№58, 20.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Президенту Кыргызской Республики Бакиеву К.С.

О Б Р А Щ Е Н И Е
Сегодня каждого человека глубоко волнует одна проблема. Это - развитие. Процесс становления страны и каждого человека, развитие как таковое превратилась, чуть ли не повсеместный призыв, который разносился повсюду последние 15 лет. Каждый человек, семья, чиновники, фирмы на протяжении не одного года, а целых десятилетия развивались в направлении, так сказать горизонтальном, которая нами названа как рыночная экономика. Многие заработали или заимели что-то, многие нет. Сегодня мы остро ощутили, что такое кризис мировой капиталистической экономики.
И вдруг, случилось неожиданное. Умер наш Великий Писатель. Весь Кыргызстан пришел в движение, в другое направление, которое можно определить как "вертикальное" - Зов Предков. Это совершенно иное движение и другое развитие. Прежде всего, в этой вертикальной устремленности одинаково важен был каждый человек без исключения, шедший попрощаться с Чынгыз Аба. Если в горизонтальном направлении человек достигает материальных благ, то в вертикальном направлении должен развиваться как таковой - духовно, любой человек. И мы все, скорбя, понимали, что вертикальное развитие простого человека - а через него и всего человечества - подразумевал наш Великий писатель в своих героях - Толгонай-Апа, Едигей, Жамиля, "Акбара" и другие.
Наши предки в древности сказали о себе: "Лисицы имеют норы, и птицы - гнезда, а сын Человеческий не имеет, где приклонить голову. И создали юрту: отцовский, материнский, детский, выполнив великое поручение Неба. Ибо дом - главная сила человека, а значит, бездомный обделен основным человеческим назначением, каким людей одаривает жизнь - любовью родителей, любовью детей, любовью супругов. Символично было и установка 9 юрт на похоронах Писателя.
Особенно важно дом и в наши дни. Строительство дома и сегодня не назовешь легким дело, речь идет не столько о жилье необходимом молодым или уже сложившимся семьям. Нет, имеется в виду дом, который включал бы понятие атмосферы дружбы, сплоченности, чувства локтя. Недуг нашего развития - в пространстве, ограниченном четырьмя стенами рушатся дома, развиваются семьи, зараженные непростой болезнью - жадностью и завистью. После стольких лет бесхозяйственности, беспомощности и безответственности невозможно ожидать немедленных результатов. Тут требуется не только время, не только мудры законы и разумное управление, но и самоотверженность, и серьезная работа всех граждан страны. Часто говорим о помощи извне. Но мы можем выйти из кризиса сами, черпая энергию и силы в себе, в каждом из нас и во всех вместе.
В этой связи мы строители этнографического комплекса "Аалам-Ордо" приглашаем Вас посетить нас и дать Вашу оценку сделанному. Это - 36 сельских ребят республики, которые умеют все. В комплексе построено 36 юрт и нарисовано несколько тысяч кв. метров живописи, скульптур рассказывающих и обычаях кочевой культуры. После посещения нас, по Вашему поручению премьер-министра Чудинова И.В. днем и ночью идет строительства театра под открытым небом и будет готов к дню Независимости. Мы думаем, театру присвоит имя нашего Великого писателя, ибо этот театр с Божьей помощи будет одним из самых лучших в мире, так как нет второго Иссык-Куля и нет второго писателя как Чынгыз Аба.

С искренним уважением Ташкул Керексизов
19.06.08 г.




  Аалам -"Ааламда"

Литва
Литвада советтик символикаларга тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Мыйзамда советтик жана фашисттик лидерлердин сүрөттөрүн илүүгө, кызыл жылдыз, желектерди коомчулук жыйналган жерлерге орнотууга, ал кезде колдонулган расмий символдорго, аскерий формаларга да тыюу салынды. Литваны 1940-жылы Советтер Союзу басып алган эле.

Орусия
Президент Дмитрий Медведев Грузия мамлекет башчысы Михаил Саакашвили менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эларалык милдеттерге ылайык кызмат кылып жаткан тынчтыкты сактоочу күчтөргө каршы чагымдарга жол берилгис экенин эскертти. Шейшемби күнү грузин полициясы Зугдиди районунда төрт орус аскерин курал-жарагы менен кармаган.

Косово
Жакында эле Сербиядан көзкарандысыздыгын жарыялаган Косово элчиликтерди ачууга киришүүдө. Косово президенти Фатмир Сеждинин чечимине ылайык алгачкы элчилик АКШда ачылат. Андан кийин Албания, Австрия, Бельгия, Британия, Франция, Италия жана Швейцарияда дипломатиялык өкүлчүлүктөр ишке киргизилмекчи.

Ирландия
Евробиримдиктин лидерлери Лиссабон келишиминин Ирландияда четке кагылышынан келип чыккан маселени талкуулайт. Өткөн жумада Ирландияда бүткүл элдик добуш берүүдө бул келишим колдоого алынган эмес. Уюмдун иш-аракеттерин натыйжалуураак кылууга багытталган Лиссабон келишими Евробиримдикке мүчө 27 мамлекетте тең жактырылгандан кийин күчүнө кирет. Улуу Британиянын парламенти бул келишимди шаршембиде жактырды.

Израиль
Палестина жана Израилдин ортосунда жаңы келишим түзүлдү. Ал келишимге ылайык ХАМАС Израиль аймагын ракеталык аткылоону, ал эми Израиль Газа тилкесине жүрүштөрүн токтотот. Мындай жарашуу Египеттин ортомчулугу астында жетишилди. Израиль өкмөт башчысы Эхуд Олмерт бул жарашуунун өмүрү узун болоорунан шектенип, Палестина тараптан ракеталык аткылоо уланса, Израиль күчтөрү жообун берерин эскертти.

"Аалам-пресс"




  Сын-ык күзгү

- Башкы прокурор
Элмурза Сатыбалдиевдин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
Курманбек Осмонов, Жогорку соттун экс-төрагасы:
- Адам катары досчулук жана жолдоштук сапаттарга бекем. Ар райондо прокурор болуп иштеген экен. Ушул кезге чейин артына чаң жугузбай келатат. Билим деңгээли жагынан деле башкы прокурорлук орунга ылайыктуу. Өтө кылтыңдап кетпей, куулук-шумдугу жок. Иштеп жатат. Эң негизгиси аракети бар.

Ахматбек Келдибеков, экс-депутат:
- Адам кайда жүрсө да, эмне иш кылса да, жигиттик сапаттардан тайбай жүрүшү керек деп ойлойм. Элмурза Сатыбалдиев ишине берилген жигит катары жогоруда мен айткан сапаттардан алыс эмес. Ишмердүүлүгү ийгилиги менен бааланып жатат. Мен ал киши жөнүндө туура эмес пикирлерди угалекмин. Мыйзам ишинде дайыма адилеттүүлүктү тутунганын билебиз. Анан сүттөй ак деген да туура эмес. Пенде катары баарынын кемчилиги бар. Эң башкысы - өз ишинде аракет кылып, башкы прокуратуранын ишин алдыга жылдыруу багытында аракети күч.

Жылдыз Жолдошева, Курманжан Датка фондунун төрайымы:
- Өзүнүн салмактуулугу, эмоцияга алдырбаганы менен айырмаланат. Анын ээлеген ордуна өзүнүн адамгерчилиги төп келет. Ал киши жөнөкөй адамдарды кабыл алып, ишин адилет чечип бергени ичиңди жылытат. Кандай сын-пикир айтылбасын, ачууга алдырбай, сын пикирди көтөрө билет экен. Эми бир гана кемчилиги - өзүнүн жакшы, акыйкат иштерин ММКлар аркылуу элге жеткизалбай жатат.

Бегалы Наргозуев, ЖК депутаты:
- Өзү менен эч кандай тааныштыгым жок. Бирок, сүйлөгөнү, баскан-турганы орундуу экен. Элде ар кандай айтылып жүрсө да, ал кишинин кемчилигин байкай элекмин. Башкы прокуратуранын укугу азыр чектелип калган. Алар азыр кылмыштуулукту иликтөө боюнча иш алпарып калышпадыбы. Бирок, ал ишинде деле өтө жаркырап кеткен же кемчилик кетирген учурун көрелекпиз. Ишин кылып жаткандай сезилет.

Азиза Абдурасулова, укук коргоочу:
-Бул жигит дайындалганда Аксы окуясын аягына чыгарат деп үмүт кылган элем. Бирок, ал маселе кандай жыйынтыкталганын өзүңөр билесиңер. Адамгерчилик касиети жакшы. Кандайдыр бир чуусун угалекпиз. Анан эми биртоп адам укугуна залакасын тийгизген мыйзамдар, токтомдор чыгып жатат. Башкы прокурор катары ошолорду токтотконго мүмкүнчүлүгү бар эле. Акыйкат иштесе деп кеңеш берет элем...

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору:
- Жакшы жагын десеңер... Бийликтин башка бутагындагы аткаминерлерге салыштырып караганда, анын айрым бир түзүк сапаттарын көрсө болот: жүрөктүүлүгү менен сүйлөгөн сөзү, билими ордунда дегендей. Албетте, өз ишин билет. Бирок, саясый маселелерди чечүүдө айрым "акылмандар" менен кеңешери белгилүү дечи. Мына бүгүнкү күндө мыйзамсыздык, адам укугу тебеленген сыяктуу көйгөйлөр арбыды. Башкы прокуратура мамлекеттик мыйзамдуулук үчүн катуу туруп, калыс саясат жүргүзүшү керек. Калыстык жактан аксап келет. Эгерде Элмурза Сатыбалдиев бүгүн ишинен жаңылып туура эмес багытта кетип бараткан болсо, анысына жооп бере турган мезгил келет...

Өмүртөрө Кудайбердиев