№61, 04.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




  Бүлүнгөн эл

Бүбүсара Рыскулова, "Сезим" борборунун директору:
"Кыргызды үч баштуу ажыдаар соруп жатат..."
Соңку мезгилде адилет министри демографиялык маселеге айрыкча тынчсызданып, Кылмыш кодексиндеги "иштебей аткан" 153-статьяны кесип ыргытып жиберсе эле кыргыздын саны көбөйүп, башыбызга баш кошулуп, бактыбыз ачылып калчудай катуу аракеттенип жатат. Аракетинин азырынча акыбети кайтпай, башкасы түгүл көмүскө бүлөсү көпчүлүккө маалым адамдар да мындай "демилгени" колдоого шашылганы байкалбайт. Антсе да болбой министр мырза ушул маселенин башын ачам деп милдеттенме алгандан бетер, улам бир жерден чыга калып көпчүлүктүн көөнүн буруп жатканы.
Кош никелүүлүккө жол ача турган ынтызарлык чындап эле үйбүлөлүк маселелердин башын ачып, элибиздин санынын көбөйүшүнө көмөктөшөбү деген суроо менен аялдар жана үйбүлө үчүн "Сезим" борборунун директору Бүбүсара Рыскуловага кайрылдык.

- Бүбүсара Рахматовна, адилет министри аталган маселени изилдеп көрүп, жогоруда аталган статья далай адамдардын, айрыкча балдардын тагдырына таасирин тийгизип жатат, ошон үчүн кош никелүүлүккө бөгөт болуп жаткан тоскоолдукту мыйзамдан алып салыш керек деген пикирин маалымат булактары аркылуу байма-бай козгоп келатат. Чын эле кош никелүүлүккө мыйзам тарабынан жол берилсе, үйбүлөлүк мамилелер ыраатташып калабы?
- Бизде "үйбүлө маселелерин анализдеп жатабыз, илимий жактан изилдеп жатабыз" деген уюмдар абдан көп, бирок ушул убакытка чейин азыркы үйбүлөлөрдүн чыныгы абалын ачып бере алган анализди көрө элекмин. Нан жетпей калат, суу тартыш болот деген анализдер бар, бирок үйбүлөгө биригип жашап жаткан адамдардын эмне болуп жатканын, акыбалын, жашоо тагдырын изилдеген эч ким жок. Үйбүлө деген мамлекеттин башаты да, башаты башаламан болсо, демек, жалпы коомдо башаламан дей бер. Ошондой башаламандыкты көп никелүүлүк менен чечип салууга болот, сойкулук жоголуп, демогрфиялык маселе чечилет дегенге ким ишенет? Өткөндөгү "Ачык Азия" телеберүүсүнө катышкан бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү муну Марат Таштановичке жеткиликтүү эле түшүндүргөндөй болушту. Бирок ошондон кийин да "Дело №" гезитинде алиги оюн омоктуу бир маселедей көтөрүп чыгып жатканы таң калтырбай койбойт.
Бул демилгесин министр башка мамлекеттердеги "өзгөрүүлөр" менен түшүндүрүп, биздин "социалисттик" көз караштан арыла албай жатканыбызды айткысы келет. Бирок жакында эле Алматыда өткөн чоң жыйында казак профессору Гүлсара Тиленчиева аталган статьяны мыйзамдан алып салгандан казак коомчулугуна зыян гана болбосо, пайда келтирилбегенин белгиледи.
- Аталган статья баары бир иштебей атат деп жатпайбы...
- 153-статья - бул саясый акт. Биздин коом - адам укугун, демократиялык принциптерди тутуна турган мамлекет экенин ырастай турган, анча-мынча болсо да коомдогу анархияны тизгиндей турган күч. Көп никелүүлүккө жол берүү кимдердин кызыкчылыгын көздөп жатканын билбейм, бирок аны "балдарга жана аялдарга көрүлгөн камкордук, элдин санын арбытууга жасалган аракет" деген менен калкалоого болбойт. Элге күйгөндөрү андай эле чын болсо, карапайым адамдардын кабыргасын кайыштырып, балдарды талаага калтырып жаткан башка маселелерге көңүл бурушпайбы? Карап көргүлө, азыр түрмөдө кимдер отурат? 18 жаштан 60 жашка чейинкилер. Балалуу болуп, үйбүлө кура тургандар. Чет өлкөгө кандай кыз-келиндер чыгып кетип жатат? Ошол эле курактагы, бала төрөй тургандар. Элдин санын көбөйткүсү келгендер изилдөөнү мына ушундан баштаса туура болмок. Эмнеге түрмөгө түшүп, адамдык ариятынан ажырап жатышат? Эмне үчүн жаштар туулган жерин жерип, кайра кайткыс болуп кетишүүдө? Эмне үчүн балдар талаада калышат? Эмнеге ымыркайлар ата-энесиз калып, кыздар денелерин сатууга аргасыз болушат? Андай эле элди ойлоп сары санаа болуп жатышса, ошол балдарды алып багышсын, намыстанышса, жумушсуз кыз-келиндерди ишке орноштуруп, балдарын бакканга жардам беришсин. Мына, биздин борборго күн куру эмес балдарын көтөргөн келиндер келип жатышат. "Күйөөң кайда?" деген суроого жедеп адат болуп калган "кетип калган"деген жоопту беришет. Жогорудагы статья алынып салынса, ошолор дагы бирөөнө үйлөнүп, беймарал жашашына шарт түзүп берет. Аны жоопко тартуу дээрлик мүмкүн болбойт.
- Учурда кыргыз үйбүлөсү кыйын кырдаалда турганы көрүнүп эле турбайбы. Демографиялык өсүшкө кедергисин тийгизип жаткан маселелер кайсылар деп ойлойсуз?
- Кыргызды азыр үч баштуу ажыдаар оп тарта баштады, алар: аракечтик, бангилик анан кумар оюндары. Бизге келгендердин 65 проценти аракечтиктен жабыркаган үйбүлөлөр. Биздин ишеним телефонубузга кайрылып, "баңги сатып байыгандардын тукуму ылайым курут болсун" деп каргаган эненин зары дайым көкүрөктө турат.
Соңку кезде жугуштуу илдеттей элди каптаган кумар оюндарынын кесепети ушул экөөнөн да ашып түшүүдө. Ага карабай шаар-кыштактарда кумар оюндарынын борборлору жайнап, ансыз да өлбөстүн күнүн көрүп жаткан үйбүлөлөрдүн акыркы каражатын оп тартып, акыры ажыратып тынып жатат. Мына, көңүл буруп коңгуроо какчу маселелер.
Сүйүн Курманова




  Сөз сурайм

Гендер деген тендер эмес…
22-25- июнда Ысыккөлдүн Карой айылында КР Өкмөтүнүн аппараты менен ПРООНдун "Чечим чыгаруу деңгээлине аялдарды да тартуу" долбоорунун алкагында журналисттер үчүн "ММКда гендердик мамилени жайылтуу" деп аталган семинар өткөрүлдү. Биз анда кеңири сөз болгон маселенин урунттуу учурларын учкай белгилей кетели.

Н. Асылбекова,
ПРООНдун гендер боюнча
координатору:
"Кыргызстандагы
абал кандай?"
- Биздин өлкөдө аялдар мамлекеттик кызматта иштегендердин 48 пайызын, административдик кызматта иштегендердин 14 пайызын түзгөнү менен, аялдардын басымдуу көпчүлүгү кызматтын төмөнкү баскычында иштешет. Акчасыз кызматтан көтөрүлө алышпайт.
Айыл жерлеринин көпчүлүгүндө жерге жеке менчик негизинен эркектерге катталат. Эгерде аял күйөөсү менен ажырашып кете турган болсо, менчигинде бир да теше жери жок калат. Аялдар приватташтыруу процессинен да четте калган. Алардын үйбүлөнү багуу үчүн соода кылып, дүйнө кезип кеткенин эске алганда да жумушсуздардын катарында көбүрөөк (8%). Аялдардын орточо эмгек акысы эркектердин айлыгынын 60 пайызына тең. Аялдардын пенсиясынын өлчөмү эркектердин пенсиясынын 85 пайызын түзөт.
Эркектердин орточо жашы 63.5 жашты түзөт, аялдардыкы болсо 72.1 жаш. Пенсия тууралуу сөз кылганда жалпы эле пенсиялык реформа жүргүзүү зарылдыгын да айтып кетишибиз керек. Анткени аялдардын пенсиясы азыраак экендиги жөнүндө айтсак, эркектердин арасында пенсия жашына жетпей көзү өткөндөр арбын.
Энелердин өлүмү бизде Евразиядагы эң жогорку көрсөткүч болуп калууда: 1000 балага энелердин өлүмү 55.5 пайыз. Төрөлгөн 1000 баланын 35.3 пайызынын өмүрү кыйылууда. Аялдардын теңинен көбү (52 %) аз кандуулуктан азап чегишет. Эң коркунучтуу ВИЧ-СПИД дартын аялдар күйөөсүнөн жугузуп алууда.
Жылына 12 миң аял үйбүлөдө кордук көрүп, кризистик борборлорго кайрылышат.
Үйлөнүүнүн 60 пайызы ала качуу салты, күчтөп- мажбурлоо жолу менен болуп жатат.

Алмагүл Жумабаева,
координатор:
"Гендердик теңсиздик кайда?"
- Гендердик теңсиздик коомдук турмушта аялдарды жумушка алууда, жумуштан бошотууда, кесиптик жактан көтөрүлүүгө тоскоол болууда, айлык акы жана калем акы төлөөдө да байкалат. Жеке чөйрөдө үй-бүлөдөгү зомбулук, билим алууга тоскоолдук келтирүү, байлыкты жана бийликти бөлүштүрүүдө теңсиздик байкалат.

Автандил Жоробеков,
Екатерина Исаенко, координаторлор:
"Аялдарды гезиттин арткы бетинен
издегиле"
- "Гендер жана ММК" долбоорунун негизинде республикалык жана регионалдык 12 гезитти иликтөөгө алып, алардын дээрлик бардыгында аялдар менен эркектерди чагылдырууда теңчилик болбогонун байкадык. Эркектер кызмат учурунда, костюм-шым кийген, галстук тагынган, айтор жогору даражалуу киши катары салттуу образда көрсөтүлсө, аялдар негизинен гезиттердин арткы беттеринде, көп учурда жарым жылаңач, сексуалдык кызыкчылык маанайында берилген салттуу образда көрсөтүлөөрүн байкадык.

Марина Переверстова,
координатор:
"Теңчилик болсун"
- Басма сөз каражаттарында гендердик маселени калыс, так чагылдыруу маселеси турат. Коомчулук маалыматты ММК аркылуу алаарын эске алсак, бул жагынан аларга чоң милдет жүктөлүп жатат. Бирок Кыргызстандын ММКсы гезиттик макалаларында гендердик теңчиликти сактап жатат деп айтууга болбойт.

Айгүл Бакеева,
Ысыккөл










??.??