№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




  Өрт өзөгү

Шамшиевдин "шпион" тууралуу киносу
(Уландысы. Башы 2-бетте)
2007-жылдын 2-июлунда Аламүдүн РИИБи тарабынан дачанын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бизди тергөөгө күбө катары чакыра башташты. Күндөн-күнгө Шамшиев менен мамилебиз оорлошуп, чогуу жашоого болбой калганда кызым ажырашып менин үйүмө келди.
2007-жылдын декабрында экспертиза жыйынтыгы "үйдү атайын өрттөшкөн" деген жыйынтык чыгаргандан кийин Шамшиев кызым экөөбүздү биротоло күнөөлөөгө өтүп, тергөөчүлөргө басым жасап, кызым экөөбүздү "уюшкан банданын башчылары катары камашыңар керек" дей баштады. Ошол кезде президенттин кеңешчиси абалынан пайдаланып, колунан келишинче тергөөнү өзү каалагандай багытта жүргүзүүгө аракеттенди. Эч кимге ишенбей улам бир органдан башкасына котортуп, иш Аламүдүн РИИБинен шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү. Шамшиевдин өзүнүн катышуусу менен куралданган спецназ биздин тууган-туушкандардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүп, акыр-чикир салчу челектерден тартып туалеттин бочогуна чейин аңтарышты. Тинтүү учурунда Шамшиевге кенедей да тиешеси жок биздин документтер, буюм-тайымдар алынып кетти.
Иш үч-төрт тергөөчүдөн өтүп, акыры генералдык прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү М.Расулов алып, ал кызым Аселди күнөөлүү деп, камакка алуу боюнча токтом чыгарып, 2008-жылдын 15-январында ИИМдин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнө издеп табуу боюнча көрсөтмө берет. ИИМ аны тапкан жокпуз деген жоопту дароо кайтарат. Мунун баары "акчаны алып Россияда качып жүргөн немени" кайра кайтарууга жасаган Шамшиевдин аракети экени билинип эле турат.
Жарым жылдан ашык убакыт ичинде ушул иш боюнча эзилип, денсоолугуна зыян келген кызым качпай эле Москвага дарыланганы кеткен. Тергөөчү кайсы күнү келсин десе, ошол күнү келгенге макулдашкан болчу. Ага чейин мен күбө катары суракка барып турдум. Тергөөчү Аселди келсин дегенде ошол замат келгенин тастыктаган билеттер сот учурунда далил катары көрсөтүлдү. 2008-жылдын 13-мартында генералдык прокуратуранын тергөөчүсүнө Шамшиев ишенбөөчүлүк көрсөткөнүнүн негизинде ишти тергөө эми Улуттук Коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.
Шамшиевдин бизди кылмышкер катары оюнан жаралган дооматтардын бири да суу кечпейт. Шамшиевдин аялы, менин кызым "күйөөсүнүн ишенимине кирип алып, анын кыш чыгаруучу заводунан чыккан кышты сатуудан түшкөн 7,8 миллион сомду алдап бербей койгон" экен. Тергөө учурунда ал кыштын болгон-болбогону, болсо канча сомдон сатылганы, анын кимге тиешелүү экендиги аныкталган жок. Аталган кыш заводу ага эмес, кинофирмага тиешелүү болсо, Шамшиевдин эмнеге жабырлануучу экени да такталган жок. Бизге коюлган дагы бир дооматта Шамшиев Кытайга кеткен учурдан пайдаланып кызым экөөбүз кылмыштуу топ түзүп, 20 000 долларлык килемдерди, дачада катылган 1,7 миллион сомду уурдап, анан из жашырыш үчүн Шамшиевдин үйүн өрттөп жиберген имишпиз. Өрттөлгөн мүлкүнүн баасы миллион сом экен.
Бул режиссердук сценарийдин өтө эле ишенимсиз экени кимге болсо деле оркоюп көрүнүп турат. Темир тордун артында дачада ичинде эмне бар экенин Шамшиевден башка эч бир жан билбеген үч темир сейф болсо, анан кайдан бул сагызгандан сак киши миллиондогон акчаны дивандын алдына "таштап" коет? "Манас-1000"де кинофильм үчүн деп алынган, күбө жеп бүтүп калган килемдер менен эскилиги жетип, дачага чыгарылып салган буюмдардын наркын Шамшиев өзү аныктап, ири өлчөмдөгү жоготуу дегенге атайылап такап жатканын ким байкабайт?
Мына ушул сыяктуу оркойгон айыптарга карабастан Жогорку Сотто менин кызым А.Айнидинова камакка алынганда уккан кулагыма, көргөн көзүмө ишене албадым. Далилденбеген, ич күйдүлүктөн жабылган жалаа менен адамды кылмышкерге заматта айландырып, президенттик администрациянын күбөлүгү, мамлекеттик машинеси, таасирдүү тааныштары менен укук коргоо органдарына басым кылып кара оюн ишке ашырып, ошондон маашырлаган адамдын ушунчалык зомбулугуна таң калып, эмне дээрибизди да билбей отурабыз. Азыркы күндө кызым мамлекетке өзгөчө коркунуч келтирген шпиондон бетер УККнын СИЗОсунда. Шамшиев экөөнүн 12 жашар баласы менин колумда.
Азыр мен биздин укук коргоо органдарынан, коомчулуктан бул ишти акыйкат талдап, оорукчан болуп калган кызымды Б.Шамшиевдин зомбулугунан куткарууга көмөктөшүүнү күтүп жатам. "Ак ийилет, бирок сынбайт" делет элибизде. Кудай алдында, эл алдында, адилет сот алдында биздин ак экенибизге кепилдик бере алам.

Урматтоом менен
Жамалкан Эгимбаева




Профессор Исманкулов - лидер инноваций в медицине Кыргызстана
Лидером инноваций в медицине Кыргызстана назван госпиталь "Микрохирургия глаза" профессора Исманкулова.
В настоящее время госпиталь проводит очередную плановую модернизацию диагностического и хирургического оборудования. Казалось бы госпиталь всего два-три года назад уже производил полное переоснащение, но современные технологии развиваются очень динамично. Достаточно посмотреть на развитие в современном мире компьютеров и сотовой связи, чтобы понять, что медицинская аппаратура и технологии морально устаревают всего за несколько лет.
Благодаря умелому менеджменту, Госпиталь "Микрохирургия глаза" стал лидером в области лечения патологии органа зрения не только в Центральной Азии, но и во всём пространстве стран СНГ. Достаточно сказать, что по учебнику "Глазные болезни", написанному профессором Исманкуловым сегодня этот предмет изучают в России, Казахстане, Узбекистане и Таджикистане.
Сегодня ученики профессора Исманкулова успешно работают в Кыргызстане, России, Казахстане, США, Украине, Германии, Республике Корея, Италии, на Филлипинах, Швейцарии.
Модернизация госпиталя является частью глобальной мировой программы по борьбе со слепотой и слабовидением и находится под патронажем Ассоциаций офтальмологов ведущих стран планеты.










??.??