№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  С п о р т м а й д а н ы н д а

Кыргыз өспүрүмү Айдар чех футболунан таалим алууда
Айдар Улан - он жашта, Бишкекте төрөлгөн. Алты жарым жылдан бери ата-энеси менен Чехиянын борбору Прагада жашайт. Айдар соңку эки жарым жылдан бери Праганын айтылуу "Дукла" ( FK Dukla Praha) футбол клубунун оюнчусу. 25-июнь күнү "Дукланын" Чехиянын башкааласындагы стадионунда өткөн салтанатта Айдар 2007-2008-жылдагы футбол сезонунда өз категориясынан команданын үч мыкты оюнчусунун бири катары аталып, клуб жетекчилигинин баалуу сыйлыгына арзыды. Айдардын машыктыруучусу Эрнест Хусар (Ernest Husar) мырзанын айтымында, эгер кыргызстандык бул өспүрүм өзү менен иштөөнү талыкпастан улантса, кесипкөй футболчуга айлангыдай шык-жөндөмү бар. Мүнөзү ийкемдүү болгондуктан командасындагы чех өспүрүмдөр менен камыр-жумур аралашып ойноп келүүдө. Айдар англис, чех тилдеринде эркин сүйлөйт.
Уюшулганына быйыл алтымыш жыл толгон "Дукла" азыр Чехиянын экинчи лигасындагы 16 команданын бири жана учурда биринчи лигага чыгууга аракеттенип жаткан кези. Прагадагы мыкты делген үч-төрт стадиондун бири ушул клубга караштуу. Курамында 14 категория боюнча 250дөй футболчу ойнойт.
Европа футбол чемпионатында курама командасы Түркиянын курама командасына жеңилип, күйөрмандарын ызага салганы менен, Чехияда да футбол мыкты өнүккөн деп айтууга негиз бар. Акыркы беш жылдан бери ФИФАнын рейтингинде алдыңкы 10 мамлекеттин ичинде. Калкы он миллиондон бир аз ашкан өлкөдө түрдүү деңгээлдеги футбол клубдарынын саны 4 миңден, катталган оюнчу саны 600 миңден ашат. Бирок 1-2-лигаларында 16дан гана команда ойнойт. Ушундай өлкөнүн футбол мектебинен таалим алып жаткан кыргыз өспүрүмүнүн футбол дүйнөсүндөгү арышы алыска кетсин деп тилек кылып туралы.
Ал эми Айдардын дайнын уккан Кыргызстандын футбол федерациясынын жетекчилиги жана өлкөнүн 4 жолку чемпиону "Дордой-Динамо" командасы ал үчүн ардайым эшиги ачык экендигин, качан болсо да Айдар Уланды кучак жайып тосуп алышаарын "Ааламдын" редакциясына расмий билдиришти.




Рыцарь Антон Новиков дүйнө чемпиону болобу?!
6-июлдан 11-июлга чейин Египеттин борбору Каирде спорттун беш түрү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты болмокчу. Бул дүйнөлүк биринчиликке Кыргыз желегин Антон Новиков аттуу жаш рыцарыбыз көтөрүп барып мөрөй талашат. Аны таптап, спорттун беш түрүнүн сырын үйрөткөн Азиянын көп жолку чемпиону Роза Биккина да устат катары Каирге аттанып жатат. Эгерде Антон жарым финалга чейин жетсе, анда баш байгеге талапкерден болушу мүмкүн. Финалда 36 спортчу гана мөрөй талашат. Башкалар спорттун бир түрүнүн түйшүгүн араң аркалап жүрсө, Антон спорттун беш түрүнөн Борбор Азиядагы лидерлердин бири.

"Азия балдары" эларалык мелдеши
3-июлдан 14-июлга чейин Саха Республикасында (Якутия) салтка айланып бараткан эларалык "Азия балдары" турнири өткөрүлөт. Кыргызстан катышуу үчүн расмий чакыруу алып, өлкөнүн жаш спортчуларын жакында спорттук жетекчиликке келген Александр Воинов баштап барганы жатат.
Бул мөрөй талашууга Азия жана Орусия аймагындагы 22 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, өспүрүмдөр арасында Азия оюндары деңгээлиндеги таймашуу болмокчу. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 30 жаш спортчу Якутияга аттанмакчы. Алардын катарында жеңил атлетчилер, балбандар, боксчулар бар. Жөө күлүктөрдөн Наил Деникеев (жаштар арасында дүйнөнүн мурдагы чемпиону Элдар Деникеевдин уулу), Богдан Сидеренков, кыздардан Ксения Кадкина, Дарья Кремнева баш байгеге талапкер болушу ыктымал. Дзюдочулар Юрий Караковецкий, Изати Айдаров, Алишер Шералиев, Тариэл Үсөнов, балбандар Керим Кеймиров, Александр Сыдыков, Нурбек Жаркынбаев, бокс боюнча Турат Осмонов, Нурсултан Пазылов, Нурсултан Чынгараев ж.б. "Азия балдарында" жеңишти оңой менен колдон чыгарбайбыз" деп эрденип-шерденип турушат. Кимиси жеңишке жетет, аны алдыдагы мелдеш көрсөтөт.
Эларалык "Азия балдары" мелдеши 1996-жылдан бери өткөрүлүп, жыл өткөн сайын деңгээли жогорулап баратат. Мелдештин башкы калысы - мелдешти уюштуруучулар бири, олимпиада чемпиону Мария Кулчунова эжебиздин жолдошу, эркин күрөш боюнча олимпиада чемпиону Павел Пинигин. "Жезденин аты менен күл ташы" демекчи, биздин спортчулар "Азия балдары" турниринде олжолуу келишсе болгону. Александр Воинов баш болуп, олимпиада чемпионубуз Каныбек Осмоналиев төш болуп барып куру кол келсек уят го…

Кыргызстандык Ксениякыйын чыкты
Өткөн саныбызда бишкектик Ксения Палкина Туриндеги (Италия) чоң теннис боюнча эларалык мелдеште дүйнөлүк адистердин көңүлүн буруп, жаштар арасында "төбөсү" көрүнө баштаганын кабарлаган элек. Оозубузга сала бергендей, Ксения эларалык ири мелдештерге катышууга укук алып, тим эле канат бүткөндөй сезимде турат.
Италиядагы жыйынтыктоочу турнирде Ксения сегизинчи болуп теннис аянтына чыгып мөрөй талашат. Бул дүйнөлүк 10 мыкты жаш теннисчинин катарында кыргызстандык Ксения Палкина азырынча 8-катарда турат деген кеп.
Ушул учурда Ксениябыз жарым финалга чыгуу үчүн тандалган 8 спортчунун бири болуп, эми баш байгеге талапкерлерден болушу ыктымал.
Италиядан кайтып келгенден кийин Ксенияга Орусия менен Украинада өтүүчү эларалык 5 мелдешке катышууга жол ачылды. Бул таймашуулар 19-июлда башталат. Андан тышкары быйыл августта өтө турган Американын ачык чемпионатына катышууга да укук алды.

Эларалык чебер Эмил - чемпион
Чолпонатада эларалык "Ысыккөл-2008" шахмат фестивалы аяктап, жеңүүчүлөрү аныкталды. Акыл таймашы швейцариялык системанын негизинде эки категория боюнча өткөрүлүп, "А" тобунда чоңдор, "Б" тобунда балдар мөрөй талашты. 9 турдук мелдештин жыйынтыгында чоңдордун 50 шахматчысынан эларалык спорт чебери Эмил Молдобаев мүмкүн болгон 9 упайдан 8 упайга ээ болуу менен шахмат фестивалынын баш байгесин утуп, алтын медаль тагынды. Экинчи орун 7 упай топтогон казакстандык Нурлан Досовго ыйгарылды. Үчүнчү орунду кыргызстандык спорт чебери Элдар Качиев камсыз кылды.
"В" тобундагы балдар арасындагы акыл таймашында 35 жаш шахматчыдан арбын упай топтогон караколдук Эрлан Сейталиев чемпион аталды. Экинчи орунду бишкектик Артур Жакыпов, үчүнчүнү караколдук Шаислам Шабиев алышты.

Европаны, өзгөнү кой, өзүбүздү сүрөйлү
Ар жылы Эгемендүүлүк Кубогу өткөрүлүп, финалы 31-августта болуп жүрөт. Ага чейин мыктылар иргелип, жарым финалдык беттешүүлөр болгону турат. 2-июлда Бишкектеги "Спартак" стадионунда жарым финалдык биринчи беттешүүдө Кыргызстандын 4 жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы менен Бишкектин "Шер" командасы мөрөй талашты. Ал эми экинчи жарым финалдык таймаш - Ош облусунун Карасуу шаарында Карасуунун "Жаштык - Ак-алтын" жана Оштун "Алай" командаларынын ортосунда болмокчу. Эгемендүүлүк Кубогунун жооп иретиндеги беттешүүлөрү 5-июлга белгиленген. Финалдык баш байге үчүн мөрөй талашуу 31-августта болмокчу.
Учурда Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук чемпионатында Кант шаарынын "Абдыш Ата" командасы менен Нарындын "Дордой-Динамо" командасы лидерлик тизгинди талашып, жөөлөшүп келатышат.

Жыл сайын июль айынын баштапкы күндөрү КР спорт журналисттери кесиптик майрамын белгилешет. Федерация башчысы Улугбек Салымбеков салтка айлантып өткөн-кеткен иштерди баамдап тим болбой, белек-бечкеги менен чулгайт. Ушуга удаа кесиптешибиз Табылды Асыгалиев эр ортону 50 жашка чыгат. Эмне демекчибиз, Табылды мырзанын талыбас эмгек, жигиттик сыпат, үйбүлө очогунда алган жары, балдары менен чогуу кайнап, 70, 80, 90 жаштарды багындыра беришине тилектешпиз.

Сурат, Кабыл










??.??