№56, 13.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Дүйнөнү эки Чыңгыз башкарды.
Бири кылыч менен, бири калем менен…"

(Тажик акыны Турсунзаде)
Ислам Каримов, Өзбекстандын президенти:
- Чыңгыз Айтматов чыгармаларында элдердин достугуна, биримдигине, маданиятына, рухий байлыктын өнүгүшүнө, байышына чоң салым кошкон.

Нурсултан Назарбаев, Казакстандын президенти:
- Улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун эмгектери дүйнөнүн 165 тилине которулуп, дүйнөлүк маданиятта өзгөчө орунду ээледи.

Владимир Путин, Россиянын премьер-министри:
- Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы баарыбыз үчүн эң чоң, орду толгус жоготуу болду.

Бернар Кушнер, Франциянын тышкы иштер министри:
- Чыңгыз Айтматовдун дүйнө-дөн кайтышы мен үчүн оор кайгы болду. Чыңгыз Айтматов көпчүлүктүн эсинде өзүнүн "Жамийла" чыгармасынан башат алган XX кылымдын ойчулу катары калат.

Эмомали Рахмонов, Тажикстандын президенти:
- Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы дүйнөлүк адабият үчүн оор жоготуу болуп саналат.

Валентин Осипов, жазуучу:
- Мен "Жаш гвардия" басмасында баш редактор болуп турганымда жаш жазуучу Айтматовдон көп улуттуу совет адабиятына тиешелүү мыкты сапаттарды байкагам. 1962-жылы биз "Жамийланы", "Кызыл жоолук жалжалымды" басып чыгардык.

Михаил Сеславинский, "Роспечаттын" башчысы:
- Айтматовдун чыгармалары мезгилдин улуу сынагынан өтүп, азыр да Кыргызстандын эле эмес, Россиянын, башка КМШ өлкөлөрүнүн окуу программаларында окутулуп жатат.
Михаил Горбачев, СССРдин экс-президенти:
- Айтматов менин досум болучу. Мен ага керек учурда көмөк көрсөтүп турчумун.

Курманбек Бакиев, Кыргызстандын президенти:
- Чыңгыз Төрөкулович активдүү коомдук-саясый ишмердүүлүктү аркалап келди. Ал өзүнүн Мекенин, элин-жерин сүйүүнүн эң сонун үлгүсүн көрсөттү".

Полад Бюль-бюль Оглы, композитор, элчи:
- Бул турмуштагы өз доорунун ар-намысы болгон, дүйнөгө өз элинин үнүн жеткирген улуу Адам эле. Ал Чыгыш менен Батыштын, убакыт менен мейкиндиктин, салт менен жаңычылдыктын эң сонун үлгүсү болуп кала берет.

Абдуллах Гюль, Түркиянын президенти:
- Бүткүл түрк эли кадырлап-барктаган жазуучунун дүйнөдөн өткөнүнө ишенбей турабыз. Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы түрк дүйнөсү үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн оор жоготуу.
Зураб Церетели, белгилүү сүрөтчү:
- Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Россиянын көркөм Академиясынын сүрөтчүлөрүн да шыктандырып келди.

Турдакун Усубалиев, Кыргызстан КП БКнын экс-секретары:
- Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун тубаса жазуучулук таланты Совет жылдарында көкөлөгөнү, дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу, цивилизациялуу өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында белгилүү болгону мага канааттануу алып келет.

Аскар Акаев, КР экс-президенти:
- Кыргызстан, Россия, бүтүн адамзат Улуу Жазуучу, Адам жана Атуул, нукура демократты жоготту.

Лайли Үкүбаева, филология илимдеринин доктору, профессор:
- Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары гуманизмге, эл-жерди сүйүүгө жык толгон.
Кыргыз тилин, "Манасты", элдик фольклорду бийик деңгээлде даңазалай билген.

Болот Шамшиев, кинорежиссер:
- Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы менен чынында бүтүндөй бир доор соңуна чыкты. Чыңгыз Төрөкуловичтен кийин улут "Биз кимбиз?", "Биз каякка баратабыз?" деген суроо коюшу керек.

Омор Султанов, Жазуучулар Союзунун төрагасы:
- Айтматов ХХ кылымдын залкар жазуучуларынын бири. Акыркы "Тоолор кулаганда" романында ал өзүнүн өлүмүн көрө билген. Ал тоодой болуп кулап калды…
Темир Сариев, "Акшумкар" пар-тиясынын лидери:
- Бүгүн бүт өлкө, дүйнөнүн адабий коомчулугу аза күтүп турат. Чыңгыз Төрөкулович дүйнөлүк адабий казынага чоң салымын кошту, анын чыгармалары дүйнөлүк мураска киргизилди. Ал өзүнүн чыгармалары аркылуу кыргыз маданиятын, кыргыз жеринин сулуулугун, карапайым жана даанышман элинин тиричилигин даңаза кылган.
Биз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жакындарына жана тууган-туушкандарына, о.э. бүткүл кыргызстандыктарга көркөм сөздүн улуу устаты, коомдук ишмер жана чыныгы адамдын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтабыз.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жөнүндөгү жаркын элес жүрөгүбүздө бекем сакталат.

Турсунбай Бакир уулу, "ЭрК" пар-тиясынын лидери:
- Чыңгыз аба менен 6-майда бирге отурдук. Ал менден намаз окуйсуңбу деп сураганда, "Чыңгыз аба, Кудайга баш ийбесек болбойт" десем, "Кудай бар болсо, эмне үчүн кыргызды өтө көп кыйнап жатат" деди. Мындай нерсе, сыноо катары башыбызга келип жатканын айттым. Экөөбүз ошентип коштоштук. Коштошуп баратканда менин телефондорумду жазып алды. Экөөбүз ушул июль айында жолугуп, дин маселесин кеңири талкуулайлы деп чечтик эле. Мен Ош университетинде орус тилинен сабак берип жүрүп, биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун китептерин кыргызча окугам. Менин кыргызча таза сүйлөп калышыма анын чыгармалары түрткү болгон. Кантели, өмүрү кыска экен. Жаткан жери жайлуу болсун. Азыр бир эле биз эмес, бүткүл дүйнө мүңкүрөп турат. Тажикстандын акыны Турсунзаде минтип айтты эле, "Дүйнөнү эки Чыңгыз башкарды. Бири кылыч менен, бири калем менен" деп. Мен ар дайым ушуну эстейм.

"Аалам пресс"

Чыңгыз Айтматов менен коштошуу
Эртең, ишемби күнү 14-июнда Чыңгыз Айтматов менен коштошуу аземи Т.Сатылганов атындагы филармонияда башталат. Чыкебиз менен коштошууну каалагандар саат эртең мененки 9.30дан 11ге чейин катышса болот. Андан кийин акыркы сапарга узатуу үчүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине бет алат. "Ата-Бейитте" белгилүү болгондой, 37-жылдары "эл душмандары" деп бейкүнөө атылып кеткен 137 адамдын сөөгү коюлган. Алардын арасында Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун да сөөгү көмүлгөн. "Ата-Бейит" 2000-жылдын 8-июлунда ачылган.
Чыңгыз Айтматов көзүнүн тирүү кезинде атасынын жанынан жай берүүнү каалаган.

14-июнь - өлкөдө Аза күтүү күнү