№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эрендерде эмне кеп?

Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору:
"Кыргызстандын келечеги - оппозициянын ынтымагында"
Соңку мезгилде Аликеңе Акүйдүн каары катуу түшүп, каралоо кампаниясын армансыз уюштуруп аткан чагы. Бул саясый чөйрөдөгү акылга сыйбас жорук экени баарына белгилүү. Акыры адилеттик, акыйкат жеңерин унутпасак. Биздин маегибиз да ушул негизде уланмакчы.


Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев сыяктуу мыкты лидерлер президенттикке даярданганы жакшы жөрөлгө.

- Аликбек Жекшенкулович, экс-аткаминерлердин "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылын түзүп чыкканына көз карашыңызды билсек болобу?
- Кыргызстандын бүгүнкү саясый-экономикалык оор абалына кайдыгер карабаган саясый күчтөр козголуп, ар кандай пикирлерин айта баштады. Менимче, бул жакшы кадам. "Бирдиктүү Кыргызстанга" кирген саясатчылар тажрыйбалуулугун көрсөтүп, бүгүн туура сын-пикирде чыгып аткан болсо, мындан "трагедия" издөөнүн кажети жок.
- Ушул кыймылдын түзүлүшү менен оппозициянын кадыр-баркы кетет деген кептер айтылууда.
- Мындай түшүнүктү бийлик атайын таратып атат. Себеби, саясый күчтөр бүгүнкү шартта баш көтөрө баштады. Ар тараптан. Албетте, Акүй "атамандары" кооптонууда…
- Оппозиция менен биригеби?
- Оппозиция өзүнчө күч. Булар өзүнчө. Бирок, мен "Бирдиктүү Кыргызстандын" билдирүүсүн тыкыр окуп чыктым. Көтөрүп аткан маселелери бүгүнкү шартка карай маанилүү жана орчундуу. Эми оппозиция сымал алар деле Акүйдүн калпыс саясатына туура позициясын билдирүүдө.
- Айтмакчы, өткөндө "Агымда" сизди маскаралагандай макала жарык көрдү. Криминалдар менен катышы бар маанисинде. Буга унчукпай кое аласызбы?
- Мен ушу Акүйдө отургандарга таңгалам да, "өз башындагы "төөнү" көрбөгөндөрүнө. Бүгүнкү күндө бийлик криминалдар менен коррупцияга белчесинен батканы баарына белгилүү дечи. Анан өнөрлөрү ушул экен, таза иштегендерге көө сыйпоо жандалбасына түшүшүп… Ал эми мага карата жазылган макаланын фактысына келсек, биринчиден, дегеле Касым Жумагулов деген журналист жок. Мындай ысым "Агымда" иштегендердин псевдоними да эмес. Бул маселе сотто каралып атат.
- А кудаңыздын баласын кримтопторго жакындыгы бар кыязында жазышпадыбы…
- Кудам жөнүндө айтсам, ал кишинин интеллектуалдыгы, тазалыгы, сыпайылыгы жагынан аброю жогору. Абдуталип Касенов деген адам. Үч эркек, эки кызы бар. Уулдары: Аймен, Эрлан, Эдил. Кыздары: Айнура, Алина. Баары тең билимдүү, тартиптүү десем болот.
- Анда тигилердин жазганы калп экен да…
- Өзүң байкагандай, мага карата жалган каралоо таратып атышат. "Бөйрөктөн шыйрак чыгарган" ушак-айың дегеним. Менин билишимче, мындай каралоо Акүйдүн 7-кабатынын гана заказы. Дегеле мен мыйзам менен тартипти карманган адаммын.
- Сизди айрым ММКлар жазып чыгышты: эптеп эле бийлик үчүн күрөшкөн адам катары көрсөтүшүп. Айтсаңыз, жеке бийлик үчүн гана күрөшүп атасызбы же?..
- Мен турмушумда туруктуу принциптерди сактайм. Эч качан эптеп эле бийликке жетүү үчүн күрөшкөн эмесмин. Бул жагын сиз да жакшы билесиз. Ал эми айрым маалымат булактары оппозицияны ар кандай каралап келишет. Мага алардын турмушу түшүнүктүү, албетте, кыйын…
- Бүгүн бийликке барайын деген оюңуз жок деңизчи?
- Ушул күндөрү бийлик системасына бир саясатчы барып эч нерсени өзгөртө албайт. Эсиңизде болсо, мен айрым интервьюларымда айткам: азыркы бийлик менен иштешүүгө дегеле болбостугун. Бул позициямда дагы эле турам. Бирок, оппозиция лидерлерине айрым гезиттер атайын кара пиар ыпластыгын улантып, маскаралоо саясатын жүргүзүүдө. Мындай аракеттер Акүйдүн саясаты, бизге карата эл ишенимин бузуу үчүн жасалган суу кечпеген кадамдары. А карапайым калк кимдин-ким экенин билет, таразалап-талдайт. Жок жерден каралоого эл да ишенбей калганын жакшы билебиз.
Мен айтып коеюн, кызматтан кеткенден кийин Акүйгө басып да барган жокмун. Кызмат маселеси боюнча эч ким менен сүйлөшкөн жокмун, сүйлөшпөйм дагы. Бул бийликтин куту кеткени качан?
- Жакында эле оппозиция лидерлери Атамбаев менен Текебаевдин жеке сүйлөшүүлөрү болду. Сиз кандай дейсиз, ушундай тил табышуу максатына жетеби?
- Мындай сүйлөшүүлөр болорун мен алдын ала билгем. Оппозиция лидерлери өз ара сүйлөшүп, келечекти кайсы багытта тандоого мезгил келди. Бүгүн Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабастан, ар бир уул туура багытты тандоого убакыт келди. Ошол сыңары эле оппозиция лидерлери да жеке амбицияларын тыйып, өлкөбүздүн урап бараткан саясый-экономикалык пайдубалын сактоосу шарт. Мындай шартта мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сакташыбыз керек. Тилекке каршы, бүгүнкү бийликтегилер Кыргызстандын саясый-экономикалык жагынан өнүгүшүнө туура саясат жүргүзө албайт. Биз Түндүк-Түштүк региондорун кыдырып келүүдөбүз. Элдин пикирин эске алсак, бийликке ишенүү деген саясат түп-тамырынан жоголуптур. Кыргызстандын ар бир жараны өз оокаттарын кылууда. Ошондуктан оппозициялык күчтөр болобу же башка саясый топтор болобу (?), бүгүнкү жагдайда биригүүсү зарыл. Элдин оор турмушун оңдоого тажрыйбалуу саясатчылар акыл кошо турган мезгил келди. А бийликтин бүгүнкү саясаты элди туңгуюкка алпаратат… Мындай шартта Текебаев менен Атамбаевдин ынтымагы бекем түзүлсө, чоң саясый күч катары кабылданат эле. Кыргызстандын келечегине жакшы жагынан таасирин тийгизе аларына ишенем.
- Аликбек Жекшенкулович, бул эки лидер мурда да "Реформа үчүн" кыймылына биригишип, бирок аягында чачырап кетишкен. Дагы ошол көрүнүш кайталанбайбы?
- Жогоруда айтып кетпедимби, бүгүнкү күндөгү өлкөбүздүн саясый-экономикалык жагдайы оорлогондон, эски таарынычтарды, жеке амбицияларды катып, кыргыз элинин келечегин ойлошубуз зарыл. Ошондуктан оппозицияда ынтымак, эртеңки келечек үчүн кам көрүү башталды. Ал эми бийликте элдин ишеними болбосо, мамлекет эч качан өнүгүп-өспөсүн унутпайлы.
- Күзүндө саясый кырдаал курчуйт деген кептер айтылууда. Сиз кандай ойдосуз?
- Саясый абал курчушу ыктымал. Нааразычылыктар арбын. Экономикабыз төмөндөдү, элдин жакырчылыгын өкмөт ойлобостон, өз камын көрүүдө. Маселен, кечээ эле чиновниктердин айлыктары эки эсе көтөрүлдү, а ошол эле мезгилде балдардын пособиесин кыскартып салышты. Ошондой эле мектеп окуучуларын тамактантып атабыз деп мактанып атышпады беле (?), аны да токтотуп коюшту. Мындан сырткары, орточо пенсия 1200 сом болуп атса, бүгүнкү кымбатчылыкта кантип жашаса болот? Эсиңизде болсо, пенсияны 10%га көтөрдү эле, бул деген 120 сом кошкондогу эрдиктери экен. Ал эми азык-түлүк эки-үч эсе көтөрүлүп атса, булардын элге карата жакшылыгы ушулбу? Бул учкай гана мисалдар. Эгерде өлкөдөгү саясый-экономикалык абалдын курчуганын эске алсак, бийликтегилердин күнү оорлойт. Бирок булар ойлонбойт экен. Тескерисинче, күчкө салып, коркутуп-үркүтүп элди башкарууга ыктай башташты. Мындай шартта эл тосмону жарып кеткен сел сыяктуу күчүн көрсөтүшү мүмкүн.
- Бийлик элди күч менен кармоого өттү дейсизби?
- Акүйдүн акыркы саясатын баамдасак, бюджетти 20%га кыскартууга өттү. Ал эми милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүшүүдө. Мындай логика менен элди кемсинтип, нааразылыктар жаралса, күч менен кармайбыз деген саясат жүрүүдө. Күчкө таянган бийликтин өмүрү кыска болот.
- Саясый лидерлерден Алмаз Атамбаев президенттикке атсалышарын айткан болчу. Сиздин оюңуз кандай, президенттик күрөшкө чыгасызбы?
- Азырынча айтуу эрте. Бирок, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев сыяктуу мыкты лидерлер президенттикке даярданганы жакшы жөрөлгө. Күчтүү саясатчы талапкерлер канчалык көп болсо, ошончолук жакшы.
- Бизде Түндүк-Түштүк маселеси курчуду, ал эми чоң саясатыбызда туруктуулук жетишпегенине эмне дейсиз?
- Соңку мезгилдерде Түндүктүн саясый элитасынын тамырын кыркууга аракеттерди көрүп атышат. Түндүк-Түштүк маселеси абдан татаал, буга калыс мамиле керек. Тилекке каршы, кадр саясатында тең салмактуулукту сакташпастан, кедеринен кетишти. Дегеле Түндүк-Түштүккө бирдей, калыс карашкан жок. Мунун калпыс экенин эл да түшүнүп калды. Бийлик бутагындагы дээрлик саясатчылардын айткан сөзү менен иши төп келбейт. Алдоо, күчкө салуу жолу менен гана башкарып келатышат. Эл таразалай турган мезгил жакындап калды. Кыскасы, бул бийлик карапайым калкка жакшылык апкелбесин байкап аткандырсыз. Бизде бүгүнкү күндө саясый туруктуулук деген жок. Мурдатан бийлик-оппозицияда тең бул жагы өксүп келген. Эми оппозиция жээгине саясый туруктуулукту бекем кармоого мезгил келди. Биринчиден, акыры бийлик оппозиция менен эсептеше турган шартка такалды, моюн толгосо, бийликтен кетет. Экинчиден, бийликтин идеологиясы жок, программалары кагаз түрүндө гана калууда. Кыргызстанды өнүктүрүү концепциясы жок болгондон кийин, өлкөбүз кайда барат? Үчүнчүдөн, Акүй "акылмандары" жоопкерчиликти унутуп баратышат. Эл алдында жооп берерин унутушпаса. Бул жагынан оппозиция лидерлери да жоопкерчиликти бекем сакташып, саясый сойкулукту ойлорунан алыс айдаса дейт элем.

Маектешкен
Аслан Сартбаев










??.??