№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Маектөр

Илим Карыпбеков, "Медиа-өкүл" институтунун директору:
"Бийликке да, оппозицияга да ишеним артуу кыйын"
Бул жигит 3 жылдан бери ММКларды коргоо жаатында иш алпарып келет. Жаш болсо да иши менен коомчулукка таанылып, сөз эркиндиги үчүн күрөшкөндөрдүн бири. Мына ушундай шартты эске алып, ага тиешелүү ар түрдүү суроолор менен кайрылдык.

- Илим мырза, кичине артка кылчайып, бала чактан кеп баштасак кантет?
- Мен Жумгалдын Чаек айылында туулуп-өсүп, чоң ата-чоң энемдин колунда тарбиялангам. Кийинчерээк ошол эле Жумгалдагы Сейдалы Медетов атындагы орто мектепти бүтүрдүм эле. Мектеп курагымдын баштапкы жылдары совет дооруна туш келгендиктен, ал мезгилдин идеологиясын, жаман-жакшысын ажыратып, аз да болсо көрүп калбадыкпы. Андан соң кайра куруу мезгили келип, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары дээрлик өлкөдө кандай кыйынчылык болсо, мен да ошол оор турмушту мектеп курагында өткөздүм. Өзгөчө айыл тургундарынан жашоосу оор эмеспи. 1994-95-жылдары 9-10-класста элем, менин эсимде, ошол кезде бутума кие турган батинкем жок мектепке барбай калган да күндөр болду эле… Агезде мен юрист-адвокат болууну ойлобоптурмун. Бир агам поездде проводник болуп иштечү. Анүстүнө проводниктин окуусун үч ай окуп эле иштей берсе болорун ойлоп, ушул кесипти аркалоону чечип атпаймбы. Бирок кийин шаарга өз энемдин колуна келип, баягы проводник болуу кыялым ишке ашпай калды.
- А студент болом деген ой жок…
- Мен ойлочумун, мектепти орто окуп бүтсөм, кайдан студент болом (?) деп. Сүрдөп. Мага унивеситетте окуунун өзү укмуштуудай сезилчү… Анан турмуш деген өз жолуна салат экен, менин юрфакка өтүшүмө биртууган иним таасир этип (ал быякта, Бишкекте чоңойгон да), "Дастан" технологиялык университетине окууга өттүм. Мага окуган аябай жакты. Биринчи семестрди жалаң "5ке" бүтүрүп, өзүмдө кандайдыр бир жакшы талпынуу байкалды. Мугалимдер менин билимимди эмес, аракетимди баалашса керек. Убакыт өткөн сайын билим алууга дилгирленип, 3-курсту бүткөндөн соң Улуттук университеттин юридикалык факультетине которулуп, ал жакты артыкчылык диплому менен аяктадым. Баса, бир нерсени эске сала кетейин: башында орус тилинен абдан кыйналып, бара-бара ой-пикиримди айтканга үйрөнүп кеттим…
- Окууну бүткөндөн бери кайсы тармактарда иштеп келатасыз?
- 2001-жылы университетти бүткөндөн кийин юридикалык багыттагы ар кандай долбоорлордо, эларалык уюмдарда иштей баштадым. "Кыргызстан-Сорос" фондусунда, ПРООН программасында, бейөкмөт уюмдарда ж.б. 2004-жылы Интерньюс коомдук бирикмесине келип, азыркы ишиме 2006-жылдан баштап киришкем. Ушул ишиме катар президенттин алдындагы башкаруу академиясында сабак берем, башка окуу жайларда да лекция окуйм дегендей…
- Сизге жандүйнөнүн тызылдаткан сезим суроосунан кайрылсам кантет? Маселен, алгачкы сүйүү жөнүндө кеп козгосоңуз…
- Азыр ойлоп көрсөм, мектептен эле өзүм менен окуган классташ кызымды сүйүп, 5-6-класстан баштап студент курагыма чейин жакшы көргөнүмдү унутпайм. Кызыгы - бир дагы жолу "сүйөм" деп айталбаптырмын. Аны 9-класстан баштап көрө албай калып, бирок кийин шаарда окуп жүргөнүмдө бала-чакалуу болгонун уктум. Албетте, бир ыңгайсыздык болот да. Мен ал кызды чындап сүйгөнүм ушул: аны көргүм келип, жалгыз сүйлөшүүнү каалап, бирок өзүбүзчө калганда сөзүмдү, сезимдеримди айталбай аябай кыйналчумун. Ошол бойдон ага сырымды, оюмду билдире албай калдым. Мага ал күндөр өмүрүмдөгү баалуу ирмемдер катары сакталып калды…
- Үйбүлөңүз туурасында да айтсаңыз…
- Үйбүлө курганыма төрт жылдан ашып калды. Бир уул, бир кызым бар. Жубайымдын аты - Айжан. Анын да кесиби юрист. Биз юридикалык багыттагы тренинг, семинарларда жүрүп таанышып, үч жылдай бири-бирибизди байкап жүрдүк да, анан үйлөндүк.
- Илим мырза, апаңыз көп жылдан бери сот тармагында иштейт эмеспи. Анан анын таасири болуп, азыркы айрым жеңиштериңизге үлүш кошпойбу?
- Мага сот чөйрөсүндөгү адамдардын бир түшүнүгү жагымсыздык жаратып жүрдү. Маселен, мен бир кыйын ишти кара теримди төгүп, кыйынчылык менен утуп алсам, быяктагы адамдар: "мунун энеси судья да, энесинин аркасы менен ийгиликке жетишип атат" деп айтышат. Мындай пикирлерди көп уктум, чычалап да, намыстанып да жүрдүм. Бирок, бара-бара сот чөйрөсүндөгү адамдар ынангандай болду. Өзүмдүн кесиптик мүмкүнчүлүгүм менен ийгиликке жетишип атканыма. Мен жүрөгүмө колумду коюп туруп айтсам болот: апамдын кызматы, анын жардамы аркылуу азыркы жеңиштерге жетпестен, өз аракетимде келатканымды…
- Таптакыр кеңеш да, жардам да албайсызбы?
- Чанда эле юридикалык маселелер боюнча сүйлөшүп калбасак, мен дегеле апамдын билимине да таянбайм. Бул жагынан принципиалдуу келем. Бир нерсени баамдадым: апам ушул багытта иштегендиктен, мен эки эсе аракеттендим. Эгерде ата-энесинин кесиптик багытын балдары аркаласа, анда түйшүктүү болот экен.
- Илим мырза, сурообузду кичине башка нукка бурсак. Айтсаңыз, бакыт деген эмне?
- Адамдар кызыкпыз - колубуздагы бакытты көрбөйбүз. Ар бир адам кайсы бир деңгээлде бактылуу. Маселен, мен өзүмдү абдан бактылуу адам катары сезем. Ата-энем бар, жубайым, балдарым дегендей… Жумушум ордунда, анан калса, жаш болсом да дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырып келдим. Бирок, Кыргызстандай кооз, таза, мындай керемет Мекенди эч бир жерден кезиктирбедим. Бу да болсо патриоттук сезимдин учкуну болсо керек. Мына ушундай аруу сезимдер менен жашап, табият менен жандүйнөмдүн айкалышына, анан жогоруда айткандай, үйбүлөм, жумушум, эң негизгиси, адамдарга пайдалуу иш кылып атканым олжо болуп атпайбы… Адам маңдайга жазылганына каниет кылышы керек экен. Ошондо өзүбүздү бактылуу сезебиз. Ал эми кийин саясатка барамбы-барбаймбы (?), бул жагы мен үчүн маанилүү эмес. Мага бүгүнкү күнүмдү түшүнө билип баалаган зарыл. Мен ушул колумдагы бакытка таазим этем…
- Кичине артка кылчайсак, бир учурда "Реформа үчүн" кыймылынын ноябрь митингисинде бийликке каршы сөз сүйлөдүңүз эле…
- Агезде жаңы келген бийлик өзүнүн сөзүн, алдыдагы реформалык кадамдарды аткарбай атканынан аргасыз митингге чыккам. Анда оппозицияны Алмаз Атамбаев баштап, азыркы бийликтеги айрым адамдар да бар эле. Ошол митингинин жетишкени - ноябрь Конситуциясын кабыл алганыбыз болчу. Митингде мен "Медиа-өкүл" институтунун жетекчиси маанисинде эмес, Кыргызстандын жараны катары сүйлөгөм. Бирок, саясат деген ыплас оюн экен. Кийин өкүнгөнүм: ошол эле митингиде ураалап жүргөн депутаттар туура бир айдан кийин декабрь Конституциясын кайра кабыл алуу менен митингидеги миңдеген адамдын ишеничине түкүргөнү болду. Ошондо эсиңиздеби, президент депутаттарга талап койбодубу: декабрь Конституциясына кол коюлса, парламентте каласыңар, болбосо, тарайсыңар таризинде. Анан көрбөдүкпү, оппозициялык депутаттар өздөрүнүн креслолоруна добуш беришпедиби. Мына ушундан жыйынтык чыгарса болот: оппозиция элдин кызыкчылыгы эмес, жеке кызыкчылыктары менен гана жашарын. Бул бир эле мисал. Мен оппозициянын ушул сыяктуу дараметин көшөгө артынан көргөн соң, экинчи алардын митингисине басып да барган жокмун. Себеби, ал адамдардын чындап эл деп күйгөн жүрөктөрү жок экенине толук ынандым. Ушундай көрүнүшкө өкүнөм…
- Сиз анда бийликти сындагандарга кошулбайт экенсиз да…
- Качан гана элдин кызыкчылыгын оппозиция жээгиндегилер биринчи максатка коюшса, карапайым калктын турмушун чындап түшүнсө, үмүт жаралар эле. Тилекке каршы, бардык саясый аракеттер фарс түрүндө калууда. Ошондуктан, элди алдап келген адамдарга мен кошулбайм, мындан ары алданбайм дагы…
- Бүгүн өлкөдөгү абал жарга такалганын баамдап аткандырсыз. Ушул күндөгү Акүй саясатына ишеним деле калбай калды…
- Кыскасын айтсак, акыркы мезгилдерде Кыргызстан өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучуна, улуттук байлыктарынан ажыроо шарттарына келип такалууда. Мындай суроолор эч убакта коюлган эмес да. Андыктан ар бирибиз Кыргызстаныбызга ак дилибизден кызмат кылууну, бүгүнкү туңгуюктан чыгууну ойлошубуз зарыл. Иш жүзүндө биз тазалыгыбызды, актыгыбызды көрсөтсөк гана! Ал эми бийликке үмүт артуу кыйынга туруп калды…
- Оппозицияга катуу таарынгандайсыз. Сизди иштешүүгө чакырышкан жокпу?
- Таарынычым жок. Мени кызматташууга чакырышкан. Алардын келечектеги максаттарына ишене албайм. Биринчиден, биримдик жок. Экинчиден, Акаев доорунда кылгылыкты кылгандар, коомчулукка жаманатты болгон саясатчылар бүгүн оппозиция жээгине ыктай башташты. Ошондуктан буларга ишене албайм. Кокус бийлик алмашып, Акүйгө оппозиция келсе, чоң бир реформаны аткарары арсар. Ушул себептерден улам четтеп турам.
- Сиздин оюңузча оппозиция кара боек экен да…
- Жо-ок. Оппозициянын ичинде деле эл үчүн иштейли, мамлекетти көтөрөлү деген лидерлер бар. Бирок алар өтө эле аз. Санасаң, алакан жумулбайт. А көпчүлүгү бийлик-байлыкты эңсегендер болуп атпайбы…
- Президенттик шайлоого дейре бийликтин алмашып кетишин туура көрөсүзбү?
- Мындай кадамды каалабайт элем. Эгерде күтүүсүз бийлик алмашса, бүгүнкү саясый-экономикалык кырдаал төрт-беш эсе начарлайт. Ошон үчүн 2010-жылга дейре президенттик шайлоонун өтүшү туура эмес.
- Сөзүңүзгө аралжы, бүгүнкү Акүй саясаты элге жарыгын чачпай калбадыбы. Эми карапайым калктын кандай кыйналганын санап отурбайлы… Анан күндөн-күнгө эле сазга бата беребизби?
- Албетте, азыркы бийлик бутагындагы өтө аз сандагы аткаминерлер элге күйүп атат. А көпчүлүгү мурунку чиновниктер, атургай Акаев заманында кылмыш кылып, "кылмышы бар" деп табылса да, бүгүнкү бийликте чоң кызматтарда отурат. Ошондой эле чоң суммада пара берип, пара алып жүргөндөр боюнча да ушактар айтылып, бирок алар да иштеп келишүүдө. Тилекке каршы, бийликте жыргаган команда жок. Ушу күндөрү көпчүлүк эл, мекендештерибиз бийликке эмес, жеке өздөрүнө ишенип калды. Жашоо барган сайын кыйындап баратат. Көрөбүз го эми…

Маектешкен Аслан Сартбаев










??.??