№60, 27.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Элдин үнү - SMS

Кадырман окурман, жан жолдош гезитиңиз "Аалам" аркылуу ой бөлүшүп, сырдашкыңыз келсе, жан дүйнөңүздөгү жаңырыктарды жарыкка алып чыгып, бугуңуздан арылгыңыз келсе же урматтуу адамыңызды куттуктап, дос-тууган менен кабар алышууну кааласаңыз, биздин "Элдин үнү - SMS" сиздин кызматыңызда! Шарты эң эле жөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна "ААLAM" деген сөздөн соң аралык калтырып, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Кызмат көрсөтүү BITEL, Mobicard, Katel, FONEX, MegaCom абоненттери үчүн жарамдуу. SMS-билдирүү акысы кошумча нарк салыгы менен - 0.50$ .
Баса, жарыя берсеңиз да болот. Маселен, "үй сатам, машине оңдойм, кийим тигем" өңдүү… Анда, кулак сизде, окурман!

Нурила, Кундуз: Гүлай эже, туулган күнүңүз кут болсун! Өткөөл заманда өрнөгүңөр көтөрүлүп, ишиңерден баар таап, сый-урматта болуңуз! Биз сизди жакшы көрөбүз.

Чынара: Туке, сени Германиядан иномарка айдап келди деп уктум. Мени менен тезинен байланыш. Срочно!

Эркинбек: Айланайын эл журт, качанга чейин кыргыз эли кыйналып жашайт. Бул кудайдын сыноосу качан бүтөт?

Сансыз: Кашайып тракторумдун төртүнчү поршени сынып, иш жүрбөй калды. "Беларусь" оңдогондор телефон чалгыла: 0555-195-774.

Клара: Айбек, мен сени абдан сагындым, жадакалса түн ичинде да уктай албай атам, батыраак келчи?! Үйбүлө чогуу жашаган эле жакшы окшойт.

Замир: Вахаб аке, сиз берген заказды аткарып койдум. Жекшемби күнү Маевкадагы үйгө келип алып кетсеңиз болот.
Кундуз, Нурила: Жыпар эже, туулган күнүңүз менен! Жашоонун жыргалын, бу дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди сизге каалайбыз!

Каныкей: Жалалабатка келгениме үч айдын жүзү болду. Бишкектеги абамды, жеңемди, Санжарды, Беканы, Даананы аябай сагынып атам. Бирок айла жок чыдап жүрөм.

Турар: Айзада жаным, туулган күнүңө менден кандай белек күтөсүң? Билсем болобу?

Алмаш: Кайним Койчумандын "Зулайка" пансионатынын ачылыш аземине барып таң калдым. Унчукпай, тымызын жүргөн баланын ушундай ийгиликтерге жеткенине.
Мухтар: Урматтуу Амангелди Мурсадыкович, эмнеге кыргыз футболу өнүкпөй атат. Же кыргыз балдардын арасынан таланттуулар жокпу?

Даана: Байкем Азамат, жеңем Зарина экөөнүн уулдуу болгондоруна кубанып отурам. Бешик бооңор бек болсун! Атын Чыңгыз койгула.

Айгүл: Аяш атам Касымдын 70 жылдык торколуу тою менен куттуктап, биздин үйбүлө сюрприз даярдап атат. Чукулда көргөн көзүңөргө ишенбей каласыңар.

Созул: Акөргө конушунан үй сатам. 0773 311917.

Шашылыш түрдө Ысыккөлдөн кошар сатылат. Сарайы, төрт бөлмө үйү, мончосу менен кошулуп, 2 гектар жер бар. Же Бишкек шаарынан үйгө же квартира болсо алмашам.

Тел.: 0 312 68 36 57
0 312 52 13 08
0 772 50 14 76
0543 114 904


  Жарыктын көзү

"Мени кайрадан жараттыңар..."
...Жети бир туугандын ичинде жалгыз кызмын. Ошон үчүнбү, атам мени айрыкча жакшы көрүп, катуу сөз тийгизбей эркелетип өстүрдү. Окууну деле жарытып окуган жокмун. "Башыңды оорутпа, кызым, байкелериң сени кор кылбайт" деп койсо, келечегим камдуудай көрүп, чалчактап жүрө берипмин. Кызыкканым кийим-кече менен көркөм буюмдар болчу. Өзүм да чоңойгондо сулуу болсом, мартабалуу бир жерде иштесем, ишим баш оорутпаган жеңил-желпи иш болсо деп кыялданчумун. Тилегимди бердиби, мектепти бүткөндөн кийин кыска мөөнөттүү курстан окуп алып эле секретарь болуп калдым. Таза, жеңил жумуш, жегенибиз шоколад, кирген-чыкканды ушактамай, кези келсе - коньяк ичмей. Ишемби сайын отуруш...

Ошондой күндөрдүн биринде биздин бөлүмдүн начальниги мени жалгыз алып калып... иши кылып бул турмуш жалаң шоколаддан турбастыгын "түшүндүрдү". Андан кийинки жашоо мага маңызсыз эле бирдемедей туюлуп калды. Абалымды эч кимге айта албайм. Жумуштан бошонуп кеттим. Үйгө да баргым келбейт. Шаардын четиндеги бир квартирада жашап жүрүп ошол жакта курулушта иштеген бир бала менен таанышып калдым. "Үйлөнөбүз" дегенине ишенип боюма бүткөнүн да билбей калыпмын. Кийинчерээк эч нерсе жегим келбей калганынан шекшип доктурга барсам, түйүлдүккө 14 жума болуптур. Сүйүнөөрүмдү же күйүнөөрүмдү билбейм.
Күйөө сөрөйүмө айтсам, ың-жыңы жок качып жоголду. Акыры бойдон алдырайын деп сураштырсам, "менчик" доктурлар 3 миң сом дешти. Менде кайдагы 3 миң?
Квартиранын акысын төлөбөйсүң деп ээси кубалай баштады. Айлам кетип коңшулаш жашаган эженин баласын карап, чогуу жашап, өлбөстүн күнүн көрүп жүрдүм. Бара-бара эки бутум тулуптай шишип баса албай калдым. Эптеп отуруп жекече иштеген бир гинекологго бардым. "Өзүң төрөй албайсың, андан көрө бала багып ала турган бирөөлөр менен сүйлөшүп, баламды берем деп макулдашып төрө, болбосо мерт болуп калышың ыктымал" деди. Иши кылып жаным аман калсын деп макул болдум. Тиги эже "3 миң сом бере турган кардарларды таптым, эки жарым миңин квартираңа төлөйсүң, беш жүзүнө өзүңө тамак-аш аласың" деди.
Эртеси "кесарево кылабыз, жүрүңүз, доплер УЗИге түшүрөбүз" дешти. Көрсө тигилер "товарды" рентгенден көргөнү жатышыптыр. Ага 450 сом төлөштү. "Бети татынакай экен, манжаларын санадым" деп жатышкандары мага угулуп жатты.
Ошентип №2 төрөтканага келдик. Дарегимди таптакыр эле башка жакты жаздырып койдум. Паспортту сурашканынан "жок" десем, "партизанка" деп коюшту. Баланы ала тургандар тапичке, халат алып келип беришти. Эртеси мени операцияга даярдап, врачтар чогулуп, баарын текшерип чыгышты. Тилим жарылып, бутумдун шишиги тарай элек болчу. Бул абалда операция жасаганга болбойт деп бир медсестраны кошуп кан тамырлар хирургиясына жөнөтүштү. Алар ультраүн менен текшерип, тромб бар турбайбы, дароо операция жасоо керек деп чыгышты.Таксиге өздөрү төлөп, кайра төрөтканага келдик. "Операцияга төлөй турган акчам жок, мындай абалымды ата-энем билбейт. Баламды төрөгөндөн кийин бирөөлөр сатып алганы жатат, ал акчаны квартира акысына төлөйм" деп сырымды медсестрага айтсам, анын жүрөгү түшүп калды. Ал мага "врачтарга айт" деп шыбырап жатты.
Кайдан жеткенин билбейм, бир кезде "тигилер" келип, "эмне элдин баарына жайыңды айтып жатасың, оозуңду басып унчукпай жат" деп кетишти. Абалымды текшерип көрүп реанимацияга которушту. Бөлүмдүн башчысы Күлүйпа Мейманалиевна жаныма келип, "кызым, кан-тамырыңда тромб бар экен, өзүң төрөй албайсың, операция жасашка туура келет" деди. Кызым дегенине эреркеп кетип, эжеге болгон сырымды айтып, "баламды сатайын дегем" десем, көзү чанагынан чыгып кетти.
Эртеси саат он бирде операция боло турган болду. Өмүрүмдө ушунчалык ачка болгон эмесмин. Кан тамырлар боюнча хирургдар тромбду издеп жатканда тромб жарылып, оозумдан көбүк чыга түшкөнүн көргөндөр "ай эми болбой калды го" деп түңүлө башташканда, 9 литр кан куюш керек болуп, 2-төрөткананын башкы врачы Азамат Алымбаев өзү кан борборуна барып, жалдырап, кадырын салып отуруп кан алып келиптир. Мынчалык өлчөмдөгү кандын бир эле ооруканага берилиши сейрек кездешээрин мага кийин айтышты.
Мага операция тез эле болгондой сезилген. Көрсө экинчи күнү зорго көз ачыптырмын. Адегенде үрүл-бүрүл жарыкты боолголоп, анан жүзүмө үңүлүп турган ак халатчандарды көрдүм. "Көзүн ачты, көзүн ачты!" деген үндөрү алыстан чыгып жаткансыды. Менин абалыма көңүл бургандардын мынчалык көп экенине таң калдым. Этим ысып, каным катат. Дайыма дары куйган системанын алдында жатам. Күлүйпа Мейманалиевна болсо жанымдан чыкпай далыма өзү массаж жасайт. Санитар кыздар шейшепти улам алмаштырышат. Зериккенде сагызды дубалга жабыштырып кайра тартып эрмектейм. Жадагандан айнектен секирип өлгүм келет. Кичине өзүмө келгенде баламды сурадым. "Жок" дешеби деп аябай коркуп жаткам. Алып келатышканда укмуштай бир сезимде болдум. Жытынан башым айланып, жүрөгүм бир башкача өрөпкүп, ушу тырнактай бала мен үчүн Ааламга батпас бакыт апкелгендей, ал бакытты мага ак халатчан керемет адамдар тартуулагандай өзүмдү бир башкача, кайра жаралгандай сездим. Бардыгына, айрыкча мага өмүр тартуулаган агам Азамат Алымбаевге, апамдан кийинки жакын адамым болуп калган Күлүйпа Мейманалиевнага, кан тамыр хирургиясынын чебер адистерине, эл үчүн жан үрөп иштеп жүрүшкөн ак ниет медиктерге чын жүрөгүмдөн чыккан ыраазылыгымды билдирем.
Ооруканада 17-майдан 9-июнга чейин жаттым. Мени издеп иним, апам келишкенде эки бутум тең жоон сандан ылдый бинт менен таңылып, өңүм жууган чүпүрөктөй кубарып жаткам. Апам мени көрө сала бакырып жиберди. "Ыйлаба, апа, мен дагы бир жолу кайра жаралдым" дедим.
Апам келгенде биринчи жолу күндү көрдүм. Экөөбүз оорукананын короосунда отурсак, терезеден бизди караган башкалар "Баягы кыз ушубу, тирилткен турбайсыңарбы?" деп жатышты. Чын эле ошондой. Чынында эле кайра жаралып, өмүргө кайра келгендей, келгенде да мурдагы нерселерден арылып, тазарып келгендей болдум. Минтип мени жакшы адамдар жаратышты.

Жазгүл
Турмуштук катуу сыноолорго дуушар болгон Жазгүлгө психологдордун жардамы керек болгондуктан, аталган медициналык жайлардын адистери "Сезим" кризистик борборуна кайрылышкан. Азыркы учурдагы анын абалы туурасында "Сезимдин" психологу Виктория Тян мындай дейт:
- Кыйын кырдалга туш болгон учурда адамга айлана-чөйрөдөгүлөрдүн мамилеси айрыкча маанилүү. Врачтар тарабынан көрүлгөн адистик камкордук, өмүрүн сактап калууга болгон аракет, адамдардын ак ниеттиги, жакшылыгы анын өз турмушун баштан-аяк өзгөртүүгө түрткү берди. Турмуштук кыйын кырдаал, баласынын төрөлүшү анын өмүрдү баалоосуна көмөктөштү.
Жазгүл азыркы учурда психологдордун көзөмөлү астында денсоолугун чыңдап жатат. Ымыркайлардын "үйүндө" торолуп келаткан баласына жума сайын каттап турат. Азырынча эне-баланын бирге жашоого шарты жок, Жазгүл азыркы учурда майыптык боюнча колдоого муктаж. Колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү барлар "Сезим" кризистик борборуна 51-26-40 телефону аркылуу кайрылышса болот.
Эне-баланын өмүрүн сактап калган медицина кызматкерлери өз милдеттерин так аткарышкан деп эсептейм. Биз баарыбыз өз милдетибизге ушундай мамиле кылсак, турмушубуз алда канча жеңил, жашообуз алда канча жакшы болмок.

Даярдаган Сүйүн Курманова