№57, 17.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Адам эй, өсүп эле баратабыз, өсүп эле баратабыз…

"Үйүндө илип алар айраны жок, кызынын аты Жууратбек"
Мындан он күн илгери экономика менен финансы кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанат жыйынында финансы министри Тажикан Калимбетова отчеттук доклад менен чыгып сүйлөгөнү эсибизде турат. Докладда өлкө ийгиликтин үстүнө ийгилик жаратып өрлөп өсүп жатканына күбө боло турган цифралар көрсөтүлгөн болчу. Атап айтсак, министр 2004-жылы салык кирешси 14 млрд сомду түзсө, 2007-жылы ал көрсөткүч 26,5 млрд сомго чейин жеткенин чекеси жарылып белгилеп келип, мындай ийгилик салыкты администрациялоону жакшыртуунун, мыйзамдарды өркүндөтүүнүн, салык базасын кеңейтүүнүн эсебинен жетишилгенин баса белгилеген болчу. Т.Калимбетованын айтымында, 2004-2007-жылдардын аралыгында бюджеттин чыгашасы 1,5 эсеге өсүп, өткөн жылы ал 35,9 млрд сомду чапчыган. Ал эми, бюджеттин дефицити 2,8 эсеге кыскарып ВВП га карата 1,6 процентти гана түзүп калыптыр.

Кошумча доклад жасаган экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаров Т.Калимбетовадан кем соккон эмес. А.Жапаров өзүнүн министрлигиндеги ийгиликтерге кыскача токтолуп келип, 2005-2008-жылдардын аралыгында бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшүн 2,5 эсеге көтөрүү камсыз кылынганын, болгондо да ал салыштырма баадан алып караганда ушундай көрсөткүчкө жетишилгенин, мындай "тири укмуш окуя" Кыргызстандын тарыхында дегеле болуп көрө электигин саймедиреген. Экономөнүгүү министри бул чоң ийгилик өлкөнүн финансылык-экономикалык комплексинин алдына так жана ачык милдет кое билген президент Курманбек Салиевич Бакиевдин саясый эркинен улам жаралганын белгилөөнү унуткан эмес. Салтанаттуу жыйында, албетте, киреше менен катар чыгашанын да өсүшү, тарифтердин көтөрүлүшү, эгер бюджеттин кирешеси болсо аны ошо замат күндөн-күнгө токтобой өсүп бараткан инфляция жалмап коюп жатканы жөнүндө мыдыр сөз болгон эмес. Алардын баары көңүлдүн сыртында калтырылган. Салтанатта эки финансы мыкчыгери дефициттүү бюджет жөнүндө гана кеп козгошуп, профициттик көрсөткүчтөр бар же жок экени боюнча лам деген сөз айтышпай, "талуу жерди" эпчилдик менен айланып өтүп кетип жатканын эскертип койгон киши болгон эмес. Аларды деле түшүнсө болот дечи. Ким эле өз быкыйын өзү чукусун, ким эле өз абийирин өзү төксүн дейсиң. Канткен күндө да финансисттер менен экономисттердин профессионалдык майрамы эмеспи, профессионал чиновниктер мындайда жагымсыз учурларга, "оң көрсөткүчтөрдүн" артында жашынып жаткан терс көрүнүштөргө көңүл бөлгөндү жактыра беришпеси айкын.
КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык комитети Кыргызстандын жакынкы жана алыскы мамлекеттер менен болгон товар чуркатуусу боюнча маалыматын жарыялады. Маалыматта Кыргызстандын шериктештиктин ичинде чаң жутуп артта калган үч аутсайдердин бирине айланганы көрсөтүлөт. Биздин өлкө биринчи кварталдагы экспорттук көрсөткүчү боюнча эң акыркы орундун бирин ээлеген экен. Кыргызстан 2008-жылдын биринчи кварталында бар болгону 270 миллион доллар турган товарды тышка чыгарып сатыптыр. (КМШда бир гана Армения Кыргызстандан артта турат экен. Анын экспорту 230 миллион долларга жакын). Ал эми биздин өлкөнүн импортунун көлөмүнө келсек, бул жагынан да шериктеш өлкөлөрдүн артында калыптырбыз. Артынан санаганда экинчи орунду ээлейт экенбиз. Биринчи кварталда Кыргыз Республикасы чет өлкөдөн 785 миллион долларга жакын товар сатып алганга эптеп жараптыр.( Шериктеш өлкөлөрдүн ичинде жалгыз гана Тажикстандын көрсөткүчү төмөн .Тажикстан 695 миллион доллардык товар импорттогон).

Ошентип, көрүп тургандай, Кыргызстандагы экспорт менен импорттун ортосундагы тескери сальдо 515 миллион долларды түзөт. Бул болсо, айтпаса да белгилүү, биз экономикалык банкроттукка кептелип, чет өлкөлөрдүн гана көзүн карап калганыбыз дегенди билдирет. Мындан соң, КМШнын статкомитети келтирген көрсөткүчтөрдөн кийин мыкчыгер финансисттердин мамлекеттик бюджет 2,5 эсеге өстү деп ооз толтура сүйлөгөнүнө ишенсе болор бекен? Т.Калымбетова менен А.Жапаровдун айткандары финансылык-экономикалык эч бир негизи жок жасалма кооз цифралар, жел отчеттор экенине көзүң жетпей койбос. Ачыгын айтканда, аларың демейдеги чиновниктик өнөкөттөрүнө салып жанын жеп, жалган айтып, ышкыртып жатышканы көрүнбөй койбойт.

Үсөн Касыбеков




  Бүлбүлшам

Чырагыңарды камдай бергиле,
жарык кайра өчүрүлөт
Мен "бийлик жарыкты элге боору ооругандан эмес, Өзбекстанга cуу берүү үчүн эле берип жатат" деп жазсам, көптөрү ишенбей жатышкан. Айрым массалык маалымат каражаттары Токтогул cуу сактагычында cуу жетиштүү топтолуп калыптыр, ошон үчүн электр энергиясын пайдаланууга киргизилген чектөөлөр алып салынды деп жазып чыгышты. Мен айткан сөзүмдү далилдеш үчүн дагы бир факты келтирейин. 9-10-июнда Бишкекте Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү чогулуп, быйыл cууну кантип бөлүштүрүшөрү жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүштү. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тараткан маалыматка караганда, кыргыз тарап 1 млрд 200 млн куб метр cуу берели, андан чыккан 1 млрд квт/саат электр энергиясын сатып алгыла дептир. Өзбекстандын өкүлдөрүнүн келишимге кол коюшпай кетип калышканы массалык маалымат каражаттарында айтылды. Бул окуядан кийин министрлик 1-июлдан тартып жарык кайрадан өчүрүлөрүн жарыя кылды. Ушул фактынын өзү эле элге жарыктын берилер-берилбеси өзбектерге байланыштуу экенин көрсөтүп жатпайбы.

Өзбекстандын cуу жетекчилеринин таарынып баса беришкенине караганда, биздин бийлик маселени кабыргасынан катуу койсо керек. Бир жагынан өзбектерди аяп да кетесиң. Күндүн ысыгы бу болсо, анысы аз келгенсип, cуу сактагычтарын баары cуу жок какшып турса. Бирок ага өздөрү күнөөлүү да. Өткөн кыш cуук болуп, ошого байланыштуу биздин өлкө электр энергиясын көп өндүрүп, кышында cуу жакшы эле берилген болчу. Өзбектер болсо аны топтоп алуунун ордуна жазында кар эригенде дамбаларды алып кетет деп саксынып cуу сактагычтардагы cуунун баарын агызып жиберип таптакыр cуусуз калып отурушпайбы. Негизгиси cуу жок калганда эле элпек боло калбай, Токтогул cуу сактагычын курууга жана эксплуатациялоого кеткен чыгымдарды жылыга төлөп туруш керек да. Мен биздин бийлик туура эле кылды деп ойлойм. 1998-жылы түзүлгөн келишим боюнча 4 өлкө жыл сайын сууну пайдалануу тартибин макулдашмак. Акыркы 4-5 жылда cуу мол болуп, өзбектер сүйлөшүүгө келбей коюшкан.
Бирок бийликтин акырына чейин катуу турарына көзүм жетпейт. Азыр сүйлөшүүлөр министрликтин деңгээлинде гана жүргүзүлдү. Бул тараптардын пикирин билүү максатында алдын ала жүргүзүлгөн иш. Тагыраак айтканда, чалгындоо. Cуу маселесин акыры президенттер эле чечишет. Эгерде Каримов тиешелүү адамга бир ооз эле айтып койсо биздикилер жибип кетиши мүмкүн. Кантсе да башкага келгенде биздин бийлик берешен эмеспи. Анын үстүнө президенттик шайлоо деле жакындап калды. Буга чейин суунун убайын Акаев өзү жалгыз көрүп келген. Ал шайлоо болоордо суу берип Каримовдун көңүлүн алчу. Ал болсо өзбектерди Акаевди шайлаганга көндүрүп берчи. Бакиев Акаевдин кылган ишин 100% туурап келатканына караганда, бу жолу да ошондой эле болот. Мындан эки-үч күн мурун Казакстандын сайттарында өзбектер казактар менен тажиктерден жашырып, кыргыздар менен көшөгө артында сүйлөшүү жүргүзүп жатыптыр деген имиш кеп чыгып кетти. Ал бекеринен чыккан жок го деп ойлойм. Эгерде ал чын болсо, чырактын деле кереги жок болуп калат. Сентябрга чейин электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилбейт.
Кааласа берип, каалабаса бербей койгудай суу оюнчук эмес. Минтип отурсак, айрым аналитиктер айтып жүргөндөй, согуш чыгып кетиши да мүмкүн. Эгерде кошуна өлкөлөр менен тынч жашайын десе, биздин бийлик cуунун өйдө жана ылдый жагында жайгашкан өлкөлөргө бирдей пайда берген адилет cуу саясатын иштеп чыгуусу керек. Кандай болгон күндө да азыр Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстанга Советтер Союзундагы кездей cуу бере албайт. Кенедей жерди тонналаган cуу менен сугарган заман өткөн. Өзбектерден жана казактардан cууну сарамжалдуу пайдаланууну талап кылып, кышта өзүбүз пайдаланчу cуунун көлөмүн көбөйтүүгө жетишүүбүз керек. Суу саясатын ырааттуу ишке ашырып, аларды акырындап cууга акча төлөгөнгө көндүрүү зарыл. Мамиле талаптын катуулугунан эмес, биздин позициянын жоктугунан, анын кошуна өлкөлөргө айкын эместигинен, бүгүн бирди айтып, эртең башка айткандан, бир күнү марттык кылып, экинчи күнү себепсиз таптакыр cуу бербей койгондон бузулат. Ошондой болсо да мен эларалык финансы уюмдары сунуш кылган суу-энергетика консорциум түзүү идеясын колдобойт элем. Ал чыны менен өлкөлөрдүн ынтымакта жашоосуна шарт түзөт. Бирок анда cуу колдон чыгып кетет. Cууну колдон чыгарбаш керек. Тажиктердин биздин Токтогул cуу cактагычыбыздай суу сактагычка жетсем дегенде эки көзү төрт болуп жатса, анын айынан орустар менен да жаман-жакшы айтышып жатышса (тажик бийлиги Рогун ГЭСиндеги плотинанын бийиктигин көтөргүлө десе, орус куруучулары макул болбой, аларды тажиктер кууп чыгышкан), биз cууну колдон чыгарып жиберсек, анда бизди кудай да кечирбейт.
Жарык маселесине кайрылып келип, энергетиктер жөнүндө бир-эки cөз айта кетүү зарыл болуп жатат. Биздин энергобарондор элди мал катары көрүп калышканбы деген ойго келдим. Малды да кичине аяшат го. Биздин энергобарондор чектөө киргизет десе, 12 саат чектөө киргизет. Мындай чектөө 1990-жылдардагы башаламан заманда да эч бир өлкөдө болгон эмес. Нормалдуу өлкөлөрдө бул адам укугун бузган кылмыш катары каралат. Электр энергиясы аба, cуу, от сыяктуу адам баласынынын жашоосуна зарыл нерсе. Ансыз азыр күн өтпөйт. Электр энергиясыз экономика да өнүкпөйт. Муну бизнес десе, уурдап акча тапкандан башканы билбеген немелер эле түшүнүшпөй калбаса, бардыгы билишет. Алар экономиканы ойлосо, элдин убал-сообунан корксо, башка башка өлкөлөрдөн сатып келип болсо да элге жарык беришмек да. Акчасын алар төлөп жатыптырбы - эл төлөйт. Сууну элдин эсебинен эмес, ошол электр энергиясын уурдагандардын эсебинен экономдошпойбу? Менин бир досум айткандай, энергобарондорго бийликтин да алы жетпей калса керек.

Сапар Орозбаков