткан Россия курамасы 7 млн евролуу болду.










??.??