№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




  Аңгабы?

Абдыгул Чотбаев, шаардык кеңештин депутаты:
"Ажону айланасындагылар курутат"
- Абдыгул мырза, Кыргызстандын саясый турмушуна аскер адамынын көз карашы менен саякат жасап көрөлү. Үч жыл аралыгында ажобуз эмне кылып, эмне кылалган жок (?) деген суроо туулат. Эмне дээр элеңиз?
- Кыргызстан өтө жаман төңкөрүштү башынан өткөрдү. Ал кездеги элге да, оппозицияга да Акаев бийлиги жакпай, натыйжасы ушундай болду. Курманбек Салиевич ажолукка талапкер кезинде элге көптөгөн убадаларды берген болчу. Бирок, ошолор аткарылдыбы? Тилекке каршы, аткарылган жок. Кайра эл турмушу төмөндөгөндөн төмөндөп кетти. Өлкөнүн өнүгүшүнө оппозицияны күнөөлөп, парламентти жолтоо болуп жатат деп айтып келген. Азыр алар да жок, өз көңүлүндөгүдөй парламентти түзүп, оппозицияны чээнге киргизе кууп, ылайыктуу спикерди шайлап алды. Феликс Кулов менен Алмаз Атамбаевден шектенчү эле, алардан да кутулду. Бирок, өнүгүү багытына түшүралбай койду.
- Президентке "тоскоол кылгандар" жоголдубу?
- Ошентсек туура болот. Азыр элдин жашоосу өтө төмөндөп кетти. Карайлап калгандар өтө көп. Оппозиция оозун бекитип жатат. Өкмөт, парламент "үйбүлө" кызыкчылыгына төп келген. Билбейм, президент бир нерсе кылыш үчүн дагы эмне жетишпейт?
- Сиз мурдагы бийликтин өкүлү катары айтып жаткан жоксузбу? Жеке кусаматтан улам дегендей.
- Жок. Мени мурдагы бийликтин өкүлү десеңер, аткарган кызматыма жана эли-журтума ак эмгек кылуу тилегиме байланыштуу ошол командада жүргөнүм анык. Мен эч качан бир кишиге же кандайдыр бир топко кызмат кылган эмесмин.
- Улуттук гвардияга сиңген эмгегиңизди бийликтегилер унута коюшпас. Айтыңызчы, анын сизден кийинки абалы кандай болуп калды?
- Бүгүн күндөгү Улуттук гвардияда өтүп жаткан жашоо ыргагынан таптакыр кабарым жок. Бирок, угуп калам, 300 кишиге кыскарып, Улуттук гвардия мурда аткарып келген айрым милдеттерден кол жууптур. Мамлекеттик резиденция менен Акүйдү кайтарбай калыптыр.
- Бийликке тоскоол болгон оппозиция жок дедиңиз. А оппозиция өлдүбү?
- Антип айткым келбейт. Азыр Кыргызстанда эркин көз караш укугу чектелген эмес.
- Ошол көз карашты бийлик укпай жатпайбы?
- Бийликти уктуруу үчүн күнүмдүк кызыкчылардан алыс күчтүү саясатчылар менен күчтүү ММК керек деп ойлойм.
- Оппозиция дегенде кимди элестетесиз?
- Текебаевди, Сариевди, Атамбаевди айтса болот. Калгандары "креслонун" айланасында калып кетишти.
- Абдыгул мырза, бийликке коркунуч туудурган кимдир бирөөлөр арабызда жашап жатабы?
- Менимче, Курманбек Салиевич элден, ошол эле оппозициядан шек санабасын. Бардык падышаларды жанында жүргөндөр курутканын тарыхтан билебиз. Мисалы, Медет Чоканович Акаев бийлигинде ажого жакын жүрөм деп башкаларынан утулуп калган. Ал эми азыр бул ажобуздун жанында жүрү. Бийликте өз ара келишпестик болуп жатат. Тымызын тирешүү бийликке коркунуч туудурат.
- Абал оор, быйыл тезек тергиле деген сөздөн сиз эмнени түшүнөсүз?
- Абал чынында өтө оор. Быйылкы кыш кыргызды кылычы менен кууруйт го. Бирок, тезек тере турган абалда болсок да, президент ушинтип айтпашы керек болчу.
- Кыргызстанда саясый абал оорлошууда. Ал эми оппозиция күзгү таймашты күтүп жаткандай. Бардыгы эле сурап жүрүшөт "күздө бир нерсе болобу" деп. Сиз эмне дейсиз?
- Муну так кесе айтыш өтө кыйын. Мен Көлдө эс алып жүрүп, жалаң карапайым калк менен сүйлөштүм. Эгер жашоо ушул кейпинен жазбай начарлай берсе, бийликтин бир аргасын кылуу зарыл дешүүдө. Ал эми оппозиция эмне ойлоп жатканы туурасында маалыматым жок.
- Мэр Данияр Үсөнов убадаларын аткардыбы. Ал келгени эмне өзгөрдү?
- Анын келгенине жарым жыл болду окшойт. Мэр үчүн бул өтө аз убакыт. Аракет кылып жатат. Бирок, баа бериш азыр эрте.
- Бишкек шаардык кеңеши мэриянын көлөкөсүндө калгандай. Демиңер чыкпайт да.
- Шаардагы аткарылган жакшы иштердин баарында биздин да үлүшүбүз бар. Көлөкөдө калды дегениңер туура эмес.

Манас ОСМОН




  КурумУшу

Элдин көзүнө чаң чачып жатышабы?
2008-жылдын 27-июнунда 24.kg информагентствосу өнөржай, энергетика жана отун ресурстары ми- нистрлигине шилтеме жасап билдиргенине караганда, өлкөнүн ич аралыгында электр энергиясын пайдаланууга чектөө киргизилиши этимал. Чектөө электр энергиясына коюлган лимиттен ашып кеткенине байланыштуу жүргүзүлмөкчү. 2008-жылдын 25-июнуна карата түзүлгөн абалдан алып караганда республикада электрэнергиясын пайдалануу 411,5 миллион киловатт/саатты түздү. Ал эми, лимит болсо 459 миллион киловатт/саатка барабар. Электр энергиясы натыйжалуу пайдаланылбаса, Токтогул суу сактагычын суу запасы менен толтуруу, ошону менен 2008-2009-жылдын күз-кыш мезгилин камчы салдырбай ийгиликтүү өткөрүү үчүн мөөнөтүнөн мурда чектөө киргизүүгө аргасызбыз деп эскертет энергетиктер.

Минпромэнергонун экинчи бир маалыматына караганда, 2008-жылдын 26-июнуна карата Токтогул суу сактагычында жыйналган суунун көлөмү 8,75 миллиард кубметр-ди түздү. 2007-жылы болсо суу 12,96 миллиард кубметрге туура келген эле. 25 күндүн ичинде суунун агып кириши орто эсеп менен секундасына 734 куб/м (кирешеси) болуп, агып чыккан суу секундасына 407 куб/метрге (чыгаша) барабар келди. Ошентип Токтогулдагы суунун көлөмү 1,11 миллиард куб/метрге өскөн болуп чыгат.
Кыскасы, минпромэнергонун эскертүүсү кайрадан эле эски таз кейпибизди киебиз, кайрадан эле караңгыда карайлап отурганга аргасызбыз дегенди каңкуулап турганы айдан ачык. Мындай суук кабар элди түйшөлтпөй койгон жок. Калк арасында түпөйүл нааразычылыктарды жаратууда. Коомчулукта минэнергонун келтирген цифраларынын аныктыгынан, "тазалыгынан" шек санап ишенбеген, тил эмизип жаткан жокпу деген шүйшүнгөн маанайды пайда кылды. Атап айтсак, жаштардын интернет-форумунда (дарегин көрсөтпөй эле коелу, "баш бербей кеткен" интернетти кынына киргизип коюуга эки көзү төрт болуп тиш кайрап турган "Акжол" партиясына ашыкча шык берүүнүн кажети жоктур) өлкөнүн энергосекторунда түзүлгөн кризистик жагдай боюнча, деги эле, минэнергонун көрсөткөн цифраларынын тактыгына карата кызуу талкуу башталганы буга күбө. Айрым юзер-жаштар маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо үчүн минпромэнергонун маалыматын атайы эсеп-чотко салып талдап көрүүнү чечишти. Форумдун активдүү катышуучусунун жазып калтырган постинги (пикири) боюнча министрлик элдин көзүнө чаң чачып алдап жатканы байкалат: министрликтин башчысынын 1-июндан 31-августка чейин чектөөнү алып таштоо жөнүндөгү токтому чыккандан берки 25 күндүн ичинде элдин 411,5 миллион киловатт/саат көлөмүндөгү электричествону пайдаланып жибергенине, керектөө мурункуга караганда (Үчкоргон ГЭСиндеги аварияны бетке кармап) 3 миллион кВт/саатка чейин өсүп кетишине, т.а "берилген" лимиттен ашып кетпөө үчүн 3 миллионду кыскартуу керек болуп калганына ишенүү кыйын экени белгиленет. Эсептеп көрөлүчү дейт форумдун ал катышуучусу - бир үйбүлөдөгү электрприборлор орто эсеп менен алганда төмөнкүдөй энергияны эле коромжулай алышы мүмкүн:
1) муздаткыч 5 саат иштесин дейли - саатына 300 ватт - кошуп келгенде ал 1,5 кВт/саатка туура келет.
2) Электрлампочкалар - 3 даана, 3 саатка 100 ваттан = 0,9 кВт/саат.
3) Телевизор - 5 саатта 100 ватт = 0,5 квт/саат.
4. Кир жуугуч, микроволновка, чаң соргуч, электр чайнек ж.б. - 2 сааттан дейли, эсептегенде 1,5 кВт/сааттан = 3 квт/саат
Бир үйбүлө, ошентип, орто эсеп менен 66 кВт/саат гана энергия коротот. Кыргызстанда 900 миң үйбүлө бар - алар суткасына пайдаланган энергияны кошо келгенде 5,4 млн кВт/cаатка туура келет. Аны 25 күнгө чагып келгенде 135 млн кВт/саат болуп чыгат. Ошентип катардагы карапайым эл пайдаланган энергия жалпы эсептен алганда анча деле чоң өлчөмдү түзбөйт. Кыскасы, 1-июнда минпромэнергонун бүт республика боюнча чектөөнү алып таштоо жөнүндөгү токтому чыккандан баштап 411,5 миллион кВт/саатты ушатып таштадык дегенге ишенүү кыйын. Өтө эле ашыра чапкан алакачма цифра. Ошондуктан лимиттен "жеп бүттүңөр" деген күнөөнү карапайым элге артып, веердик өчүрүүлөрдү баштоо үчүн жол тазалоо бери болгондо зомбулукка тете. Андай эле болуп чыдам кетип баратса, айыпты энергияны ысыраптуу пайдаланган жерден: байлар-чиновниктер жашаган элитүйлөрдөн, чиновниктер сайрандаган кафе-ресторандардан, казинолордон, сауналардан, бассейндерден издеп көрүшкөнү туура болор эле. Непадам, энергияны керектөөчүлөрдүн бардык категорияларына бирдей чектөө киргизилиши керек дегендери ачыктан ачык калыссыздык болору анык.
Айтмакчы, лимит дегенди ким аныктап, ким чегин чектеген деген суроо туулат. Минпромэнерго өзүн-өзү билип асмандан алып туруп лимит ушунча болсун деп таштаганбы? Же Акүйдүн мыкчыгерлеринин буйругу менен "лимит" деген неменин аныкталганыбы? Айтыш кыйын. Биз билгенден эч бир өкүлчүлүк органдарында, анын ичинде ЖКда эч кандай лимит-слимит деген бекитилген эмес. Атүгүл лимит жөнүндө сөз да болуп көрө элек. Башкысы лимит ушунча болот дегенге эл макулдугун бергенин эзели уга элек экенбиз. Элдин күнүмдүк тиричилигине байланышкан кызыкчылыгына түздөн-түз таасири бар маселени караламан калкты четте калтырып туруп, сыртынан тон бычып чечип коюу зомбулук, көз көрүнө адам укугун бузуу болбогондо, анан не болсун дейсиң.
25 күндөн бери Токтогулда суунун көлөмү 1,11 миллиард куб/метрге эле өстү дегендерине да ишенүү кыйын. Эсептеп көрөлү дешет жаштар форумундагылар - суунун агып киргени 734 миллиард куб/секунд, агып чыкканы 231 куб/секунд = калган "таза кирешеси" 503 куб/сек., б.а. 26 күндө 503*60 сек*60 мин* 24 саат* 26 күн = 1 129 939 200 куб топтолгон болот. Ошентип бардыгы 1,13 млрд/кубду түзүшү керек.... Суунун калган 20 млн кубу кайда кетти? 20 млн куб болсо эсептеп көргөндө эки күн бою агып киргенге барабар суунун көлөмүн түзөт. Кыйла чоң өлчөмдөгү суу. Мынчалык суу кайда агып жоголду, жең ичинен сатылып кеттиби? Бул иште, канткен күндө да, элден жаап-жашырылып, т.а. элдин көзүнө чаң чачып жаткан манипуляциялар бар экени байкалбай койбойт.

Үсөн Касыбеков
P.S.: Элдин энергетикалык кризистин чоо-жайын ажыратууга чама-чаркы келбей айласы кетип турганда минэнерго 1-июлдан баштап жылуулук жана электрэнергиясына болгон тарифтердин көтөрүлгөнүн эскертип өмгөктөткөн билдирүү таратты. Келечекте элдин тиричилиги кантмекчи деген суроо койгонго жарашкан да жок. Толук кайдыгерлик. Бекеринен "алты доочу бир келсе, амалыңды кеткени" дешпейт эмеспи.









??.??