№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу-шыбырттары

"Нукура кыргыз - 3"
"Жаңы Кыргызстан" партиясы эки жылдан бери улуттук каада-салт, өнөр жаатын элге жеткирүү максатында ушунакай аталышта теледолбоор өткөрүп келе жатат. Быйыл да бу саамалыктын үчүнчүсүн өткөрүшмөкчү. Учурда даярдык кызуу жүрүп жатыптыр. Баса, эки жылдан бери бул берүүнү Нурдөөлөт Копоев алып барып келсе, быйылкысын "Нукура кыргыз-2" теледолбоорунун катышуучусу Айбек Асанбек уулу алып барат имиш.

Съездбек Орусиядан кайтканда
Съездбек Искеналиев ырчы Ильяз Андаш менен Орусия жергесине кыргызстандыктардын чакыруусу боюнча барып концерт тартуулап кайтты. Кат-кабарын сурасак, чарчап-чаалыгып келген мырзалар "эс алалы, анан баарын айтып беребиз" дешти. Мейли дедик. Алар эс алгыча биз да эс алып кайталы.

"Демдин" дагы бир коозу
"Дем" театрынын демдүү жигиттеринин бири, төкмө акын Максат Кулуевдин ырчылыкка да ык коюп жаткан кези. "Досума" ырын жаздырып, угармандарга сунуштоого катуу киришип туру. Аны менен катар колоктогон кооз эркектер чогулган "Демде" да иш үстүндө.

Клара өрүкзарда жүрөт
Кыргыз жигиттеринин жүрөгүн алоолонтуп, өткүр, курч кылычтай кайрап ырдаган Клара Алибекова бир топ убакытка чыгармачылыктан алыстап тыныгуу жасаган эле. Көртирликке аралашып дегендей. Чыгармачылыкка кайтып келген Клара учурда Кыргызстанды түрө кыдырууга белсене киришип, өрүкзарлуу Баткен элине ыр-майрам куруп жүрү.

Кундуз+Эрмек= Сагыныч
Кундуз (90х60х90) бүгүн "Сагынам" аттуу ырына клип тартып баштамакчы. Эгер өзгөрүү болуп кетпесе, сценарийи боюнча жигиттин ролун "бравочу" Эрмек Нурбаев ойносо, сагынычка баткан сулуу Кундуз өзү болмокчу. Клипти "Кыргызфильм" студиясы тартат. Канча каражат кетээри азырынча белгисиз. Бирок, заман шартына жараша деңгээли жогорулаган клиптер оңой эмес каражатты талап кылаары анык. Каражат дээрлик Кундуздун чөнтөгүнөн кетет. Буюрса, күз чамалап клибин көрүп калабыз.

"Учур" кайда учту?
Учурдун жаңырыгы да, жаңылыгы да болгон "Учур" телетеатры бүгүн-эртең бир айлык эс алууга кетүү камында. Күздө жаңы дем, жаңы күч топтоп, жандүйнөнү сергитип кайткан "Учурдун" актерлору баягы жомогу бүтпөс жок сүйүү темасындагы фильмди жаратышмакчы. Азырынча эс алуу менен катар фильмге кетчү каражатты, демөөрчүнү иликтеп келебиз дешет. Кинонун режиссерун, сценарийин азырынча сыр кылып кармап турушат.

Кыргыз-казак айтышы өтөт
Сөзүнө сөзү өрүлгөн, сөөлөтү мыкты көрүнгөн, урушуп жаткан кезде да уйкашы менен сөгүнгөн кыргыз-казак элинде төкмөлөр саны арбып, жаңы муун өсүп, эки элдин өнөрпоздорунда талантты өстүрүү жаатында айтыш өткөрүп келаткан салты бар. Ошол салт боюнча буюрса быйыл да кыргыз-казак төкмөлөрү арасында айтыш өткөрүүнү "Айтыш" коомдук фонду моюндап олтурат. "Буюрса, август айын аяктап" деген тилек бар. Айтмакчы, буга дейре "Айтыш" фондун төкмөлөр Элмирбек, Шекербек жетектеп келсе, кечээги жыйында төрагалыкка "Айтыштын" алып баруучусу, тележурналист Шайырбек Абдрахманов дайындалды. Ордуң кут болуп, өнөр адамдарын өргө сүйрө, Шаке!










??.??