№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




  Эриккенде

Түр-түспөлүң түзбү?
Физиогномика деген илим бар экен, кишинин бет түзүлүшүнө, мурдуна, оозуна, айтор кебете-кешпирине карап кандай экениңди айтып бере турган.

Чекеге чертишели
Чекеси кичинекей болсо, күчү ашып-ташыган, бирок каардуу, ар кандай иштерге, анын арасында жаманына да ылгабай бара тургандар.
Чекеси жазы келип, эки жагынан дөмпөйүп турса, анын фантазиясы бай.
Тегерек болуп, орто жагы дөмпөйүп турса, акылдуу экендиги.
Ыргып кеткен пирамиданы элестетсе, майдачыл, куу, калп сүйлөгөн, эгоист киши.
Чекеси төрт бурч болсо, ал айкөл адам.
Чекеси өтө эле дөмпөйүп чыгып турса, ачуулуу, турмуш-тиричиликте жемин жедирбейт.
Чекеси чоң болсо, акылга бай.
Чекеси эпсиз чоң болсо, кыймылдагысы келбеген, жалкоо.
Чекеси жазы болсо, ар ишке даяр турган жана бой көтөргөн киши.
Чекеси дөмпөйүп турса, анын музыкалык шыгы жана рухий дүйнөсү бай.

Чекедеги
бырыштар
Жашынын өйдөлөгөнүнө карабай чекесине бырыш түшпөсө, эч нерсени ойлобогон, шайыр мүнөздүү.
Бырыштар узунунан кашына жакын жерге түшсө, акылы зирек экендигин билдирет.
Бырыштар чачына жакын түшсө, катуу, айтканынан кайтпаган киши.
Бырыштары ар кандай түшсө, ал оригиналдуу киши.
Бырыштар мурун башталаар жерге түшсө, акылы зирек.
Чекедеги бырыштары узунунан, анчалык байкалбай түшсө, чынчыл киши.
Перпендикулярдуу түшсө, акылы терең, өзүнүн наркын, баркын билген киши.
Бырыштар зигзаг түрүндө түшсө, ишинен майнап чыгара албаган киши.

Мурун
Чоң мурундар - мурдун көтөргөн, көзкаранды эмес кишилер.
Бүркүт мурундар бийликти жакшы көргөндөр.
Барбагай мурундар жакшы адамдар.
Теңирекей мурундар өз билгенин жасагандар.
Чоң, кызыл мурундар тамак менен ичимдикти жакшы көргөндөр.
Семиз, кыска, эттүү мурундар туруксуз, эрки жок кишилер.
Оозун карай салаңдаган мурундар - сезимтал кишилер.
Баш жагы чоң болуп келип, аягында ичке болуп, өйдө карап калса, айтканын бербеген, амалкөй, эки жүздүү.
Мурдунун таноосу кыймылдап тургандар жүнү тирүү, сүйүүгө тез-тез кабылып турган кишилер.
Мурду анча чоң эмес, жалпак болсо, ал киши токтоо.
Мурду ичке болсо, жеңил ойлуу.
Мурду узун, учтуу болсо, өзүмчүл, кыйкымчыл кишилер.

Көз
Кабагы калың, тегерек, көзү саргайыңкы тартып, кирпиги кыска болсо, тез жини келген, бирок боорукер жандар.
Кабагы ичке, сырт жагынан өйдө көтөрүлүп турган, кирпиги калың, кыска, кабагын көпчүлүк учурда жыйрып алса, эки жакты тез байкаган, куу, ичимтап, өзүмчүл кишилер.
Кабагы ылдый түшүп турган, кирпиги узун, суюк болсо, токтоо, бирок башканын жалындаган абалын түшүнө билген, абдан калыс кишилер.
Кабагы салаңдагандай, көзү чоң, кирпиги калың, узун, кашы калыңдар жалкоо, эч нерсеге көңүлү чаппаган, бирок жумшак кишилер.
Көзүн чоң ачып жүргөн, киши менен сүйлөшкөндө тик карагандар активдүү, эр жүрөк кишилер.
Кабагы кичине болгондуктан көзү кичине көрүнгөн, ойноктоп турган, кирпиги анда- санда болгондор куу, ички дүйнөсү жарды кишилер.

Ооз
Формасы жагынан туура, алчадай болуп турса, шайыр, ачык, жакшы кишилер.
Ичке болсо, куу, өзүмчүл, ичимтап киши.
Калбыйып турса, сезимтал, тиричиликте алдатпаган киши.
Оозу жаш баланыкындай, оймоктой болуп турса, ачык, ишеничтүү киши.

Ээк
Ээги узун, алдыга кайрылып турса, эрки күчтүү, кайраттуу, айтканын бербеген киши.
Ээги узун болсо, акылы тетик, чымчып сүйлөгөнгө жакын.
Ээги артка кетип турса, жумшак, чечкинсиз, коркок киши.
Ээги эттүү болсо, акылдуу, сезимтал киши.
Ээги экиге бөлүнүп турса, сүйүүгө тез кабылган киши.
Ээги өйдө кайрылып турса, чечкиндүү, ар нерсеге умтулган, бирок куу киши.

Кулак
Кулагынын бардык тарабы жакшы өнүксө, анын акылы зирек экенин билдирет.
Кулагы өтө эле эттүү болсо, катаал экени.
Кулагы өтө кичинекей кишилер сезимтал келишет.
Кулагынын учу учтуу болсо, акылдуу экени.
Кулагынын ички жагы жакшы өнүксө, ал музыкалык жагынан жөндөмдүү.
Кулагы катуу тартып турса, денсоолугунун жакшы экендиги.
Кулагы жука болсо, денсоолугунун начар экендиги.
Делдейген чоң кулактар куу, акылы чектелүү экендигин билдирет.
Жабышып турган кулактуулар аяр, салкын кандуу, эки жүздүү, куу кишилер.
Жүндүү кулак аркы-беркини акыл калчап жасаган, эгер эттүү да болсо сезимталдыгы да кошумча болот.

Даярдаган
Айжан Айтышева




Ойлон
кыргыз!
Кыргыздан далай-далай баатыр чыккан,
Душманына тик караган келсе сырттан.
Эр азамат эл башын бириктирген,
Жат адам сүрдөөр эле кирип келген.

Азыр неге биз өзгөрүп баратабыз?
Бирибизди-бирибиз саясатка сабатабыз.
Эл көтөрүп дүрбөлөң уюштуруп,
Чыгаан чыккан жигиттерди каматабыз.
Айтчы кыргыз, каякка биз баратабыз?

Айтчы кыргыз, туңгуюкпу жолубуз?
Биримдиктүү калк эле го түп атабыз.
Туура ойлонуп ынтымакка келе албасак,
Жерибизди алдырып, бүт сатабыз…

Ойлон кыргыз, эл тагдырын кичине,
Көтөрүлбө, бийлигиңе, ишиңе!
Акыр бир күн алмашылып дүнүйө,
Сурак берип бараарың чын,
Жер астына "үйүнө".

Намысыңды, кадырыңды сактагын!
Ишеничин эл-журтуңдун актагын!
Азгырылып дүнүйөгө, акчага
Араң турган ысык чокту баспагын!

Ойлон кыргыз, эл тагдырын ойлонгун!
Ойлон кыргыз, кыргыз жерин
Сырт душмандан коргогун!
Бузула албай эптеп турган дүйнөнү
Сен түшүрүп же сындырып койбогун!
Ойлон кыргыз, келечекти ойлонгун!

Анарбүбү Жумашева










??.??