№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




  А й л а н к ө ч ө к

Карабалтада милицияны атып салышты
Карабалта ШИИБ кызматкери, лейтенант Жолдошбек Эркин уулу белгисиз бирөөнүн аткан огунан каза тапты. Маркум Жолдошбек кесиптеши Эсенбек Курманов менен мурдагы бир кылмыш ишине шектүү адамдарды кармоо учурунда окко учту. Ок милиция кызматкеринин далысына тийгендиктен, эки сааттан кийин ооруканадан көз жумду. Милицияга ок аткан кылмышкердин "эми, боорун жейбиз" деп ИИМ издөөгө алды.

Кимиси кара, кими ак?
Ош шаардык соту Ош облусунун губернаторунун мурдагы биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевди кызмат абалынан пайдаланып гуманитардык жардамды мыйзамсыз тараткан деп, апрель айында беш жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан эле. Ал сот акеңин мындай өкүмүнө каршы болуп, облустук сотко кайрылган. Кушбак Тезекбаев өзүнө тагылган айыптарды жалаа деп эсептеп, аны саясый себептер менен байланыштыраарын билдирген. Ал эргул дале Жаныкеңен көрүп жатат.

Кубаныч "ака" кууруйм дейт
Парламенттик комиссия геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин ишин текшерип баштады. Комиссия кен байлыктарын иштетүү үчүн мамлекеттик бул агенттик тарабынан берилген лицензиялардын мыйзамдуулугун текшермекчи. Парламент төрагасынын орун басары, аталган комиссия башчысы Кубанычбек Исабеков 1992-жылдан бери бул мекеме тарабынан берилген миңден ашуун лицензиянын 30 пайыздайы чет өлкөлүктөргө тийгенин белгилөөдө. Кубанычбек аканы сындырып коюшпаса болгону.

Куунайбыз же куурайбыз
Президент "Кыргыз азык-түлүк корпорациясы" аттуу акционердик коом түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Мындай корпорацияны түзүү - азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айыл чарбаны көтөрүү максатында ишке ашырылат. Мамлекет башчынын буйругу менен тиешелүү жетекчилерге "Кыргыз азык-түлүк корпорациясы" АКсын түзүүгө бир айлык мөөнөт берилди.
Ушундай эле буйрук менен "Кыргызстандын өнүгүү фонду" АКсын жана депозиттерди коргоо боюнча агенттик түзүүгө да бир ай мөөнөт белгиленди. Мындай нерсени кезектеги дагы бир шоу деп элдер элеңдеп калышты. Ай, ким билет?

Барскоондук аялдар сотко кайрылат
Мындан 10 жыл мурда канадалык ишкерлердин цианидинен ууланган кош бойлуу келиндер боюнан алдыртканга мажбур болушкан. Бул боюнча маалыматты ошол кездеги Барскоон ооруканасынын врачы Бактыгүл Иманкожоева Барскоон айылында өткөн жарандык форумда ачыкка чыгарды. Анын айтуусунда, бийлик төбөлдөрү Барскоон трагедиясын жаап-жашыруу үчүн кош бойлуулардын медициналык бүтүмдөрүн жок кылган. Бирок коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жарандык борбордун Ысыккөлдөгү бөлүмү юридикалык адисти жалдап, жабыркаган аялдарга "Кумтөр" кенинен компенсация өндүрүүнү талкуулады. Ага "Карек" бейөкмөт уюму катышып, врач Бактыгүл Иманкожоеванын арыз менен кайрылган жүздөгөн аялдын 25инин гана медициналык каттоо кагазын таап чыкканын көрсөттү. Борбордун Ысыккөлдөгү өкүлү Кыял Исмаилова жарандык форумдун кайрылуусу менен эми эларалык атайын жактоочу сотко кайрылганын ырастады.

Жоомарт жоо сайып келдиби?
Грецияда өтүп жаткан Социалисттик интернационалдын 23-жыйынында жетишилген макулдашуунун негизинде Бишкекте социалистик интернационалдын мүчөлүгүнө кабыл алынган Россия, Швеция, Греция жана башка өлкөлөрдүн социалисттик партияларынын өкүлдөрү катышкан жыйын болот. Белгилүү болгондой "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон кыргызстандык социалисттер Грецияда өтүп жаткан Социалисттик интернационалдык жыйынга катышууда. Бул жыйында "Ата Мекен" партиясы Социалисттик интернационалдын мүчөлүгүнө кабыл алынды. Өмүке жыргаптыр да.

Карызды кыскартам деп...
Каржы министрлиги жакынкы жылдары тышкы карызды башкаруу боюнча стратегияны иштеп чыкты. 2008-2010-жылдарга эсептелген стратегия мамлекеттин карызын кыскартуу жана тыштан жаңы карыз алууну коопсуз деңгээлде кармоо максатын көздөйт. Ага жетишүү үчүн каржы министрлиги бюджеттин таңсыктыгын 2010-жылга карай 2.4%га түшүрүп, тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 42.9%ын түзүүсүнө жетишүүгө аракеттенет. Быйылкы жылы бюджеттин таңсыктыгы 2.8%ды түзүүдө. Ал эми тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 57.79%ын түзөт. Өкмөт бул стратегиянын алкагында мамлекеттик инвестиция үчүн тыштан алынчу карызды, тышкы карызга төлөнүүчү сумманы да кыскартууну көздөөдө. Тил эмизүү деген ушундай болчу беле, ыя?

Бабанов банк сатып алды
Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарых барактарында биринчи жолу Өмүрбек Токтогулович Бабанов АКБ "Кыргызстан" банкынын контролдук акция пакетин (контрольный пакет акций) 750 млн сомго расмий түрдө сатып алды.
Дүйнөлүк менеджмент, маркетинг мектебин жогорку деңгээлде билген, бизнестин ийгиликтүү жолун тапкан, айтылуу "Альянс мунай" компаниясын түзүп, миллиондогон салыктарды казнага түшүрүп, рынок жаатында үзүрлүү эмгектенгени белгилүү. Калк колдоосу менен депутаттыкка да жетишкен эле.
Эми минтип Кыргызстандагы төбөсү көрүнгөн банктын ээси болгону көп жакшылыктан үмүттөндүрөт.
АКБ "Кыргызстан" банкынын Директорлор кеңешинин төрагасы Нурдин Илебаевдин маалыматында, мындан аркы максаттарга банктын уставдык капиталын жогорулатуу, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, заманбап технологияларды колдонуу менен эларалык банк стандарттарынын негиздерине жетишүү милдеттери коюлган.




  Эсеби такпы?

Искандер Гайпкулов, Эсеп палатасынын төрагасы:
"Коңшуларга тең атабыз"
Кечээ мусулман мамлекеттеринин Эсеп палаталарынын төрагалары Бишкекте топтолуп, кызматташууну жайылтуу максатында 13-жыйналышын өткөзүштү. ЕКОСОЙ уюму жөнүндө Искандер Гайпкуловду кепке тарттык.

- Мусулман мамлекеттеринин ЕКОСОЙ деген уюму бар. Ушул уюмдун башкармалыгынын мүчөлөрү келип, төрага Айтибай Тагаев менен жолугушуу өткөзүшөт. Тактап айтканда, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан жана Түркия мамлекеттери ЕКОСОЙ уюмунун башкармалыгы болуп эсептелет. Мындан сырткары уюмга мүчө 11 мамлекет бар. Быйыл болсо, Кыргызстанда биринчи жолу уюмдун 13-жыйналышын өткөзүп жатабыз.
- Төрага менен кандай маселе тууралуу сүйлөшөсүздөр?
- Бардык эле мамлекеттерде Эсеп палатасы парламенттин органы болуп эсептелет. Ошондуктан, башка өлкөлөр менен өлкөбүздөгү Эсеп палатасынын мамилелери кандай жана мындан ары кандай болот, ошону талкуулайбыз.
- ЕКОСОЙдун кийинки жыйналышын кайсы өлкөдө болжоп жатасыздар?
- Ал маселе заседаниеде бекитилет. Биздин болжол боюнча Казакстанда болушу мүмкүн. Анткени, уюмдун 12-жыйналышы өтүп жатканда Казакстандын Эсеп комитети төрагалыкка шайланган.
- Кыргызстандын Эсеп палатасынын жумуштарына кандай баа берип жатышат?
- Бул жерде көп маселелер бар. Биринчиден, биз эларалык стандартта аудит өткөзгөнгө аракет кылганыбызга баа берип жатышат. Коңшу мамлекеттердин ичинен алгачкылардан болуп, эларалык стандарттагы мыйзам Кыргызстанда гана бар. "Ушул жагынан силер бизден алдыда экенсиңер" деп айтып жатышат. Бир-бирибиз менен тажрыйба алмашуу багытында да жакшы аракеттер жасалууда. Мисалы, Пакистанда атайын окуу борбору бар. Ушул жерге өзүбүздүн балдарды курска жөнөтүп жатабыз. Түркия болсо, атайын тренинг комитеттерин жөнөтүп, өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүштү.
- ЕКОСОЙ уюму жөнүндө кыскача маалымат бере кетсеңиз...
- ЕКОСОЙ мусулман мамлекеттеринин экономикалык байланыштар боюнча түзүлгөн уюму. Бир-бирибиз менен маалымат алып-беришүүдө тыгыз кызматташып, Эсеп палаталарынын ишин алдыга жылдырууда биргеликте аракеттенебиз.

Өмүртөрө Кудайбердиев










??.??