№58, 20.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  С п о р т м а й д а н ы н д а

Бээжинге баруучу жол Бишкектен башталат
20-21-июнда Бишкекте жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өткөрүлөт. Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти, Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун билдиргенине караганда, эларалык жеңил атлетика федерациясы бул ачык биринчиликте Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу укугун берген. Бул мөрөй талашта 1992-1996-жылкы өспүрүм улан-кыздар да спорт чеберлери менен катар өз күчтөрүн сынап көрүшөт.

Сууда сүзүү
сезону ачылат
Бишкектеги "Кара жыгач" эс алуу жайындагы Комсомол жана Пионер көлмөлөрүндө 20-июнда сууда сүзүү сезонунун ачылышына арналган спорттук иш-чара болмокчу. Мында сууда байдарка, гребля кайык жарыштары, суу тобу оюндары өткөрүлүп, суу жээгинде чыгыш спорт өнөрлөрү боюнча мөрөй талашуулар болмокчу.

Бээжинге 19 жолдомо
Учурда дүйнө калкынын көңүлү августта боло турган Бээжиндеги жайкы олимпиадага бурулуп турат. Эки жүздөн ашуун өлкөнүн Бээжинге жолдомо алган 10 миңден ашуун спортчусу даярдык көрүүдө. Кыргызстандык спортчулар да алына, шартына жараша даярдык көрүүдө. Учурда 19 спортчубуз Бээжин олимпиадасына жолдомо алган. Кыргызстандык балбандар Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Арслан Гитинов, Базар Базаргуриевден жана Алексей Крупняковдон, боксчу Асылбек Таласбаевден, мерген Руслан Исмаиловдон, таэквондочу Расул Абдураимден үмүт чоң.

Олимпиадага атайын кийим
Мурдагы олимпиадалык оюндарга катышкан кыргызстандык спортчулар башка өлкөнүн өкүлдөрүнүн кийим-кечесин көрүп арданса, бул ирет ак калпагын кайкалатып, атайын конкурстун негизинде тигилген кийимдерди кийип, Бээжинде башты бийик көтөрүп жүрмөй болду. Улуттук олимпиада комитети спорт, дене тарбия агенттиги менен бирдикте атайын конкурс уюштуруп, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган олимпиадалык форма, параддык кийим тиктирип жатат. Анын эскизи, үлгүсү дизайнер, модельер Замира Молдошеванын чебер колунан жаралса, аны тигүү укугун "Биксер" фирмасы утуп алып, учурда ар бир олимпиадачыны ченеп-өлчөп, жеке үлгүдө тигип жатат. Буга чейинки беш олимпиадалык оюндарга барган спорт журналисти катары форманы көрүп жактырдым. Ушул форма, кийим-кечени тигүү үчүн эле 1 миллион 362 миң сом сарпталып жатат.

Алтын байгеге 150 миң доллар байге дейби?
Бул ирет 1-орун үчүн сыйлыктар белгиленип, спортчунун машыктыруучусу да унутта калган жок. Маселен, 1-орунду жеңип, олимпиаданын алтын медалын тагынган спортчубуз 150 миң доллар менен сыйланса, анын машыктыруучусу 75 миң доллар алат. Олимпиадалык күмүш байгенин ээси үчүн 100 миң доллар белгиленсе, устаты 50 миң долларлуу болот. Бээжин олимпиадасында коло медаль уткан спортчубуз 75 миң доллар менен сыйланса, машыктыруучусуна 37 миң 500 доллар ыйгарылат.
4-орунду алган спортчуга - 25 миң доллар, устатына 12 миң 500 доллар, 5-орун үчүн 15 миң доллар - спортчуга, 7500 доллар машыктыруучусуна берилет. Ал эми 6-орунга 13 миң доллар - спортчуга, анын тең жарымы устатына, 7-орунга - 12 миң доллар, машыктыруучуга 6 миң доллар белгиленди.
Бээжинде 8-орунга ээ болгон спортчуга 10 миң доллар сыйлык берилмек болду. Устаты да 5 миң доллардын ээси болот.
Мындай сыйлыктар спортчуларды баары бир 1-2-3-орундарга илинбейм деп шаабайын суутпай, кийинки таймашууларга көңүл кош кылбай, жок дегенде 8-орунга чейин жетүүгө шыктандырып, намыстандырары анык. Бул ири суммадагы сыйлыктар өкмөттүн, калктын казынасынан, салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн төлөнүлөөрүн унутпасак.

Кабыл Макешов