№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Үйбүлө куту үчүн

Адамдык пайдубалыңыз бекпи?
Психологдордун аныктоосу боюнча адамдардын сезимталдуулугу менен эмоционалдуулугу айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан окуяларга карата көрүнөт экен. Албетте, адамдын мүнөзү менен анын кабатырлануусунун сырткы көрүнүшү - ал адамдын маданиятына - анын билим деңгээлине жана көз карашына, о.э. ички дүйнөсүнүн мээримдүүлүгүнө байланыштуу. Эгер өзүбүздү кармана албай башка бирөөгө "мурдубуз менен" бир тийсек, ал да ошондой орой мамилени бизге жасайт. Бул тууралуу даниялык художник Блиструп сүрөттөрдүн абдан кызык сериясын тарткан: анда ачуусу келген кожоюн өзүнүн жардамчысына каарын төгөт, тигил да өз кезегинде кийинки чиновникке барып бир тиет, чиновник машинисткага өкүрөт, ал болсо швейцардан ачуусун чыгарат. Ачуусу келген швейцар итин бир тебет, ит өз ээсине батына албай, көчөгө жаңы чыгып бараткан кожоюнду тиштеп алат. Ошентип ар ким өз энчисин алат.

ХIV кылымдын дарыгерлери төмөнкүдөй бир кеңеш айтышкан экен. "Эгерде сен эч бир оорудан кабардар болбой же бузулган денсоолугуңду кайтарып алгың келсе, кабатырланууну таштап, ачууланууну ылайыксыз кыязында көр" деген. Негизинен биз деле муну кабыл алсак болот.
30 жаштан өткөндөн кийин ар адамдын жүзүнө өз өмүрүнүн, өз мүнөзүнүн, өз турмушунун изи чийилет эмеспи. Байкасаң - мээримдүү, боорукер жана көңүлкоштуктан алыс адамдар узак жашап, далайга чейин жаш көрүнөт. Демек, бул сапаттарды карылыкка каршы негизги дарылар катары эсептеп койсок болот. Ал эми өзүмчүлдүк менен эмоциялык дүлөйлүк, көңүлкоштук, ачуулуу кыял, адепсиздик - адамдын өз өмүрүнө сайган бычак.
Күлкү - денсоолуктун мүлкү
Бул сөздө ашыкча апыртуу жок. Америкалык психолог Уильям Фрей "бир шыбага күлкү" деген тамашакөйдүн ойдон чыгара салуусу эмес экендигин белгилейт. Себеби адамдын организми тамакты кандай талап кылса, күлкүнү да андан кем эмес талап кылары анык.
Фрей иштиктүү изилдөө жүргүзүү менен 20 секунддук күлкү 3 минуталык гимнастикага тете келип, ал жүрөктүн иштешин, кан айланууну жакшыртарын аныктаган.

Иштен кайтканда
Иш күнү оор болду дейли. Иштен үйгө кайтып келатасыз, көңүлүңүз чөгүңкү. Мындай учурда нервдин чыңалуусун басаңдатып, ачууну чыгарып, тонусту көтөргөнгө жөө басуу кыйла пайдалуу. Ошон үчүн үйүңүзгө жок дегенде жарым жолду жөө басып келгениңиз оң.

Тарбия тууралуу сөз
Өзүн сыйлаган адамды эл сыйлайт, ошондой эле элди сыйлай билген адам өзүн сыйлайт. Аял коом алдында өзүнүн жарык дүйнөгө алып келип, өстүрүп жаткан балдары үчүн жооптуу, ошон үчүн ар бир маданияттуу аял көчөдө жана коомдук жайларда өзүн туура алып жүрүүнүн эрежелерин өз балдарына сөз менен гана эмес, өзүнүн жүрүш-турушу аркылуу үлгү көрсөтө алат. Жаш өспүрүмдөрдүн ички жан дүйнөсүнүн түзүлүшү менен калыптанышын айтсак, мисалы үйбүлөдө эң негизги үч нерсе керек экен. Алар: ишеним, сый, чыдамдуулук.
Кандай аял күйөөсүнө сүйүктүү боло алат?
Аялзатына арнаган төмөнкүдөй акылдуу кеңештерди угуп коюудан пайда гана болбосо, зыяны жок. Балким көз караштар эскиче сезилээр, анын пайдалуу жагын тандап алуу өз эркиңизде.
Ынтымактуу жашагыңыз келсе, жөнү жок күңкүлдөп, эч себепсиз бири-бириңердин көңүлүңөрдү түшүрө бербеңиз.
Бири-бириңердин артыкчылыгыңарга ар убакта чын жүрөктөн кубанып, кубаттап көнүңүздөр.
Бири-бириңерге такай көңүл буруп тургула. Ишинде эмне болуп атканын сурап, керек болсо жардам бериңиз.
Кимди жан дилиңиз менен сүйсөңүз, ошону сүйө бериңиз жана ага ишениңиз.
Аны айрыкча элдин көзүнчө мактап, анын акылына, жылдыздуулугуна, сымбатына суктаныңыз.
Анын жанында ар дайым назик болуп, ага болгон сүйүүңүздү билдирип, эч бир аял аны сиздей сүйө албастыгын көрсөтүңүз.
Айрыкча анын ата-энесин сыйлаңыз.
Күйөөңүздү кез-кез өз оюна коюп, жалгыз болууга шарт түзүңүз.
Өз кадыр-баркыңызды жогору тутуп, эч качан артынан чуркабаңыз.
Анын көзүнчө дайыма көңүлүңүздү көтөрүңкү кармап жайдары болуңуз.
Анын көзүнчө башка бирөө менен тамашалашып, жакындашып, ага кызгануу пайда кылууга жол бербеңиз. Бул өтө зыяндуу.
Ага өзүңүздүн андан акылдуу экениңизди көргөзбөңүз. Ал сиздин өз алдынчалыгыңызды көрсүн, бирок ал сиздин жөлөгүңүз экенин сезсин.
Тамакты даамдуу даярдоону үйрөнүңүз.
Өз көңүлүңүздү алагды кыла билиңиз.

Адистер далилдешет
Аял менен эркектин бирге турмуш сүрүүсүнүн узактыгына алардын үйлөнгөнгө чейинки жүрүмү, сүйлөшүп жүргөн мөөнөттөгү узактыгы көп таасир этет экен. Ойдогудай нике көпчүлүк учурда эркектин билим деңгээли аялдыкынан жогору же бирдей болгон учурда түзүлөт.
Адистердин далилдөөсүндө мырзаларга жылмайыңкы жүргөн аялдардын жүзү түнөргөн же суз аялдарга караганда көбүрөөк жагат экен. Таарынычты ичке катып тултуюуп, сүйлөшпөй жүрүү өтө оор . Кандай кыйын жагдай болсо да, бул абалдан жай аңгемелешүү, түшүнүшүү менен чыгууга аракет кылуу керек.

Даярдаган Кундуз Мандыбаева




Ардак Толкун: "Кытайда 170 миңдей кыргыз жашайт"
Жакшы саамалык болду. Спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макеш Үрүмчү шаарынан кытайлык кыргыз жигити, жеке ишкер Ардак Толкун менен жолугуп, Кытайдагы кыргыздар, Кытай- Кыргызстан достук байланыштары, белгилүү манасчы Жусуп Мамай, Мьянмадагы жер титирөө залакасы тууралуу маектешкен.

- Ардак мырза, Кытайда канча кыргыз жашайт? Алар күнүмдүк кандай жумуштар менен алектенет?
- Кытай Эл Республикасында жашаган кыргыздардын саны 170 миңдей деп жүрөбүз. Ал эми Үрүмчү шаарында болсо жети-сегиз миңдей кыргыз жашайт. Кытайдагы кыргыздардын көпчүлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет. Үрүмчү шаарында болсо кыргыздар радио редакциясында, эл өкмөтүндө, жогорку окуу жайларында, о.э. мектептерде жана ишкерлик менен алектенишүүдө.
- Белгилүү манасчы Жусуп Мамай аксакалдын денсоолугу кандай? Сиздин чоң атаңыз кыргыздан чыккан генерал болгон экен. Деги эле кытай бийлигинин кыргыздарга мамилеси түзүк элеби?
- Кытай бийлигинин жергиликтүү кыргыздарга мамилеси жакшы. Биздин белгилүү манасчы атабыз Жусуп Мамай 80 жаштан ашып, дале күүлүү-демдүү. "Манас" эпосун дүйнөгө таанытууга, кыргыз маданиятын, каада-салттарын сактоодо, жаштарга мурас кылууда Жусуп Мамай опол тоодой эмгек кылды. Менин чоң атам Кытайда "Манас" коомдук корун түзүп, улуу эпосту, дастанды кытай тилине которууга салым кошуп, Жусуп Мамайдын китептерин Бээжинден чыгарууга чоң эмгек сиңирген инсан болгон. Кытайдагы кыргыздардын жашоо- шартын оңдоого эл депутаты катары да үлүш кошкон. Ошондой эле Кытайда топоз, төө баштаган малдын тукумун өстүрүү, изилдөө боюнча өкмөттүк комиссияда иштеген. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондо Бишкекке биринчилерден болуп Кытайдагы кыргыздардын делегациясын баштап келген.
- Кытай-кыргыз кызматташтыгын, достук байланыштарын чыңдоодо кыргыздардын ролу кандай болуп жатат?
- Достук байланыштар кыйынчылык башка түшкөндө билинет экен. Биздин көп улуттуу Кытайдын башына жаманчылык келип, 8 балл-дан ашкан жер титирөө болуп, миңдеген элибиз жапа чекти.
Кытай өкмөтү жана калкы зилзала кесепеттерин жоюу боюнча алгачкы күндөрдөн эле жигердүү жана натыйжалуу чараларды көрүп жатышканы маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып турду. Мьянмада 2.5 миллион адам тез жардамга муктаж болду.
Биздин өлкөнүн аскерий жетекчилиги жалпысынан 2,5 миллион адамга таасири тийген жер титирөөнүн кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн чет мамлекеттерден жардамчы күчтөрдүн, дарыгерлердин, адистердин келишине макул болушту.
Мьянмада жер титирөөдөн 15 миллиондой турак үй кыйраган. Чет жерден, эларалык уюмдардан турак үйү кыйрагандарга убактылуу баш калкалоого чатырлар берилип, үй салуу үчүн курулуш материалдары жана акчалай жардамдар берилди. Зилзаладан аман калып, бирок үй-жайынан кол жуугандардын көбү башка аймактарга көчүрүлдү.
Кыргызстандын чукул кырдаалдар министрлиги Кытайдагы жер титирөөдөн жабыр таркандарга Орусия менен катар 120 тонна гуманитардык жардам жөнөткөнүн угуп Кытайдагы кыргыздар абдан ыраазы болдук. Андан тышкары 65 тоннадан ашуун иче турган таза суу жөнөтүлгөнүн угуп кубандык.
- Эми августтагы Бээжин жайкы олимпиада оюндарына камылга көрүлүп жатат. Даярдыктар кандай деңгээлде болууда деп ойлойсуз?
- Учурда бүткүл кытай эли олимпиадалык оюндардын деми менен жашап, чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Негизги спорт имараттары эбак бүткөн. Майда-чүйдө жасалгалоо иштери гана калды дешүүдө. Кытайда олимпиадалык оюндар биринчи ирет болгону жаткандыктан бардык аймактарда Бээжин олимпиадасынын жарнамасы илинген. Кытайлыктар дагы жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээлейбиз деп катуу даярдык көрүшүүдө. Бул олимпиада буга чейинкилерге салыштырмалуу абдан таасирдүү жана кызыктуу болот деп ишенип турабыз. Себеби, кытайлыктарды олимпиаданын духу, деми абдан бириктирип, достугун чыңдап койду.

Кабыл макешов










??.??