№57, 17.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Футбол - спорт падышасы

Чабал өрдөк эрте учат
Эки өлкөдө өтүп аткан Европа биринчилигинин жакынкы оюндары:
"С" тайпасы 17-июнда Голландия - Румыния, Франция - Италия
"Д" тайпасы 18-июнда Греция - Испания, Россия - Швеция

Чейрек финалдык оюндар:
"А" тайпасынан биринчи орунду алганы менен "В" тайпасынан экинчи орунду алганы 19-июнь күнү




Угулбаган ушак кептер
Россия курамасы менен гректердин таймашы учурунда орустардын насаатчысы Гус Хиддинк колунун тырмактарын тиштегилеп атып кайчы менен алгандай тегиздеп салган имиш.
Вена шаарынын мэри футбол өтүп аткан стадиондун тегерек-четин убагында тазалатып туруу үчүн 3500 короо шыпыргычты конкурс аркылуу алган. Булар түнкү саат экиден эртең мененки тогузга чейин иштешет.
Футбол күйөрмандары тамеки сатып алууда бир канча тоскоолдуктарга учурап атат. Маселен, акча сактаган карталарында 18 жашка толду деген графасы жокторго тамеки берилбей жаткан жагдайлар кездешүүдө.
Түркия командасынынын Шентүрк, Четин, Борал деген үч оюнчусу кезектеги машыгууга барбай, жатаканада жогорку окуу жайга экзамендерин тапшырат имиш.
Испаниянын курамасы, оюнчуларынын жалпы баасы 381 млн еврону чапчып, эң кымбат командалардын көч башында жүрөт. Экинчи тепкичте итальяндар - 351 млн евронун тегерегиндеги сумма менен.
Кээ бир тентек футбол күйөрмандардын бүлгүлүктүү иштеринен корккон Австрия журт башылары Амадей Моцарттын айкелин чүмбөттөп салышкан.




Атаман-гол
Европа биринчилигинде атаандаштын дарбазасына көп гол киргизген бомбардирлер жагдайы:
1. Д. Вилья (Испания) - 4 гол
2. Л. Подольски (Германия) - 3 гол
3. Х. Якин (Швейцария) - 3 гол
4. З. Ибрагимович (Швеция) - 2 гол
5. Ф.Торрес (Испания) - 2 гол
6. Кахведжи (Түркия) - 2 гол
7. Снейдер (Голландия) - 2 гол




Турсаң, өлөсүң
Швейцария, Австрия өлкөлөрүндө болуп аткан Европа биричилигинде өткөн таймаштардын эсеп-чотуна токтоло кетели:

13-июнь
"С" тайпасы
Италия - Румыния - 1:1
Голландия - Франция - 4:1

14-июнь
"Д" тайпасы
Швеция - Испания - 1:2
Греция - Россия - 0:1

15-июнь
"А" тайпасы
Швейцария - Португалия - 2:0
Түркия - Чехия - 3:2

Алгач чейрек финалга "А" тайпасынан Португалия, Түркия, "С" тайпасынан Голландия, "Д" тайпасынан Испаниянын командасы чыкты.

Даярдаган
Сурат Жылкычиев