№59, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  КурумУшу

Гидроэнергетика, шамалэнергетика жана жампаэнергетика
Адин кавариш, дува кавариш демекчи, бизде бир кезде чындап эле ажайып учур болгон экен. Кыргызстан мезгилинде гидроэнергетикалык бай ресурстары менен сыймыктанчу. СССРдин тутумундагы кубаттуу гидроэнергетикалык комплекси түзүлгөн республика, электр энергиясын өндүрүү боюнча союзда эң алдыңкы орунду ээлейбиз дечүбүз, көкүрөктү күпүлдөтө ургулап турчубуз. Ургулаганын го ургуладык, бирок да колдо барда алтындын баркы жок экен, ошо сыймыктанган энергетикалык комплексти асырап багып алганга жараган жокпуз. Акырындап отуруп анын түбүнө жеттик. Бардык тапканыбыз - азыркы энергетикалык коллапс.

Бийлик өз дарегине карата сын айткандарды конструктивдүү болушун талап кылып беттен алмайды адат кылып алган. Конструктивдүүлүктү алар адат катары сындасаңар сындагыла, бирок бир беткей кемчиликти айтып какшай бербей, кыйынчылыктан чыгуу боюнча өз идеяңар жана сунуштарыңар болсун, ошону эске алгыла деген ыңтайда түшүнүшөт. Башкача айтканда, сындасаңар да ашынып кетпегиле, арыңарга карап, алды-артыңарды абайлап, чактап сындагыла деген каңкуу. Ырасына келгенде, бийликтин оппоненттеринде болобу же бийликтин өзүндө отургандардабы, "конструктивизм" иттин кара капталынан. Жаңы идеялар саясатчыларда шакардай эле кайнайт, фонтан болуп оргуп турат. Бирин электен өткөрө элегиңде экинчиси артынан кубалап келет. Өздөштүрүп үлгүрө албайсың. Көп кездерде шааң деле жетпей чаң жутуп кала бересиң. Жаңы "конструктивдүү" идеяларды түзүү жагынан милиция менен саясаттын "генералы" Ф.Куловго эч ким тең келе албас бейм. Бу кишинин баскан-турганы баары эле идея менен "конструктивизм". Бир ирет, премьер-министир болуп жүргөнүндө, технопарк түзүп нанотехнология ишин жолго коюу демилгесин көтөрүп чыгып оозду ачырган эле, дагы бир жолу борбор калаада троско илинген поезд чуркай турган асма жол куруу зарылдыгын козгоп элди айраң таң кылган болчу, андан соң метро линиясын куруу керек деп чамынды (Айта кетели, Бишкекке метро куруу боюнча вице-спикер К.Исабековдун "жаңы" сунушу чынында Ф.Куловдон көчүрүлүп алынган суррогат. Ар кандай суррогат сыяктуу К.Исабековдун "идеясы" дыкаат иштелбегени көрүнөт. "Акжолчул" вице-спикердин айтымы боюнча шаардагы машинелердин жүнүн жеп быкпырдай кайнаган кыймылынан арылбаса болбойт. Оор топондой кыймылды жердин алдына түшүрүү керек. Асыресе, кайсы кыймылды метрого кубалоо керек - кишилердин кыймылынбы, машинелердин кыймылынбы, анысы белгисиз). Ф.Куловдун акыркы идеясы чакан жана орто ГЭСтерди куруу, ошону менен азыркы энергетикалык кризистен чыгууга жол ачууга байланыштуу болду. Президенттин эшигин сагалап жатып "чакан жана орто ГЭСтер долбоорунун жетекчиси болуп дайындалат" деген буйрук чыгартып алаганга да үлгүрдү. Убадасы боюнча долбоорго жүз миллиондогон доллар инвестиция тартылмак, генералдын компаньону Валерий Дилдин айтымында, 39ка жакын мини-ГЭС калыбына келтирип, 92 ГЭСти куруу максаты коюлган. Орун басары Э.Алиевдин билдирүүсү боюнча, алгачкы чакан ГЭС он күндүн ичинде презентацияланмак болучу. Иштин жүрүшү боюнча ар бир айда коомчулукка отчет берилип турмак. Ф.Кулов президент менен макулдашканы 30-апрелде болгон эле, андан бери үч ай өттү. Азыр генерал тарап тымтырс - инвестициядан да, чакан ГЭСтерден да, атүгүл Ф.Куловдун өзүнөн да дайын жок.
Гидроэнергетикалык кризис ага альтернативалык булактарды издөөгө өбөлгө болууда. Жакында "Эркиндик" партиясы Кыргызстанда шамалэнергетикасын жолго коюу демилгесин көтөрүп чыкты. Партиянын ою боюнча шамалдан, күндүн табынан от алган электричествону өндүрүү Кыргызстан үчүн арзан түшөт имиш. Эгер ишти бир жаңсыл жолго койсок, Токтогул ГЭСин жалаң ирригациялык режимге өткөрүүгө мүмкүндүк алат экенбиз. Чыгымдарды болсо Казакстан менен Өзбекстан көтөрөт. Деги, "Эркиндик" караңгыда жол тапкан кыйын партия, ага таң берүү керек. Өй, өзүң карап көргүн, бул ой эч кимдин башына келбептир да, көрсө түйүн оппоңой чечилет турбайбы. Шамал электр станцияларын, күн батереяларын куруп таштасак, сен көр, мен көр кыйынчылыктан чыгып кетет экенбиз. Асыресе, "өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло" демекчи, акчасын казактар менен өзбектерден алабыз деп жатканда алардын, эмне, бизчелик башы жокпу, шамал-энергетикасын куруу алардын оюна келбейби деген суроо коюу керек эле. Алардын акылы "Эркиндиктен" төмөн эмес экени, ашса ашаары, асты кем калбастыгы айтпаса да белгилүүдүр. Мисалы Казакстанда альтернативалык шамал энергетика технологиясын жолго коюу долбоору эбактан, 1999-жылдан бери иштелип келатат. Шамал паркын түзүү, шамалгенераторлорун орнотуу долбооруна германиялык адистер чакырылып, алардын долбоорду кыйма-чийме иликтеген жери бар. Арийне, Европада колдонулуучу шамалгенераторлору карай келгенде Казакстандын, деги Борборазиянын климатына ылайык келбеси айгине болду. Борборазиянын шамалынын эпкини Европадагыдай же АКШнын кай бир штаттарындагыдай болуп туруктуу эмес экен. Биздин шамалдын баш бербей удургуп кетмейи көп турбайбы. Ошондуктан Борборазияга ылайыкташкан өзгөчө генератор талап этилет экен. Ал генераторлор болсо өтө кымбатка түшөт экен көрсө. Кыскасы, "Эркиндик" айткандай, казактардын Кыргызстандын шамалэнергетикасы үчүн ме деп акчасын кармата коеру арсар. Маңыроо эмес да акыры.
Биз, чакан граждандык демилгечи топ ( канча киши экенибизди, кимдер экенибизди азырынча айтпай кое турганыбыз жөн), кыйлага ойлонуп отуруп, альтернативалык энергиянын эң арзаны - биогазды өндүрүү деп чечтик. Кыргызстандын шартында андан өтөөрү жок. Буга мамлекет башчысынын кышка карата камданып тезек тере башташ керек деген гениалдуу идеясы да түрткү берди. Президентин айтканы боюнча, мындан ары тезек негизги энергетикалык булак болуп калышы керек. Демек, негизги басым тезекке жасалышы лазым. Сырье болсо бизде жетишерлик. Башкасын айтпаганда, ойлоп көрүнүздөр, бадада жүргөн уйдун жампасын алып көрөлү - талаада эч пайдаланылбай калып жатпайбы. Кээ уйдун "лепешкасы" табактай болуп дегеле кыйла көлөмдүү. Аны кор кылбай убагында жыйнап алуу гана керек. Кой сарайлардагы көң чабылбай турат. Аны да колго алуу кажет. Мындан сырткары кишилердин экскременти да пайдаланбай калып калууда. Бул материалдар болсо биогаз өндүрүүдө миңдин бири. Составында метан, кычкылтек, водород, сероводороддун кошулмалары бар. Биогаз өндүрүүдө табылгыс материалдар. Метан биогаздын 55-75%ын түзөрүн эске алсак, анын канчалык баалуу материал экенине көзүбүз жетээр эле.
Эгер ишти жолго коюп кетсек, жампаны чет өлкөлөргө экспорттосок да болот. Айрыкча энергетикалык кыйынчылык тартып жаткан коңшу өлкөлөргө чыгарып сатсак эмне үчүн болбосун дейсиң. Албетте, маркетингди жолго коюу талап этилет. Товарды кирпич кылып уютуп, жакшы кагазга ороп, лента менен байлап туруп ар бир даанасын өз-өзүнчө сатса, тим эле, айтып коюу керек, жерге тийгизбей талап кетээр эле. Бара-бара ал Мade in Kyrgyzstan брендисиндеги дүйнөгө таанымал товарга айланып кетиши мүмкүн. Экологиялык таза товар кай жерде болбосун баркталаары белгилүү эмеспи. Баса, ишти координациялоону биосортир боюнча чоң адистердин бири вице-спикер К.Исабековго тапшырылса дурус болор беле дейбиз.

Үсөн Касыбеков




  Эппи...?

Энергетика тармагын эзгендерге…
"Аалам" гезити энергетика маселесинин күңгөй- тескейин бир далай убакыттан бери талкууга алып келатат. Энергетика тармагын приватташтыруу керекпи же керек эмеспи? Бул боюнча адистер, коомдук - мамлекеттик ишмерлер өз ойлорун ортого салып жатышат. Энергетика боюнча кезектеги талкуу "Замандаш" партиясы тарабынан уюшулган. Анын айрым урунттуу учурларынан берүүнү чечтик.


Николай Кравцов,
"Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" коомдук бирикмеси:
- Энергетика маселеси мамлекеттин негизин түзө турган эң маанилүү тармак, биз буга карата мамилени жалпы коомдук мүлккө мамиле жасагандай аяр, кылдат карашыбыз зарыл болучу. Кечээ жакында парламент "Кыргызбашкыэнерго" энергохолдингин приватташтыруунун төртүнчү этабын ишке ашыруу боюнча токтом кабыл алды. Айрыкча акыркы жарым жылдан бери үч негизги объектини - Бишкек ТЭЦин, "Түндүкэлектрону", "Бишкек жылуулук түйүнү" акционердик коомун жеке колго өткөрүү боюнча маселе коомчулуктун тынчын алып келди. Ушул үч объектини концессияга берүү же башкаруунун ишенимдүү формасы тууралуу эмес, жеке колго сатуу тууралуу сөз жүрүп жатат. Бул объектилер сатылса, анын баасы канча болот? Жакында жумушчу топтун бул объекттер баштапкы баасы боюнча сатыкка коюлат дегени белгилүү болду. Бишкек ТЭЦинин баштапкы баасы 30.3 млн доллар, "Бишкек жылуулук түйүнүкү" - 17 млн. доллар, "Түндүкэлектронуку" - 37 млн доллар. Айланайындар, энергиянын бүтүндөй империясынын баасы 100 млн долларга жетпей калабы? Бул эмне дегендик?
Кыргыз энергетикасы чыгашалуу деген болбогон сөз. 2006-жылы мен өкмөттүк комиссиянын составында болуп, "Электр станциялары" акционердик коомун текшергенибизде, электр энергиясын экспорттоодон миллиондогон квт/саат энергия уурдалаары, 2, 24 млн квт/саат энергиянын дайны чыкпай калгандыгы аныкталган. Бизде ошол мезгилде эле санкцияланбаган электр энергиясын уурдоо фактылары катталган. Менимче, жылына 5 млрд киловатт/саат электр энергиясы уурдалат.
Мына июлдан баштап электр энергиясынын баасы кымбаттайт. Ал эми Нарын ГЭСинен чыккан электр энергиясы үч тыйындан эле, магистралдык линиядагы чыгымдарын, бөлүштүрүү компанияларынын, техникалык ж.б. чыгымдарды кошсок да 35-40 тыйын болот. А муну эки эсеге көтөрүп жатышат. Баанын көтөрүлүшү дагы токтобойт сыяктанат.
Ал эми бул кышта Токтогул ГЭСинин токтоп калышы күтүлүүдө. Биздеги мурдагы төрт мамлекет - Кыргызстан, Казакстан, Өбекстан, Тажикстан болуп биргелешип иш-аракет жасаган союз кезиндеги система жакшы болучу. Совет жылдары убагында жок дегенде беш жыл илгери алдыда кандай болот, биз эмне кылышыбыз керек, кандай отун, канча керек деп чыпчыргасын койбой эсептеп алчубуз.

Калича Умуралиева,
Аялдардын дискуссиялык клубу:
- Энергосистемага бүгүн ким акционер боло алат? Мен энергосистемасынын акциясын сатып алайын десем, акчаң жетпейт дешет. Анда баарыбыз аз- аздан, ар бирибиз бирден акция сатып алып олтуруп, 93 пайызды өзүбүз эле сатып алып койбойт белек. Ошол сатылган күндө да мындан түшкөн пайданын көлөмү канча болот, ал каражат кайда жумшалат? Биз так позиция менен, эволюциялык жолго түшүп иш- аракет жасашыбыз керек.

Анара Даулеталиева,
Аялдардын дискуссиялык клубу:
- Биз энергетика тармагына берилген кредиттер кандай пайдаланылганын иликтеп чыктык. Бишкек ТЭЦине бөлүнгөн 88 млн доллардын баш-аягы жок. Ошол акчаларга 11 турбина шоколаддай болуп ремонттолуп калышы керек эле. Анан да 49 жылга ХИПИКке киребиз деп коебуз.

Гуля Рыскулова,
"Энергоконсалтинг" жоопкерчилиги чектелген коому:
- Мен электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларынын кызыкчылыгын жактайм. Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны күн санап өсүп баратат. Бул жерде электр станцияларынын, бөлүштүрүү компанияларынын тарифтик саясаты жөнүндө сөз болушу керек. Электр станциялары киреше албай жатат деген сөз туура эмес. Энергиянын коммерциялык чыгымдары 44-45 пайызды түзүп жатат. Бөлүштүрүү компаниялары электр энергиянын акысын күздөгү түшүмдөн аласыңар десе да берип жатабыз, бирок күздө түшүм болбой калса, анда да чыгым бизден чыгып жатат. Электр энергиясын эл да уурдап жатат. Уурдоолор 50 пайызга чейин жетип барат. Биз 90-жылдардагы мыйзамдар менен иштеп жатабыз. Энергетика тууралуу азыр билген да, билбеген да сөз кыла баштады. Биз мында квалификациялуу сөз кылышыбыз керек.

Даярдаган Айгүл Бакеева