№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




  Акча кайда?

"Кумтөрдөн" жылуулук
Каржы министри Тажикан Калимбетованын төрагалыгынын алдында Жакырчылыкты жоюу борборлоштурулган фондусунун жыйыны болуп өттү.

Каржы министрлигинин пресс-секретары Аида Мамбеткулова маалымдагандай, бүгүнкү күндө 80 пайызга жакын маданий объектилер капиталдык оңдоо иштерине муктаж. Маданият министри Султан Раев Мамлекеттик тарых музейинде жана Улуттук опера жана балет театрында 70-жылдардан бери оңдоо иштери жүргүзүлө электигин маалымдады. Ошондой эле кымбат баалуу үн аппаратураларын жаңыртыш үчүн маданият министрлигине 60 млн сом керектигин айтып кетти.
ЖЖБФ комиссиясы маданият министринин айткандарын уккан соң фондудан каражат бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Бул каражат маданий жана рухий баалуулуктарды сактоого багытталат.
Кийинки долбоордо Улуттук китепканада оңдоо иштерин жүргүзүү каралган. Китепкананын директору Жылдыз Бакашева китепкананын авариялык абалда турганын, китепкананын чатырын, жылуулук берүү системасын жаңыртуу, архивдик жайларды ремонттон өткөрүүү керектигин белгилеп өттү. Бул оңдоо иштерине 6,5 млн сом керектелери да дайын болду.
ЖЖБФ комиссиясы 8 долбоорду карап чыкты. Билим берүү министрлиги кыргыз тилинде жалпы билим берүүчү мектептер үчүн 100 млн сомго китеп чыгаруу керектигин айтты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүү техникасын жаңыртууга 248 млн сом керектелерин айтып өттү.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуттук госпиталды ремонт кылууга 5 млн сом, Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун оңдоо иштерине 5 млн сом бөлүү долбоору келип түштү.
ЖЖБФ комиссиясынан тележабдыктарды жаңыртуу үчүн "ЭлТР" телекомпаниясы 9 млн сом, Жалалабат областтык телевидениеси 2 млн сом сурады.
ЖЖБФ комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн бардык долбоорлор колдоого алынды.
Жакырчылыкты жоюу борборлоштурулган фондусу президенттин буйругу боюнча "Сenterra Gold Incтин" Кыргызстанга таандык жарым акциясын реализациялоонун негизинде уюштурулган.
ЖЖБФ комиссиясынын курамына: комиссия төрагасы: каржы министри Т.Б. Калимбетова, комиссия мүчөлөрү: адилет министри М.Т. Кайыпов, саламаттыкты сактоо министри М.А.Мамбетов, социалдык жактан коргоо жана эмгек министри У.А.Абдуллаева, мамлекеттик архитектуралык курулуш директору К.Ж.Нарбаев кирди.




  Алтын-ай!

Кыргызстанга "Кумтөрдүн" жарыгы тийдиби?
Дүйнө жүзү боюнча кыргыз жериндей керемет жер аз болсо керек. Суулары, абасы, жери, тоо-ташы өзүнчө эле керемет. Ушундай керемет жерде чет өлкөлөрдөн келип эмгектенген адамдар абдан көп. Алардын катарын "Центерра" толуктайт.

Мына ушул компаниянын ишин көрүп, өзүңчө толкунданбай кое албайсың. Алгач "Кумтөргө" барганымда Канадага келип калгандай сездим. Илгерки эсил кайран совет доорунда завод-фабрикалар токтобой шакылдап иштеп, так эле ушундай үндөр угулуп турар эле.
Тартип, тазалык, ирээттүүлүк, сыйкордук, бакубат жашоо орногон бейиштей жерде жүргөндөйсүң. Эл үчүн күйгөн биздин кээ бир азаматтар түшүндүргөндөй, "Кумтөрдөн" алтынды казып алып эле Канадага бөктөрүп алып жөнөшпөйт экен.
"Кумтөрдө" алтын кенин иштетүү үчүн кажыбас кайрат менен мээнет биринчи орунда тураарын мойнуңа албай койбойсуң. Булар эң биринчиге тартипти коюп, ириде ар бири өз милдетин менен укугун эң жакшы билет.
"Кумтөрдүн" өзү эле эмес, "Кумтөргө" бара жаткан жерден эле тактык башталат экен.
Жолдору абдан сапаттуу жасалган, каалаган киши эле транспортун айдап сүзө качырып кире албайт.
Кыскасын айтканда, бул жерде 96% ы кыргызстандыктар, бирок канадалыктар ишти уюштуруп, заманбап жаңы технология менен биргеликте иштешүүдө.
Б.а. алтын эч кайда ташылып кеткен жок, "Кумтөрдөн" чыгып "Кыргызалтынга" өткөрүлүп, мамлекетке кирип жатат деген сөз. Эгерде бизде так эле ушундай ишканалар ондоп саналса, дүйнө жүзү боюнча жашоо шарты эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарында жүрөөр беле деп ойлойм. "Кумтөрдөн" канча пайда алып жатканды кой, бир күнкү чыгымын эсептеп да чыга албайт окшойсуң. Күнүнө эртең менен Каракол шаарынын базарынан жарым тонна эт, 300 кг картошка, 100 кг сабиз, банан, алма, лимон, суусундук, айран-сүтүнө чейин накталай акчага сатып алышат экен. Эки күндүн биринде заказ кылып колкап, чапан, дегеле ишке керектүү чарба буюмдарын сатып алып турушат. Бул жергиликтүү калк үчүн эң жакшы жардам экени талашсыз.
"Кумтөрдү" ишке киргизүү боюнча канча каражат кеткени менен эч кимдин башы оорубайт дагы, канча алтын чыгып жатат деп кызыгышат. Бир эле электр энергиясы боюнча "Кумтөргө" свет тартып келүү үчүн 65,460 200 доллар сарпталган экен.
"Кумтөр" ишке кирген он жыл аралыгында Кыргызстанга же кыргызстандыктарга 854 552 000 Америка доллары сарпталган, б.а. бир жылга 85, 455 310 АКШ долларын, ал эми ар бир айга 7,121,266 доллар коротушкан. Эгерде "Кумтөрдү" иштетип жаткан адамдарды кетирип жаап салдык дейли, мейли, кен байлык калсын, жер алдында катылган боюнча, бизде так ушундай ишти алып кете ала турган ишкер чыгабы? Кептин баары мына ушунда.
2500дөн ашуун адам жумушсуз калса, аларды жумуш менен камсыз кылабыз деп ким кепил боло алат. Ошол үч миңге жакын адамдын ар биринин алган маянасы орточо эсеп менен 50,000 сомду түзөт. Сөзүм куру болбосун үчүн жогорку сандык көрсөткүчтөрдү бергим келди. Окурмандар кайдан, кандай акча түшкөнүн билбесе, кайда кетип жатканын сураштыраар деген ойдомун.




 "Кумтөрдүн" "эрке бүтүрүүчүлөрү"

Кечээ жакында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы "Кумтөр Оперейтинг Компани" камкордукка алган 5 айылдагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү Бишкек шаарындагы № 27 кесиптик лицейинин сертификаттарына ээ болду.

Быйылкы бүтүрүүчүлөр Тосор айылынан Руслан Уланов, Барскоон айылынан Замир Абдыкадыр тегин, Жекшенбек Чекиров, Тилек Шамырканов, Кичи-Жаргылчак айылынан Данияр Эрикулов. Негизи стипендиаттардын 3 жыл лицейде окуганы үчүн контракт акыларын, жашоосу жана тамактануусу боюнча бардык чыгымдарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" өзүнө алган. Бир студентти окутуунун бир жылдык чыгымы 28 миң сом, андан тышкары ар бир окуучуга КОК айына стипендия да төлөп берип турат.
Лицейдеги быйылкы бүтүрүү кечесинде да "кумтөрлүк" бүтүрүүчүлөр өзгөчөлөнүп турушту, өзүнчө столго отурушуп, өзгөчө мамиле жасалып дегендей... Алар үчүн лицейде да өзгөчө шарттар түзүлүптүр. Алар жашаган блок КОК тарабынан 250 миң сомго ремонттолуп берилген.
Программа Барскоон, Тамга, Тосор, Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө эсептелген. Мында мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайларында окууга мүмкүнчүлүгү жок көп бүлөлүү, муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилет. Талапкерлерди тандоону да атайын тесттердин жардамы менен КОКтун адистери жүргүзүшөт. Ошол эле учурда билим берүү грантын алуучу бардык талапкерлер жакшы окугандар болууга тийиш.
Лицейде окутуунун атайын иштелип чыккан канадалык системасы колдонулат, анда практикага артыкчылык берилген. Бир ай окушуп, үч ай Кумтөрдө практикадан өтүшөт. Бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү КОКто иштешет. Жардам катарында "Кумтөр Оперейтинг Компани" окуу жайына ар кайсы маркадагы бир нече автомобилдерди берген. Алар окуу куралы түрүндө колдонулууда. Андан тышкары баасы төрт миң доллар турган, негизинен азыр "Кумтөрдө" иштеп жаткан чет элдик техникаларды оңдоого ылайыктуу аспаптардын комплексин да сатып беришкен.
- Азыр булар таптакыр бөлөк система менен окутулуп жатат, - дейт КОКтун окутуу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Шамил Зайнагабдинов. - КОКко ишке орношушпаса да, башка кайсы компания болбосун аларды кызматка алат. Анткени алардын даярдык деңгээли азыркы эмгек рыногундагы талаптарга толук жооп берет.
Бул программанын дагы бир өзгөчөлүгү - эң мыкты бүтүрүүчүлөр үчүн атайын методика боюнча эки жылдык курс каралган, ал техникумдук билимге теңдештирилген. Курс боюнча жаңы окуу материалдары Канаданын Түштүк Альберта техникалык институту тарабынан сунушталган.
- Биздин лицей башкалардан айырмаланып өткөөл мезгилдин оорчулугуна баш ийген жокпуз, - дейт лицейдин директорунун орун басары Олег Машуров. - Андан тышкары 2000-жылы "Кумтөрдүн" өкүлдөрү мурунку директорубуз Рустем Яковлевге келишип, бизде адистерди даярдоо боюнча кызматташуу жөнүндө сунуш киргизишкен. Бизге 2001-жылы 2 өспүрүмдү жиберишип 3 жыл окутушту. 2004-жылдан баштап жыл сайын жөнөтүшүүдө. Жалпысынан азырга чейин КОКтун жолдомосу менен 36 адис даярдап бердик.
"Кумтөрдүн" стипендиаттары менен маектешкенибизде эми иш табуу боюнча аларда маселе болбой тургандыгын, себеби буга чейин да 3 жыл аралыгында практикадан өтүү менен өздөрүн алда качан "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" кызматкерлери катары сезишип калышканын айтышты.
Ал эми практика учурунда канча акча табышканын сураганыбызда "бул коммерциялык сыр" деп айтпай коюшту. Бирок, алардын дал ушул компанияда иштөөгө умтулушканына караганда ал "сырдын" көлөмү аз эмес экени да билинип турат.

Бетти даярдаган
Бааркүл Назарова










??.??