№57, 17.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  С п о р т м а й д а н ы н д а

Атбашылык Мария Кулчунованын байгесине
Саха Республикасында (Якутия) кыргызстандык олимпиада чемпиону Мария Кулчунованын (Пинигина) байгесине арналган Бүткүл орусиялык жеңил атлетика мелдештери өтүүдө. Кыргызстандык спорт күйөрмандары Мария Кулчунованы жакшы билишет. Анын 1988-жылы Сеул олимпиадасындагы рекорду дүйнөлүк жогорку көрсөткүч катары Гиннестин рекорддор китебине жазылып, расмий түрдө катталган. 4х400 метрге эстафеталык жарышта Мария өнөктөштөрү Татьяна Ледовская, Ольга Назарова жана Ольга Брызгина болуп дүйнөлүк рекордду жаңыртышкан. 3 мүнөт 15...18 секундда чуркап өтүшкөн жыйынтыктагы бул дүйнөлүк рекорд 20 жыл өтсө да жаңыртылбай, бийиктикте келет.
Бул мөрөй талашууга Кыргызстандан расмий ардактуу меймандар катары Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Ильдар Деникеев жана Москва олимпиадасынын оор атлетика боюнча чемпиону Каныбек Осмоналиев чакырылып, мөрөй талашууларга күбө, ардактуу калыс болушууда.
Мария Кулчунова быйыл 50 жашка чыгууда. Ал дүйнөлүк спорттун жылдыздарынын бири. 1988-жылы Сеул олимпиадасында чемпион болгон. Мария Кулчунова - СССРдин бир нече жолку чемпиону, Европа Кубогунун жеңүүчүсү болгон. Анын күйөөсү - Павел Пинигин да эркин күрөш боюнча олимпиада чемпиону болуп саналат.




Ваккерге 7 миң евролук велоаргымак
Акыры Евгений Ваккердин тилеги кабыл болуп, акыркы үлгүдө Германияда жасалган 7 миң евролук велосипедге ээ болуп, президент К.Бакиевге ыраазычылыгын билдирүүдө. Себеби, өткөн Япониядагы Азия чемпионатында Е.Ваккердин велосипеди сынып ара жолдо калган. Эми Бээжин олимпиадасында мөрөй алабы, аны да көрө жатаарбыз.

Кант футбол ордосуна айланууда
Кант шаары футболдун ордосуна айланып, учурда балдар арасында "Абдыш ата" спорт клубунун байгесине эл аралык мелдеш өтүүдө. Бул турнирге Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын жеткинчек футболчулары катышууда. Алар Европа чемпионатында ойноп жаткандай "каадалуу" ойноп жатышат.

Ат баспаган аскада веложарыш
Дүйнө жүзүндө тоо-ташта велосипед тээп жарышка түшүүгө кызыккандар арбын. Ошондуктан бул спорттун маунтик байка түрү боюнча өлкөнүн ачык биринчилигин 21-22-июнда "Кашкасуу" тоо лыжа базасында өткөрүү камылгалары көрүлүүдө. Бул ачык биринчилик - даунхилл - тоо-таштан ылдам түшүү түрү боюнча болмокчу. Тобокелге баш байлаган тоо велосипедчилери үчүн эки жол жасалууда: бири "чеберлер классы" үчүн өтө татаал жол болсо, экинчиси бул спортко жаңыдан кызыгып аралашкандар үчүн. Чеберлер үчүн жолдо - түрдүү секиртмелер, чукул бурулуштар, ар кандай тоскоолдуктар, аска-жарлар, өңгүл-дөңгүлдөр, бадалдар ж.б. тоскоолдуктар орун алган.

Казакты "чөгөлөтүү" кыйын
Казакстандын Арал шаарында тогуз кумалак (бизде тогуз коргоол) боюнча эларалык мелдеш соңуна чыкты. Мурда казактар бул оюн боюнча кыргыздарды ута албай убара болуп санаа тартса, кийинки жылдары казактарды жеңүү кыйынга турууда. Алар биздин улуттук оюнубузду эбак менчиктеп алып, эларалык тогуз кумалак федерациясын уюштуруп, мектептен жогорку окуу жайына чейин окуу программасына киргизип катуу кетишти.
Аралдагы эларалык мелдешке эле Кытай, Монголия, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышты. Орусиядан Татарстан, Карачаево-Черкесия жана Чувашия өздөрүнчө туу көтөрүп команда болуп барышкан.
Кыргызстандан тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов баштап барган Жусуп Баласагын атындагы КУУнун студенттери Назар Алымов, Мирлан Кудайбергенов жана Масанбек Сулайманов байгелүү орунга илинбей армандуу келишти.
Эркектердин акыл таймашынын баш байгесине коюлган "ВАЗ-2107" үлгүсүндөгү темир аргымакты казакстандык Айдос Сейитжанов минип кетти. Кыз-келиндердин баш байгесине "Гольф-Вента" темир аргымагы коюлду.

Чолпонатадагы акыл таймашы
Бүгүн Чолпонатада шахмат боюнча эларалык "Ысыккөл - 2008" фестивалы башталды. Акыл таймашына Орусия, Казакстан өлкөлөрүнөн катышып жатса, Кыргызстандын намысын Ысыккөл, Нарын, Жалалабат, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын шахматчылары коргоп жатышат. Ал түгүл Монголия, Ирандан да меймандардын келиши күтүлүүдө.

Кабыл Макешов