№58, 20.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Мерездик

Келечегине кам көрбөгөн бийликтин кереги не?
Кыргызстандын эли демейден башкача чыдамкайлыгы менен айырмаланат. Насыя жалакайлыкка алдырышпайт. Ачка-токко, ысык-суукка бирдей көтөрүмдүү. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун моюбай көтөргөнүн көргөндө таң бербей койбойсуң. Бекеринен, көп саясатчылар менен укук коргоочулар, түтөп чыдабай кеткен кезинде элдин өз тагдырына өздөрүнүн кайдыгерлиги, ашкере апатияга батып кеткен учурлары көп экендиги, бийлик тарабынан чаңырган калыссыздык болуп жатса да, эки бутун салаңдатып мойнуна минип алган күнү да каяша кылып каршы чыкпаган момундугу, саясый инерттүүлүгү, ышынчаактыгы, скепсиске алдырып жибергени менен айыптап жүрүшпөгөндүр.

Элдин мына ошо таң кала тургандай болгон чыдамы мелт-калт болуп акыры жетээр жээгине келип жеткен окшобойбу? Шаардык пенсионерлер Максим Горькийдин эстелиги турган скверде митинги өткөрүштү. Жалаң пенсионерлерден турган митинги дүйнөдө сейрек кездеше турган кубулуш. Митингиге баш-аягы 50нүн тегерегиндеги адам катышты. Мээ сызгырган аптап, кендирди кескен жокчулук (орус информагентстволорунун жазганына караганда, кээ бир пенсионерлер автобуска төлөй тургандай чөнтөгүндө акчасы болбогондуктан скверге жөө-жалаңдап эптеп жетишиптир) элдин көбүрөөк чогулушуна мүмкүндүк берген жок. Пенсионерлердин койгон талаптары эч кимге жашыруун деле эмес, эчактан бери белгилүү - пенсияларды көтөрүү, баанын өсүшүн ооздуктоо, жол киреге деп киргизилген льготтук монетизация өнөктүгүн жокко чыгарып, баштапкы транспорттук жеңилдик системасын калыбына келтирүү.
Кылт этсе эле пикет, митинги уюштурууга уруксат жок, cанкцияланган эмес, жыйылбагыла деп баса калганды өнөкөт туткан Акүйдүн унтер пришибеевчил органдары бул жолу көрүнгөн жок. Митингини кубалаган жан болбоду. Пенсионерлер шаардын мэри Данияр Үсөнов менен коммунист Исхак Масалиев ыракым кылып бөлүп берген сквердин чегинен карыш жылбай митинги уюштуруп мыйзамды толук сактагандан уламбы же болбосо карыларды жулкулдатканың ата-энеңе кол көтөргөнгө тете наадандык болорун эске түйүп айбыгышканбы, милиционерлер бул ирет келишкен жок. Алыстан акмалап турушту дешет.
Милиция түгүл Акүйдөгү чоңдор, министрлер бир басып келип ал-жайыңар кандай, кандай арыз-муңуңар бар деп сурап койгонго жарашпады. Адаттагы укмаксан менен көрмөксөнүнө салып коюшту. Бийликтин бул кайдыгерлиги анын мойнуна аркалаган негизги милдеттеринин бири - социалдык проблемаларды эмне болсоң, ошо бол, эки казан ботко бол деп өз жайына таштап койгонунан кабар берет. Карылардын кайгы-муңуна, каңырык түтөтүп, боор ооруй турган кейипке келгенине бийликтин мерездик мамиледе экендигин тастыктайт. Эгер бийликтеги чиновниктерде бүдүрөгөн адамгерчилик касиети бар болсо, карыганда адам көп сыркоолоорун, улгайган кишилерге дары-дармек керек экенин, пенсионерлер деле башкалар сыяктуу тамак ичкилери келерин, кары кишилер кам көрүп турууга такай муктаж экендигин түшүнүшөт эле го. Кур дегенде 1240 сом пенсия менен карылар азыркы баа асмандап кеткен кезде тирүү жан катары тамактанып, кийинип-ичинип кадыресе тиричилик өткөрүп кете албастыгын ойлоп көрөр эле да.
Пенсионерлердин тиричилик кылбай эле эптеп утурумдук күн өткөрүп калганын, ит көрбөгөн кордукка дуушар болушун орус басылмалары, атап айтсак, "Белый парус" интернет-ресурсу бийликтин иштин көзүн билбегендигинен улам болгон жок, "бул пландуу түрдө жүргүзүлүп жаткан, дыкаттык менен иштелип чыккан геноцид" деп баалап чыкты. "Карыларды талап-тоногондук - бул жийиркене тургандай наадандык" дейт "Белый парус".
Карылардын митингиси мындан ары уланары күмөн туудурбайт. Ал эми эки эселенген күч менен уланышы этимал. Акырындап отуруп массалык саясый акцияга айланып кетиши да мүмкүн. Адат катары элдин саясат менен активдүү түрдө алпуруша башташына түйүнү чечилбеген социалдык проблемалар өбөлгө болот эмеспи. Ал эми, социалдык маселелер өлкөдө жыйылып отуруп мына жарылат, ана жарылат деген деңгээлге жеткени айгине. Экинчи жагынан, бийликтин карыларга киши ордуна көрбөй кербезденген мамиле жасашы нааразычылыктын күчөшүнө кошумча жем таштап жаткан жагдай. Асыресе, "ач кадырын ток билбейттин" да кайтымы болорун эстен чыгарбаган жөндүр.
12-июнда балдардын эмгегинен пайдаланууга каршы эларалык күнү белгиленди. Бул темага арналган басма беттеринде жарыяланган маалыматтарды карап көрсөң, үрөй учура тургандай кырдаал түзүлгөнүнө көзүң жетет. Көрсө, Кыргызстанда кабыргасы ката элек кичинекей балдарды аеосуз эксплуатациялоо кадыресе көрүнүшкө айланыптыр. Анын эч бир эрөөн-терөөнү жок деп эсептешет экен. Башкасын айтпаганда, 125 миң бала таң азандан күүгүмгө дейре тамеки плантацияларында бели майышып кулдай иштешерин көрсөтүшсө, келмең оозуңан түшпөй койбос. Бир далай чырымтал балдар базарда "тачкист" болуп жүк ташыйт. Машине жуушат. Тилемчилик кылгандар андан көп. Атүгүл секелек кыздардын ичинде секс-күңдөр да жолугат. Чагып эсептей келгенде булардын саны болжол менен 70 миңге чейин чаап барат экен. Балдардын бул катмары, түшүнүктүү дечи, мектептен билим ала алышпасы анык. Балдардын мындай ал-жайы келечектеги караңгы сабатсыздардын, балким криминалдык топтордун катмарынын базасы азыртадан эле түзүлө баштады дегендикти билдирет. Балдарга мамлекеттин тиешелүү көңүл бөлбөй кароосуз калтырганы кичинекейлердин эмгегинен өзүм билемдик менен кыянат пайдаланууга алып келгени түшүнүктүү. Бул болсо өлкө социалдык-экономикалык коллапска гана эмес, моралдык-этикалык, демографиялык терең кризиске учураганынын күбөсү.
Акырында айта турган кеп. Өткөнүн - эмгек ветерандарын, пенсионерлерин асырап бага албаган, келечегине - жаш муундарга кам көрө албаган бийликке эч ким таңсык эмес экенин белгилеп коюу лаазым. Андай бийликтин эч кимге кереги деле жок. Мындай мамлекеттин, түзүн айтканда, барынан жогу. Бул учурда мамлекет мамлекет болуудан калат деп ачыгын айтуу кажет.

Үсөн Касыбеков




  Дөөлөргө карап түздөн!

Биздин досубуз ким: Орусиябы же Америкабы?
Кечээ, 19-июнда АКШдан Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Эван Фейгенбаум баштаган чоң десант келди. Америкалыктар "Манас" аэропортунда жайгашкан Ганси аскер базасын кеңейтүү үчүн кошумча 300 гектер жер сурашмакчы. Шаршембиде интернет-сайттарда бул тууралуу алгачкы маалымат пайда болуп, маселе кызуу талкууга айланып кетти. Орус тилдүү маалымат булактары америкалыктарга жер берүүнүн зыяндуу жактарын жанталашып көрсөтүп жатышты. Эми аларды түшүнсө болот. Кыргызстан эгемендүүлүк алып өзүнчө мамлекет болуп чыккандан кийин биздин орустардын энесинен ажыраган козудай жетимсиреп турган кези. Батыш десе алардын итиркейи келет. Советтер союзун уратып cалышты деп Горбачевду да, Ельцинди да өлгүдөй жек көрүшөрүн байкап жүрөм. Кыргызстан Америка менен жакшы мамиледе болсо талаада калыша тургансып, бул багытта жасалган кадамдардын баарын алар жүрөгүнө жакын кабыл алышат. Алардын оюна койсок, биз Орусияга кайра кошулуп алышыбыз керек. Мени өкүндүргөнү кыргыздардын да жер бербеш керек дегени болду. Айрым политолог сөрөйлөр эгерде биз америкалыктарга жер берсек, стратегиялык өнөктөшүбүз Орусия менен мамилебизди бузуп алабыз деп чыгышты. Логика болбосоң кое кал!
Бул логикага таянсак Орусия жаман көрөт экен деп Кыргызстан Европа менен да кызматташуудан баш тартышы керек экен. Орусияга жакшы көрүнөбүз деп бизди кыйын кезде колдоп, акча менен жардам берген эларалык финансы уюмдарынын баарын кууп чыгышыбыз зарыл окшойт. Кытай менен мамиле түзгөндө да абайлап түзүш керек өндөнөт. Анткени Орусия Кытай менен бирге ШКУга киргени менен, бул эки өлкөнүн ортосунда тымызын тирешүү бар экени эч кимге жашыруун эмес. Аларды бириктирген нерсе - экөөнүн батыштан чочулоосу. Кыскача айтканда, Орусиянын досу дос, душманы бизге да душман болушу керек экен.
Стратегиялык өнөктөш дегени Орусия менен жакын болуу экономикалык жактан пайдалуу деген ойдон улам чыккан сөз болсо керек. Бирок муну эсептеп көргөн жан жок. Жөн эле илгерки заманды эске салып урдуртуп жатышат. Эсептеп көрсө, азыр, менин оюмча, Орусияга караганда Америкадан пайда көбүрөөк болуп чыгат эле. АКШ "Манас" аэропортуна конгон ар бир учак үчүн 5-7 миң доллар акча төлөйт. Андан тышкары жыл сайын 100 млн долларга жакын ар кандай бекер жардам көрсөтөт. Орусия Канттагы авиабазасы үчүн акча төлөп жатабы? Бир да тыйын төлөбөйт. Орусия Кыргызстан эгемемендүү болгондон бери кандай жардам берип жыргатты? Жөндөн жөн эле 200 млн доллар карызды Кыргызстандын мойнуна илип койгонубу? Ооба, алар биздин эмгек мигранттарыбызды кууп чыккан жок. Бирок ал Орусияга пайдалуу болгон үчүн анткен жок. Эгерде өзүнүн жумушчу күчү жетиштүү болсо, бизди жолотушмак эмес. Башында ошондой эле кыла башташкан. Түшүнгөндөн кийин эле унчукпай калышты. Орусия азыр баягыдай ири держава эмес. Анын экономикалык потенциалы Бразилияныкына да жетпейт. Ал азыр жардам берейин десе да, жардам бере албайт. Негизгиси - кызыкчылыгы болбосо, эч ким - Америка да , Орусия да жардам бербейт. Бу заманда бекер оокат жок.
Менин түшүнүгүмдө Американын кызыкчылыгы бизди Орусиянын таасиринен бөлүп кетүүдө болгон. Ал үчүн АКШ демократия жана рынок экономикасын курууга жардам берүүдө. Анткени ошондой өлкөлөр гана Орусиядан көзкаранды болбойт. Бирок мунун бизге эмнеси жаман? Орусияда жүргүзүлүп жаткан саясатты алып карайлычы. Ал баягыдай эле кара күчкө таянуу. Анда кайрадан авторитардык бийлик орноду. Улутчулдукту айтпай эле кой. Орусиянын абийири нефтинин баасынын көтөрүлүшү менен эле жабылып турат. Эгерде ал түшүп кетсе, ал мурдагы таз кейпин кайра киет. Эгерде биз Орусияны туурап, айтканын жасасак, талаада анык калабыз. Украина менен Грузия кутурганынан Орусиядан качып жатыптырбы? Бир кезде кыңк дебей баш ийип турган мурдагы социалисттик лагерь эмне үчүн азыр Орусиядан оолак болууну туура көрөт? Башкасын айтпаганда, тили да бир, тарыхы да окшош славян калктары Орусияны эмес, Американы ыктап кетип жатат. Бул ойлондурбай турган нерсеби?
Бир кезде ата-бабаларыбыз Орусияга кошулуп туура кылыптыр деп айтып жүрүшпөйбү. Бул ойго кошулса да, кошулбаса да болот. Кошулбаганым - эгерде кыргыздар өз эрки менен Орусияга баш ийип бербесе, Кокон хандыгын каратып алган өңдүү, бизди күч менен каратып алмак. Эгерде Октябрь революциясы болбосо, биз азыркыдай болот белек же жок беле, эч ким айталбайт. Менин айтайын дегеним бул эмес. Менин айтайын дегеним, азыр да ошондогудай туура тандоо жасай турган мезгил. Биз Орусия менен достошобузбу же Америка мененби, же Кытайга кошулуп кетебизби, же башыбызга селде чалып араб мамлекеттерине ыктайбызбы, ошого жараша кыргыздардын келечеги болот. Бирок Кыргызстан кимди тандап албасын, бардыгы менен тынч жашашы керек. Бизде душман деген болбош керек.

Сапар Орозбаков