№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Акүй уктабай калды го…

А.Атамбаев, Ө.Текебаев, Т.Сариев
Оппозиция байрагы болобу?
Соңку учурда оппозициянын ичиндеги ынтымак жолго салынып келаткандай. Эсиңерде болсо, өткөн сандарда жазган элек: А.Атамбаев менен Ө.Текебаевдин сүйлөшүүгө барышканын, тил табышканын белгилеп. Бирок, кезинде А.Атамбаев, Ө.Текебаев, Т.Сариев (бири премьер-министр, тигилери депутат кезинде) парламенттен айтышып, тең ата кармашта жүрүшчү эле. Эми тагдырдын тамашасын кара, Алмаз мырза менен Өмүке, Темике оппозициянын байрагы катарында кайрадан жылуу кол кармашып. Мындан аркы саясый кадамдары да бирге болуп, элдин кызыкчылыгын, чындыкты талашарын тактап алышты.

Ошондой эле саясый майданда дагы бир күч: "Акшумкар" партиясы. Төрагасы -Т.Сариев. Кыргыздын тыңчыкма уулдарынын алдыңкы сабында. Кечээ маалым болгондой, А.Атамбаев Темикени чакырып, жолугушуп, алдыдагы саясый күрөштөрдө бирге болорун, кыргыз эли үчүн тең күйөрүн акылдашып алышты. Баракелде!
Мындан сырткары, жогорудагы үч лидер кол кармашса, "Акыйкат үчүн" кыймылынын, Коомдук парламенттин, "Бирдиктүү Кыргызстандын" ж.б. саясый күчтөрдүн назары түшүп, чындап биригүүнү эңсеп турган кербездери.
Күздө саясатта бороон-чапкын башталарын айрым билермандар саймедирей баштады. Бүгүнкү саясый-экономикалык кырдаалдын туңгуюкка такалганы, карапайым калктын оор шартта күн кечирип атканы кимдерди уктатпайт? Жообу да табылар. Айтор, кыргыз бөлүнүп-чачылбаса экен. Эмесе, күзгү күрөшкө дейре аман бололу!
Апас Ниязалиев




Жүз көрүшкөнчө
Урматтуу окурман! Сиз сүйгөн "Аалам" гезитинин жамааты жайкы эс алууга кетип отурат. Акыл калчап, мээ сергитип зирек ойлорду тутамдап биз келели. Эмесе, сентябрь айынын баштапкы күндөрүнөн көрүшкөнчө…




  Укурук урмай заман

Качкын Булатов жазыксыз камалды
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Т.Байчаев кылмыш жасоодо шектүү адам катары К.Булатовго протокол түзүп, 329-статьянын 2-бөлүгүнүн негизинде "Атайын жалган билдирүү жасоо" деген айып тагып, кылмыш жасаганга шектүү деп кармаган. Бирок, К.Булатов кылмыш жасаган мезгилде кармалган эмес же ага карата кылмыш жасады деп эч ким көрсөтмө берген эмес.

Тилекке каршы, адам кылмыш жасаган мезгилде ал жасалгандан кийин түздөн-түз колго түшкөн, көрүп тургандар жана жабырлануучулар ошол адамды кылмыш жасаган адам катары ачык көрсөтүп беришкен деп тергөөчү жыйынтык чыгарган.
Ошондой эле К.Булатовдо өзүнүн ким экендигин далилдеген документ болбогондугу, о.э. Бишкек шаарында туруктуу каттоодо турган эмес. Ошондуктан К.Булатов тергөө же сот иштерине тоскоол болуп качып кетиши мүмкүн деген шылтоо менен камалган.
Бирок, К.Булатов тергөөчүнүн айтканынан чыкпай өз каалоосу менен бир нече жолу сурак берүүгө келген.
Эч убакта сурак берүүдөн качкан жок. Качууга ниети да болгон эмес. Кыргызстанда туруктуу жашагандыгын далилдеген паспортун тергөөчүгө көрсөткөн. К.Булатов көп жылдар бою адам укугун коргоо жаатында иштеп келген. Буга чейин соттолгон эмес. Тергөө иштери бүткөнчө эркиндикте жүрсө, коомчулукка эч кандай коркунуч келтирбейт. К.Булатовдун денсоолугу начар. Тактап айтканда, бир нече ооруунун азабынан жапа чегет.
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын подполковниги Т.Байчаев К.Булатовду негизсиз, мыйзамды одоно бузуу менен камакка алган жана өз укугун мыйзам чегинен ашкере пайдаланган. Адам укугун тебелөө менен туура эмес иштерди жасагандар мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек деп эсептейбиз.

Коомдук парламент,
"Акыйкат үчүн" коомдук кыймылы




  Өрт өзөгү

Шамшиевдин "шпион" тууралуу киносу
Үстүбүздөгү жылдын 15-марты. "Манас" аэропортуна Москва - Бишкек самолету конуп, башка жүргүнчүлөрдүн арасында бейкапар келаткан Асел Айнидинованын аягы жерге тиери менен аны күтүп турушкан кылмышкерлерди кармоочу топ кудум коркунучтуу кылмышкерди кармагандай дегдеңдете алып жөнөштү. Бул "операциянын" жүрүшүн жан талаша видеокамерага тартып жүргөн белгилүү режиссер Б.Шамшиевди көргөндөр "аа, мамлекеттик кылмышкерди кармоо тууралуу кино тартып жаткан турбайбы" деп ойлогудай эле. Бирок атактуу кино ишмердин бул жолку "чыгармасынын" сценарийи өз турмушунан алынып, катышкан каармандары өз жакындары болчу.
Кыйла убакыттан бери чиеленишип, көз жашыбызды көлдөтүп, көкүрөгүбүздү муңга толтуруп келаткан бул окуя Б.Шамшиевдин Ташмойноктогу дачасынын өрттөлүшүнө байланышкан. Бул жөнүндө калың журт кабардар болуп, ал ишке он жылдай чогуу жашаган жубайы, менин кызым Асел Айнидинованы жана мени байланыштырып, үйүмдү өрттөп, акчамды уурдап кетишкен деп жалаа жаап жатканын да эл жакшы билет.
Ошентип биздин жашообуз "өрткө чейинки" жана "өрттөн кийинки" деп так экиге бөлүнүп калды. "Чейинкисинде" ар бир үйбүлөдөгүдөй эле оору-сыркоо, кубаныч-кайгы аралашып, ысык-суукту бирге тарткан кадимки эле эриш-аркак мамиле бар болчу. Жетимишке жашы чукулдап калган адамдын жашоосу кандай - нечен оору, нечен кыйын кезеңде Болот Төлөновичтин кызматында кызым эле эмес, мен да кошо болуп, өзү айтмакчы "сонун кызды тарбиялаган сонун кайын эне" болчумун.
Өрттөн кийин төбөбүздө кара түтүнү уюлгуп, көөсү сүйкөлүп, ышы көкүрөктү муунтуп, жаныбызды ала турган болду. Адегенде (өрт 2007-жылдын июндун 25ине караган түнү болгон) кыш чыгарган завод боюнча өчөшүп калган кытайлардын колунан келди деп жатты. Кыш заводун ошолор менен чатакташып жүрүп алган болчу. "Үйдү жакшы караган эмессиңер, наркы жакта жата бербей кайтарбайт белеңер" деп бизди жемелеп-жукалай берди. Бара-бара уруш күчөп, акыры кызым экөөбүздү "силер кылгансыңар" дегенге өттү.
Өзү Кытайга кеткен учурда кызым экөөбүз дачадагы чоң үйдү адаттагыдай эле бекитип коюп, беритедеги кичине времянкада жатканыбызды, коңшулардын ызы-чуусунан ойгонуп, өрттөнүп жаткан үйдү өчүрүүгө биз түгүл өрт өчүрүүчүлөрдүн да алы келбей калганын, кызымдын эси ооп, "Тез жардам" алып кетип, ооруканага жатып калганын айтсак да таасир этпеди.

(Уландысы 6-бетте)










??.??